Пример HTML-страницы

Аңгеме

https://kyrgyzcha.site/?p=52249&preview=true Кызыктуу окуялар.

( Аңгеме.)

Заңгыраган чоң үйдүн астында гүлдөрүн сугарып жаткан аял , алыстан үйүн көздөй келе жаткан бала көтөргөн келинди көрдү да өзүнчө ичиркенип , жактырбагандай күбүрөнүп алды .

Жыты тууган санаалаш эжесине * Жок * издеп келген келин болушунча күлүп жайнап , ал абалын сурап , конокко келгенин билгизди . Келген конокту кет демек беле .. Үй ээси үйгө киргизип , төргө төшөк салды .

Конок болуп чайын ичип кетсе мейли го.. Дагы жокту сурап , кайырчыдай тиленсе кантем дегендей үй ээси кыжаалат ойдон арыла албай бушайман .

Ыңгайсызданган келин баласын сооротуу менен алек .Чынында издеген зарыгын сурап , жакын тутуп келген жагы бар . Бир гана ортодогу жымжырттыкты бузуп ортодо зыңылдаган чымын ары бери учуп жүрдү . Үй ээсине ушу чымын ызасын чыгарганга жарады бейм , кубалап жүрүп шапалак менен чаап өлтүрдү да , келиндин жанына олтурду .

— Кантип жатасыңар , тууган урук баары тынчпы ? Өзүң канча балалуу болдуң ?

-. Баары жакшы отурушат , тынч .

— Кайын журтуң колунда жок жер деп уктум эле . Кайран багың ачылбаптыр да .

Келин оңтосузданып секин шыбырады :

— Жакшы эле , азыр баары кыйналып жатпайбы .

Жыты тууган эжеси келиндин жүдөгөн жүзүнө, кийимине карап боор ачыгандай :

— Кайран жаштык күнүңдү кор кылып отурасың . Кадырыңа жетпесе ажырашып , баласын бер да , башка бакыт издеп көр . Өмүр бою жок издеп шоруң куруйт — деди

Келин башын жерге салып унчукпады .

— Күйөөң эмне иш кылат ?

— Үйдө эле .

— Эркек деген кантип үйдө жатсын ? Сага жок сурантып коюп жатканын көр. Уяты жок .

Келин ызаланып жашын сүртүп, баласына карады . Балада эмне күнөө ? Кантип таштайт ? Баласы апасынын капа жүзүн көрүп , кичинекей алаканы менен жашын аарчып , бир нерселерди божурап соороткондой сүйлөп жатты . Али баса элек баласы апасына боор тартып турганы анан сайын Келинди бошоштуруп , бышактатты.

Эжесинин айтканы да туура эле . Барган жери кадырына жетпегени анык гоо.. Бирок жокчулук айынан баласын таштап , бакыт издеп кайда барат . Баладан өткөн бакыт барбы ?

Ушунча сөздөн соң Келин зарыгын суроого дити барбады .

Эжеси да бүтпөгөн көп иштерин айтып наалынып жатты .

Бышкан тамак ортого коюлуп , үнсүз тамак ичилген соң Келин кетүүгө камынды .

Эжеси Келиндин жүдөгөн жүзүнө боор ачыганы менен * Аялды Эр караш керек* деген бир мыйзамды карманып :

— Кайын журтуң жокту издеш керек , таап бериш керек . Сага эмне күч келди ? Эриңе айт . Иштесин , тапсын , баксын — деп жатты .

Баштыкка нанга кошуп таттуусун салып , колуна кичине акча карматты .

Келгенине бушайман болгон Келин үйүнө баратты . Аркасынан узатып караган эжеси жүдөгөн , жупуну кийинген , бошошкон тууганына жийиркенгендей , бир тарабынан ичи ачышкандай , көпкө тиктеди да үйүнө кирди .

Жок эмес жашоосу бардар , элдин алды . Чон уулуна шаардан жакында үй алды , ортончу уулуна башка шаардын чекесинен жер тилкесин алып үйүн салып жаткан кез . Түзүк эле жашоосу . Бирок пендечилик да . Турмуштун жамаачысы түгөнбөйт гоо ..

Жашоо кадимки жомок сыңар .

Бир кедей балдары ач калып , жокчулук айынан байга келет экен . Каада күткөн бай , кабат кабат жаздыктан башын албай , тоготпой , кел дебептир . Босогодо отурган кедей Арызын айтып ,жардам сураса Бай мындай дейт :

— Иштебейсинби ? Таппайсынбы ? Жалкоосуң да , ошол үчүн суранасың .

Кедей башын жерге салган бойдон сыртка чыгып кетет .

Байдын жанында ойноп жаткан баласы :

— Ата тиги киши неге келиптир ,- десе бай айтат :

— Балдары ач калыптыр .

Анда баласы:

— Ата балдары ачка болсо сары майга нан малып жей бербейби ? — дейт экен .

Ошо сыңар жок кадырын бардар адам кайдан билсин .

Азыр келип кеткен келиндин жашоосу оор экенин билсе да күнөөнү барган жерине шылтап , ошолор баксын деди бу үйдүн ээси .

Чынында заман оор эле . Союз урап элде жумуш жок . Айлык акы берилбей оордуна совхоздун арык торук малы менен дүкөндөрдө өтпөгөн азык түлүктөр таркалатып жаткан убак .

Чоң үстөлдө отурган чоңдордун күнү туулуп , ооматы ашкан убак. Бул аялдын да Кожойуну да бир райондун чоңу болуп , учурдагы бытыранды замандан пайдаланып , май көл жашоого тунган кез . Жашырылган акчаларды элден кантип көрсөтпөй катып алууну ойлонуп башы каткан чак .

Аялын Кытайдан товар ташытып , чоң уулун аялы менен базарга отургузду . Ортончу уулун чет жерге жөнөттү . Акчаны пайдалуу , кирешелүү жолун ойлонуп , чоңдор менен алака бериш кылып , кеңешчүү болду . Алар да кем калышпай айды көздөй шаты улап чыгып бараткандай бизнес менен алек .

 

Оор заманда эл курсак айынан кез келген тарапка оогон кез . Жокчулук аз келгенсип , ичкилик күчөп , уурулук иштер көбөйүп элдин эси кетти .

Келин үйүнө келген соң , ызаланып ыйлап жатты . Жаш туруп жок суранган тагдырына таарынды, жашоого таарынды , кыйын кезде колдой албаган тууганга таарынды , табышкер болбогон күйөөгө таарынды , баарына таарынды . Намыс күчтүү белем , бир кулач жипке өзүн аскысы келди . Колунда эмчек эмип жаткан баласы мемиреп уйкуга кетти. Аны көпкө карап , кыя албай шолоктоду . Бу күнөөсүз наристенин тагдыры кантет ..

Ушу наристеге байланып турду .

Кадырын билбеген күйөөгө таарынса да , жашоого таарынса да баланы жазалоо болбостур. Бала үчүн чыйралып , өзүн колго алды да , энеси айткан бир макал сөздү көөнүнө бекем тутту . Ал макал сөз :

Күйөөнүн нанын жеш үчүн аялга темирден тиш керек — деген накыл кеп эле .

Атаганат , кыргыздын ошол чыдамкай аялдары күйөөнүн нанын жеш үчун , тиштери калбай калгыча сабыр кылышкан го.. Күйөөдөн жыргал жашоо көрбөсөң , ошодон туулган балдарыңан көрөсүң , чыда , күт — деген маани маңыз камтылган сөздөр кыргыз аялдарынын кулагына сиңип , ошондон коломтонун отун өчүрбөй , аялга таандык вазийпаны аткарып , бүлөөнү тыркыратпай бекем сактап келет эмеспи . Демек Аял болгон соң , Эне болгон соң чыдоого , сабыр кылууга милдеттүү . Сабырдын түбү сары алтын , Саргара жортсоң — кызара бөртөсүң деген кептер чындыктыр . Өлбөсө алтын аяктан суу ичээр . Сабыр кылды . Баласы үчүн үмүтүн жандандырды .

Ошол оор күндөрдө эл бирин бири жөлөп , жакшы жашоо болгон жерге бирин бири чакырып , үзүлгөндү улап тиргилик кыйла жандана түштү . Келин да ошол элдин агымы менен агып , баласын күйөөгө таштап чет жерге чыгып кетти . Иши ирденип , жүрүшүп баштаган соң , күйөөсүн , баласын жанына алып барды . Бирде бар , бирде жок турмуш менен алышып , жамаачысын жамап жатып жылдар агылды .

Эл катары айылга там салды . Короо жайын ондоду . Бирок биротоло келе албай кармалды .

Кокустук айынан жакын тууганы каза болуп , айылга шашылыш учак менен учуп келди келди . Ыйлап сыктап жерге берген соң , айылда кыйла кармалып калды .

Оо баягы оор жылдарга караганда айыл кыйла өзгөрүп , алга жылыптыр . Элдин жашоосу оңолуп , эл тоюнуп калган кез экен .

Кетээрге жакын тууганынын жайына Куран окуганы жакындары менен барды . Куран окулуп , бата сүртүп болгон соң катар жайнаган эстелик таштардагы сүрөттөргө көзү урунду . Кечээги эле адамдар . Көчмөн журттай ал айылдан бул айылга көчкөндөй кызык сезим калтырды . Катар карап баратып , жүзү тааныш айкел сүрөткө тигилип калды . Баягы бизнесмен жыты тууган эжеси . Денеси жыйнала өткөндөрдү эстеп алды .

Мындан бир эки жыл башта каза болду деп уккан . Алыстан келмек кайда .

Бизнеси жүрүшпөй аксаганынан улам ой басып , кан басымы көтөрүлүп оо дүйнө кете бериптир . Адам баласы болгон сайын битиреп , акчанын аркасынан кубалап калганы ден соолугуна да таасир берет белем .

Оомал төкмөл жашоо ушул тура .

Келин ойлор менен алпурушуп үйгө кантип жеткенин билбей калды . Кечээги өткөн күндөр жипке тизилген шурудай көз алдынан өтө баштады .

Ошол оор күндөргө уурдалып кеткен жаштыгы , жокчулукка тепселген кадыры дагы да өкүнтүп , жан дүйнөсүн аңтар — теңтер кылып , ыйлап турду .

Ошол бизнесмен тууганы өлгөндө кыздары алтын буюмдарын талашып урушканын , ошо бойдон катташпай жүрүшкөнүн уккан . Бир кызынын күйөөсү кумар ойноп , алтын буюмдарын уттурганын кулагы чалган . Бир уулу баңги затка аралашып камакта отурат деп эшиткен . Чет жерге кеткен уулу ошо бойдон бизнес ачып , аркасынан кууп өз жерине келбеди .

Оопасыз дүйнө . Өлбөөчүүдөй күн кечиребиз го .. чиркин.

Бу оопасыз дүйнөдө адам баласы көп оокатты жыйнаса да башкаларга жакшылыкты кошо жасап кетүү парз экенин , бу келин түшүнүп жетти . Бу оопасыз жашоодо жыйнаган байлык өлгөн соң эч нерсеге татыбасын билип жетти .

Адам жашоодо кыйналса да , муратка жетсе да адамдык улуу касиетти жоготпоону эсине түйдү келин .

Ошол улуу касиет менен бу оопасыз дүйнөдөн кетсе да оо дүйнөгө жүзү жарык бараарын билди .

Ар чачкын ойлорун жыйнап , бир бекимге токтоду . Ал кандай кырдаал болбосун адамдык касиетти жоготпоо.

Эрте менен учакка олтуруп үй бүлөөсүнө учуп кетти !

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE