Пример HTML-страницы

Таластын Шумкар-Уя айыл аймагында кайыңдын 5000 түп көчөтү отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Шумкар-Уя айыл аймагына кайыңдын 5000 түп көчөтү тигилди. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көчөт отургузуу иши президент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду. Жашылдандырууну Шумкар-Уя айыл өкмөтү демилгелеп, тамак-аш жана башкалар менен камсыздады.

Көчөт отургузууга Талас районунун акими Нургазы Нармырзаев, райондук администрациянын өкүлдөрү, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, айылдык кеңештин төрагасы, депутаттар, мекеме-уюмдардын, оорукана, мектеп, бала бакчалардын кызматкерлери катышты. Жалпы 500дөн ашуун адам чогулду.

Шумкар-Уя айыл аймагындагы 5,5 гектар жер жашылдандырылды. Эми тегереги тосулуп, атайын кароолчу бекитилет.

Президенттин жарлыгына ылайык ишке ашып жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында Талас районундагы 13 айыл аймак ирилештирилип, 5 айыл аймак түзүлдү. Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE