Пример HTML-страницы

Кордук 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40631&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀КОРДУК

3 — БӨЛҮМ

 

 

Ушуларды ойлонгон Айжамал Абсатарга байкабай айтып ийгенине жини келип: «Кайдан оозумдан чыгып кетти, билгизбей жасаганда болмок экен», — деп ойлоп жатып, уктап кетти. Эртеси Абсатар аны эрте тургузду.

— Айжамал, сен экөөбүз жашай албайт экенбиз, өз колум менен ата-энеңе тапшырайын, — деди үңкүйө.

— Аби, кечирип койчу мени, экинчи эч унчукпайм, үйүмө барбай эле койоюнчу, сен эмне десең ошого макулмун, атам мени өлтүрөт.

— Сенин ата-энең жакшы, а менин апам сага жаманбы ыя, эгерде апам же мен ооруп калсам сен соо калбайсың, айтып койоюн сенде бир сыр бар, ушундайда кеткениң оң.

— Эмне сыр болмок эле?

— Сен Акылбекке бирдеке бергенсиң, элден шыбыш уккамын, кантип эле ошентмек эле деп ишенген эмесмин. Анын ата-энесин какшатканың үчүн да өз күнөөңдү тартасың дечи, бирок мени жабыркатам деп ойлобо, такыр болбой баратса сени ала жатам!

— Жинди болбочу, мен эмне кылмак элем?

— Болду, үйүңө бар, жашай албайм, Абсатар апасы экөө тең жаман де.

— Эч жакка барбайм!

— Эмнеге?

— Сени менен жашайм.

— Жашасаң апамдын тилин ук, баарын көтөр.

— Болуптур.

— Айтканды жасайсыңбы?

— Ооба.

— Анда күнүгө эрте туруп, эшикти шыпыр!

— Макул, — деп кийинип сыртка чыкты.

Суусаркан бул кезде эшиктин алдында ийигин ийрип отурган. Айжамал туруп эле шыпыргыны алып, шыпырып киргенин көрүп: «Бечара оңолгон экен, кайран келиним, жакшы келиним кетип, неберелеримди сагындым. Бүгүн бир барып көрүп, мингини алып келсемби, жеткирип да беришпеди» , — деп ойлоп дагы келинин карады, чаң бырыксыганда чыдабай кетти:

— Ой балам, суу сээп алсаң болбойбу, чаң жуткурдуң го? — деди эле Айжамал шыпылдай крандан чакага суу алып келип, сээп шыпыра баштады. Андан кийин чай алып келди. Суусаркан кийинип, неберелерине таттуу алганга акчасын белендей үйдөн чыкты. Кайда бараарын эч кимисине айткан да жок. Ортолору бир топ, эмне кылаарын билбей коңшусунун үйүнө кирди, алардын машинасы бар, ошого сүйлөшмөк болду. Ошентип Сагынбектин үйүнө жөнөдү. Алар келгенде Сагынбек мас болуп, үйүнүн эшигинде жаткан. Үйүнө киришсе эч ким жок, адам жашабагандай ачык-чачык, бөтөлкөнүн калдыктарынан башка эч нерсе жок, ичи көк жыттанып, адам чыдагыс болуп калыптыр. Кайра эшикке чыгышса, Сагынбек ойгонуп калган экен.

— Кандай, айланайын, жакшысыңбы? — деп Суусаркан учурашты эле Сагынбек дале масы таркабай:

— Эмне болду, өлө элекмин, — деп булдуруктады.

— Кокуй күн десе, сени ким жаман ойломок эле, кудагый кайда кеткен?

— Ал кеткен, алкашты таштап баары кетишкен.

— Каякка?

— Ким билет, кетти…

— Кой анда кетейин, неберелеримди сагынып келбедим беле, — деген Суусаркан шалдая түштү. «Коңшуларынан сурап көрөйүнчү, жакын эле жердедир, мындан качып кетишкендир» , — деп коңшусуна кайрылды. Үйүнөн чыккан аялдан сурады эле:

— Ой алардын кеткени качан, шаарга кетип калышкан, төрт айдан ашты го? — деп койду.

— Күйөөсүн таштап кетишкенби, ботом?

— Таштабаганда кантет, пайдасы болбосо, ичкени арак, анан эмне кылат?

— Атаны кургур ай-аа, кыш келсе өлбөйбү.

 

— Өздөрү билет да, өзүнөн көрсүн, аракты атасындай көрөт, — деди коңшусу кайдыгер.

— Мейли, айланайын, — деген Суусаркан супсуну сууй машинага отурду. — Кеттик, балам, неберелеримди сагынып кеттим эле, дагы көрө албай калдым, шаарда эмне кылып жүрүшөт, ботом? — Эне шоопурду карады.

— Шаарга баргандар иштейт да, эне.

— Атаны кокуй ай, кыздарым эмне болду карангүн, а-алда карангүн ай, тырмактай кыздар менен кантип иштемек эле? — Суусаркан баласына ачууланып келе жатты. Үйүнө жетип, короодон кирип келе жатканда эле алдынан Абсатар чыкты.

— Жарыктык, кайда кетип калдың?

— Атаңдын башына!

— Эмне болду, апа?

— Кыздарымдын көргөн күнү кантти, кокуй? — деп Суусаркан эне ыйлап кирди. — Чырактай кыздарды чанып таштап, катыныңды карап отура бер, менин кичинекей чүрпөлөрүм кыйналып өгөйгө кор болсун. Умсунайга баары бир дечи, ал жапжаш, сулуу, жерде калбайт, бирөөнө тийип кетет, — деп жинденгенде Абсатар түшүнбөй калды.

— Эмне болуптур, айтпайсыңбы ачыгын, кыздарды таштап, Умсунай күйөөгө тийип кетиптирби?

— Жо-ок, шаарга кетип калыптыр.

— Кетсе келет да, алкаш атасынын үйүнө батмак беле, атты эмне кылыптыр?

— Ок, атың менен жерге кир, кыздарын ойлобой атты айтат, кыздарым азыр кандай күндө калды, уу-уй коку-уй! — деп кемпир үңүлдөп ыйлай баштады.

Ички үйдө отурган Айжамал жини келип: «Кыздарыңа кете берсең жакшы болмок, ушу сенин жоголуп кетээр күнүң кайда», — деп ойлонуп жатты.

— Эмне кыл дейсиң эми, кыздарды алып калганда болмок, — деп Абсатар нымтырады.

— Эртең мен шаарга барамын да, Умсунайды табам.

— Эмне кыласың аны?

— Үйгө алып келем.

— Эмне-е? — Абсатар апасына ишенип-ишенбей туруп калды. — Аны алып келип эмне кыласың?

— Мен Умсунай менен ушул үйгө жашайм, сен катының менен кайда кетсең кете бер!

— Жинди болдуңбу, апа?

— Кыйын болсоң жок деп көр, Айжамал сени жакшы көрсө баарына кайыл болот, сен эки аял менен жашайсың. Умсунай менин кебимди угат, а тигиниң ушуга чыдаса жашасын, болбосо бара берсин.

— Апа!

— Болду сүйлөбө, эркексиңби деги, мен айттым бүттү! — деди Суусаркан. — Чакыр катыныңды!

— Аны эмне кыласың?

— Ачык эле айтам, илгеркилер эки аял эмес үч аялды баш ийдирген, сен эки катынды баш ийдирбей эмне болупсуң, эгерде антпей турган болсоң Умсунай менен жашайсың. Мен неберелеримдин башканын колунда жүргөнүн каалабайм, уктуңбу?

— Апа, койсоңчу эми, чоңойгондо табат да акыры.

— Болду сүйлөбө, толгон балдарым жок, Айнур экөөңөрдү кудайдан тилеп алгамын, эми Алтынчачым менен Карачачым томсоруп жүргөнүн эстесем жаным жай албайт. Эртең менен эрте шаарга жөнөй турган машинага сүйлөшүп кел, Айнурага барып, кыздарым менен келинимди алып келем, — дегенде Абсатардын аргасы кетип, эч нерсе дей албады. Ал апасынын ал-абалын билет, кыялын дагы сопсонун билгендиктен унчуга албай калды. — Эми Айжамалды чакыр!

— Азыр, — деп Абсатар башын кашылай чыгып барып, Айжамалды бөлмөдөн таппай калды. Ал кайненесинин сөзүн угуп, ыйлап чыгып кетип, тамдын артында отурган. — Айжамал, Айжамал!

— Эмне? — деп чыга калды ал. — Эмне, апаңдын сөзүнө кубанып калдыңбы, эки аялдын ортосунда жыргап жашап калат экенмин деп? Бар, аялыңды алып келип ал, эми мен чындап кетемин, турбайм бул үйгө! — деп ыйлап отурду.

— Айжамал, ыйлабасаң эми, апамдын айтканы менен эле ошол келе койот дейсиңби, жүр, үйгө кир дагы чыдайм алып келе бериңиз де.

— Айтпайм!

— Бол эми, апамды тынчтандырып койолу, мен чыдайм, келе берсин, жашайм деп айт.

— Ошентип мени көндүргүң келип жатабы?

— Жок, апамды алдап туралы, — деп Абсатар Айжамалды көндүрүп, үйгө ээрчитип кирди. Үчөө чай ичип отурганда Суусаркан тамагын кыра сөз баштады:

— Айжамал, мен Умсунай келинимди алып келемин, эки кызды жетимсиретип койо албайм, сен Абсатарды жакшы көрсөң чогуу жашайсың, болбосо өзүң чеч.

— Апа, мен чыдайм, ал келиниңиз көнөөр бекен, алып келе бериңиз.

— Азамат, сенден мен мындайды күткөн жок элем, чын ниетиң менен айтып жатасыңбы, балам? — деп Суусаркан күлүп сурады.

— Чын айтам, апа, Аби үчүн баарына чыдайм, келиниңизди, неберелериңизди алып келе бериңиз, Абинин кыздары менин кыздарым, — деп Айжамал жаркылдап койо бергенде Суусаркан таңгала:

«Ой түлкү-ү, бул эмне деп жатат ыя? Түлкүдөй ойт берип күлүп турганын кара. Мында бир кеп бар, ай ушунун ичин күйдүрүп, Умсунайды алып келсем го, аны таппай кыйналаар бекенмин, түлкүнү ийинине киргидей кылат элем», — деп ойлоп алып, унчукпай калды.

— Экөө ынтымакташса болду, апа, менин кандай кайраттуу апам бар, келиндерин өзүнөн-өзү чимирик кылып койот да, — деп Абсатар дагы апасын мактап бакылдап жатты. Суусаркан ошол бойдон унчукпады. Уул-келини өз бөлмөлөрүнө кеткенден кийин төшөгүнө жатып алып: «Бул түлкүдөй кууланып калды, Умсунай көнсө бу түлкүдөй мант берген немени экөөлөп кууп чыгат элек», — деп ойлонуп, уктап калды. Абсатар менен Айжамал өздөрүнчө күлүп жатышты.

— Аби, аялың чындап келип калса эмне кылабыз?

— Аны жакшы билем, апамды капа кылбайт, бирок мени менен жашаганга макул болбойт.

— Болсочу?

— Болбойт дедим го, апамды ыраазы кылып койдуң, молодец.

— Сен айтканды аткардым да.

— Иш экөөбүздүн тең пайдабызга чечилет, апам барат да, аны көндүрө албай кайра өзү келет, анан сага ыраазы болот.

— Ай ушу сенин апаңдын мага ыраазы болооруна көзүм жетпей да калды, мени көрсө бир жалаңкычын көргөндөй болуп турат, сага тийгениме өкүнүп да калдым.

— Өкүнбө, алтыным, баары жайында болот, акыры сен жеңесиң, андан көрө унчукпай жүрө бер, уктуңбу? Апам анан сени жакшы көрүп калат, Умсунай эч унчукчу эмес, ал апамды өзүнүн кызындай карачу.

— Кыйналып кеттим ай, апаңа жагам деп азапта калдым, деги эле кутулуу кыйын окшойт.

— Эмне дедиң, кутулмаксыңбы? — Абсатар дагы жини келип кетти.

— Ошонун эмнеси бар экен, кете албайт окшойм деп жатам, менин жашагым келбей калды.

— Айжамал, — деди Абсатар маанилүү сөз айтчудай.

— Эмне дегиң келип турат?

— Сен алдагынтип сүйлөгөндү токтот, апамды көп көрбөгүн, ансыз дагы картайып баратканы жүрөгүмдү оорутуп жүрөт. Атам менин жакшылыгымды көрбөй өткөн, апамды колуман келсе жүзгө чыгарып, төрүмө балпайтып отургузуп баксам деген оюм бар. Кыскасы, апам жөнүндө эч кандай сөз болууга тийиш эмес.

— Болуптур, апаңды көргөндө эртең менен, кечинде жүгүнүп, көзүн карап, бөпөлөп турушум керек экен да. Аның болсо азуусун кайраган карышкырдай эле мага асылып турсун, мен жөрмөлөп кечирим сурайын ээ? — деп Айжамал бөйрөгүн таяна Абсатарга караганда ал жаактан ары чаап-чаап жиберди.

— Сенин кулагыңа киреби деги, болбосо кете бер!

— Кетсе кете берем, — деп ары карап ыйлап жатып, уктап калды.

Эртеси эрте турган Суусаркан жолго камынгыча Абсатар шаарга кетчү таксини үйүнө айдатып келип, дайындап салып жиберди. Айжамал тургусу келбей жата берди, «Эмне кылсам, кетип эле калсамбы? Акчам болгондо үйгө барбай эле шаарга качып кетет элем. Жезкемпир энеси келинин таап келип калса кантем, эки аял бир эркек менен кантип жашамак эле, аялы келсе Абсатар дагы кыздарына карап, аялына көбүрөөк көңүл бөлсө, кантип чыдамак элем», — деп ойлонуп жатканда Абсатар кирди.

— Тур, Айжамал, чай ичели, кардым ачты.

— Апаң жокто бир аз уктап алайынчы. — Келин чүмкөнүп жатып алды.

— Апамды оозанба дебедим беле? — деп төшөктү сыйрып алып, Айжамалды колунан өйдө тартты. — Сенде өзү мээ барбы, сүйлөшүп үйүңө барып жүргөндө жибектей созулуп калчу элең го, көрсө аялдар бат өзгөрүлмө болот окшойт, же ал сенин амалың беле?

— Аби, эмне болду эми, уктап алайын деп эле койдум го?

— Тур, чай коюп, тамак жаса, кеткиң келсе ушундайда кете кал, болбосо кеч болуп калат, — деди жиндене.

— Эмне аялың келгенче кетирип отуруп калайын деп жатасыңбы, сен айбансың, апаңдын тилинен чыкпаган жетелемесиң. Өлтүрсөң азыр өлтүрүп сал, апаң экөөңөрдөн коркуп жүргүдөй алым жок, өлтүр, өлтүр деп жатам сени! — Айжамал долуланып сүзгүлөй баштады.

— Эсиңе кел, Айжамал, колум тийбесин, Айжамал дейм! — деп Абсатар кыйкырганда Асылай кирип келе жатып, токтой калды.

— Өлтүрбөйсүңбү мени, сени ээрчип келгемин бул үйгө, сен гана мени бар же жок кыла аласың, өлтүр, акмак, өлтүр деп жатам акма-ак! — деп жатканда Абсатар аны төшөгүнө түртүп ийди.

— Сага корогон кайран сөз, кайран колдун күчү, үнүңдү бас да, жуунуп кийин, сени ата-энеңе өзүм жеткирбесем болбойт экен, — деп Абсатар сыртка чыгып баратып, Асылайга урунуп алды.

— Аа-а, апа, кечиресиз…

— Айжамалга эмне болду, балам?

— Эч нерсе, кечке апаң-апаң деп эле апама асыла берет, сен эми апаңды ташта дейт, эмне кылышты билбей да калдым, — деп башын мыкчый кайненеси менен ичке ээрчише кирди.

— Апа-а! — Айжамал апасын кучактап калды. — Мени алып эле кетчи, апа, мен буларга бүлө боло албайм!

— Токто, кызым, сен мени уккун дагы тактап сүйлө, сен Абсатарга эмне дедиң, уруш эмнеден чыкты ыя?

— Өзү эле, мен эчтеке кылбайм деп койсом…

— Эмнени кылбайм дедиң эле?

— Чай бер дегенинен.

— Ошогобу, күйөө дегенге эрте туруп чай берет, мен ушул кезге чейин атаңа чай-тамагын берип келе жатам, өлгөн жокмун го, аял деген ошентет. Бас анда кеттик үйгө, уйкуң канбаса өмүр бою уктап үйдө жүрө бер, — деп Асылай жини келип урушту эле ал кайра уңулдап ыйлап кирди.

— Эмнеге эле мени уруша бересиңер, эмне кылышым керек эле, өмүр бою бүжүрөп өтүшүм керекпи?

— Болду, сенин акылың жок экен, кызым, өзүм алып кетейин сени, болбосо уят болобуз, — дегенде Айжамал:

— Эч жакка барбайм, апа, мага миң сом берчи андан көрө, — деди.

— Эмне кыласың?

— Бирөө сонун сөйкө сатат экен, ошону алам, — деп Айжамал калп айта салды, көзүнүн жашын аарчып, апасына кошоматтана жайдаңдап күлүп калды.

— Акча керек болсо жөн эле сурабайт белең, мен деле берет элем го? — деди Абсатар күңкүлдөй.

— Мейли, жаккан буюмуң болсо алып ал, — деп Асылай чөнтөгүнөн акча алып чыгып, миң сом бере салды.

— Апама чай бер эми.

— Азыр, — деп Айжамал өйдө туруп кийинди да, эшикке чыгып жуунуп келип, чай койду. Абсатар короодо жүргөн, Асылай кызына эңкейип шыбырады:

— Сен обу жоктонбой тынч жашай аласыңбы деги, баягынын кызы дедиртип бүт айылга шерменде кыласың го минтип жүрсөң, түш болгуча уктаганың эмнең ыя? Силер түшкө чейин эртең мененки чайыңарды иче элек болсоңор биз эки ичтик, уят болот мунуң. Кайненең кайда кеткен?

— Шаарга.

— Кызынабы?

— Ооба, — Айжамал сөздү көбөйтүп айткысы келбеди, «Эртең эрте шаарга кетип калам, эр болсо таап көрсүн», — деп ойлонуп, апасына чай куюп сунду.

— Абсатарды чакырбайсыңбы?

— Өзү келет да.

— Кудай урган кыз экенсиң го, акылың кем жаралып калганыңды карачы, бир үйдөн бир сасыткы чыгат экен да, — деп эне кейип отурганда Абсатар кирип отуруп калды. Үчөө тунжурап отуруп, чай ичишкен соң Асылай үндөбөй үйүнө кетти. Айжамал шыпылдап үй жумуштарын жасап жатканда Абсатар ички бөлмөгө кирип отуруп алды. «Демек, бул мага аял болуп бербейт экен, жаңылган экенмин. Апам ошол чоң шаардан Умсунайды кантип тапмак эле, айылдай көрүп кетти да. Тапкан күндө да баары бир ал келбейт, кыздарымды өзүм дагы сагынып калган экенмин, байкуштарым десе алар дагы аябай сагынды го, кантип аларды кайра алып келем?» — деп ойлонуп жатты. Күндүн кантип өткөнү сезилбей калды. Айжамал даамдуу кылып тамак жасаптыр, экөө отуруп тамактанды.

— Сөйкөңдү алып албайсыңбы эми, — деди Абсатар Айжамалга.

— Эртең алам.

— Өзүң бил.

— Миң сом жетпейт, бир жарым миң сом деп жаткан.

— Беш жүз сомду мен берем, эртең барасыңбы?

— Ооба, чын эле беш жүз сом бересиңби? — Айжамал кубанып кетти. — Анда азыр эле берчи алып келе калайын.

— Азыр, — деп ички бөлмөгө кирди Абсатар, шифонердеги сууртмадан капчыгын алып, андан беш жүз сом алып кайра келди. Айжамал күйөөсүнүн акча бекиткен жерин көрүп алып, билмексен болуп отуруп калган.

— Ме, барып алып ал.

— Эртең менен барайынчы, күүгүмдө барсам эмне дейт?

Айжамал идиш-аягын жууп-тазалап кирди. Ал эптеп түн киришин күттү, Абсатар уктаса эле акчасын уурдай качмак болду оюнда.

— Мейли, эртең менен ал, төшөк салып берчи, чарчадым.

— Макул, — деп шыпылдай ички бөлмөгө төшөк салып коюп, кайра ашканага кирип, ар кайсы ишти жасап жүрө берди. Кийимин даярдады, кийе турганын даяр койду, айтор уктап калбайын деп кыбырап жүрө берди. Таңга маал Абсатар козголуп, бери караганда Айжамал жанына жатып уктамыш болуп калды. Ошол бойдон катуу уктап калган экен, аны Абсатар ойготту.

— Айжамал, турбайсыңбы?

— Мм.. , уктай турайынчы… — деп керилип келе жатып ыргып турду. — Таң атып калдыбы?

— Атканы качан?

— Аа-а, — деп адатынча ыңгыранып туруп, жуунуп келди. Күйөөсү экөө чай ичкенден кийин идиш-аягын калдыратып, өзүнө-өзү жинденип жатты.

Абсатар бир досу келип, ошону менен алаксып калды.

— Абсатар, быйыл мектепти бүткөнүбүзгө он беш жыл болот экен. Биз классташтар чогулганы жатабыз, эгерде кошулсаң миң сомдон чогултуп, май майрамын чогуу тосолу.

— Макул, мен качмак белем?

— Анда сүйлөштүк, эмки жумада чогултабыз акчаны.

— Жарайт, — деп досун узатып келип, үйгө кирсе Айжамал жок. Аны сөйкөнү алганы кеткен экен деген ойдо жатып алды, түндө жакшы эле уктагандай болгон, бирок уйку менен күлкүдө ар жок дегендей көз жумулуп, уктап кетти. Айжамал күйөөсү огород жакта сүйлөшүп турганда баштыгын, Абсатардын бекиткенден калган эки миң сомун алып, короодон чыгып кеткен эле. Кечке чейин катуу уктаган Абсатар күүгүм кирип калганда туруп, эшикке чыгып, аялынын карааны көрүнбөгөнүнөн короонун оозуна келди. «Сөйкөнү кимден алат болду экен, эмдигиче келбей кайда жүрөт?» — деп кызганып да кетти. «Балким башка бирөө менен жүрүп алды бекен, болбосо кайда бармак эле?» — деп ойлоно кайра үйүнө кирди. Кулак-мурун кескендей баары жымжырт, карды ачканынан ашканага кирип, тамак ысытып кирди. Жалгыз отуруп кардын тойгузду да, кайра эшикке чыкты. Айжамалдан дагы эле дайын жок. «Жинди болгон го, же энеси экөө сүйлөшүп алып, үйүнө кетип калганбы, ачык эле кете бербейт беле, кармагым да келбей калган. Мындай аял менен жашоо накта тозок тура, кетсе кетсин деги, кыздарым үчүн ушундан көрө Умсунайга жалдыраганым жакшы эмеспи», — деп ойлонуп жатты. Кеч кирип сыртта коюу караңгылык каптап калганда Айжамалдан үмүтүн үздү. «Эми келсе үйгө киргизбейм» , — деп да ойлоп ийди, бирок ал ойлогондой Айжамал кирип келген жок. Түнү бою ойлонуп чыкты, бир кезде анын: «Шаарга кеткенибиз жакшы го, байып особняк үйлүү болсоң туугандарың аябай суктанышаар эле», — деген сөзү эсине түшүп, ордунан тура калды. Төркү үйгө кирип, акчасын караса эч нерсе жок, болгону эки жарым миң сому бар болчу, без жүз сомун берип, эки миңи калган.

— Иттики, ал мени да, апасын дагы алдаган экен, — деп башын мыкчып отуруп калды. — Эмнеге ишендим экен, эрте барып, ата-энесине айтып коюшум керек, — деп таң атканча ары-бери басып жүрдү.

Суусаркан такси менен күйөө баласынын үйүнө түш оой жетип келди. Айнур апасынын келгенин көрүп, кубанып кетти.

— Апа, тынччылык элеби, эмнеге келдиң?

— Келдим да, кызым, баягы Умсунай кыздарымды алып, шаарга баса бериптир, сагындым эки неберемди, — деди отуруп жатып.

— Ой жарыктык десе, кантип тапмак элең аны, шаар чоң да, айыл эмес.

— Ошону үчүн сени издеп тапсын деп келбедимби, кызым.

— Кызыксың, апа, аны мен дареги болбосо кантип тапмак элем?

— Мен Абини эки аялы менен тең жашагын дедим, — деп эне жылмайып алды. — Айжамалдын макул болгонуна не бересиң? — деп эне бактылуу боло айтып берди.

— Койчу, апа, ошондой дагы болчу беле?

— Болот, Умсунай тилимди алып, мени менен барса эле Айжамал өзүнөн-өзү кетмек, кыздарым томсорбой өзүмдүн жанымда болот эле.

— Ошондо дагы түшкө кирбей турган нерсе, апа, кантип эки аял бир үйдө жашасын? Өзүң ойлочу, Айжамал макул болсо демек анын бир ою бар, ал оңой эле макул боло коймок эмес, — деп Айнур апасына күлүп, карылыкка моюн сунуп бараткан экен деп ойлоп койду.

Суусаркан эки-үч күн кызыныкында жүрүп калды. Айнур апасынын тилин алып, базарларды кыдырып, Умсунайды издеген болду, бирок көзүнө көрүнбөдү. Темирбек экөө дагы бир топ жерди кыдырып карап, такыр таппады. Акыры тажаган Айнур апасына ачык айталбай күңк-мыңк этти.

— Айнур, деги менин неберелеримди таба тургансыңбы? — деди чыдай албай Суусаркан.

— Апа-а, Бишкекте канча базар бар, кай жагында жүргөнүн билбегенден кийин табыш кыйын экен. Аман-эсен чоңойо берсе табат да өздөрү, — деди Айнур.

— Бири-бириңе кайдыгер болбогула дебедим беле, кызым, Аби экөөң бири-бириңди сыйлай албасаңар, силерди башкалар сыйлайбы?

— Сыйлап эле жатам го, андан көрө ошол аялы менен жашай берсин тим кой, — деп апасына нааразылана сүйлөдү. — Карыганга катаал кайнене болуп калсаң керек, апа.

— Силер мени түшүнбөйт экенсиңер, эртең үйгө кетем, уулум түшүмө кирип жатат, барбасам болбойт, — деди эне кабатырлана.

— Жүрүп кет эми, мынча келгенден кийин, ал келиниң сен жок ээн-эркин жашай берсин, — деп күлдү Айнур. — Же тарбиялап жаткан убакыттан кечигип каласыңбы? Чынында Умсунай жеңем жакшы келин эле, табалбай жатпайбызбы? — Айнур апасына жылмая карады. — Кайраттуу кемпирсиң ээ, апа?

— Эмне, ошо чычкак келинден коркуп, бүрүшүп калайынбы? — Эне кызын ормойо карады. — Оюна койсо мага чай кайнаттырып ичкидей түрү бар, кирин жуудуруп коюп, уктап кана жатчудай. Жөн койсоң тим эле каныша болгусу келет.

— Ошондой бекен?

— Анын баарын эсинен учурдум. — Эне шыбырай сүйлөдү. — Мени карылар үйүнө таштамак ою бар экен ал шуркуянын.

— Койчу, апа, кантип эле?

— Ой, Абиге айтып жатканын өз эле кулагым менен уктум.

— Ошого акем макул боло коймок беле?

— Аның болбурап, Айжамалдын сөзүн эки кылгысы келбей турган сыяктанат, анан кайран өзүм ордуна коюп койдум, — деди кудуңдай Суусаркан эне.

— Акем дагы кызык го, эмнеге жакшынакай аялы, кыздары турса башка аял ала койду? Умсунайдын жооштугу да, ажырашпай эле аял алганы үчүн соттотуп иймек башка болсо, — деп эне-бала сүйлөшүп отурганда Темирбек кирди. Ал бети-колун жууп, анан үстөлгө келгенде:

— Ээ апа, Айжамалды бүгүн шаардан көрдүм, — деди эле эне чочуп кетти.

— Эмне дейт кокуй, ал качан келиптир?

— Машина менен кетип бараткам, светофордон токтоп турсам эл менен кошо өтүп кетти, унчуккан жокмун, жолум келип калды да, баары бир табалмак эмесмин.

— Кой, мени эртең эрте салгыла, үйдө бирдеме болсо керек. Капырай, ал шаарга кайдан келмек эле?..

— Окшоштуруп алган жоксуңбу? — деди Айнур.

— Кантип эле Айжамал жеңени тааныбай калайын?

— Бир эле жолу көрбөдүң беле?

— Баары бир тааныйм да, көрөсүң го ал айылдан баса бериптир!

— Өлүгүңдү көрөйүн десе, баламдын акчаларын алып кеткен жокпу ыя, андай немеден баарын күтүүгө болот.

— Кабатыр болбосоң, апа, Аби акем деле андай көк мээден эмес, ага алданып калгыдай, — деп Айнур кайра жумушуна алаксыды. Суусаркан ойлонуп калды. Эртеси эрте туруп, камынып алган апасын Айнур менен Темирбек автовокзалга алпарып, так#### салып, үйүнө чейин төлөп коюшту. Үйүнө келип, таксиден түшүп жаткан апасын Абсатар утурлай басып, баштыктарын көтөрүп, ичкери кирди.

— Кандай, балам, тынч турасыңарбы?

— Жакшы, Умсунайды таптыңбы?

— Кайдан, кай базарда иштегенин билбесем табалбайт экенмин да, — деди эне кейий. — Карылыкты карабайсыңбы, жашыраак болгонумда таап алып келмекмин, Айнурга дайындап келдим, изилдей жүргүлө деп катуу айттым.

— Шаар чоң да, апа.

— Ийи, эми аялың экөөңөрдүн табаңар гана канат чыгаар?

— Каяктан, Айжамал сен кеткендин эртеси эле кетип калыптыр…

— Ийи кокуй, каякка кетти?

— Кайдан билем, апасынан акча алган, — деп Абсатар баарын айтып берди.

— Ай балам ай, кудай берген турбайбы, ошонун кеткени жакшы болуптур, сен эми Умсунайды эле таап кел, кыздарды томсортпой өз колуңа ал, айланайын.

— Апа, эми ал келе койобу? — Абсатар жактыра бербей үңүрөйдү.

— Келет эле, Умсунай андай телтеңдеген эси жок келиндерден эмес, эстүү, акылдуу келин, арты-алдын ойлойт, — деп эне өз билгенин бербей жатты.

— Адегенде атасына барып көрбөйүнбү?

— Ой, анын алар менен иши деле жок экен, анысы өлүп калбаса болду, таштап кетип калышыптыр, жадашса керек да. Адамча жашаганды билбесе, бала-чакасын ойлобосо, кетишти да бечералар.

— Анан кантип табабыз, апа?

— Сен шаарга бар дагы гезитке бер, балам, ошондо табасың, Умсунай гезит-китепке жакын эле, окуп калгысы бардыр, — деди эне үмүттүү карап.

Айнурдун салып бергендери менен эне-бала чай ичип, божурашып отурушту. Күндө дал ушул көрүнүш кайталанат. Айнурдан кабар күтүп жатып, билинбей эле эки жыл өтүп кетти. Умсунайдан таптакыр кабар ала алышпады, Сагынбекти болсо балдары алып кетип, дарылатып, адам катарына кошмок болушканын угушту. Айжамал сойку болуп кеткен имиш деп эл ушак кылып жатышты. Умсунайдын дайын-дарегин билишпей маң болушту. Үчүнчү жылга карап калганда айылынан таксист болуп, шаарга каттап жүргөн Абсатардын бир досу көргөнүн айтып келди. Андан тактап сураганда:

— Мен аны Дордойдон көрдүм, бирок жолуга албадым, — деди Токтобек.

— Соода кылат окшойт анда ыя?

— Ошону билбей калдым, көрүп эле артынан чуркап, кыжылдаган элдин арасынан таппай калбадымбы, эми барсам карай жүрөйүн ээ?

— Ошентчи же сени менен барып, өзүм издесемби?

— Сен аны эмнеге кетирип жүрөсүң?

— Шайтанга азгырылдым, дос, кайдан билдим мен, адам өзү жакшы адам жаныңда экенин сезбей, аны башка жактан издейт экенбиз да. Мен дагы жакшы аял жанымда жүргөнүн билбей, аны Айжамалдан издеп жаңылбадымбы?

— Ырас айтасың, андан көрө жаман аялдардан айтсын.

— Эптеп таап алсам, экинчи жаман айтпайт элем, — деп Абсатар көңүлү чөгө сүйлөдү.

— Болуптур, дос, эми Умсунайды мен издеп таап келем, тааныштардан дагы сурайм, макулбу ыя? Кам санаба, сага жардам бербегенде кимге жардам бермек элем? — деп Токтобек бапылдап жатты.

— Эмки келгениңде дагы жолугам, эгер апам макул десе сени менен барып калышым мүмкүн, — деп коштошту Абсатар.

Айжамалдан кийин Абсатар келин-кесектер менен жүрсө дагы баягыдай сүңгүп кеткенин койду. Алтынай деген жалгыз бой, жакшынакай жаш келин бар эле, бир күнү аны тузакка илип, экөө бири-биринен бөлүнгүстөй болуп калышты. Жалжылдаган кара көздүү Алтынай бир күнү ага маселени кабыргасынан койду.

— Абсатар, сен экөөбүздү көргөн-билгендер качан үйлөнөсүңөр деп сурашса, эмне дээримди билбей калам, сенин кандай оюң бар?

— Эмнеге? — Абсатар макоолоно калды.

— Эмнеге дегениң кандай, мени сен эрмектеп эле жүрөсүңбү?

— Алтынай, сен экөөбүз башында эле ал жөнүндө сөз кылган эмеспиз, туурабы? Анын үстүнө менин эки кызым бар, аялым келсе кантебиз?

— Аялыңдан кийин дагы бир аял алыпсың го, балким аның кайра келбес.

— Кыздарым бар, аларды аябай жакшы көрөм, Алтынай.

— Анда экинчи мага сүйлөбө, эми биз мамилелеш боло албайбыз, — деп таарынып басып кетмек болгондо Абсатар колунан кармай калды.

— Эмне, көңүл ачкың келбейби?

— Кереги жок.

— Балким башка ойнош тапкандырсың?

— Сен ушундай белең, мен сени киши экен десе, — деп Алтынай ызалана ыйлап ийди. — Мен сага ишенгемин.

— Үйлөнөт деппи?

— Ооба, мен ойнош болуп эмес, турмушка чыгам деп ойлогом.

— Кечир, Алтынай, мен деле эмне кылаарымды билбей жүрөм, бир аз чыдасаң, — деп амалдана кетти Абсатар.

— Дагы канча чыдашым керек? — Алтынай көздөрүн жалжылдата карады, капкара каректери Абсатардын жүрөгүн өрттөп жибергенсиди. «Мен дагы жаңылып калып, карыган апамды кыйнап албасам болду, сүйлөшүп жүргөндө баары эле бирдей, анан эле кыялдары, тили чыга баштайт», — деп ойлоду. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, көпкө дейре келиндин көздөрүнө тигилип туруп, анан бооруна кыса кучактап, өпкүлөп жатты.

— Кам санаба, жаным, көздөрүңдөн сенин, өрттөп ийдиң көөдөнүмдү куйкалап, сөзсүз бирге болобуз, жаным…

— Алдабайсыңбы?

— Жо-ок, сени алдаганым өзүмдү алдаганым.

— Ишенсем болобу, элге уят кылып, таштап кетпейсиңби?

— Эч качан, жаным, эч качан алдабайм, бир аз чыдачы. Кел эми, чеччи көйнөгүңдү, алтыным, жан биргем, сенсиз кантип жашоомду элестетем, айтчы? — деп кучактап басып жыгылды.

Экөө ээн талаада көк шибердин үстүндө далайга чейин жуурулушуп, биринен-бири рахат ала чабалактап, бирде асманда каалгыса, бирде булуттарды аралап жүргөндөй махабат рахатынын даамын татып, акыры асманды тиктеп жатып калышты.

— Абсатар.

— Ийи, эмне болду, жаным?

— Сен аялыңды сүйүп алдың беле?

— Жок.

— Анан эмнеге келет деп күтүп жатасың?

— Кыздарым бар да.

— Аларды алып калсаң болбойбу?

— Бербейт го.

— Анда ал кыздары менен сени кармагысы келет тура.

— Андай деле эмес.

— Анан кандай?

— Ал келинин апам жакшы көрөт, а мен апамды жакшы көрөм.

— Сенин бактылуу болушуңду каалабайбы апаң?

— Апам мен үчүн, мен апам үчүн жалгызбыз да.

— Ал эмне дегениң?

— Мен апамдын жападан жалгыз баласымын, а апам карып калды, апамды карыган кезде капа кылгым келбейт.

— Түшүндүм, демек апаңдын сөзүнөн чыга албайт турбайсыңбы.

— Мен үчүн апамдын сөзү закондон да күчтүү.

— Канча жашта апаң?

— Жетимиш төрттө.

— Ылжырап эле калган го?

— Жо-ок, тескерисинче апам күлүү-күчтүү, колумдан келсе апамды жүзгө чыгарып, ошондо дагы кырчындай кылып алып жүрсөм дейм, ал менин төрүмдүн куту, Алтынай.

— Ой-ууй, анда болбойт…

— Эмне болбойт?

— Мен кемпирлерден корком.

— Эмнеге?

— Менин тийген күйөөмдүн чоң апасы бар болчу, ал аябай каардуу эле, төшөктө жатса да тили сүйлөп турчу. Күйөөм экөөбүз аны тосуп, тамак ичирип, кийимин которсок дагы мени жаман көрө берчү. Бир жолу күйөөмө: «Сен кайдагы немени алып алгансың, каралдым, мына бул жүзү жылма неме үйгө жакшылык алып келбейт, сен сулуулугуна азгырылба, жылдызына кара, мунуңдун таптакыр жылдызы жок тура, ушундайда кетир», — дебедиби. Мен эшиктен кирип келе жаткам, ошондон кийин ошол кемпирди көргүм келбей, өзүм эле кетип калгам…

— Күйөөң келген жокпу?

 

 

Уландысы бар…

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE