Пример HTML-страницы

Мүрзөнүн биринчи күнү 

https://kyrgyzcha.site/?p=53842&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Мүрзөнүн биринчи күнү

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Адам баласына өмүр жанан өлүм берүүчү Аллахка мактоо болсун.

Адам баласына берилген кыска өмүрдү туура пайдалануунун жолун үйрөткөн Пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын саламы жана салаваты болсун.

Куранда Аллах Таала: “Качан (кулак) тундуруучу айкырык келгенде… Ал күнү адамдар өзүнүн ага-инисинен качып калат. (Ал эмес) атасы менен энесинен дагы. Аялы менен балдарынан дагы. (Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (оор) абал болот” – деп айтат. (Абаса, 33-37-аяттар). Бул дүнүйөдө сага эң жакын болгон, сен оорусаң абалыңды сураган, сен кайгырсаң бирге кайгырган, сен кубансаң бирге кубанган бир тууган ага-иниңден ал күнү качып каласың. Ал эмес сени төрөп, ак сүтүн эмизип, багып чоңойткон энеңе да карабай каласың. Сени кичинеңден тарбиялап, үйлөп-жайлап, эл катарына кошокон атаңды да көргүң келбей качасың. Бул эмне деген күн? Эмне үчүн өз жакындарыңдан качасың? Себеби бул күн ар бирибиз өз башыбызды ойлой турган оор күн болот. Адамдар бул күнү өзүмчүл болушат. Ар ким өзүн гана ойлойт. Бул күн Кыяматтын алгачкы күнү. Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматта адамдар чылаңаяк, жылаңач жана сүннөткө отургузулбаган абалда тирилишет” – деген созун угуп: “Оо, Аллахтын элчиси, аял эркек аралаш болобу, алар бири-бирин карашпайбы?” – деп сурайт. Пайгамбарыбыз:

“Ал күн бирөөгө бирөө карай турган күн эмес, анда ар кимдин өз көйгөйү озунө жетиштүү болот” – деп жооп берди. Ал күндө ар бир адамдын башында бир гана “бейишке киремби же тозокко киремби” деген гана ой болот. Дүнүйө жашоосунда адам баласынын башында миңдеген ойлор жүрөт. Канткенде үй салам, кандай кылып машина алам, баламды кимге үйлөндүрөм, кызымды кимге турмушка берем ж.б. миңдеген ойлор менен жашайбыз. Ал эми Кыяматтын алгачкы күнү бул дүнүйөдө сенин оюңдан кетпеген нерсенин баарынан качып, “бейишпи же тозокпу” деген бир гана ой менен каласың.

🌙Адам баласы төрөлгөндө кезек менен төрөлөт. Бирок, өлгөндө кезексиз кетет. Аллах Таала айтат: “Эч бир жан эртең эмне иш жасары биле албайт. Эч ким кайсы жерде кантип олөрун да билбейт. Чынында, Бир Аллах гана Билүүчү, Кабардар”. (Лукман, 34-аят). Биз эртең эмес, азыр, бир көз ирмемден кийин эмне кыларыбызды билбейбиз. Бирок, өлбөөчүдөй болуп жашоо кечиребиз. Канткенде кутулат. Сооп жана күнөө менен гана болот. Акча тааныш пара. Бейишке киремби тозокко киремби. Бир жолу пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Умардын уулу Абдуллахты далысынан таптап: “Абдулах, бул дүйнөдө чоочун, жолоочу сыяктуу жаша, жолоочу келген жерине бир аз эс алып кайра басып кеткен сыяктуу, дүнүйө жашоосунда бир аз жашап кайра кетесиң” – деп насаат айтат. Ошол күндөн кийин Абдуллах: “Кеч уктасам таңды күтпөймүн, таң атырсам кечти күтпөймүн” – деп айтчу. Кечинде төшөккө жатып жатканда, эртең менен кайра туруп кетем деп эч ким кепилдик бере албайт. Эртең менен кийген кийимиңди кечинде кайра өзүң чечериңди да билбейсиң.

♥Аллах бешенңе жазган мөөнөт бүткөн күнү баарын таштап кете бересиң. Өлүм даамын татуу канчалык оор болгоу менен, андан баары бир өтөсүң. Бирок, өлүм менен эле бардык балээден кутулуп кете албайсың. Чыныгы оорчулук, көйгөй эми башталат. Туугандарың ыйламыш болуп, өкүрүп-бакырып эки метр чүпүрөккө оройт да алып барып көмүп салат. Андан аркысын өзүң көрөсүң. Мүрзө ичиндеги алгачкы түн. Түндүн караңгылы, мүрзөнүн караңгылы. Жасаган күнөөлөрүбүздүн карңгылыгы. Үч карңгылыктын ичинде Мункар, Накир периштелердин алдына турасың. Эмне менен кутуласың? Кимден жардам сурайсың? Кимге телефон чаласың? Жогорку кызматтагы таанышыңа ишенесиңби? Чөнтөгүңдөгү долларга ишенесиңби? Жан сакчыларынды чакырасыңбы? Каардуу периштелерге жалынып, ыйлайсыңбы? Жок! Мунун баары сага жердин үстүндө гана жардам берет. Ал эми жер алдына, кабыр ичинде мыйзам башка. Мункар, Накир пара албайт. Алар чоң кызматтагылардан коркпойт. Сенин күчыүн кайда жумшаарын билбеген жан сакчыларың аларды жоошута албайт. Алардан сени куткара турган бир гана сенин сооптуу амалдарың. Адам баласынын үч унаасы болот: биринчи эненин жатыны. Анда тогуз айдан ашык жүрө албайсың. Тогуз айдан соң жер бетине, дүнүйө жашоосуна келет. Бул жашоодо элүү-алтымыш жыл ар кандай унааларда жүрөт. Анан табытка түшөт. бул анын акыркы унаасы. Андан ары биз билбеген жашоо башталат. Мүрзө, кайра тирилүү, эсеп-кысап, тараза, кыл көпүрө. Буларда биздин тагдырыбыз эки гана нерсе менен чечилет. Сооп жана күнөө. Кимдин сообу көп – ал бактылуу. Кимдин күнөөсү көп – ал бактысыз.

🌙Биз бул дүнүйө жашоосунда жакшы жашоону билебиз, бирок эмне үчүн жашап жатканыбызды билбейбиз. Аллах берген өмүрдү жалаң гана жыюу, топтоо менен өткөрөбүз. Кызыгы, ошол топтогон нерсебизден эч нерсеи алып кете албайбыз. Бирок, топтогон неселерден бирөөсүн гана мүрзөгө ала кете алабыз. Ал – биз жасаган амал. Мүрзөгө амалыбыз гана кошо кирет. Башка эч ким жана эч нерсе биз менен бирге кире албайт. Бирөө кайтыш болсо, биз, адамдар: “Артында эмнеси калды экен” – деп сурайбыз. Периштелер болсо: “Алдына эмне жөнөттү экен” – деп сурашат экен.

🌙Адам баласынын эки насаатчысы бар:

биринчиси – Куран♥

Ал жашообуздун ар бир көз ирмемин туура өткөрүүнү насаат кылат.

Экинчиси – өлүм🌙

Ал бул жашоо эртели-кеч бүтөрүн, андан ары башкача жашоо башталын, мына ошол жашоого даярдык көрүү зарыл экендигин насаат кылып турат. Ислам аалымдарынын бир айтат:

“Ким дос издесе, ага Аллах жетиштүү. Ким душман издесе, ага нафси жетиштүү. Ким бакыт издесе, ага дин жетиштүү. Ким байлык издесе, ага каниет жетиштүү. Ким үлгү издесе, ага өлүм жетиштүү. Ал эми ким булардан үлгү ала албаса, ага тозок жетиштүү”. Мына жакында эле Кара-көлгө эки жолу машина түшүп кетти. 11 адам каза болду. Акылын иштеткен адамга олүмдөн откон үлгү жок. Аллах Таала:

“(Качан) Аллахтын (белгилеген) мөөнөтү келгенде ал эч кечиктирилбейт, эгер билсеңер” – деп айтат. (Нух, 4-аят). Өлүм убактысы келгенде, аны бир аз коё тур деп айтуу мүмкун эмес. Илгерки падышаларга аалымдар Аллахты эстетүү үчүн кирип турчу экен. Ошондой аалымдарыдн бир падышанын алдына келип: “Сен бул жерде отурган биринчи падыша эмессиң, эгер бул орунду бир адамдын тагдырына жазып койгондо, сен мында отурмак эмессиң” – дейт. Падыша: “Дагы насаатыңды улант” – дейт. Тиги: “Адам атадан сага чейин канча аталарың өткөнүн эсиңден чыгарба. Сен да бир күнү бул жашоодон өтөсүң” – деп насаат айтат. Өмүр канчалык узун бобосун, Акырет жашоосунун алдында түккө турбайт. Нух пайгамбар 950 жыл элди даават кылат. Айтымдарад 1000 жыл өмүр сүрөт. Качан ал өлүм сересине келген мезгилде, периштелер андан жашоо тууралуу сураса, ал: дүнүйө жашоосу эки эшиктүү үй сыяктуу экен. Анын биринен кирип, экинчисинен чыгып кеткендей эле болуп калдым” – деп жооп берет. Чындап эле азыр артыңа бир кылчайып карасаң, элүү жылдык өмүрүңдү беш мүнөттүн ичинде көз алдыңдан өткөрөсүң.

•Бир падыша кооз үй салдырыптыр.

Үйүн абдан жасалгалаптыр. Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан баалуу бую-теримдерди алдырып үйүн толтуруптур. Качан гана үйү кемчиликсиз болуп жасалгаланып бүткөн соң, элди чакырып той бериптир. Элдин баары чогулган кезде, падыша эл алдына дин илимин жакшы билген аалымды чыгарып, ага: “Хазирет, бул үйдон кандайдыр бир кемчилик тапсаңыз аны айтып коюңуз. Мен аны дароо эле түзөтүп коёюн” – дейт. Аалым үй ичин бир топко айланып карайт да: “Падышам, бул үйдо бир эле кемчилик бар экен. Тилекке каршы аны сиз оңдой албасыз” – дейт. Падыша: “Ал кандай кемчилик?” – деп сурайт танданып. “Бул үйдүн бир кемчилиги – андан сиз өлүп чыгат экенсиз, бирок кайра кайтып келе албайт экенсиз” – деп жооп берет.

🌙Бул дүйнөнүн байлыгы, кооздугу бул дүйнөдө гана калат.

Мүрзөлөргө барып карап көргүлө. Мүрзөлөрдүн үстүндө айырма болуусу мүмкүн, бирок астында баары окшош. Мүрзо астындагы айырма бир гана алардын жасаган амалдарында. Абдулмалик бин Марван аттуу белгилүү падыша өткөн. Ал өзүнө Курандагы Аньам сүрөсүн окуп турчу. Анда: “Мына, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, Бизге өзүңөр жалгыз келдиңер го! Жана Биз берген (байлык, бийлик, дос, кызматчы ж.б.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды да көрбөй жатабыз. Араңар үзүлдү. Силер (пайдалуу) деп ойлогон нерсеңер жок болду!” деп айтылган болчу. (Анаьм, 94-аят). Ислам тарыхындагы белгилүү падышалардын бири Харун Рашид базардан өз кепинин сатып келип, Курандагы: ” Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды. Менин күч-кубатым да жок болуп кетти” деген аяттарды окуйт эле. (Алхакка, 28-29-аяттар). Атасы Харун Рашид каза болуп, аны мүрзөгө жашыргандан кийин Маьмуун деген баласы: “Оо, бийилиги эч качан колунан кетпеген Зат, бүгүн бийлигин жоготуп, Өзүндүн алдыңа барган атамдын күнөөлөрүн кечир” – деп дуба кылат. Хасан ал-Басрий жашы улгайып калган адамдарга карап: “Оо, ак сакалын жайкалткан улуулар, эгер эгин бышып жетилсе эмне болот” – деп суроочу. Ал эми жаштарга карап: “Оо, менин кырчын курактагы жаштарым, эгин бышып жетиле элек кезинде эле сел алып, же шамал талкалап кеткени көргөн эмессиңерби?” – деп айтчу. Ал, бул сөздөрү менен жаш-карыга өлүмдү эскертип турчу. Өлүмдү эч ким каалабайт. өлүмдөн баары качышат. Бирок, кайда качпагын, кайда жашынбагын баары бир өлүм сени таап алат. Куранда Аллах Таала: “(Оо, Мухаммад): “Силер коркуп качп жүргөн олүмгө баары бир жолугасыңар” деп айткын” – деп буйруган. (Жума, 8-аят).

♥Умар бин Абдулазиздин аталарынын баары падыша болуп өткөн.

Ал бала кезинде жибектен тигилген көйнөгүн бир күндө үч жолу алмаштырып кийчү. Күндөр өтүп ага да падыша болчу мезгил келет. Эл алдында бир канча жолу падыша болуудан баш тартат. Бирок, анын адилеттүүлүгүн жана такыбалыгын жакшы билген эл аны падыша кылып алышат. Ал падышалык татыга отурган күндөн баштап өзгөрө баштайт. Кийимдери мурдагыдай эмес жупуну болуп калат. Көп сүйлөбөйт. Ой басат. Адамдар анын себебин сурашса, аялы өзү да билбестигин, ал падыша болгондон бери жылуу төшөкко жатпай калганын айтат. Бир күнү белгилүү аалымдардын бири Ибн Зияд келип падышадан иштин жөн-жайын сурайт. Ошондо ал ыйлап мындай дейт: “Оо, Ибн Зияд, сен менин падыша болгондон кийинки эмес, мүрзөгө коюлгандан кийинки абалымды көрсөң жакшы болмок, менин мунун баарына кантип жооп берем”.

♥Усман (Аллах андан ыраазы болсун) ар бир адам кабырга коюлган сайын ыйлап отуруп өзүн жоготуп койчу. Сахабалар мүрзөгө өлүктү көтөрүп барып, кайтканда Усманды (Аллах андан ыраазы болсун) көтөрүп келишчү. Андан эмне себептен мындай абалга туш болорун сурашканда, ал: “Мен бул жашоодо да, акыретте да адамдар менен бирге болом. Бирок, кабырда эч ким менен бирге боло албаймын. Пайгамбарыбыздын “Кабыр бейиштин бакчасы, же тозоктун чуңкуру” деп айтканын укканмын” – деп жооп берчү.

🌙Демек, Урматту мусулман бир туугандар, жаныбызда эч ким болбой турган, эч кимдин жардамы тийбей турган мүрзөнүн биринчи күнүн эч качан эсибизден чыгарбай жүрөлү. Аллах Таала ар бирибизге, мүрзөнүн биринчи күнүндө болчу суроолорго жеңил жооп берүүнү насип кылсын.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE