Кан коё бербейт 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=5205&preview=true Кызыктуу окуялар

КАН КОЁ БЕРБЕЙТ.7-БӨЛҮМ.

Cotosen WW

Уйго кайтып келатып, дагы баарын баштан-аяк ойлонуштура баштадым. Сыргабекти го эптеп кетирдим, ушуга да шугур. Эми мындан аркысы кандай болот? Мындан аркысы кол салуудан кийин Талант эмне кылса ошого жараша болот. Акчага туйтунуп алып, Кыргызстандан чыгып кетеби же Бишкекте эле жашынып жата береби? Айжамалдын уйун андысам да колго тушуроормун.
Эртеби-кечпи бир ынгайы келээр ошондо кактабай канынды ичем. Сыргабекти алдабай эле болгонун болгондой айтканым он болот беле, анда Талант дароо коздон кайым болмок. Жанылга суротторду созсуз салып жибермек. Ошол тирукмуш суротторду Жаныл колуна кармап турганын элестетсем эле кара терге тушом. Эмне болсо Ошо болсун, ушу балээден кудай сактай гор!
Уйго келип, кечээки машиненин тетиктерин кармалап журсом Жаныбек пайда болду. «Ягуарды» жакшылап карап чыкты да, менден насос сурап, донголокторун уйлотту. Муну Таланттын эн ылдам журо турган машине деп айтканы эсиме тушту.
Ошол маалда мага жогору жактан Жаныл кыйкырып калды.
— Бакы-ы, термосту коргон жоксунбу?
— Эмне дейсин?
— Термус. Текчеде турчу эле, таппай атам.
— Коргон жокмун.
— Кечээ Доорон беле, Ошо досуна чай алпардым дебедин беле?
Муну укканда буттарым чалыштап кетти:
— Мен… мен ага кружкага куюп алып баргам.
— Анда термос кайда житип кетти.
Канча аракеттенсем да термусту кайда калтырганымды эстей албадым.
— Кечээ мен да таппай койгом.
— Кайда коюп койдум экен? Свет очуп кала электе чай кайнатып куюп койойун дебедим беле. Дагы жакшылап издеп коройунчу.
Ал ушинтип кобурап кайра ашканага кирип кетти. Мен дагы эле ордумда каткан бойдон тура бердим. Тубун тушкур термусту кайда койдум эле? Мен фургонго тушкондо ал колумда эмес беле. Иттики десе, ошонун ичинде калып калган жокпу?! Кантип эле ал жакка калтырайын? Гаражга алып келсем керек. Гараждын бир жеринде тургандыр. Же чын эле тиги сигнализациясы бузук фургондо калдыбы, анда менин колумдун издери бар да. Жанталашып гараждын ичин тинтип, термусту издеп журдум, ошол бойдон табылбады.
— Ашканада жок экен! — деп кыйкырды Жаныл устунку кабаттан.
— Ой, табылат да, термусуна ууру келди дейсинби. Башка ишинди кыла берчи.
— Кенсенден карап корчу…
Издебей эле кой, эми ал термусун табылбайт, Жаныл. Мен эми эстедим: аны зымдарды кесээрде фургондун кабинасындагы полго койгом. Ооба, ал азыр ошонун ичинде турат. Ак гулдору бар когуш термус, анда менин колумдун издери толтура…
Асманда топтоголок ай калкып баратты. Бугун айлана жарыгыраак. Кулатов кочосуно чыккан терезени ачып, пардасын ойдо которуп койсом да, желип откон жел жок. Дем жетпей ысык аба согуп атат. Мен карангыда ар кайсыны ойлоп жаттым. Жанымда бышылдап Жаныл уктап жатат.
Адегенде Жаныбекке баарын айтайын дедим, Талантка айтып кой дейин деп барып кайра айныдым, алар баары бир баштаган ишин токтотушмак эмес. Тундо байкалбай кирип, фургондогу термусумду алып келсемби деген да ой кетти. Антейин десем Жаныбек терезеден андып отурат, баарын корот.
Ошентип калчылдап бир сааттай жаттым, анан мумкун термусту кароолчулардын бироо таап алгандыр, оздорунун эле кишилери унутуп калган тура деп ашыкча ызы-чуусуз алып коюшкандыр деп озумду жооткоттум. Жон жерден озумчо калтырай бербей тынч жата турайынчы дедим.
Уч жарымдарда машине дурр-дурр этип от алганда селт эте чочуп кеттим. Шейшепти серпип, терезеге унулдум. Казинонун короосунда жарык куйуп турат. Кире бериште Доорон менен кароолчулардын бироо суйлошуп турушат. Бир аздан сон ал ичкери кирип кетти, Доорон дарбазанын жанында турат. Гараждын ары жагынан фургон журуп келип, Доорондун тушуна токтоду.
Мага фургондун усту жагы эле корунду. Ичинде отургандарды коро албай койдум. Ким болсо да ичээр суусу тугонгон бечаралар, ажалга баратышканын оздору да билишпейт деп оор ушкурдум. Доорон фургон кеткен убакытты колундагы дептерине белгилеп коюп, кол булгалады. Фургон кочого чыгып, асфальт жолго тушкондо Сыргабектики экенин тааныдым. Ооба, Таланттын баш кесерлеринин козун кызарткан баалуу жук дал ушу машиненин ичинде. Жаныбек да жанталашып машине жылды деп Талантка телефон чалып аткандыр. Бир нече муноттон кийин карактоо болот. Фургон жай жылып барып, Ибраимова кочосуно жылып кетти.
Жанылды карасам эч нерседен бейкапар таттуу уйкуда. Эшикти акырын ачып, ылдый туштум. Кенседен Жаныбек эмне кылып атканы жакшы корунот. Ал «ягуардын» жанына барып, колундагы фонарын капотко коюп, тосмонун артына кирип кетти. Ал жактан эки олчойгон оор чемоданды эки жагына которуп, машинеге аран жетти. Чемодандарды багажникке салып атканда жанына бардым да:
— Эмне кылып атасын? — деп сурадым.
— Эмне кылмак элем, бул жерден кетип баратам. Кел жардамдашчы.
— Тигинде, дарбазанын жанында кароолчу турат. Ал машинени байкап калышы мумкун.
— Машинени айдап кетет деп сага ким айтты. Ал ушу жерде калат, эртен Айжамал келип айдап кетет, сенин Айжамалын… ха-ха-ха…
— Озу келеби?
— Ооба.
— А чемодандарда эмне бар?
— А бул Таланттын ойлоп тапканы, эгер сен келжирей баштасан. Майда-барат радиоаппаратуры антенналар. Муну Юра Таатандан шилтеп чыккан. Ойду-тоону суйлой баштасан менттер гаражынды тинтип буларды таап алат, анан кайдан уурдап чыкканынды божурап отура бер.
— Ушунун баарын эртенге чейин калтырып койосунарбы? А милиция келсе эмне дейм?
— Алар эртенге чейин эч нерсе билишпейт. Эртен менен Айжамал келет, кааласан дагы бир сыйра аны менен эзилишип алсан болот. А мен кеттим, оозунду жаап, бир жеринди кысып отурсан эле баары жакшы болот. Жакшы кал!
Унун кайраттуу чыгарып суйлоого аракеттенгени менен Жаныбектин журогу тушуп турганы билинип эле турду. Коркконунан балжагай бетинен, кежигесинен чыпылдап тер тамчылайт.
— Эшигинди ач! — деп октом суйлоду.
— Бул эмне кылганынар? Милиция уурдалган буюм-тайымдарды таап алса, мени дароо камайт, уруп-сабаса мен баарын айтып коюшум мумкун.
— Ой, коркуп кеттим, жаман болот экен да, — Жаныбек ыржалактап кебетесин тырыштырды. — Тилинди тишине катып тынч отурсан эле баары ойдогудай болот дебедимби.
Эшикти ачаарым менен ал алдастап кочого чыгып, гараждан алыстап кеткенче шашты.
Ушу азыр болуп аткан тирукмуш кылмышты ойлоп алып тобо чачым тик турду, буткон боюм калч-калч этип эшиктин бурамасын бекитейин десем колдорум калтырайт. Фургонго кол салышты. олум да болгондур. Демек, тан атпай бу районго милиция толот. Банданын баарын коргон жана бирден суроттоп бере турган Тилек бар. Аны тезинен бошотушум керек. Чон керекке жарап турчу эле, бирок кетирбеске аргам жок — Тилек баарын корду, менттерге айтып салса ит жейт.
Ашканага кирип чай койдум да, терезеден казинонун короосун шыкааладым. Журогум опкоолжуп, дукулдоп сого баштады. Иш бутту, эми эмне болоор экен? Саат беш жарым болуп калыптыр. Короо эмнеге тымтырс, жарым саат мурун эле туп которуло ызы-чуу тушуш керек эле го.
Дороон дарбазанын тушундагы жолду шыпырып атканын кордум. Жайбаракат каалгый басып, шашпай шыпырып жатты. Алтыга он мунот калганда телефону чырылдады. Доорон шыпыргысын дубалга жолой коюп, куркого кирип кетти. Менин тошумдон ылдый тер агып баратат. Терезеге жабышып эле калдым. Бери келаткан Доорондун кебетеси бир башкача болуп кетиптир, демек кол салуу болгон экен. Ал калдастай сыртка чыгып баратканда телефон кайра шынгырады окшойт, ал артына бурула куркого чуркап кирип барды.
Саат алты болгондо гаражды ачканы чыктым. Эшикти ачып, кочо жакты коздой бастым. Эмне болгонун билгим келип, чыдамым кетти. Доорон коруно калса чакырайын десем ал чыкпады. Калп эле копкок асманды карамыш болуп кайра гаражга кирдим.
Жетиге жакын заправкага машине келди. Крандын калпагын бурап атып, шопурга карап:
— Бугун да ысык болот окшойт, — дедим.
— Ооба, бул ысык куйкалап олтурмок болду го! Туну менен уктай албай чыктым.
— Мен дагы…
Ак машине жолдон бурулуп казино тарапка отуп кетти.
— Э, дос, булар тан атпай эмне кылып журушот? Машинеден бир милиционер тушуп, казинонун кенсесин коздой басты, рулда отурганы машинеде калды.
— Элден тоноп алган акчалары чонтокторуно батпай кумар ойногону келишкен го, — деп кардарым кункулдоп калды. — Булардын колунан башка эмне келет дейсин. Коркутуп-уркутуп акча алгандан башка бокту да билишпейт.
— Сен кетип калбасан, тиги белгини буздун деп асылышпасын. .. — аны кетиргенче шаштым.
— Туура айтасын дос. Жакшы кал!
Аны кетирип, устунку кабаттагы «кароол чокума» кайтып келдим. Жука парданын артынан баарын байкап турдум, бирок мен коро турган эч нерсе деле болгон жок. Милициянын машинеси казинонун жанында жарым сааттай токтоп турду, анан ичкери кирип кеткени чыгып машинеге отурду да, машине журуп кетти.
— Бактыяр! — Жаныл уктоочу болмодон мага кыйкырды.
— Оов.
— Сыртта эмне болуп атат? Милициялар келдиби?
— Тушунсом буйрубасын.
Жаныл тепкичтин кырына жолоно ылдый карап:
— Казинодо бирдеме болгон корунот. Сен уккан жоксунбу эмне болгонун?
— Жок. Мастарды кармап кетишеттир да. Жаныл мени шектене карап алды.
-Мумкун…
— Жегенге бирдемен барбы?
— Жок, бирок азыр бат эле жасай койом. Азыр.
— Шашылбай эле кой. Бир чыны чай жутуп алгам, кардым анча ача элек. Тиги бурчтагы темир-тезекти жыйнаштыра салайын. Антпесе бытырап баары аралашып калмак болду.
— Ай, тиги жакта точно бир балээ болгон. Мен калп кулумуш болдум:
— Койсончу! Андан коро тамактын камын корсон боло. Менин каамарабаганыма аялым да жоошуй тушту окшойт, унчукпай уйго кирип кетти. Казинонун мандайына катары менен уч милициянын машинеси келип токтоду. Экоо сыртта калды, калгандары ичкери жоношту. Чачы ак аралаган, толугураагы сержант болсо керек, жанындагы жашыраагы чон кара укок которуп алыптыр.
Гаражга да келишет болду бекен? Келишпейт го. Кылмыш башка жерде болбодубу. Ошол жакты тинтип атышкандыр. Ушуларды ойлоно бурчтагы майда-барат тетиктердин жарактуу, жараксызын боло баштадым. Улам кочо тарапка коз салып койом. Бирок кире бериште турган эки милиционерден башка азырынча кызыктуу деле эчтеке жок. Жети жарымдарда Жаныл жаныма келди.
— Булар келип эле кайра кетип калышчу эле, анда да беш-алтоо бир келди, демек созсуз бирдеме болгон, — деп экооно ээк кага суйлоду.
— Болсо болгондур да, анын бизге эмне тиешеси бар?
— Кызык, эмне болду экен? Кинодогудай болуп кара чумбот кийип алышып, кассасын тоноп кетишкен жокпу?
— Билбейм. Тилек келгенче мобу жерди бошотуп салсам жакшы болот эле.
Мен кайдыгер тур корсото кайрадан кир темирлерди кармалап отуруп калдым.
— Сени ушу темирлеринден башка эч нерсе кызыктырбайт. Доорон досундан сурасан боло, эмне болгонун кантип билбесин?
— Корунуп калса сурайм. Анча эле эмне чебелектеп кабатырланып атасын? Жаныл кабагын туйо кочону тиктеп бир аз турду да, анан:
— Кабатыр деле болгон жокмун, коркуп атам, — деди.
— Эмнеге коркосун? Жаку, бар мени алаксытпай оз оокатынды кылчы.
Жаныл ары басып кетти, мен баарын ылгап, жыйнаштырып буткондо велосипедин суйрой Тилек кирип келди. Ал учурда гараждын жанында толтура эл чогулуп калган, баары эле анкайып казино тараптан коздорун албайт. Ангыча КТР, ЭлТР деген капталында жазуулары бар эки машине келип, андан кабарчылар тушту, арыдан бери камераларын орнотуп репортаж алып киришти.
— Салам, Тилек. Тиги жакта эмне болуптур? — дедим мен колумдун майын чупурокко аарчый анын сунган колун кысып.
— Тоноп кетишкен имиш го! — Тилектин топчудай болгон тоголок коздору ого бетер топтоголок болуп, чакчайып кетиптир.
— Кассасынбы?
— Аныгын эч ким билбейт экен. Бир кабарчыдан сурасам ал деле ийнин куушурат.
— Мейли, эмне болсо Ошо болсун. Журу кенсеге, суйлошо турган соз бар.
Тилек имени тангала карап алып, улам кочого кылчактай артымдан ээрчий басты. Кенсеме кирип эле бушайман болуп турганымды байкатпоонун амалын кыла тамеки тутоттум. Чынын айтсам Тилекти кетиргим келген жок, бирок антпеске да болбойт, Талантты баш кылып баарын корбодубу. Милиция келгенде эптеп кетирбесем озумдун эле шорум катат го.
— Тилек, озун деле коруп турасын, ишибиз алдыга жылбай эле кундон-кунго начарлап баратат. Карыздар чачтан коп, алардан кутулуш учун бир тыйындан бери санап отурам. Кыскасы, мындан ары сага толоп бере албайм.
Тилектин эки бети тамылжып кетти:
— Ушинтип айтаарынызды билгем. Ооба, иш жакшы болбой атат, кыйналып атканынызды да коруп турам.
Мен тамекимдин кулун серпий ага тик карай албай кул тушургучту тиктеген бойдон созумду уланттым:
— Сен бугун, азыр эле кете берсен болот. Акчанды ашыгы менен толоп берем.
— Бактыяр байке, дагы бир жума иштеп анан кетейин, кыйналып атканда кантип кетип калмак элем.
— Жок, калганын озум эле бутуроормун. Андан коро убактынды текке кетирбей онураак жумуш изде.
— Жумуш табылат, заправка, СТО дегенден коп неме жок. Дагы бир жума иштейин.
— Жок, Тилек, бугун эле кете бер. Сен иштей турган жумуш деле жок.
Дагы эле анын козуно даап карай албадым. Буттарын алмаштырып, колдорун ушалагынан караганда Ал да кыжаалат болуп жатты окшойт.
— Мен бирдемени туура эмес кылдымбы?
— Койсончу, Тилек. Ал эмне дегенин? Сенин мага чон жардамын тийди. А мен озумчо жардамчысыз иштегенге конбосом болбой калды. Азыр уйуно бара бер.
Дагы деле анын жузуно дит багып карай албай капчыгымдан беш жуз сом санап, устолго койдум:
— Мына акчан, эми жакшы бар, жумушка орношуп алгандан кийин мени унутпай келип тур.
— Мен муну ала албайм! — деди ал башын чайкап. — Иштеп тапканымды гана берип, ашыкчасын алыныз.
Мен мындайды куткон эмесмин, бир чети тангалдым, бир чети ыраазы болдум.
— Макул, озун бил…
Кайра кет десем да кетпей турганына кыжаалат боло баштадым. Жаныл чыгып калбаса экен деп кыпындайм. Тилек эки жуз сомду алды да, калганын менин алдыма жылдырып койду. Ал дагы эле кетпей тура берди. Ортодо жымжырттык окум сурду.
— Кана эмесе, баатыр, коштошолу, жакшы бар, жакшы жумушка орнош. Сага конуп калдым эле, бирок башка арга жок. Бар, барагой.
— Женем менен коштошуп алсам болобу? Ушинтээрин билгем, буга да жооп камдап тургам.
— Ал азыр бош эмес. Эми башка куну келесин да, ушу бойдон корушпой калмак белек, — мен калп эле кулумуш болдум.
Бул баладан оною менен кутула албасыма козум жетти. Ал мени жеп жиберчудой карап турду:
— А женем менин кетип баратканымды билеби?
— Билет, Тилек, билбей койчу беле. Чынын айтсам, сени бошотолу деп озу сунуштады. Ал деле сага конца калган, бир тууган инисиндей эле корот. Коштошом десен да капа болот го. Барбай эле койчу, дагы бир куну келип кетээрсин. Макулбу?
Тилек кулагынан бери кызарып кетти.
— Макул. Жардам керек болсо чаласыз да…
— Созсуз, иштер кичине онолуп калса эле… Ошондуктан кабарлашып тур, жакшы бар!
— Жакшы калыныздар! — Тилек дагы кызара тушту. Кенседен чыгып, курмосун алды да, велосипедин суйрой чыгып кетти.
Босогодон аттап, кайра артка бурула:
— Ишинизге ийгилик, Бактыяр аке! — деди.
— Рахмат! Сенин да жолун болсун! Ооба, ийгилик, азыр мага ийгилик абдан керек болуп турат. Тилектин шылкыйган башы, нуру очо тушкон коздору менин да конулумду чоктуруп койду. Коптон бери чогуу иштеп, ык алып калган экенмин, жакшы жигит эле, бирок арга жок.
Тилек жолго чыгып, велосипедине минип узап кеткенче босогодо карап турдум. Эми баарын Жанылга тушундуруш керек деп тепкич менен которулуп баратсам озу чыга калды.
— Жаку, сен туура айтыпсын. Чын эле ууруга киришкен тура.
— Сыргабектин айылга кетип калганы ырас болуптур, ээ? Антпесе ал дагы ызылдап журмок экен.
— Ошону айтсан… — экообуз бири-бирибизди тиктешип туруп калдык.
— Кырсык жалгыз келбейт деп койот го. Азыр эле Тилек келип кетти. Анын дагы атасы ооруп атыптыр, суранып кетти.
— Катуу ооруп атыптырбы?
— Ошондой дейт, талмасы кармап жыгылыптыр. Дароо койо бердим. Копко чейин жумушка чыга албайт окшойт. Гаражды жаап эле салсамбы, жолго эл толуп Алды, машине деле ото албайт.
— Ооба, ошент, — деп Жаныл кайра кирип кетти.
Мен болсо башымды мыкчып, ушкуруп алдым: элдин баарына калп айта берип крышам тайып да кетмей болду. Деги баары ушуну менен тынчып кетсе экен.
—- Бактыяр Кабылов деген сизби? — капыстан чыккан ундон селт этип чочуп кеттим. Кире бериште боз костюм шымчан киши туруптур.
— Ооба, менмин, — мен аны утурлай бастым. — Кечиресиз, мен сиздин киргенинизди байкабай калыптырмын.
— Аа, мен кабарчымын, Кечки Бишкек гезитинен … Атым Марат, Марат Макенов. Тундо болгон кол салуу жонундо билгениниз барбы? Гаражыныз дал казинонун каршысында турбайбы.
Менин далымдан чыпылдап тер чыкты:
— Кол салуу дейсизби? — «тангала» сурадым.
— Сиз билбейсизби? Казинодон баалуу жук алып бараткан фургонго кол салуу болуптур. Бул деген озунчо эле бир сенсация да! Кылмышкерлер чон суммадагы акча менен асыл таштарды алып, изин суутуп кетишиптир. Кароолчулардын бири олуптур дешти го.
— Олуптур?!
— Ооба. Бандиттер менен кармашып, экоону жарадар кылышыптыр, кароолчулардын бирине ок тийиптир.
— Ок тийиптир, — мен дендароо боло акылынан айныган немече беркинин айтканын кайталай бердим. Тамагым буулуп, унум чыкпай калса да шыбырай бердим.
— Мен ойлодум да, сиз жакын дээрлик тубундо жашайт экенсиз, мумкун бирдеме уккандырсыз же коргондурсуз.
— Шектене турган эчтеке деле байкаган эмесмин, — дедим анкоолоно. Кароолчу окко учуптур! Сыргабекти кетирип жибергенимде ошол кароолчунун ордунда байкуш досум болмок.
— Менимче, Бактыяр, бандиттер казинонун кенсесин бир нече убакыт акмалап кайтарган окшойт, сыягы. Фургон адаттагы эмес, эч кимге алдын ала айтылбаган убакта чыгыптыр, ошого карабай тигилер аны жолдо кутуп турушкан. Анын бу жерден качан жылганынан бери билишсе керек. Сиз шектуу бироо жарымды же чоочун машинелерди байкаган эмес белениз?
— Жок, кочону эле карап отурат дейсизби, иш чачтан коп. Керээлден кечке гараждан чыкпайм.
Кебелбей суйлоп турганыма озум да тан калдым. Карактоого гана кириптер болбой адам олтурууго да катыштыгым бар болуп жатпайбы.
— Уксаныз, — деп кабарчы да кошорду, — чын эле эчтеке байкаган жоксузбу? Танга маал торттор чамасында бир же бир нече машине айланчыктап жургондур?
Мен бир аз ойлогонсуп ээгимди сылап турдум да, анан:
— Жо-ок, ал маалда мен уктап жаткам, дабыш-дубуш болсо ойгонот белем.
— Болуптур анда, жакын жерде жайгашканыныздан шек-шыбаатын билеби деп эле киргем. Менин жумушум ушу, суроо берип кайра жооп алмай. Макул, кошуналарыныз менен баарлашып коройун, мумкун алар коргондур. Убакытынызды алганым учун кечирип коюнуз. Бирдеме эсинизге тушсо телефон чалыныз, макулбу? — ал тош чонтогунон визиттик карточкасын суруп чыгып мага сунду. — Жакшылап эстеп корсонуз, мумкун байкап, бирок унутуп калгансыз. Ишке алаксып дегендей…
Мен унчукпай казинонун алдында топтошкон элди карап тура бердим.
— А азыр эле чыгып кеткен велосипедчен жигит ким? Бул жерде иштейби? Ошол бала бирдеме коруп журбосун? Мен ачуум келгенинен бакырып жибере жаздап аран озумду кармана:
— Жок, ал биерде иштебейт, — деп жооп бердим.
— Иштебейби? А мага ошондой корунуп кетти. Жанылыш ойлоп алгам го.
— Бул гаражды келинчегим экообуз иштетебиз.
— Келинчегиниз менен суйлошсом болобу?
— Ал деле эчтеке коргон эмес. Корсо мага айтмак. Анын устуно колу да бош эмес.
— Болуптур, аялыныз менен озунуз суйлошуп корсонуз, не бар, не жок дегендей. Балким коргондур анан сизге айтам деп унутуп калгандыр. Эгер кенедей эле жанылык болсо дароо мага чалыныз, жарайбы? Жакшы калыныз.
— Жакшы барыныз деп кош айтыштым.
Ал артка бурулуп, эшик тарапка жай басып баратты. Эч нерсе биле албаганына нааразы болду окшойт. Бир убакта озун чекеге муштап, кайра бери бурулду.
— Мына айтпадым беле, ар кайсыга алаксып унутуп калмай жайыбыз бар да баарыбыздын. Сиз кароолчу Сыргабектин досусуз да, туурабы? Казинодо иштегендердин бироо ошентип айтканын эсиме жара чыгып унуткан бойдон кетип бараткан турбаймбы.
Мен эч нерсени тушунбой кабарчыны элейе карадым. Буткон боюм муздап, коркунчтуу, артка кайтаргыс бирдеме болгонун туюп турдум.
— Эмнени айтып жатасыз?
— Жанагы олгон кароолчучу, — деп шашпай тушундуруп кирди Макенов, -ошонун аты Сыргабек Аргынбаев экен. Экоонор дос беленер…

Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы
Admin
Оцените автора
KYRGYZCHA SITE
Пикир калтырыныз.

Пример HTML-страницы