Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыяда 40 миллион сомго «подземка» курулуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаарынын негизги Асаналиев көчөсүнө жер асты аркылуу өтмө жол (подземка) курулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул курулуштун жалпы долбоордук баасы 40 млн сом. Долбоор жеке демөөрчүлөр тарабынан жүзөгө ашып жатат. Өтмө жолдун аянты 641 метр квадрат болуп, өтмө жол менен бирге соода түйүндөрү да курулат. Учурда өтмө жолдун курулушу башталып тендерден «РЕНЕССАНС КОНСТРАКШН» ЖЧК утуп алган. Бул жол бүткөндөн кийин 20 жылга ижарага берилип, ай сайын жерде бюджетке ижара төлөп турушат. Аны менен жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу сакталат.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда «РЕНЕССАНС КОНСТРАКШН» ЖЧКсы 2023-жылдын 31-октябрда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Сулайман уулу Султанбек көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE