Пример HTML-страницы

Turmush: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы: Караколдогу аксакалдар концерт уюштурушту

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Каракол шаарындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, анда ардактуу эс алуудагы карылардын «Карылар дале катарда» элдик фольклордук ансамбли шаардыктарга патриоттук, тарбиялык мааниси бар ырларды тартуулашты.

«Караколдо ардактуу эс алууга чыккан карылардын башын бириктирип «Карылар дале катарда» ансамблин түзгөнбүз. 4 ай мурда ансамблге элдик наамы ыйгарылган. Ал жерде 60 жаштан 86 жашка чейинки адамдар ырдап келишет. Бул жолу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата концерттик программа тартуулап жатабыз. Ал жерге биздин карылар жасаган кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн койдук. Акын, жазуучуларыбыз китептеринин көргөзмөсүн уюштурушту», — деди ардагер Бейшебай Муратов.

Концерттик залга кире бериште атайын дарыгерлер иштеп, саамалыкка келген карылардын кан басымын, канындагы канттын өлчөмүн ченеп берип жатышты.

  • 1924-жылы 24-октябрда Түркстан АССРинин курамындагы кыргыздар Россиянын советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу болуп түзүлгөн. Ал 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусу болуп өзгөртүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE