Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 11-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

11-БОЛУМ.

*******

 

Шамбет кундон -кунго байып баратты, эшигинин алдына Хундай м.н женил машинанын жаны улгудогу жип токтоп турат, Эмма учунчусун тороп алган. Негедир алардын уйуно чондор каттай турган, эки кундун биринде айнектери карангы чет элдик унаалар келип-кетип турат. Эмма аялдардай болуп айыл-апага кирбейт, аш-тойлорго жакшы каттап, кошумча кошуп кийит алып барганы м.н уйдон чыкпайт, коншу келин м.н кээде гана суйлошо калганы болбосо. Бир кун Аргендер келген, уч жылдай болсо дагы Насыйкат боюна болбой жургон эле, ал келип уй ичине каралашып калганда коншусу Чынара келип калды, Эмма аны узатып чыгып суйлошуп туруп калды. — Уйдон такыр чыкпайсын, зерикпейсинби? — деди Чынара. — Эмнеге зеригем, балдарым зериктирбейт. — Ошонтсе деле эшик-эликке чыгып турбайсынбы, келиндер отуруш уюштурганы жатабыз, кошуласынбы? — Уйдо балдар м.н чыга албайм го? — Куйоон деле эч жакка чыкпайт го? — Ал малдан чыкпайт, чоп кыркат, жем берип сугарат, иш коп да. — Ошентсе деле бир кун экен да. Коп болсо эки сааттай отурабыз. — Байкап коройунчу. — Ошент, айына мин сомдон ойнойбуз, он беш, он алты болот экенбиз, — деди Чынара бежиреп. — Ойлоноюн ээ? — Ойлон, чек ташташабыз, ким биринчи болсо ошол тосот, чай — пай м.н эле тособуз деп жатышат. — Макул, кором, келиним капа болот, кирейин,- деди Эмма. — Баса сенин атын эмнеге башкача, кыргыздын атына окшобойт го? — Баккан апам немис кызы экен, ошол койсо керек. — Ошондой,- деп шыпшынып койду, Чынара, — Мейли анда, эртен жообун бересин да. — Ооба, бир жообун берем,- деп уйун коздой басканда Шамбет озун карап туруптур, анын эки жакка чыкпаганы жакчу, аялдар м.н суйлошсо эле чоочуй берчу, сутко оозун куйгузгон айранды уйлоп ичет дегендей жаш немени дагы бир бузуп ийеби деп ойлоочу эле. — Эмне болду? — деди ага. — Чынар келиптир, жалан келиндер отуруш ойнойбуз дейт. — Эмне дедин анан? — Ойлонуп коройун дедим. — Качан башташат экен? — Он беш болот экен, айына мин сомдон, чек ташташат экен. — Кошулсан кошул, элден болунгон болбойт. — Конулум жок, конулум жок, кором да, — деп ичке кирди. — Ата, Айдинди бизге бергиле, эрмек болот,- деди Арген алар ээрчише кирээри м.н эле. — Эмне, — Шамбет ошондо гана келининин торобой жургонун эстеди,- Макул-макул, алып кеткиле, — деди шашкан бойдон, Насыйкат жер карап куноолуудой ун дебеди. — Силерди жудотот го, тынбай турган убагы, — деди Эмма кулуп. — Жудобойбуз, Насыйкат азыр уйдо,- деди Арген Айдинди которуп опкулоп, — Кайра жеткирип беребиз да, жакын элебиз го? — Алып кете бергиле, — деди Шамбет уулуна боору ооруй, убагында озу дагы аялы беш жыл торобой жургондо бала корсо ичинен тынып ойлонуп кыжаалат болгонун эстеп. Эми тортоо жаны дасторконго отуруп тамак алдыга келгенде Насыйкат оозун баса сыртка чыгып кетип копко жоголду, Эмма чыкса кусуп жаткан экен. — Эмне болду, Насыйкат? — Билбейм, эки-уч кундон бери журогум айланып эле тамактын жытына кускум келет,- деди Насыйкат. — Ашказанын ооручу эмес беле? — Жо-ок. — Анда суйунчунорду даярдай бергиле, кудай берет экен балам, — деди энесиндей камкор боло Эмма. — Эмнеге, апа? — Сен кош кабат болупсун. — Коюнузчу, чын элеби? — Ооба, боюнда болгондо аял ошондой болот. Бир нерсе энсеген жоксунбу? — Алма эле жегим келет, апа, — деди Насыйкат кулмундой. — Кудай бериптир балам, буйруса балалуу болосунар. — Оозунузга май, торобойт окшойм деп коркуп журдум эле. — Журу, ата-балага суйунчулойбуз, — деп Эмма дагы кубанып келинин колунан ала жетелеп уйго кирип келишти, — Арген, суйунчу, балам. — Эмне болду,апа? — Буйруса балалуу болосунар! — Коюнузчу? — Койбой эле, эртен баргыла да врачка корунсун, уч айдан откон тура, — деп козу ачыктай суйунучтуу суйлоп жатты. — Кудай жалгаган экен, ырыс болгон тура, — Шамбет андан бетер кубанып жатты. Насыйкат жузу албыра куйоосун кылгыра карап: < Неге апама барып айтпадым экен, ал деле билмек, кандай жакшы адамдар, огойлугун билгизбейт, менин апам дагы алтын, бул да>, — деп ойлуу отуруп журогу кабынан чыга жаздап кубанычтан ээлигип жатты. Эртеси эртелеп шаарга жоношту, алар уйго кайрылбай эле оздорун карачу врачка киргизди Насыйкатты, жарым саат отпой кубанычтан коздору жайнаган Насыйкат чыга келди. — Эмне деди, корундунбу? — деп сурап жиберди Арген. — Ооба, бар экен. — Алтыным! — деп ошол эле жерден которуп тегерентип жатканда баары суктана карап калышты. — Болду, эл карап жатат. — Караса мейли, — деген Арген Насыйкатты тушурду да отургандарга кайрылды, — Кечиресиздер, биз балалуу болот экенбиз, уч жылдан бери кутуп журдук эле, — деди да кулуп колуктусун колтуктап чыгып кетти- Арген, мен ишенбей турам,- деди кылгыра карап Насыйкат. — Эмнеге? — Торобой калам го деп умут узуп калсам керек. — Кой, антип айтпа, кудайым экообузду кошкондон кийин томсортуп койбосун билгем, акыры балалуу болоорубузга ишенгем, — деп машинасын башкарып келе жатып суйлоп жатты. — Атамдыкына баралыбы? — Сен эмне десен ошо болот, мадам!- деп кулуп койду. — Менин адилет мырзам, тил алгычым… — Сен менин алтынымсын, дуйнодогу баарымсын. — Атам аябай кубанаттыр, откондо апам экоо мени ойлонуп кейишкен экен, апам айткан, ал врачка корун деп жаткан болчу. — Ананчы, бул кубанычыбызды кут кылсын,- дешип кайнатасынын уйунун эшигине токтошту, Эмилбек эшикте жургон. — Келгиле балдарым, келгиле. — Келдик ата,- Экоо учрашып ичкери киришти, Нуруш алардын жузунон кубанычты дароо эле сезди. — Экоонор тен кубанып алыпсынар,бизге айтаарынар бар го? — Нуруш Насыкатты ооп,- Торго откуло,-деди. — Апа-апа, биз балалуу болобуз,- деди Насыйкат озуна. — Оозуна май кызым, ушундай болоорун билгемин, кечээки тушумдо беш кызыл алма экоонор алып жатыпсынар, беш эркек торойсун кызым. — Бешти, дароо элеби? — Насыйкат корккондой козун алайта карап калды. — Айбан кыз десе, беш уулдуу болосунар дегеним да, беш алманы силерге карыя адам берип жатыптыр, аял-эркегин биле албай ойгонуп кетпедимби. — Ох, коркуп кеткенимчи, — Насыйкат кулуп жиберди. — Кызым, кубанбай коптун бириндей кабыл алгыла, кудайдын бергенин кармайсынар, ото кубанбагыла, аман-эсен козго корунсун, — деди Эмилбек аларга. — Туура айтат балдар, кудай деп тургула. — Бала тороло электе ат камдап, кийим албагыла, бул дагы керектуу ырым. — Макул ата, апа эптеп эле коз жарып алса болду,- деп Арген ойлонуп калды. Ошентип кайра эле атасыныкына жоноду, анткени алар дагы кутуп жатышкан. Уккандан кийин алар дагы Эмилбек м.н Нуруш айтканды айтып отурушту. Ошентип кечке маал уйлоруно жоношту. Шамбет эс ала тушту: < Аялдын бактысы балада деген чын экен го, бечара келинимдин жузу кубанычка балкып калыптыр, аман-эсен коз жарып алса экен>,- деп курсуно кынкайып жатып калды. Турмуштун оош-кыйышы, турмодо откон омуру дагы ноюткан эмес, ата-энесинен калган тамды ондоп койгон, анда буудай-жугору, ундары турат, кээде жашыруун иштер м.н келишкен адамдары м.н ошол бир болмосундо суйлошуп узатат. Негизи булар зыяндуулардан жабыркагандарга жардам беришчу, себеби эч кимиси башка бироого жамандык кылышпайт. Бир куну райондук акимдин озу чакырткан экен, кабинетине баш бакты: — Кел-кел, как раз кутуп жаттым эле,- деп кош колдой учрашты. — Ачык суйло иним, кандай жардам керек? — Областтан киши келип мени коркутуп жатат, анткени ушул шайлоодо женип чыкпаса мени кызматтан алып кулунду кокко сапырам дейт, ал айтканын кылат, канчасын билем, дайынсыз болуп кетти, олугу табылбай калат,- деп чын сырын айтып бетмандайында отурду, — Сизди мага Кукук дешти эле… — Аты -жонун, дарегин жаз, а менин ким экениме кызыкпа. — Жарайт, уйбуломо зыян тийбесе болду эле. — Оозуна бек бол! — Жарайт, дудук болоюн. — Мени тааныйсынбы? — Жок-жок, тааныбайм, деп желпилдеп жаты аким. — Болуптур, уч кундон кийин мына бул банкка, бул эсеп м.н жонотосун. — Жарайт,- деп эсеп жазылган кагазды алып калды. Шамбет андайда сакал тагынып, жудогон кийим м.н таанылбай тургандай болуп алат, акимден чыккандан кийин Артурга чалды. Оз милдетин буткондон кийин уйуно келип жай турмушун откоруп жашоосун уланта берет, анын кандай иш м.н жургону белгисиз бойдон калат, жадагалса Эмма анын сырын билбейт. Уч кун откондо тундоп учоо келди да ага оз энчисин берип анан кетишти, эртеси эле телевизордон областын бир чиновниги жоголгону тууралуу кабарлашты. Мыйыгынан кулуп карап отуруп: < Кайран Артур аба, мындайга машсын, канча адамды жоготсо эми озу жоголду, бироого ор казсан тар каз, озун тушуп калуун мумкун деген чын да>, — деп ойлонуп тизесинде жатып уктап калган Арсенди башынан сылай: < Балдарым мен баскан жолду баспасын, жай гана пенде катары жашап отсо экен>, — деп ойлонуп алды. — Эмма, Арсенди жаткырчы,-деди. — Азыр жаткырам, колум бошосун. — Тошок даяр болсо озум жаткырайын анда. — Жок, сала элекмин… .Кундуз Тургунду болуп коймок болду оюнда, анткени уул-келининин козунчо эрте кетип кеч келгенден тартынып баса албай калды. Айдар Жусупбековичтин жанында ар дайым болгусу келет, мурдагыдай жолугушуу кыйын болду. Ал ошентип ойлонуп шаардан эки болмо уй караштырып жургондо Турсун уйлоном деп чыкты, айласы кетип эмне кылаарын билбей калды. Асел кыз торогон, жаш баласы м.н уйдо, Тургун акыркы курста окуйт. Кундуз уулун токтотууга аракет кылды. — Балам, быйылча кое тур, Тургунду болойун, анан сага аракет кылам, даярдануу керек. — Апа, кудайга шугур эле го, кунуно миллион айлантып турат, эки кафе, ресторандардан тушкон акча кайда кетип жатат? Мени уйлонтпосонуз анда мен башка жакка алып кетип калам. — Аларды мен жеп жатамбы, жеген-ичкенинер, кийген кийиминер, басканынардын баары акча, уйдо эмне жок, элден кем калбасын деп баарын даярдап бергенмин, эмнеден кемсинер ыя? — Апа, ошондо дагы жок дебенизчи, мен Алтынайды жоготуп алам, атасы аны башкага бергени жатыптыр, мен ансыз жашай албайм. — Уулум, буйруктуу нерсе эч жакка качпайт, быйыл кое тур. — Апа,- деди Тургун кирип келип,- Турсунду уйлонтуу керек, жок дебениз да алып келе берсин,-деди. — Тургун, анын кандай кыз экенин билбей эле алып кел дей бересинби? — Кыздай эле кыз, сулуу, жакшы,-деди Турсун куло, — Кандай болмок эле, атасы бир фирмада иштейт, жакшы турушат. — Алда кудай ай, ойлоноюнчу деги, башымды ооруттунар го, жалгыз силер деп кун-тундоп эсептеп, кундук акчаны банкка салып коюп кийинкинерди ойлогонумду билбейт экенсинер го? — Кейип-кепчип отуруп калды. — Тургун аке, адегенде кыздын колун сураш керек. — Ала качсан болбойбу? — Атасы сени суйгон жигит болсо келип сенин колунду сурасын дептир. — Анда барыш керек, озубуж эле барабыз,- деп инисин далыга таптады,- Арген акем, мен,апам, Бектемир акем болуп эле барабыз, Асел кошо барат. — Ой бала, озунор чече баштадынарбы, жок дегенде бир -эки ай кое тур! — Мен барбасам атасы берип жиберет, апа,- деди Турсун апасына жини келгендей,- Эгер бир жуманын ичинде барбасак андан айрылам, анда менден силер кутуласынар, мен озумду-озум олтуром! — Кой, андай дебе,- Тургун апасына карады,- Эмне дейсиз апа, барабызбы же жокпу? — Бугун жанымды койгулачы, мен ресторанга кеттим,- деп Кундуз кийинип алып чыгып кетти. — Кабатыр болбо, апам макул болот, аны дагы тушунуш керек, буйруса келиндуу болот экенбиз да, — деп инисин конулун которо суйлоду. — Апам конбосо мен жок болом, аке,- деди Турсун жер карай. — Антпе, анча-мынчага капалана берсен болбой калбайбы, кечинде дагы суйлошобуз, — деди да кызынын ыйлаганын угуп ички болмого кирди, — Асел, кызым эмнеге ыйлап жатат? — Бала ыйлабай чоноймок беле? — Асел кулуп койду, — Мен кичинемде аябай ыйлаак экенмин, апам алып отуруп уктачу экен. — Тескерисинче мен жоош болуптурмун, жалаягым чылпылдап суу болуп калса да былкылдабай уктай берчу экенмин, — Кулуп кызынын мурдунан чымчып койду. — Жакшы экен. — Эмнеси жакшы? — Сийдикке жата бергенин. — Мени мазактаганынбы? — деп Тургун келинчегин эркелете басып жыгылды. — Чу-уш, кызын коруп жатат, уят эмеспи. — Кызым уруксат берет да. — Койчу эми, бала кирип келет. — Кирбейт, ал дагы бир кызды суйуп калыптыр. — Чынбы, уйлоном дейби? — Ооба, чатак салып жатат, — Тургун чалкасынан тушуп жатып алып ойлуу, — Атам болгондо бир кундо эки келин алууга макул болмок, апам аял киши, жалгыз болуп жатат да,- деди. — Капаланбачы эми, жакшылык ишке апам каршы болбос. — Бутот дечи, апам кое тур деп жатпайбы? — Эмнеге? — Билбейм. — Балким озунун ойлогону бардыр. — Ошондой окшойт. Бала эмне дейт анан? — Ал уйлонбосом олом дейт. — Койчу? — Чын, ошол кыздан калсам жашабайм деп коркутуп жатат. — Кызык, катуу суйгон го? — Мен сени суйгондой. — Сен дагы ошенттин беле? — Апам каршы болгон эмес да. — Аа-а, — деп койду Асел, андан кийин оз-озунчо ойго батып калышты,- Мен тамак жасайын, Айсууну карап тур ээ? — деди коптон кийин. — Кызым экообуз укуайбыз, — Тургун ороодогу ымыркайды кучактап алып жатып калды. — Уктап калып басып алба. — Кантип эле, мен деле билем. — Этият бол,- деди да Асел чыгып кетти, Туйгун кирип келип. — Жене, курсак ачты,- деди. — Чай бар, ичип турсан тамак бышып калат. — Апам жокпу? — Жок, жумушуна кетти окшойт. — Айсуу уктап жатабы? — Ооба. — Ий да,- деп коюп Туйгун ичкери кирип кетти, Аеел ашканада тамак жасап озунчо ойлонуп калды: < Эмнеге каршы болот, уйлонто бербейби, Турсун деле бойго жетип калды да, эми Туйгун дагы уйлоном десе эмне болоор экен>,- деп озунчо жоруп коюп ишин жасап жатты. Кундуз терен дем ала сыртка чыкты да оз машинасына отуруп жоноп кетти, ал кээре гана айдайт, бобунчо Тургун минет: < Балан кургурлар десе.менин эмне болуп жургонум м.н иштери да жок, менин деле жашоодо озум учун кам коррум керек го, неге оздорун ойл мени сезишпейт, же ушул жашымда турмушка чъга албасам, балдардан ийменип журуп омурмду откорго экенмин да>, — деп ойлонуп курбусу Гуляга жоноду, ал врач, куйооу жок аял, кээде андан кенеш алып турат. Бугун ал уйундо, анткени кезек м.н иштеп эсалып турчт, уйуно келип дарбазанын жанънан токтоду жтшуп тай Бугун ал уйундо, анткени кезек м.н иштеп эс алып турчу, уйуно келип дарбазанын жанына токтоду да тушуп такылдатты. — Ким? — деген эркектин уну угулду, бул улуу баласы болчу. — Гуля уйдобу? — Кириниз,апам уйдо,- деди Болот Кундузду тааный коюп. — Кандай, жакшы жатасынарбы? — Жакшы, озунуз кандайсыздар? — деп ичке кирип келе жатканда Гуля чыга калды. — Оой кел, Кундуз. — Келдим, кандайсын? — Жакшы,- Экоо ээрчише торку болмого киришти. — Суйло, кандай жанылык? — Курбум, озун билесин да, конул чоккондо сага келем, бош болсон кеттик ресторанга, анан суйлошобуз. — Жарайт, мен кийинип чыгайын,- деп Гуя дароо кийинип чыга калды, экоо унаага отурушту да жоноп кетти. — Ээ курбум, мени балдар тушунушпой мени кыйнады, — деп Кундуз соз баштады. — Сен тушундурууго аракет кыл, анткени алар сенин балдарын, дал ушул учурда сен стресске кабылсан оной м.н оноло албайсын, ачууланбаганга аракеттен, озунду карма. — Эми экинчи уулум уйлоном дейт. — Уйлоном десе уйлонтуш керек, анын дагы оз мезгили бар. — Макул болушум керекпи? — Албетте, анын азыр ошондой учуру, — деди Гуля. — Улуу балам дагы озу тапкан, бул дагы суйгонум бар дейт, болбосо олуп калам деп коркутат, акмак,- деп койду Кундуз. Алар жыш кочолордун бурчуна жетип бийик кабаттуу имараттын жанына токтошту, алдынкы кабатында жасалгалуу, ичи кумуш тустуу нур берип турган болмого киришти, бул Кундуздун болмосу, кээ бир Конокторду ушул жерде тосот, — Отур, — деди да кнопканы басканда ресторандын директору кирди. — Саламатсызбы, Кундуз Карабековна? — Саламат, бизге особый эки тамак алып келгиле. — Жарайт, — деп чыгып кетти. — Билесинби Гуля, жаш кезимде анча билчу эмесмин, сага айтпаганда кимге айтам курбум, Айдарды билесин го, ал экообуз жолуга албай калдык, ошого туталана берчу болдум, — деди аста, бироолор угуп калчудай. — Сен туталанбай озунду карма, балдардын дагы оспурум кези, алардын психологиясы таптакыр башка, коз карашы болок, мамилени башкача жасап этият мамиле кылбасан болбойт,- деди Гуля токтоо, — Алардын дагы откоол учуру. — Жакшы эле аракет кылам, бирок ачууланып кетчу болдум. — Антпе, озунду да, аларды дагы токтоолук м.н женууго даяр болушун керек, сен энесин да. — Ооба, энемин курбум, сенден кенеш суроого ошону учун келбедимби. — Кенешим ушул, балан уйлоном десе уйлонт, колунда жок эмес, ханбийкедей эле жашоон бар, бироогп коз каранды эмессин, — деди Гуля Кундуздун мактоону жактырган мунозун билгендиктен. — Анын туура, сен айткандай эле уйлонтсо уйлонтойун, бул айтанын туура, — деп Кундуз курбусунун кенешине муюгансып калды. Экоо винодон аз-аздап алып, жамактанып ресторандан чыгып Гуляны жеткирип кайтты, ал келгенде Тургун уйдо болчу. — Турсун кайда кетти?- деди Кундуз. — Билбейм, келип калаар. — Сен Бектемир акене айт, Турсунду уйлонтобуз де, анан Аргендерди чакыр, эженди да айтып кел, баары эртен келишсин. — Жарайт апа, келин алабызбы? — Ооба. — Таятамдаргачы? — Аларга озум барам. — Макул, баарын озум бутуром, машина м.н барайынбы? — Ооба, жоо качан жетишмек элен. — Кеттим анда, — Тургун сыртка чыгып кетти. — Асел, Айсуу ыйлаган жокпу? — деп торку болмого баш бакты Кундуз. -Жок апа, уктап эле жатат. — Айланайын десе, тынч уктаганы жакшы. — Апа, сиз баланы карап коесузбу, мен жалаягын жууп алайын. — Жууй бер, карап турам, неберемди карабай анан, — деп Кундуз энелик мээрими женип келинине жылуу коз караш м.н карап жылмайып коюп: < Эн биринчи неберем эмеспи, кантип жаман кормок элем, баса Арген эмнеге балалуу болбой журот, Тургундан бир жарым жыл мурун уйлонду эле, уч жылдан бери неге торобойт>, — деп ойлонуп олтуруп кайрадан Турсундун уйлончу кызына такалды: < Азыркы кыздар колунда бардын балдарына чап эле жармашып калат экен, суйбосо дагы суйом дешет окшойт, Асел деле ошентип тийип алды го, байкуш балдарым ай, эмнеси болсо да бактылуу болуп аман-эсен жургуло>, — деп ойлонуп небереси уктап жаткан болмого кирди. Алел арыдан бери жууп, анан тамак жасоого киришмек болуп: — Апа, кандай тамак жасайын?- деп Кундуздан сурады. — Озун бил, Турсун м.н Туйгун келет, Тургунду туугандарга жоноттум, — Туйгун келдиби уйго? — Келип тамак ичип кеткен. — Иий, деги булар кыз издеп эле кочодо журо беришеби, эмне кылып жургону белгисиз, — деп озунчо кункулдоп алды. Туугандары келгенден кийин эле кенешип-танашып дароо эле уйлонтпой сойко салып коюп уйлонуу тоюн кийинкиге калтырууга суйлошушту, ага Турсун макул болуп Алтынайга жолугуп суйунчулоп турду. — Алтынай, эки кундон кийин сенин уйуно келебиз, кандай ойлойсун? — Макулмун, мен сени суйом Турсун, атам досунун баласына берем дегенде аябай ыйлап жатып алдым эле, апам экоо суйлошуп жигитин королу дешиптир. — Мени жактырбай коюшсачы? — Эмнеге, мага жаксан болду да, атам мени жакшы корот, макул болот. — Алтынай, мен сени аябай суйом, сенден айрылгым келбейт. — Мен дагы, эгер атам макул болбосо сени м.н качып кетем. — Иши кылса мени таштабайсынбы, Алтынай? — Мен таштамак турсун сенден болунгон куну озумду-озум олтуром! — Мен дагы, сенсиз бир мунот дагы жашабайм. — Кел антташабыз. — Кел, эгер сенден айрылып кала берсем, же унутсам тошу туктуу жер урсун! — Сенден айрылып жашоого аракет кылсам тобосу ачык кок урсун! — Кел колунду, бири-бирибизден айрылбайбыз, олсок бирге олобуз. — Бул омур бири-бирибиз чогуу болсок гана кымбат жана кооз, эгер биз болунгон муноттон баштап карангыга айланат! — деп экоо кол кармашып алып бири-бирине ант берип турушту. Чынында откоол курак жаштардын орттон да кайтпас учуру болот эмеспи, бул эки жаш дагы ташкындаган селден, ээ-жаа бербеген кучтуу орттон, адам туруштук бере албаган албуут бороондон да кайра тартпас убагы эле. Алдыда экоону кандай тагдыр кутуп турганын сезбей кыналыша бактылуу болуп туруп анан эки болунушту. Айдар Жусупбекович кызына куда тушуп келээрин угуп абдан даярданып жатты, эшигинин алдындагы жузумдун алдына узун устол койдуруп, импорт стулдарды тизип устун толтуруп койду, атайын кызматчылар конок кутуу м.н алек, бирок ушул даам, кеткен чыгымы ошол бойдон бир адам ооз тийбей жалдырап калаарын ал ойлободу. Кундуз адатынча кийимдин жакшысын кийинип, абысындарын жандатып машинада чалкалап келе жатты. — Кудабыз чон жерде иштейт дейт го, жене,- деди абысыны. — Коробуз да, башкысы балдар бактылуу болсо болду. — Аныныз туура дечи, мындайда андай чондор оздорун корсоткусу келишет да, кызынын кадыры учун дагы чачылат да. — Кызы кандай болду экен, ону эле эмес акылы болсо экен,- дешип баратканда дарек боюнча келип калдык,- деп алдынкы машина токтоп калды. Бектемир алдыда, Тумаркан, Арген м.н Насыйкат болуп, алардын артында Тургун бараткан. — Апа, алдыга кир,- деди ал, Кундуз кайнежесинин артынан кирип келе жатканда алдынан бир топ аял- эркек чыгып каршы алышты, ошол убакта чыга калган Айдар Жусупбекович ону бузула оозуна соз кирбей туруп калды. — Конокторду тозбойсунбу? — деген аялынын созу кулагына кирбеди: < Менин балам уйлоном деп кыйнап жатат>,- деген Кундуздун созу кулагына жанырып эси ооп турганда Кундуз дагы аны коруп отура албай, же чыгып кете албай туруп калды. Ошондо Турсун эки жакты карап Алтынайды издеп жатты, аны женеси ээрчитип чыгып келе жатканда. — Кир уйго! — деген катуу ундон баары селт этип алышты. — Эмне болду сага? — деп аялы Сейде куйоосун караганда анын буткон бою калтырап турганын коруп чоочуп кетти, ангыча кутуусуз жерден Кундуз шалак этип кулап тушту. Эмне болуп кеткенине козу жетпей, келгендер аны м.н алек болуп Шааркан чырылдап ийди. — Эмне турасыар, доктурга алып жоногуло! — Апа, эмне болду,апа? — деп Арген м.н Тургун экоо суучачканда дагы эсине келбей оозунан шилекей куюлуп ону кокмок болуп кетти, аны машинага салып ооруканага алып жоношту. Айдар Жусупбекович журогун мыкчып отуруп калды, ага врач чакырып укол сайдырып карап калышты. Алтынай м.н Турсун бири-бирин корбой, ата- энелеринин эмнеге андай болгонун биле албай эки жакта бук болгону м.н бири апасынын жанында, бири атсынын жанында болуп жатты. Кундуз эсине келе албай учунчу куну зорго козун ачты, бирок ал туболукко баспай калды. Врачтар баш мээге катуу доо кеткен дешти, суйлой албай жансап жатканын коруп Турсундун журогу ооруп Алтынайды негедир жек коруп кетти: < Эгерде ал ак жолтой болсо апам мындай болмок эмес, апам минтип жатса кыз суйуп эмне кылам, кызын бербесе койсун>, — деген ойго келди. Алтынай коз жашын колдотуп апасына: — Апа, атам атайлап бергиси келбедиби? -деди ыйлап. — Мен кайдан билем кызым, апасы кандайча эси ооп калды, мен ошого танмын. — Атам мага кыйкырганда чоочуп кетти окшойт да, биринчи атам каршылыгын билдирип койду го? — Кандай экенине козум жетпей калды, канча тамак желбей калды… — Атам жакшы болуп калса экоонор барып коруп келгилечи. — Мен озум барайын, сен мени м.н бирге бар. — Макул апа, — Алтынай кубанып кетип кайра томсоро тушту, — Мен барсам эмне деп ойлошот апа? — Эчтеке дебейт кызым, жигитин тушунсо болду, деги коз жашынды токпочу кагылайын, — деген Сейде: < Бул экоонун ортосунда бир сыр бар, балким экоо жургондур, балдарынын табышып алганына экоо тен шок болду го, ооба андай болбосо эмнеге эми келген кезде бири-бирин коруп ондору бузулду>, — деп ойлонуп уйдо жаткан куйоосунун устуно кирди. — Айдар, мен тиги кудагыйдын ал-абалын коруп келейин. — Кайдагы кудагый, кызына айтып кой, экинчи ал баланы оозанбасын! — Эмнеге Айдар, бала жаш, жакшынакай эле бироонун баласы экен, кызын озу суйсо, кандайча каршы болобуз? — деди сынай. — Эч кандай, эч кандай ага бербейм, бир жумадан кийин Америкага жонотомун! — деп Айдар ары бурулуп кетти. — Кызындын коз жашы кол, ага барбасам олом дейт. — Эмне-е, олгусу келсе оло берсин, жашоодон тажап жатса олсун! — деп Айдар ачуусу келгенинен бетинин тугу чыга тушту. — Ошончолук эмне болуп кетти, келе электе ким экенин сураштырсак болмок экен, ал аялда ала албаган очун барбы? — Башты оорута бербечи, кызынды Америкага жонотом айт ошентип, — Алтынай айтканынан кайтпасын билесин да. — Билем-билем, бирок мени угууга тийиш! — деп дагы калтырай тушту, анын кан басымы которулуп дары ичип журчу, Сейде дарысын алып келип берди, бир аз эс алгандан кийин Сейде жанына отурду да созун улады. — Сенин жаш кездеги адатын калган эмес экен да, менин козумо чоп салып уйго отургузуп коюп корунгон м.н жургонунду балдар учун кечирип койдум эле, корсо ошол аял м.н мамилен бар экен да, балдардын бактысына балта чапты ошол мамиленер, мен эми тушундум,- Козунун жашын аарчып алды,- Мен омурдо жалан коз жаш тогуп отуу учун келген экенмин Айдар, а сен кундугуно жорго минип отуп баратасын, бирок кызындын коз жашын агызбасан болот эле го, бул да болсо жараткандын сага бэрээр жазасы, бирок сенин же менин кунообуз учун эч качан балдар жабыр тартпашы керек эле… — Сейде, эмне деп эле жатасын, мен аялдын куйоосу м.н оч болчумун,- деди Айдар айласы кете башын которуп, — Ошондой адамдын баласына кыз беремби? — Атасы олгон экен, олгон адамды куноологон болбойт, атанды олтургонго эненди алып бер деген соз бар го? — Эмне кыл дейсин эми? — Эгерде ак, таза болсон балдарга каршы болбо, силердин откон кегинер учун алар куноолуу эмес. Алтынайдын акбалын корчу, баланын акыбалы мунукунан кем эместир… — Барсан барып коруп келчи, кандай экен? — деди аргасыз ушкуруно,- Ал акмак менин эн жаман коргон адамым эле да. — Сенин эмне кылып жургонунду, кандай иш жасаганынды мен билбейм, алып келгенинди гана пайдаланып уйдо эне, сага татыктуу жар болуп отуз жылдап жашап келе жатам, ал аялдын баласынын куноосу жок да,- Сейде ойдо болду, — Ачык айт,сенин азабындан кызымдын бактысы тайкы болуп суйбогон бироого туш болушун каалабайм! — Эч кандай куноом жок, карганайынбы? — Уч жолу сурайм Айдар, залакан балдарга тийбейби? — Тийбейт, аны м.н ишим дагы жок,- деди да кайра жатып алды. Сейде бир нерсени сезди, эмне кылаарын билбей: < Мейли, чын эле атасы м.н келишпестик жайы бардыр, кызымдын коону учун бир барып келейин>, — деп кийинип алды да тамак аш алып Алтынайды ээрчите ооруканага жоноду, алар келгенде Шааркан м.н Арген, Тургун, Турсун м.н Туйгундар бар болчу. Турсун бир карап алып унчукпай жер карап калганда Алтынай жаман абалда калды: < Эмнеге тура калбайт, же апасы ошончолук оорбу, иши кылса олбосо экен>, — деп таарынычты унута апасынын жанында турду. — Кандай балдар, апанардын акыбалы дуруспу? — деди Сейде. — Жакшы-жакшы, -деди Арген м.н Тургун жарыша. — Кудайга шугур айланайын, дурус эле, — деди Шааркан дагы. — Ошентсин, биз дагы атасынан чыга албай жаттык. — Жакшы болуп калдыбы, айланайын? — Кан басымы которулуп турат, ошонусу кармай тушуптур, — деди Сейде сыр билгизбей. — Кел айланайын кызым, сени ооп коеюн, — Шааркан Алтынайды озуно чакырды, — Мен таенен болом, кызым. — Саламатсызбы? — Алтынай келип учрашты. — Кирсе болобу? — деди Сейде. — Азыр укол алып жатат. — Ийи, — деп Сейде туруп калды, бир кезде сестра чыгып кеткенден кийин киришти. Кундуз козун ачып жаткан экен, аларды коруп козун тартып алды, анын жузу чыдабады корунот, — Жакшы болуп калдынызбы? — деп Сейде мандайына келди, — Озунузду жакшы сезип калдынызбы? — дегенде Кундуз башын гана ийкеди, кошо кирген Шааркан: — Суйлобойт айланайын, нерпине катуу доо кеткен дейт доктур, — деди. — Отуп кетээр, капаланбаныз эми. — Кудай жакшы, — Шааркан ушкуруно отуруп калды. — Тамак алып келдим эле, балдар дагы ачкадыр, сиз чогуу ичиниздер. — Журокко эчтеке барбайт, кызымдын тамагынан эчтеке отпойт, суу эле ичет, — деп сыртка чыгышты. — Жакшы болуп кесиниз, келип турабыз,- деп Сейде айтканда Кундуз башын гана ийкеди. Журогу ооруй сыртка чыгып тамагын Шааркандын колуна берди да кетмек болду. Турсун Алтынайды озуно акырын чакырып экоо сыртка карай басканда Сейде туруп калды. — Алтынай, эмне болуп кеткенин озум дагы билбей калдым, атан эмнеге каршы болуп жатат? — деди Алтынайга карап. — Турсун, атам каршы деле эмес, мен дагы тушуно албай калдым. — Эми эмне кылабыз? — Билбейм, апан эле жакшы болуп кетсинчи. — Апам,- деди Турсун кабак буркой, анан баарын айтып берди,- Ошондой, экинчи апамды баспайт дешти врачтар, буга мен куноолуумун. — Андай дебечи Турсун, кучтуу врачтарга корсотуп дарылатса басып кетээр. — Билбейм, озумду куноолуу деп сезем. — Кечир Турсун, менин дагы куноом бар, биз уйлонобуз дебесек мындай болбос беле… — Алтынай, биз оз суйуубуз учун куроштук, ар бир адам оздорунун келечеги учун курошушу мумкун го, эмнеге сен озунду куноолумун дейсин?- Сен куноолуу болсон, мен дагы куноолуумун. — Алтыным, сени эч качан куноолуу дебейм, — деп Тургун Алтынайды бооруна кысты: < Мен суйгонумду кантип куноолойм, жанылып кала жаздадым, кандай болсо дагы Алтынайдан ажырабайм> ,- деп экоо кучакташып турганда устунку кабаттын терезесинде турган Арген м.н Тургун аларды коруп бири-бирин карап жылмайып коюшту, не экоонун тен эстерине откону туштубу, айтор кубаныч бардай. Сейде катуу ойлонуп калды: < Эми эмне болот, Алтынай м.н Турсун кайра тартаар туру жок, апасы баспай калса, суйлобой да калса кандай болот, жаш эле экен, бироого коз каранды болуу кандай жаман, балдар ай, балдар>,- деп кейип уйуно келди. Айрар эшикте басып жургон экен, бир нерседен тынчсызданган туру бар. — Барып келдик, — деди Сейде аны коруп эле. — Эмне болуптур? — Иш кыйын, суйлобойт экен, нервке доо кеткен имиш, катуу ойлонуп ийген го бечара, баспай калышы мумкун дептир врач. — Ошончо оор бекен? — Ооба, адамдар жасаган куноонор учун артынардагыларга салаканарды тийгизгенинер жаман го, ал сени коруп коркуп кеткен окшойт, куйоосунун очун балдарымдан алабы деп, эне журогу назик. — Кыйын болгон экен. — Ананчы, балдарга жон эле бата берип койсон болмок. — Мен эмне кылдым? — Аялына ормое карады. — Кой, сени м.н акыйлашып отурганда эмне? — деп Сейде уйго кирип кетти, — Деги бир сыр бар, анын куйоосу бироонун колунда олду дешти эле, балким ушул кылгандыр, эмнеси болсо дагы балдарга зыяны тийбесе болду, — деп кункулдоп отура кетти.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE