Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 13 бөлүм

 

 

Озуно берилген гулдорду, жада калса сумкасын да албай кочо бойлоп унсуз гана ыйлап баратты. Кеч киргенде гана чон энесинин уйуно келди. Сырттагы бут кийимди коруп апасы ушул жерде экенин болгооду.

-Жылдыз?!

-Эмне?

Унчукпай экинчи кабатка которулуп баратып кунк этти.

-Кайда кетип калдын? Издеп убара болдук, бардык буюмдарынды таштап кетипсин. Аяра которушуп чыкты.

-Апа токтотчу?! Тажадым ошол ысымдан! Аяра! Эмнеге кетип калдым дейинби? Баарын, аны менен алек болуп турганда толук бактынарды булундургум келген жок! Кызын менен кенири эзилишип сыймыктанып жатканында тоскоол болбоюн дедим!

-Сен эмне деп жатасын?

Бери басып келген Нурпери кызын жулкулдатып алды. Ал биринчи жолу апасына ушинтип суйлоп жатты.

-Эмне жакпай жатабы апа? Мен да сенин кызынмын! Айтчы эмнем кем менин? Кайжерим? Балким атам ошол Алмаз эмес, Бекжан болуп калганы учун мени жек коросун? Бирок айтчы ушунун баарына ким куноолу? Менин дайым шагымды сындырып келесин апа. Бала кезимден эле бул мамилене конуп бутком! Сурот мыкты тартасын деп баары мактаса да сенин купулуна толо албадым. Анан эле бир куну ал биздин уйго келди. Омуру бир жолу менин тарткан суротумо коз кырынды салып койбогон сен, аны менен сурот тарткансын, бооруна баскансын. Биз баарына кондук апа. Сенин мээриминсиз эле бойго жеттик. Бирок… Бугун да сен менин шагымды сындырдын! Баары керек болсо менден кийинки орундарды алган кыздар да менчелик ыза болушпады. Алардын апасы кучактап, ооп «сен мен учун эн мыктысын! » — деген создорду айтып жатышты. Сенчи? Мени унута салдын. Чынына келгенде ал жака мен учун эмес, Аяра учун баргансын!

-Жылдыз!

Кызынын коздорунон жамгырдай жаап жаткан коз жаштарын коруп эсине келди Нурпери.

-Апа кет! Суранам ошол кызын менен Алмазын менен жаша! Эртен Аргенди алып келем, биз энемдер менен турабыз.

-Жок, кызым!

-Кызым дейсинби? Мен бул созунду жылдар куттум. Бирок негедир кубана албай жатамын апа! Атам сени кечирбейт! Бизге кылган мамилен учун! Ошончолук алар сага кымбат экен неге убагында баш тарткансын? Атамды тандагансын?

-Жетишет! Сен эле калдын озу!

Кантип Жылдызды жаака чаап жибергенин байкабай калды. Жаштуу коздору менен озун жек коро карап турган кызы, азыр Бекжанды эстетип жиберди. Ооба анын коз карашы кудум ушундай болчу!

-Кызым мен….

Кайра кызын бооруна кысмакчы болгондо тур туп жиберди.

-Сени жек коромун!

Жаагын колу менен басып экинчи кабатка чуркап кетти. Козунон жаштары тамчылап турган абалында Жылдыз которулуп кеткен тепкичке олтура калды.

-Сага эскерттим! Кетип кал дедим.

Башын которгон Нурпери мандайында озун мыскылдуу карап турган кайын энесин корду.

-Сен, баламдын башын жедин. Эми неберелеримди да жеткен таш боор кылып салууна жол бербейм. Эртенден калбай Аргенди алып келем.

-Баланыз озу…

-Ошол жомоко мени ишенет деп турасынбы? Сага мурун да айткам, сенин айындан балам олуп кетти. Кандай экенин билбейм, анын олумунун себепчиси сенсин!

-Кызымды мага каршы сиз кайрап жаттыныз беле? Айтам анын журогу мынча кара эмес эле деп.

-Жылдыз, озу таразалап алды. Уктун эми уйдон чыгып кет!

Нурпери унсуз ыйлап баратты. Жылдыздын создору мээсинен отуп, журогуно жебедей сайылып турду. Кайра кайра кулак астына жанырып туруп алды. Туура айтат. Ушул кунго чейин эмне берди балдарына? Жылдызга, Аргенге. Омур бою муздак жузун салып, мээримин аяп журуп отту. Байкуш балдары эч нерсе да талап кылышпаптыр. Эсинде жок бир жолу Жылдызын бооруна басканы. «байкушум кызым! Апанды кечирчи! Силерди кор кылып, баамдабай жургон апанды кечир. Жанымда журуп мээримге ушунча зар болгонун учун кечир! Бугунку кун учун да кечир!» Аяранын алдындагы куноосу учун озун жектеп журуп балдары бар экенин, аларга мээрим керек экенин туйбаган, андап жетпеген озун жек корду. Ооба канча жолу, курбусу да, башкасы да келип «эки балан бар, ошолорду унутпа!» -деп какшап кетишчу. Бирок бирин да укпай келген, бири да азыр Жылдыз айткан созчолук таасир этпептир.

 

Сынактан кийин атайы катышуучуларга шаардын кымбат ресторанында банкет уюштурулду. Ал жерде Талгат да жургон улам башын Аяра жургон тарапка буруп коз кырын сала карап жатты. Келишимдуу келбетине жарашкан койногу да озгочо. Чачын тобосуно байлап койгонго аппак моюну узун болуп тим эле аккуудай койкоет. Аяра ушул эле кечеде бир канча фирма жана мода уйлорунон сунуштарды алды. Баарына тегиз жылмайып «ойлонуп кором» — деп сылык жооп берип жатты. Бир убакта кыз жалгыз калды. Жанатан алыстан козун албай кузатуп турган Талгат кыздын жанына акырын келди.

-Жараткан эмгектериниз абдан суктанаарлык! Артынан чыккан ундон жалт караган кыз озун тиктеп турган Талгатты коруп жылмайып койду. «Кандай керемет жылмаю!» — деп алды Талгат.

-Рахмат!

-Талгат Бейсинбекович!

-Аяра, таанышканыма кубанычтамын!

-Таланттуу экенсин, менимче сурот да мыкты тартсан керек.

-Ооба, бир эки эмгегим бар.

Кыз дагы кулуп койду. Анын ушул коздорун жымындата, кулуп койгону ушунчалык тааныш сезилип жатты жигитке.

-Сени алгач да бир жерден коргондой болуп турамын. Сага андай сезибей элеби?

-Мен сизди тааныймын. «Альфа» курулуш компаниясынын жетекчисин кимдер тааныбайт.

-Жоок, дегеним биз балким мурунку жашоодо аябай жакын адамдар болгон окшойбуз.

-Балким, — деген кыз колундагы суусундуктан ууртап алды.

-Мумкун болсо, номеринди сурайын дегем. Балким жардамым тийип калса.

-Макул.

Кыз «чон адам болсо башын ийип озу, номеримди сурап жатса, жок десем уят болот» — деп ойлоп кетти.

Аяра шашып колундагы чакан клатчынан кагаз ручка алып чыгып номерин жаза калды.

-Сол кол экенсин.

-Аа, ооба. Уйроно албай койдум.

Кулгон кыз номери жазылган кагазды сунду.

 

 

***

Айтканындай эле Нурперинин кайын энеси эртеси куну адам жиберип Аргенди алдырып алды. Эми Нурпери чындап жалгыз калды. Ээнсиреп муздак болгон уйундо соксойуп жалгыз олтурат. Жылдыздын болмосуно баш багып буюмдарын кармалап жатты. Папка толо тартылган суроттор, чын эле кызы абдан таланттуу экен. Барактардын арасынан мунайым болуп турган озунун суротун таап алды. Карандаш менен тартылыптыр. Тубуно «апа мен сени ушунчалык жакшы коромун!» — деген жазуу бар экен. «Сокур болуптурмун, кызымдын журогун тыншоону, анын башынан сылоону унутуп салыпмын! »

Канча кундон бери апасына чалып байланыша албай убара болгон Аяра уйуно келди. Дарбаза ачык, уй тымтырс.

-Аппаа!

-Аапоов?

Бош болгон болмолорду эшиктерин туртуп апасын издеп жатты. Жылдыздын болмосундо ал жаткан керебетке бук тушуп жатыптыр апасы. Жетип келип озуно тарткылап жиберди.

-Аппааа!…

Ооруканада козун ачты Нурпери. Колуна асма укол сайылып, жанында Аяра башын коюп уктап жатыптыр. «Эмне болуп келип калды экен бул жерге?» Такыр эсинде жок. Жылдыздын кийимдерин буюмун кармап, ыйлап олтурганын билет. Ошол бойдон калганы туман.

-Апа!

-Аяра, кызым.

-Апа суйлочу?

«Суйлодум» — деп ойлогон корсо ал созу сыртка чыкпаган ондуу. Кайра оозун таптап суйломокчу болду эле, кыймылга келбей койду оозу. Коздорун чоон ачып, эринин болор болбос кыймылдатып жаткан апасын коруп коркуп кетти Аяра.

-Жакшысынбы? Эч жерин оорубай элеби?.

-Кызым, — деп булдуруктап ийди. Колдорун котормокчу болду эле негедир он колу озунуку эместей. Таштай катып которулбой койду.

-Апа, кыймылдаба, сага болбойт. Жата тур. Мен азыр…

Сыртка чуркап чыккан Аяра бат эле врач менен Алмазды ээрчитип кирип келди. Тыбырчылап бирок андан майнап чыкпай кыйналып жаткан Нурперини врач токтотту.

-Суранам тынчтаныныз, бул биз берген уколдун таасири. Баары жакшы.

Бир аз озуно келе тушконсуду. «Бирок ошентсе деле эмнеге мынча кучтуу укол беришти экен? Баса мени бул жака ким алып келди? Жылдыз журогу чыдабай кайра барды бекен? Андай болсо жанында болот эле го?» коздорун ачып текшерип, журогунун сокконун тыншаган врач сыртка чыгып баратып Алмазга башын тйкеп койду.

-Мен азыр, — деген Алмаз врачтын артынан жоноду.

Жанында Аяра апасынын чачтарынан сылап олтурат. » Кыязы Аяра же Алмаз алып келген окшойт. «-деп болжооду.

Сыртка чыккан врач бир аз ойлонуп туруп озун тынчсыздана карап турган Алмазга кайрылды.

-Журогу кармап тушту. Дагы женил отту. Уколдун таасири тараса суйлойт, бирок он капталы кыймылга келеби айта албаймын.

-Эмнее?

-Кечиресиз, биз аракет кылабыз.

 

 

***

Тун бир оокумда кара терге тушуп ойгонгон Талгат ордунан туруп ашканага тушту. Муздак суу ичип бир аз озуно келген сон, жана эле коргон тушу кайра коз алдына тартыла баштады. Анда атасы, апасы жана Ханайым болуп Америкага барышкан кундору кирди, анан эле кайдан жайдан пайда боло калган кара уюлгуган туман Султанаалы менен Жибекти учуруп кетти. Сапырылган бопбоз чанда Ханайым жалгыз калып ыйлап жатыптыр. Жанында туруп жете албай кыйналып жатып ойгонуп кетти. «Ханайым! » — деп алды. Атасы отуп, анан бул жактагы баштаган бизнесин жолго коюп бир калыпка тушуп алууга бир топ эле убакыт кетиптир. Эми баары жайына келгенде атасынын иштерин каза баштады. Тагыраагы кимдин айынан камалып кеткени, акыркы бизнестеги шериктерин издеп алар менен суйлошуулорду жургузду. Баары эле ийинин куушуруп алгылыктуу деле жооп айта алышпады. Акыры иликтеп олтуруп Бекжан Акимович менен акыркы жылдары жакшы мамиледе, атугул уй-булоолору менен калын катнашта болгондугун аныктады. Баарынан да кызыгы атасы Бекжан Акимович жонундо коп айтчу эмес уулуна, дегиле бул жактагы иштеринин кобун жашырчу экен. Аны мына эми артынан эми уйронуп баштаганда тушунуп жатпайбы. Жада калса тиги Али деген айдоочу жонундо бир ооз кеп да айтпай кеткенин карасан. Атасынын кол алдында иштеген ишеничтуу жигиттерин деле таап суйлошуп корду. Алардын айтуусу боюнча Султанаалы акыркы иштеринин баарын Алиге тапшырып салган экен, атугул жашыруун иштерге да аны жиберип калганын айтышты. Бир жигити акыркы чек арадагы окуя жонундо айтып отту. Кабинетке жалгыз Алини чакырып алып кенешип иштерди жасап калганын угуп ойлоно кетти «Али деген ким озу? Ал жонундо эч жерде маалымат жок. Жада калса фамилиясын эч ким билбейт. Жон гана Али! Атам Ханайымды келди деди, демек Али да келген. Кызык Ханайым билет болду бекен чындыкты? Ханайымды тапсам ошол аркылуу Алини да тапса болот, алгач Бекжан Акимович жонундо маалымат жыйноо керек.» Атасынын кол алдында иштеген, бир убактары уй-булоосунун жеке адвокаты катары жургон Асыл Токторович деген кишини тапты. Ал дагы Султанаалы камалып кеткенден кийин, карьерасы токтоп, эч жерге жумушка кире албай калган экен. Чакан ресторанга алгач жумуш сунуштап чакырды.

Чачын ак басып калган адам мандайында олтурду.

-Сизди Султанаалы Борубаевичтин адвокаты катары тааныймын. Мен ал кишинин бизнестеги шериги болом, — деди Талгат.

-Ооба, учурунда адвокат болуп иштегеним чын. Бирок…

Андан аркы созун улай албай тунжурай тушту.

-Демек атамдын бут жакын адамдарына, жада калса кошо иштешкен фирмаларга да саясаттагылар куугунтуктоо иштерин жургузушкон экен. Атам менен кошо иштешкен бир катар фирма, ишканалар жабылып кетти убагында, анан сизди эч кайда жумушка алышкан жок.

-Атаныз?

-Ооба мен Султанаалы Борубаевичтин уулумун Медер.

Асыл Токторович узака тигилип олтурду, анын бул карашында тан калуу жок эле. Тескерисинче бул жонундо мурун уккан адамдай токтоо олтурду. Башын акырын чайкап:

-Бул жака бекер келипсиз, — деди.

-Эмнеге?

-Сиз убакыт отту, баары унутту деп ойлойсузбу? Жок! Султанаалы Борубаевичтин саясат, кримдуйно менен да байланышы болгон. Анын айынан канча адамдар зыянга учурашты, мыйзамдуу турдо фирмалар бул жакта калсын, мыйсамсыз откоргон товарларына шерик болгон тиги чойродогулор андан коп. Эгер билсениз абакта да атанызды кооруп, аран кармап келгенбиз. Бийликтеги бир, эки аткаминер да атаныздын иштери ачылганда кошо жумуштан кетишкен. Сиздин кабарыныз деле жок окшойт, бирок ал кримдуйнодо жакшы эле ролду ойночу…

-Билем, — деди Талгат колун кайчылаштырып олтурган калыбында тиги кишиден козун албай.

-Анан ошол миллиардер адамдын уулу чет олкодо дайынсыз кетти. Бул жомоко эл ишенет чыгаар, бирок тиги мафиоздорун тук ишенбейт. Алар эмнеге сизди издешкен жок? Таба алышпайт, же кучу жетпегенден деп ойлосонуз жанылышасыз Бейсинбекович! Тан калбаныз, сизди билем. Атугул качан мени чакырат деп кутуп да жургом.

Талгат тан калганын жашырган жок. «Ким айтты? Дагы кимдердин кабары бар?» — деген ой келди биринчи.

-Коркпонуз, менден болок эч ким биле элек, — деди тиги адвокат да мунун оюн окуп койгондой.

-Сиз кайдан билдиниз?

-Менин ким экенимди жакшы билбейсиз. Ал маанилуу эмес. Мени эмне учун чакырганынызды да билем, сизге керек маалыматты да которуп келдим.

-Эмне учун экен? Балким мен сизге жон эле жумуш сунуштап чакыргандырмын Асыл Токторович.

Талгат канчалык анын колундагы маалыматка кызыкдар болуп жатса да, сыр билдирбегенге аракет кылып жатты.

-Хее-хее, баары бир али тажрыйбан жок да сенин, — деди адвокат чонтогунон тамекисин алып чыгып жатып. Азыр эле сиз деп сылык суйлоп жаткан киши дароо сенге отуп кеткенине тан калып турду Талгат.

-Талгат Бейсинбекович болуп башка адамга айланып келе алсан эле, «бардык ишти ушундай билдирбей бутуром, эркин жашай алам» — деп озуно ишенбе. Бул жакта сени куткондор коп. Айрыкча кримдуйнодо. Атандын берген зыянын сенден толотуп алабыз дегени ошончо. Сени «качты дайынсыз кетти» — деген кабар тараганда баары кол шилтеп коюшту, атугул кубанып да калышты. Качсан демек, жетишерлуу олчомдо каражатты катып койгонсун ишеничтуу болгон учун качтын. Анан сени жон гана кутууну коздошту. Баары бир бир куну келерин сокур кишиге да маалым да. Болгону кутуу калды. Кокустан атандын каза болуп калганы менен сенин келгенин азырынча билинбей кетти бирок…

-Эмне?

Асыл тамкесин шашпай уйлоп суйлоп жатты.

-Карындашындын атана жолукканы маалым. Аны издеп таап алышат бат эле. Ал аркылуу сени да таап коюшат.

-Мен озум карындашымды издеп келдим. Ооба чоочубаныз, кабарым жок журом.

-Тан калычтуу… Карындашынды акыркы жолу атандын айдоочусу менен корушкон, андан сон дайынсыз. Баары «сени уурдатты, карындашын алдыртып алды» — деп тыянак чыгарып калышкан.

 

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE