Пример HTML-страницы

Жашагым келет 16 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет 16 бөлүм 
Өз кызыкчылыгы үчүн жаш баланы дагы аябаган акмактар экен го. Чоңдордун оюнун, менин кичинекей балапаным кайдан түшүнсүн. Кызымдын психологиясына жаман таасир тийгизет, өмүр бою коркок болуп калышы дагы мүмкүн. Бала кезинде алган бул жараты өмүр бою алдын тосуп калбайбы. Мейли эле, анысына ыраазымын болгону кызыма бир зыян тийбесе экен. Ээх кудайым тигил манкурттарга ынсап бер, бизге сабыр бере көр. Кызымды аман-эсен кайтара көр. Үйдө олтура албай Мыкыга жөнөдүм. Болгон ишти айтсам Мыкы башын мыжыгып олтуруп калды.
—Апа бирөөнүн жаны үчүн менин бактыман, кызыңдан дагы кечип жибердиңби? Миңдеген кыздар атасынын төрүндө эле тууп, өлбөй эле жүрүшөт апа. Шуру бизге балээнин баарын алып келди, алып кете беришсин. Ала беришсин мага карындашым керек. Милицияны аралаштырбайбыз.
—Шуру кандай акыбалда калат ойлонуп жатасыңбы?
—Мага баарыбир. Апа мен эмнеге башкаларды ойлошум керек. Эгер Шуру өзүн өзү ойлобосо. Эмнеге күйүгүшүм керек эгер бала Шуруга кереги жок болсо. Апааа өзүңүздүн неберелериниз болот, эмнеге бирөөнүкунө жабышып калдыңыз. Же Акудан Шуру артык көрүнүп жатабы? Эмнеге дайыма эле бирөөлөргө жан ачытып жүрө бересиз? Бизди ойлосоңуз болбойбу?
—Баланы берсек да Шуру сенин аялың.
— Мен сөзүмдү артка албайм, баланы берсек мен Шуру менен жашабайм. Баласы менен чогу боло берсин. Жүрүңүз Шуруга өзүбүз түшүндүрөлү, коштошуп келебиз.
—Менин балам мындай кылбайт, менин тарбиямды көргөн бала мындай болуусу мүмкүн эмес. Эгер Шуруну койберсен мени апа дебе уктуңбу.
—Эмнеге ушундай, эмнеге.
Мыкы тамды муштумдап алды, колунан кан атып кетти. Ооруну сезбей жаттыбы, болбой эле ургулай берди. Араң токтоттум, колу аябай жаракат алыптыр. Шуру жаткан төрөткананын аркы корпусу терапия экен. Ошол жака кирсек рентгенге жиберди. Анысын таап түшүп келдик, эки манжанын сөөгү сынып кетиптир. Ушунчалык да жинге алдырабы э? Көзүнө эч нерсе көрүнбөй калат экен.
—Мыкы менин жүрөгүм биротоло жарылып, жок болсун десең каалаганыңды кыла бер. Силерге бир нерсе болсо мен көтөрө албайт экенимди жакшы билесиң го. Эмнеге мынтип жатасың? Мен силерге жакшылык гана каалайм, экинчи мени ыйлатпачы.
—Апа кечирип коюңуз, мен билбей калдым. Маакул сиз айткандай болот, Шуруну ою менен болом апа, сиз ыйлабасаныз болду апакем.
Мыкынын колун гипстегенден кийин Шуруга бардык. Бизди эшиктин алдында турган мербийке киргизип жиберди. Кирсек Шуру жок экен. Чыгып кеткенби деп он мүнөттөй күттүк. Келбей койду, кийимдери, буюмдары ошол боюнча турат. Врачтан сураганы барган жатсак, Мыкы буюмдарын карап жаздык астынан кагаз таап чыкты. Ал жерде Шуру бизге кат жазып калтырыптыр.

«»»Апа, Мыкы мени кечирип койгулачы. Апа сиздин мээнетиңизди катуу сыйлайм, сизди өз апамдай жакшы көрүп кеттим. Айылда төрөлүп өстүм, мектеп, үйдөн башка жерди көргөнүм жок. Туура бул адаттагыдай эле көрүнүш, мен эле эмес айылдын баардык тургуну күнүмдүк көр тирилике сиңип кеткен. Жана бул нерсеге баардыгы ыраазыдай. Ыраазы эместер биринчи мүмкүнчүлүктү пайдаланып шаарды көздөй качат, мага окшоп. Мага дагы айылдын жашоосу такыр жакпайт. Билбейм эмнегедир мага эркин жашоо көбүрөөк жагат, ал жерде эч ким сени тааныбайт. Элдин оозун карабай, көңүлгө жаккандай жашайсың. Билим алып келечек түзөбүз, ар түрдүү адамдар менен таанышасын. Дайыма ошол ой менен жашап, мектепти бүтүрүүнү чыдамсыздык менен күттүм. Мага айылдын ары жагындагы жашоо кызык туюлду. Ошол кезде Толкун мага сөз айтып калды, аны аялы менен ажырашканын угуп калганым бар. Дароо эле макулдугумду бердим, кыз-жигит болдук. Мектепти бүтүп Толкун менен үй-бүлө куруп, шаарга кетүүнү көздөдүм. Бай үй-бүлөгө кирсем менде мүмкүнчүлүк көп болот дедим. Адашыптырмын.. Ал мени убактылуу гана пайдаланган экен. Боюмдагын билгенде жүзүн буруп кетти, мен өзүмдү жок кылмай болдум. Ошол кезде кудай сизди мени куткаруу үчүн жиберди. Мыкы менин өчкөн шамымды жандырды, жүрөгүмө жылуулук тартуулап, чыныгы сүйүү эмне экенин түшүндүрдү. Бактылуу болдум. Мурунку азаптарым түшүмдөй унутулду. Шаарга дагы келдим, шаардын элин көрдүм. Баардыгы орой, көздөрү көр, сараң сыяктуу. Бири-бирине жардам берүү дегенди билишпейт, боз маскасын кийип алышып дайым шашып гана жүрүшөт. Бул адамдар күнүмдүк оокаттын азабынан, жашаганды унутуп калышкандай, кээ бири эптеп күн өткөрүү максатта. Кээ бири жеп, ичип, кийүү үчүн гана жашап жаткандай. Бир жолу апамдан сураган элем. «Апа, биз күндө бир ишти кайталап кыла беребиз. Сиз күнүңүздү тамак жасап өткөрөсүз, атам ошол тамакты таап келүү үчүн өткөрөт. Биз эмне жеш үчүн жашайбызбы»?-деп.
Апам болсо көөпкө ойлонду. Анан мынтип жооп берген эле.
«Жок кызым, биз жеш үчүн жашабайбыз. Тескерисинче жашаш үчүн жейбиз»-деген.
Ал кезде анча түшүнбөй баш, ийкеп кайра ойноп кеткемин. Качан шаарга келгенде ушул сөздүн маанисин түшүндүм. Шаардагылар жеш үчүн эле жашап калгандай. Мага шаар жакпай калды, айылымдан айланып кетейин. Шаарга кетүү максат мени ушундай жаман жолго түрттү. Өз кылган каталарымды түшүндүм апа, мен Мыкынын сүйүүсүнө татыктуу эмесмин. Апа сиздин мээримиңе да татыксызмын, мен адамдардын башына балээ алып келчү жанмын. Мындан ары менин азабымдан башкалар жапа чегишин каалабайм. Мага кылган жакшылыгынар үчүн ыраазычылык билдирем. Бул жашоодо сиздей адам дагы да болсо бар экенине кубанычтамын. Апа мен үчүн Мыкыны урушпаныз суранам, мен өз тандоомду өзүм жасадым. Мыкы сен албетте бактылуу болосуң, мени кечирип койчу колуңдан келсе. Сени бактысыз кылып алуудан коркомун, ошол үчүн кетип жатам. Өз каалом менен кетип жатам. Силерди жакшы көрөм, кош болгула»…….

Ишенүү кыйын, Шуру өз каалоосу менен кеткенине ишенүү кыйын. Балким, жанагы акмактар басым көрсөткөндүктөн биз үчүн алаңдап кетип калгандыр. Эх шордуу, жаш туруп мынчалык шордуу болбосоң эмне экен.

Мыкы эшике чыгып кетти. Мен Шурунун буюмдарын жыйнап жаттым. Эчнерсе албаптыр, турган боюнча кеткен окшойт. Мыкы врачка кирсе Шуруну түшүнүк кат жазып, өз каалоосу менен кетип калганын айтыптыр. Демек баланын атасын тандаптыр, анан эмне деп ойлойм. Аку тууралуу уккан эмес болсо, өзү эле кеткен да. Ичимде баарыбир таарыныч болуп жатты. Бир кап алтынымды тонотуп жибергендей ыйлагым келди. Мыкыга дагы сүйлөгүм келбей, үн чыгарбай кете бердим. Мыкыдан кайда деп дагы сураган жокмун, Мыкы милицияга алып барды. Акунун жоголгону тууралуу арыз жаздык, сүрөтүн таштап үйгө кайттык. Үйгө келсек Акунун таштап кетишиптир, Салимди ойнотуп олтурат. Тез жетип кучактап, ыйлап бети-башын карап алдым. Кызыма зыяны тийбегенби деп катуу корктум. Кызымды карасам жакшы эле турат, күлүп маанайы жакшы.
—Кызым, жакшысыңбы? Эч нерсе кылышкан жокпу сага? Кайда, ким уурдап кетти сени? Сени табуу үчүн эмнелерди гана кылганыбыз жок, жүрөгүм жарылайын деди кызым.
—Апа мына жакшымын. Мага эч нерсе кылышкан жок, эртеден кечке соонун жерде ойнодум. Анан каалаганымды жеп жыргадым. Апа эмнеге коркосуз, жакшы турам го алдыңызда. Мени жана өздөрү таштап кетти.
—Жакшы болсоң болду кызым, Мыкы милицияга кайра барып келгениң туура болот го дейм. Акунун табылганын айт, ойноп алыс кетип калыптыр де. Биз болсо эртең менен жолго чыгабыз, барып Шуру менен сүйлөшүп келишибиз керек. Эгер келбесе буюмдарын жеткирип берели.
—Керек болсо өзү алып кетмек, кеткен адамдын артынан барбайм апа. Тайенем менен бара бергилечи.
—Мыкы өзүң барышың керек, кийин кайын журтуңдун алдында жүзүң жарык болот. Анан Шуруну өзүбүз алып кеттикпи, алып кеткен соң жоопкерчилиги да бизде. Эми жоопкерчиликти өткөрүп берели, ачык сүйлөшүүгө убакыт келди.
—Шуруну Толкунду тандап кетет деп эч ойлобоптурмун апа. Жүрөгүм жараланды, капа болуп жатам. Өзүмдү жакында балалуу болом деп ынандырып алган экенмин, өз баламды жоготкондой болуп жатам. Менде намыс бар апа, мени чанып кеткен аялдын артынан бара албайм. Мени уруп, урушуп, каргап салсаңыз да болот. Бирок мени бар дебеңиз апа, суранайын антпениз апа. Сиздин сөзүңүз мен үчүн мыйзам, бир жолу мыйзамды кабыл кылбай коюуга макул болуңузчу.
—Ээх балам, жаш кыздын тагдырын ойлоп жатып сенин намысынды такыр унуткан экенмин. Макул балам, сен айткандай болсун, өзүбүз баарын бүтүрүп келебиз. Эртеси апама барсам апам сыркоолоп калыптыр, даары-дармегин алып берип Сайрага бардым. Сайра баягы эле тынбай жүрөт. Күндө иштейт, дем алышты билбейт ушул кыз. Мени көрүп катуу сүйүндү. Болгон жагдайды айтсам, Мыкыга бардык ишти тапшырып чогу бармай болду. Түштөн кийин жолго чыгып кеттик. Түндө айылга жетип бардык, Шуру үйүнө келбептир. Кудагыйлар миштерди угумуш этиптир, бирок эл айта берет деп унчукпай жүрүшкөн экен. Бир чети унчуга да албайт да. Кантип кызыбыз боюнда болуп тийиптир балаңа демек эле. Же алар бизге, же биз аларга сыр бербей олтурабыз. Ачык айта албай кыйналдым. Сайра экөөбүз ымдашып, эшике чыгып сүйлөшүп келдик. Биринчи жанагы Толкун дегенди таап, Шуру менен сүйлөшүп көрмөй болдук. Таң атпай Толкун дегендин үйүнө бардык. Мени түртүп жиберген адам жоош болуп калыптыр. Үнсүз олтурат.
—Мына биз дагы келдик. Асманда жашагандай кыйын эле болдуңар го. Мен силерге арыз жазып каматам, кызымды, келинимди, неберемди уурдап кеткениң үчүн камаласын уктуңбу.
— Жазбасан дагы камалам, ойлонбой эмне кылып койдум. Мени кечирип койгулачы, жалгыз баламдын баласын алам!-деп бир өмүрдү кыйып алдым. Мага берилчү жазанын өзү жок, Шуруга кызыңды бизде экенин айтсак биз менен кетүүгө дароо макул болду. Асмандан издегенибиз жерден табылгандай сүйүнүп алып жөнөдүк. Жол бою сүйлөбөй келди, дарыяга келгенде машинанын ичин жаңыртып ыйлады. Коркуп кеттик, бир жери ооруп жатабы дедик. Машинаны токтотуп баарыбыз түшүп, акыбалын сурадык. Шуру бизге жооп бербей, бакырып ыйлай берди. Эс алып алсын деп жайына койдук, баланы колунан алып бетин жууп алуу үчүн суу бердик. Анан биз жетишпей калдык, ордунда жакшы эле туруп бир маалда чуркап кетти. Биз караганча болбой дарыяга боюн таштады. Дароо куткаруучуларды чакырдык, мына экинчи күн болду таппай жатышат. Шуруну ата-энесине эмне деп айтаарыбызды билбей турабыз. Эмне дейбиз? Кантип түшүндүрөм? Ушундай жол менен улана турган тукумум андан көрө уланбай калса жакшы болмок.
—Эмне деп жатасың? Шуру эч качан өзүнө кол салбайт, аны силер өлтүрдүнөр. Туура айтамбы, баланы алуу үчүн дарыяга ыргытып салдыңар. Могу кыймылсыз жаткан балаң уятсыз, керек болсо Шурунун убалы урду ушуну. Түкүрүп чанган балага зар кылып койду, кудай калыс. Силердин үй-бүлөнөр акмактар экен, кудай акмактардын тукумун улагысы келбейт.
— Күнөө бизде, мен адам эмесмин. Баарына ыраазымын, кааласаң өлтүрүп сал.
— Сен үчүн өлүм жаза эмес кечирмге тата болуп калат. Кудайга койдум кудайга. Дагы ким билет кимдерди ортого салып жазадан кутулуп кетишиңди. Билип кой, бул жашоодо жазасыз калышың мүмкүн, бирок кудай жазасыз калтырбайт сени. Алып кел бери баланы.
Колунан баланы сууруп алып чыгып кеттим. Кудагыйлардын үйүнө жөө бардык, эч эле жеткибиз келбейт. Кантип айтууну билбей, Сайра экөөбүз бири-бирибизди карап ыйлап бараттык. Азыр чын айтыштыбы же калппы билбей жаттык. Чын эле өзүн өзү таштаган окшойт же булар кол салдыбы. Кол салган болсо баланы азыр бизге бермек эмес да. Баланы алып эмне кылышты билбейм, өзүм алып кетемби? Мага закон багууга уруксат береби? Бирок азыр Шуру тууралу ойлонуш керек болчу. Үйгө бала көтөрүп кирсек кудагыйлар таң калып калышты.
— Сүйүнчү неберелүү болдуңар. Мына уул.
— Коюңузчу тамашаны, кимдин баласын көтөрүп алгансыз?
— Шурунун баласы, биздин небере.
Шуруну атасы кабагын салып аялын карады. Байкуш айла таппай чыйпылыктап кетти.
—Кандай болуп кетти? Шуру өзү кана?
—Кудагый мен айта албайм, азыр бирөөлөр келет ошолор жакшы түшүндүрөт.
Бири-бирине карап үйгө киргизишти. Артыбыздан Толкундун ата-энеси кирип келди. Кудам дароо көзү чекчейип, муштуму түйүлүп кетти.
—Келгиле, үйдө конок бар эле сыртта сүйлөшөлү.
—Мен айткандар ушулар кудагый.
— Сөз башынан болсун анда. Биз силердикинде конок болуп жүргөндө Шурунун Толкун деген балага алданып калганын угуп калдым. Шуру түйүлдүк түйүп калган экен. Толкун, бул адамдардын баласы Шурудан баш тартып кетти. Шуру катуу ыйлады, өзүнө кол салгысы келди. Мен карап тура албай балама алып бердим. Баардыгын жашырдым, силерден жашырып алып кеттим. Шуру менен Мыкы эң бактылуу болушту. Шуру төрөсө жети айлык деп сүйүнчүлөп койобуз дедик. Бирок, Толкун кырсыктап үй-бүлөсүн жоготуптур. Мындан ары балалуу да боло албайт экен. Бактылуу жашап жатсак бир күнү биздин жашообузду бузуп, бала талашып булар пайда болду. Күчүм жетишинче күрөштүм, таяк жедим. Анан Шуру уул төрөдү, булар менин жалгыз кызымды уурдап кетишти. Баланы берсең беребиз деп коркутушту, Шуруга колдору жете электе баралы деп барсак Шуру кетип калыптыр. Мына бизге кат калтырып кетиптир, өзү үчүн кызымды жабыркабасын!-деп өз каалоосу менен кетиптир. Анан кележатып дарыяга өзүн таштады!-деп жатышат. Бирок мен ишенбейм, өзүнө кол салганына ишенбейм. Кат жазып кеткенине карабай дароо артынан жөнөдүм, келип Шурумду таппадым. Ошондо туура же туура эмес кылганымды билбей калдым. Күнөөнүн баары менде, артык кылам деп тыртык кылып алдым. Биринчи болуп мына күнөө менде.
—Жок жакшы жашап жаткан үй-бүлөгө тийишкен күнөө менде. Шуруну издеп таппай жатышат, борбордон дагы куткаруучулар келди.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE