Пример HTML-страницы

Аянычтуу сүйүү

https://kyrgyzcha.site/?p=10944&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эрте менен таң атып калган эле. Терезени жаап салгандыктан бөлмөнүн ичи караңгы эле.Көзүмдү ачсам эле саатт 12.Сыртка чыгып бетимди жууп жатсам, досторум келип калышты, дос бүгүн шаарга барып келбейлиби деп калды.Макул болуп унамды минип чыктым.Жолдо бара жатып курсагың ач болсо керек уйкучу дешип бир кафеге алып киришти.Шам-шум этип алып кайра жолго чыктык.Рулда бара жатсам сүйүүктүм чалып калды.Жаным мен Ошко баратам тоосуп аласызбы?-деп.Макул саатт канчада самолёт конот экен десем, түнкү 11 лер чамасында болуш керек деп койду.Макул деп достор менен айтышкан жерине жетип аларды силер кирип чыккыла а мен бул жерде эле десем,алар вечеринка уюштуруп 3 кыз,3 бала болуп отурабыз деп келишип коюшкан экен.Аргасыз түшүп мен да кирдим.Убакыт өтпөйт деги эле.Ошентип шаңдуу өтүп жатты кече.Саатт 10 дор чамасында звонок келип калды.Карасам сүйүүктү (кызым) экен.Берки бөлмөгө чыгып сүйлөшүп жаттым.Бир сааттан кийин жетип калам буюруса деп айтты.Макул деп телефонумду өчүрдүм.Менин сүйлөшкөнүмдү угуп турган Бегимай кетпей эле койбойсузбу деп калды.А жок рахмат,мен барбасам болбойт десем,анда мени үйүмө таштаганча өтүңүзчү деп суранып калды.Досторума мен кеттим деп айтып Бегимай экөөбуз чыгып кеттик.Жолдо баратып ал мага кубурап бир демкелерди эле айтып жатты.Уксам укпасам да ооба жок деп жооп берип бараттым.Көрсө тоголок жетим кыз экен, бул жакта тай эжесинин колунда өсүп чоңойгон экен.Ошентип аны үйүнө таштап аэропотко шаштым.Анткени саналуу мүнөттөрдөн соң сүйүүктүм учуп келмекчи эле.Ошентип тосуп да алдым жанымды.Экөөбуз гостинцага бардык.Чарчап келдим деп айтканынан ага бир бөлмө заказ кылып, өзүмө бир заказ кылып түнөп калдык.Эртеси чай ичип айылга кетмей болуп кафелердин бирине кирип калдык.Ал жерде отурсак кызымдын достору келип калышты.Бизди тааныштырып жатты.Алардын арасында Бегимай да бар эле.Таң калып,тааныбаган адамга окшотуп,атымды айтып тим эле отуруп калдым.Ошентип чай ичип болуп айылга чыктык.Кызым экөөбуздун сүйлөшкөнүбүзгө 2 жылдан ашса да, ата-энеси мени таанышпайт болчу.Күндөр өтүп жатты.Бир күнү жаным экөөбуз Навой паркында жетелешип баратабыз.Бир кезде жан, сизге бир нерсе айтсам , капа болбой туура түшүнүгө аракет кыласызбы?,-деп калды.Оюмда эчнерсе жок.Айтчы жаным, чечилбеген маселенин өзү болбойт го,аны да чечебиз жөн гана угуп койбостон деп күлүп койдум.Мени атамдар башка бирөөгө берип жатышат, ал азыр чет өлкөдө экен.Бир күнү ата-энеси келип сөйкө салып кетишти.Сизди капалантып албайын деп алып салдым эле деп калды.Көзүмө бирөө келип бир нерсени күтүлбөгөн жерден бир сайгандай эле болду.Мен дат деген менен эми эмне да өзгөрмөк эле деп ичимден ит өлүп атса да, сыртымдан аны билгизбеске аракет кылып жаттым.Ортобузда ошончо ыссык, суук мамилелер өткөнүн бир заматта кантип унутуп койо аласың?.Ал сени бактылуу кыла алат бекен эле?-десем, апама айтсам атаң эмне десе ошол болот деп койду да деп шолоктоп көз жашын төгүп жатты.Макул деп аны жошоткону аракет кылып жаттым.Өзүмдүн көзүмдөнн жаш кеткенин байкабастан сороотуп жаттым.Акыркы жолу көрүшкөнүмө ишене албай турдум, бирок айлам жок эле.Бата кылынган кызга мен кантип үйлөнүп кетмек элем?,-деген ойлор мээмди жеп жатты.Ошентип эөөбуз ушул акыркы жолугушуубуз болсун деп экиге кеттик.Анын айлы башка жакта болгондуктан көрбөйт элем.Ошол күндөрү апамдар байкеңди үйлөйбүз деп той баштап коюштуу.Байкем чет өлкөдө оокууп, ошол жакта бутуна туруп калган эле.Көңүлгө эч нерсе сыйбай жеңебиз кай жактан болот экен?,-деп сурап калдым.Сурасам мен сүйлөшүп жүргөн сүйүктүү кызымдын айылынан экен.Эч нерсе оюмда жок аа жакшы деп, көңүлүмдү көтөрүү үчүнн тойго даярдыгымды көрө баштадым.Байкем да эки күндө кирип келди.Көрүшө элекибизге 8 жылдын жүзү болуптур.Экөөбуз көпкө сүйлөшүп отурдук.Бир кезде иним сага не болду?,что-то не ладное көрүнөсүң го?,-деп калды.Аа,мындай эле десем, койбой сурап туруп алды.Ушинтип бир кыз менен сүйлөшүп жүрсөм, атасы бир чет өлкөлүк башка бирөөгө бермекчи экен.Сиз үйлөнгөндөн кийин үйлөнөйүн деген ойлор болду эле десем,кел анда токтотуп турабыз меникин,биринчи сенин тоюңду кылалы деп калды.Жок ээ андай ой кыялыңызга да келбесин деп, бата кылып турдук.Той айтылган убактыларынан да тезделип кетти.Анткени байкемдин төшөгү жыйылгандан кийин кайра кетүүсү керек экен эле.Ошентип той башталды.Ошончо аракет кылсам да оюмда жанымдын кылыктары,сөздөрү,жылмайгандары көз алдымдан кетпей жатты.Загска чыкпай,апамдарга жардам берип кафе түйшүгүн мойнума алып ары бери чуркап жүрдүм.Кеч киргенсип мына мына келин кыз келет деп эл журт айтып жатты.Ошол кезде жүрөгүм бир башкача болуп, өзүнчө эле сыгылып жатты.Апама мен больницага өтүп келейинчи десем, макул деп жиберди.Барсам давленияң бар турбайбы балам, эмне жаш туруп мынчалык ойлуусуң?,-деп калды.Тойго даярдык көрүп ары бери чуркагандан го деп койдум,сыр бербей.Башын чайкап даары жазып бергенин алып алып, кайра кафеге кайттым.Кеч кирип калган эле.Барсам танца бүтүп байкемдер орундукка баратышыптыр.Кирип эле атамын жанына барып отуруп калдым.Көп өтпөй эле бир туугандарга сөз узатылды.Көңүлсүз эле отурдум.Кыздын бир туугандары сүйлөп бүткөн соң,мени чакырып калышты.Байкемен кийин жалгыз болгондуктан микрафондо жалгыз өзүм турдум.Байке жеңе бактылуу болгула деп,белегимди алып жөнөдүм.Барып байкемди кучактап бактылуу болуңуздар деп жеңебизге да калоо айтып кайра эле ордума кайттым.ТаНца башталып калганынан сыртка чыгып келүүнү чечип баратсам,артымдан бирөө келип токтотуп калды.Бурулуп карасам Бегимай.Кандайсыз (ат),-аке,ден-соолугуңуз жана жеңеңиз досум (ат) болот экен деп калды.

-Кандайча?,түшүнбөдүм.

-Акеңиз Нурлан аяш менен үйлөнүп жатышпайбы деп күлүп калды.Көзүмө эчнерсе көрүнбөй байкемдин жанына бардым.Жеңемдин бетин көрүү үчүн шок музыкага заказ берип койгонмун.Белек берип жатканда жерди карап,анын үстүнө анын бетин көз көрүнгүс кылып тосуп алгандыктан байкалган эмес эле.Барып эле карасам мен сүйлөшүп жүргөн сүйүктүү кызым ортодо достору болсо тегеректеп бийлеп жатыптыр.Ошондо асман үзүлүп жерге түшпөдү,же жер жарылып мен жерге кирип кетпедим.Уккан кулагыма,көргөн көзүмө мен ишене албай жаттым.Кийинкимди элестетүү деген нерсе,такыр эле ойго сыйбаган нерсе эле.Көзүмдү ачсам баары түшкө айланып кетсе экен деп жаттым.Бирок чындык ачуу демекчи баары чын,жана менин көз алдымда болуп жатты.Өзүмдүн алсыздыгымды ойлоп,бир жолу болсо да кимге турмушка чыгып жатканына кызыгып койбогонума аттиң кылып,өзүмдү жемелеп жаттым.Эптеп сыр бербешке аракет кылып жүрүп той да бүттү.Күндөр өтүп байкемдер чет өлкөгө кетишиптир.Мен шаарга кеткен бойдон кайтып барбадым.Эми эмне кылам?-деген суроо менен кала бердим.Ошентип айылда жүрөм.Көдөнүмдө эмне кечип жатканын ата-энеме билгизбей.Кайда элең?,десе шаардагы дос балдардын жанында деп койдум.Зарыл бир иш чыгып кеттим деп.Жанымды өтө катуу сүйгөндүктөн эч кимге көңүл да бура албай жаттым.Күндөр да зымырап өтүп жатты.Үй иштерин аткарып коюп шаарга жол тарттым.Барып күчүмдү арактан чыгарып,арманымды ошол арак сууга айткым келди.Анткени мени түшүнгөн пенде да табылган эмес.Окуямды айтып берсем жаман болуптур деп,анан да иниси сүйлөшкөн кызды байкеси алыптыр деген кептен алыс болгум келди.Кафеден мас абалда чыгыптырмын.Бир бала келип секирип кетиптир.Чагымда бир нерсе деп айтсам керек да.Ошол жерде мушташып мен аны кан жалатып кетип калыптырмын.Эртеси көзүмдү ачсам үйдө Бегимай жүрөт.Таң калычтуу карап кош келипсиң,кайдан келип калдың?,менин жашаган жеримди кайдан билесиң десем,жылмаюу көздөрү менен карап,кече эмне болгону эсиңизде жокпу?,-деп калды.Жаман иш жасап койгон окшоймун деп чочуладым да,жок не болду эле десем?,кафенин жанында мушташып жатканыңызды көрүп калып чуркап бардым жаныңызга.Анан эле аны сабап салганыңызда ал тура албай калып,сиз үйгө баралы деп калдыңыз.Унааңызды үйгө чейин айдап келип таң атканга чейин мына жаныңызда отуруп чыктым.Башыңыз оорубай элеби?,жакшы элесизби деп калды.Бир үшкүрүп алып,аа мен да эмне болуп кеткен экен деп ойлонуп калыптырмын деп койдум.Анын мага кылып жаткан жакшылыктарына мен ыраазы болуп,мен сенин байкең болоюн кандай-,дейсиң деп сунуш киргиздим.Бирок ал кабыл алгысы келбегендей эле,башкача болуп калды.Аны жүздөрүнөн дароо эле сездим.Сага не болду?,маанайың чөгүп кетти десем,ыйлап кетти.Эч нерсени түшүнбөдүм.Анда ал,

-(ат) байке,мен сизди сырттан байкап жүргөнүмө мына беш айдын жүзү болуп олтурат.Сизди көп издедим,тойдо байкадым досум сиздин сүйгөнүңүз болгон экенин,бирок ар бир инсандын бактылуу болууга укугу бар да?,-деп калды.Анын сөздөрү негедир жаккансып,жашоого багыт улагандай болду.Анда мен сүйгөнүң барбы?-десем,ыйлап жаткан жеринен эле күлүп ооба,ал тентек мени түшүнбөй жатпайбы дейт.Мени качандан бери жактырасың?,жана эмнемди жактырасың деп суроо сундум.Бегимай баарын төкпөй чачпай айтып берди.Бир кезде эле үйгө бастырып уголовный розысканын балдары келишти.Эч нерсени түшүнбөй эле дөдүрөп калдым.Сен адам өлтүрүүдө айыпталып жатасың деп (фамилия атты айтып) деп эле колума кишен салып калышты.Эмне болгонун түшүндүргүлөчү десем?,-баарын отделден түшүнүп аласың деп эле байлап кетишти.Үй жайды Бегимайга таштап кетип жаттым.Көрсө кечээги баланы кызуучулукта көбүрөөк сабап койгонума байланыштуу оор акыбалда реанимация бөлүмүнө жеткирилет.Ал жерден көп өтпөй жан берет.Кафенин алдында орнотулган видеорегистратордон баарын көрүшүп мени издеп табышыптыр.Кол менен кылганды башың менен тартасың демекчи 10 жылга общий колонияга кеттим.Сүйүүнү күнөлөйүн десем,сүйүү күнөлү эмес.Балким сүйүү күнөдүр же жоктур,аны айтууга болбойт.Өзүмдү күнөөлөгөндөн башка адамды таппадым.Анткени катамды өзүм кетирип жатпаймбы.Кайдагы бир арам сууга алданып,бирөөнүн өмүрүнөн ажыратым деп,төрт дубалдын ичинде отурам.Бегимай дагы бүттү окшойт деп ойлонуп калдым.Анткени түрмөгө түшкөн адамдын кимге кереги бар?,албетте эч кимге деген ой басты.Мындайда сүйүү деле роль ойнобой кааларын түшүнө баштадым.Бир күнү апам келиптир мени көргөнү.Келип балам сени бир кыз издеп келиптир,көрбөсөм болбойт деп айттып жиберди менден дейт.Бегимай экенин жүрөк сезгенсип турду.Бул жактын дарегин берип койо бериңиздер деп койдум.Коштошуп апам да кетти.Бегимай келип өзүнүн номурун мага таштап,бир нерсе керек болсо эле мага чалыңыз,мен алып келип берем деп калды.Ошентип күндөр да өтүп,мени башка колонияга которушту.Төрт жыл калды эле.Калган жазаамды ошол жактан алып,азаттыкка чыктым.Бегимай менен төрт жыл аралыкта бир да жолу сүйлөшпөдүк.Сүйгөн же (жеңеме болгон) элес,өткөн күндөр баары унут болуп,Бегимай менен толуп жатты сүйүүм.Үйгө барсам ак жолук салынып Бегимай жүрөт.Менин келгенимди көрүп эле колундагы нерселерин таштап чуркап келип эле кучактап алды.Кой дегенге карабай ыйлап жатты.Ошентип ал менин чыныгы сүйүүм,кандай гана жагдай болбосун мени сүйүүп жашаарына көзүм жетип колун сурадым.Ал дароо эле жооп берди макулмун деп.Ошентип экөөбуз айылга апамдардын жанына бараттык.Ошол кезде менден өткөн бактылуу адам жоктой эле,жашым 30 га келип калса да.Барып ата-энеме бул келиниңиздер болот деп тааныштырдым.Ата-энем кулчулукка барышып,кыздын тай эжесинин ыраазычылыгын алышып кайра келишти.Той да жакындап калды,байкемдерге чалып тойго чакырдым.Күндөр да өтүп жатты.Той да башталды.Ошол байкемдин тоюндагыдай болуп,бир туугандарына сөз берилди.Келип байкем куттуктап жатты,сүйгөнүм же жеңем болсо көздөн жаш алып ыйлап ийди.Бактылуу болгула деп гана койду.Ошентип той да бүтүп алар да кетишти,а биз өзүбүздүн аравабызды тартып жашап калдык.

 

Жазып жатып жүрөгүм эзелип, көзүмө жаштар келип кетти.

Сүйүү деген ушул экен.?????.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE