Ыймандын алты шартынын үчүнчүсү — Аллаху таала жиберген ки-тептерине ишенүү. Аллаху таала бул китептерди периштелер аркылуу
кээ бир пайгамбарлардын кулагына айтып, кээ бирине жазуу түрүндө
жеткирсе, кээ бирин периштесиз угузуу жолу менен түшүргөн. Бул китептердин бардыгы Аллаху тааланын сөзү. Абадий (түбөлүк, соңу жок)жана азалий (башталы жок) болгон сөздөрү жаратылган эмес. Алар периштелердин же болбосо пайгамбарлардын сөздөрү эмес. Аллаху тааланын сөзү биз сүйлөй турган, биз жаза турган сөздөргө окшобойт.
Ал тамгалар жана тыбыштардан турбайт. Аллаху тааланы жана Анын сыпаттарын адам баласы түшүнө албайт. Бирок, Анын сөзүн адамдар окуйт, эсте сактап, жазышат. Бул сөздөр биз менен бирге болуу жагынан жаратылган сыпатка ээ. Аллаху тааланын сөзү иретинде каралганда
түбөлүк болуп эсептелет.
Самавий китептер
Аллаху таала жиберген сухуфтардын саны жүз, ал эми китептери болсо төртөө.
Он сухуф — Адам алейхиссаламга,
Элүү сухуф — Шит алейхиссаламга,
Отуз сухуф — Идрис алейхиссаламга,
Он сухуф — Ибрахим алейхиссаламга жиберилген.
“Сухуф” барактын бир бети дегенди билдирбейт. Чакан китеп, рисала деген сөз.
Тоорат китеби Муса алейхиссаламга,
Забур китеби Давуд алейхиссаламга,
Инжил китеби Иса алейхиссаламга,
Курани карим Мухаммед (ﷺ) га жиберилген.
Адам бир нерсени айткысы же болбосо сурагысы келсе аны алгач ой элегинен өткөрөт. Адамдын оюндагы бул маанилер “калами нафсий” деп аталат. Аларга арабча, кыргызча же башка бир тилде деп айтылбайт.Ар түрдүү тилдерде айтылышы алардын маанисинин өзгөрүүсүнө себеп боло албайт. Ошол маанилерди сыртка чыгара турган, түшүндүрө турган сөздөр “калами лафзий” деп аталат. Калами лафзий түрдүү тилдерде айтылышы мүмкүн. Мындан калами нафсийдин калам ээсинин башка илим, ирада ж.б. сыяктуу сыпаттарындай карапайым, өзгөрбөй тур-
ган сыпаты экени түшүнүлөт. Ал эми калами лафзий калами нафсийди түшүндүрө турган, кулакка угула турган тамгалардын жыйынтыгы болуп эсептелет.
Аллаху тааланын сөзү токтобой турган, өчпөй турган, тозулбай турган Жараткандын заты менен бирге боло турган түбөлүк сөз. Ал тамга жана тыбыштан турбайт, өзгөрүшү, бөлчөктөнүүсү мүмкүн эмес. Каалаган тилде айтылат. Араб тилинде айтылса “Курани карим”, Ибраний тилинде айтылса — “Тоорат”, Суряний тилинде айтылса — “Забур”, Грек тилинде айтылса- “Инжил” деп атала турганын “Шарх-уль макасид”китеби билдирүүдө.
Калами илахий (Аллахтын сөзү) түрдүү нерселерди түшүндүрөт.
Кыссалар, б.а., окуялар тууралуу айтылса ал “кабар” болот. Же болбосо “инша” деп аталат. Аткарылуусу тийиш болгон нерселерди билдирсе “эмир” болот. Тыюуларды билдирсе “нахий” болот. Ушуну менен катар Калами илахийде эч кандай көбөйүү жана азайуу сыяктуу өзгөрүштөр
болбойт. Түшүрүлгөн китептер менен сахифалардын баары Аллаху тааланын калам сыпатынан пайда болот.
Аллаху таала жиберген сахифалар менен Тоорат, Забур, Инжил китептери ошол абалында сакталбай, адамдар тарабынан өзгөртүлгөн.
Азыркы кезде туура болгон сухуфтар, Тоорат, Забур, жана Инжил китеп-
тери калган эмес. Яхудилердин колдорундагы Тоорат менен христиандар
окуп жүргөн Инжил да адамдар тарабынан жазылган туундулар болуп саналат. Ушуну менен катар, ар бир доордо жыйналып турган поптор
консулунда да аларга өзгөртүүлөр киргизилип турган. Бири-бирине тап-
такыр кайчы келе турган Инжилдер да жазылган.
Курани карим ошол китептердин бардыгынын өкүмдөрүн жойгон. Курани каримден башка китепке, Мухаммед (ﷺ) дан башка пайгамбарга моюн сунуу туура эмес. Мусулман болуу үчүн Курани карим-
ге жана Мухаммед алейхиссаламга ишенүү шарт. Мусулмандар Аллаху таала жиберген бардык китептерге ишенип, аларды урматтайт. Бирок,Курани каримден башка өзгөртүлбөгөн китеп жок. Курани карим ошол
калыбында өзгөртүлбөс-төн ушул кезге чейин жеткен.
Курани карим
Курани карим мурунтан бар. Буга — “кадим” айтат. Кийин жаратылган эмес. Муну туура жолдогу ахли сүннөт аалымдары бир добуштан билдиришкен. Калами нафсий -Аллахтын сөзү, б.а., Аллаху тааланын Калам сыпаты дегенди билдирет. Калами лафзий да Аллахтын сөзү, бирок, бул Аллахтын сыпатынан эмес, жаратуусунан пайда болгон деген маанини
билдирет.Курани каримдин сөздөрү арабча. Ал эми, бул сөздөрдү кураштырган Аллаху таала. Адамдын ойлору эмес. Курани каримдеги арабча сөздөр Аллах тарабынан кураштырылып аяттар түрүндө иреттелип, Жабраил аттуу периште аны ошол сөздөр жана ариптер менен Пайгамбарыбызга (ﷺ)
окуган. Мухаммед алейхиссалам аны угуп, жаттап алып, дароо сахабаларына окуп берген. Аллаху таала Курани каримди арабдардын арасынан
Курайш уруусунун диалектикасында жиберген.
Курани карим алгачкы жолу Кадыр түнүндө түшө баштаган. Бул жыйырма үч жылга созулган. Ал эми, Тоорат, Инжил жана башка китептер жана сахифалардын бардыгы бир убакытта түшкөн. Курани карим Мухаммед алейхиссаламдын мужизаларынын эң чоңу жана ал адамдын сөзүнө окшобойт.Жабраил алейхиссалам жылына бир жолу келип, ошол убакытка чейин түшкөн Курани каримди лавхул махфуздагы (тагдырлар жазыла турган китептеги) ирети боюнча окучу. Пайгамбарыбыз (ﷺ) аны тыңдап,кайталачу. Ал кайтыш боло турган жылы эки жолу келип баарын окуду. Мухаммед алейхиссалам менен сахабалардын көпчүлүгү Курани каримди толугу менен жаттап алышкан эле. Кээ бирөөлөрү кээ бир жерлерин жаттап, көп бөлүгүн жазып алышкан эле. Мухаммед алейхиссалам дүйнөдөн өткөндөн кийин халифа Абу Бакр Сыддык (радиаллаху таала анх) аяттарды жатка билгендерди жыйнап, жазылгандарды чогултуп,
Зейд бин Сабит жетектеген кеңеште Курани каримди толугу менен кагаз бетине түшүрткөн. Ошентип, “Мусхаф” деп аталган китеп пайда болду.
Отуз үч миң сахаба бул мусхафтын ар бир тамгасын туура экендиги-
не бир добуштан күбөлүк беришкен. Үчүнчү халифа Осман (радиаллаху анх) хижраттын жыйырма бешинчи жылы сүрөлөргө бөлүп, мусхафтан алты көчүрмө жаздырып, Бахрейн, Шам, Мысыр, Багдад (Куфа), Йемен,
Мекке жана Мединага жиберди. Азыр бүткүл дүйнөдөгү мусхафтар ушул жетөөнөн көбөйтүлгөн. Алардын арасында бири-биринен эч айырмачылык жок.
Курани каримде 114 сүрө, 6236 аят бар. Аяттардын санынын өзгөртүлүп айтылуусунун себеби узун бир аяттын бир нече кыска аят деп көрсөтүлүүсүнөн, же бир нече кыска аяттын бир аят деп эсептелишинен, же болбосо сүрөлөрдүн башындагы “бисмиллах” сөзүнүн бөлөк аят деп эсептелинишен улам болгон.
Курани каримдин котормолору жана тафсири
Курани каримди эч бир тилге, жада калса, араб тилине да которулбайт. Курани каримдин маанисин түшүнүү үчүн анын котормосун окубаш керек. Аяттын маанисин түшүнүү деген сөз Аллаху тааланын ушул аятта эмне дегиси келгендигин түшүнүү дегенди билдирет. Бир аяттын
котормосун окуган адам Аллаху тааланын бул аяттагы максатын түшүнө
албайт. Которгон адамдын илим деңгээлине жараша жазган маанисин гана окуган болот.
Жахил (сабатсыз), динсиз адам жазган котормону
окуган киши Аллаху тааланын айткандарын эмес, котормочунун өзүнчө түшүндүм деп ойлогон өз акылындагы нерсени үйрөнөт.Курани карим — ахками илахий (Аллахтын өкүмдөрү) болуп эсептелет. Бул — Жараткандын белгилеген мыйзамдары дегенди билдирет.Аллаху таала Курани каримде кулдарына бакытка жетүүнүн жолдорун
көрсөткөн жана өзүнүн сөзүн адамдардын эң улуусуна жиберген. Курани каримдин маанисин бир гана Мухаммед (ﷺ) түшүнөт. Башка эч ким толук түшүнө албайт. Сахабалардын өздөрү араб тилдүү болушканына карабастан, кээ бир аяттардын маанисин түшүнө албай, аны Му хаммед алехиссаламдан сурашкан.
Хазрети Умар (радиаллаху анх) бир күнү бир жерден өтүп бара жатып пайгамбарыбыз Мухаммед алехиссаламдын Хазрети Абу Бакрга бир нерсени түшүндүрүп жатканын көрөт. Алардын жанына келип, угуп турат. Муну башка сахабалар да көргөнү менен, алардын жанына келип угуудан тартынышат. Алар эртеси күнү Хазрети Умардан сурашат:
“Эй, Умар! Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам) кечээ сизге эмнени түшүндүрүп берди эле? Бизге да айтыңыз, биз да билип алалы”. Анткени, Расулуллах: “Менден уккандарыңарды дин бир тууганыңарга да
айткыла. Бири- бириңерди кабардар кылгыла”,деген. Хазрети Умар (радиаллаху анх): “Кечээ Абу Бакр (радиаллаху анх) Курани каримден түшүнбөгөн бир аяттын маанисин сураптыр.Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ага түшүндүрүп берди. Мен дагы бир саат бою угуп турдум. Бирок, эч нерсе түшүнө алган жокмун”, — деп жооп берет. Себеби, Расулуллах аны Абу Бакрдын жогору даражасына ылайыктап
түшүндүрүп берген эле. Хазрети Умардын (радиаллаху анх) даражасы да жогору болчу. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз: “Мен — пайгамбарлардын эң акыркысымын. Менден кийин пайгамбар келбейт. Эгер менден кийин пайгамбар келгенде, Умар пайгамбар болоор эле”, — деген.Ошондой жогорку даражасына жана араб тилин өтө жакшы билүүсүнө карабастан Курани каримдин тафсирин дагы түшүнө албады. Жабраил алейхиссаламдын өзү да Курани каримдин маанисин Пайгамбарыбыздан (ﷺ)
сурачу. Абдулгани Наблусий “Хадика” китебинде: “Расулуллах (саллалаху алейхи васаллам) Курани каримдин толук тафсирин сахабаларына
түшүндүрүп берген. Бул тууралуу улуу Ислам аалымы Жалалиддин Суюти кабар берген”, — деп жазат.Кыскача айтканда Курани каримдин маанисин бир гана Мухаммед алейхиссалам түшүнгөн жана аны хадистер аркылуу түшүндүрүп берген. Курани каримге толук жана анык тафсир кылган адам — Мухаммед алейхиссалам. Эң туура тафсир китеби да — анын хадиси шарифтери,аларды эң жакшы түшүнгөн адамдар да — сахабалар. Ислам дининин
улуу аалымдары тынымсыз эмгектенишип, болгон күчтөрүн,өмүрлөрүн
ошол хадистерди жыйнап, тафсир китептерин жазууга арнашкан. Алар-
дын ичинен эң баалуусу — “Байдави” (“Энвар-ут-танзил”) (казы Абдуллах бин Умар Байдави, 1286-ж. Табризде кайтыш болгон) китеби. Ушул тафсир китептерин түшүнө алуу үчүн да көп жылдар окуп, эмгектенүү керек.
Ислам илими 20 бөлүмдөн турат. Алардын 80 тармагы бар. Алардын бири — тафсир илими. Ушул ар бир илим тармагынын өз аалымдары менен китептери бар. Бул 80 илим тармагын үйрөнгөндөр тафсирлерди түшүнүп, башка мусулмандарга түшүндүрүп берүү үчүн
миңдеген китептерди жазышкан. Түрк тилинде жазылган “Мавакиб”,
“Тибян” жана “Абуллайс” аттуу баалу тафсир китептери бар. Ислам
душмандары, бидатчылар Курани каримдин маанисин бурмалап бузуу
үчүн жаңылыш тафсир жана котормолорду жазууга аракет кылыш-
кан. Андай ууланган китептерди окугандар бидат оорусуна чалдыгат.
Курани каримди жана хадиси шарифтерди жаңылыш түшүнүү же ага шектенүү адамдын ыйманын кетирип, куфурга түшүп калуусуна себеп болот.Курани каримдин туура, акыйкат маанисин түшүнүнгүсү келген адам ахли сүннөт аалымдарынын “калам”, “фикх” жана “ахлак” китептерин окуусу керек. Ахли сүннөт аалымдары бул илимдерди асхабы кирамдан үйрөнүшкөн. Алар да Пайгамбарыбыздан (ﷺ) угуп үйрөнүшкөн.
Курани каримдин башка тилдердеги котормолору Куран деп эсептелбейт. Алар “Курани каримдин түшүндүрмөлөрү” деп аталат. Алар адис болгон, илимдүү мусулмандар тарабынан которулса, аны окууга болот. Бирок, аларды Куран деп окууга болбойт. Курандын мааниси деп окуса күнөө болот. Мусулмандар Курани каримди Аллаху таала кандай түшүргөн болсо ошол бойдон окууга тийиш. Маанисин түшүнбөй окуса да сооп болот. Ал эми, маанисин түшүнүп окуса, албетте, чоң сооп алган болот.
Курани карим латын же кирилл тамгалары менен жазылбашы керек.
Анткени, бул тамгалар Курани каримдин тыбыштарын дал өзүндөй кылып бере албайт. Ошол себептен мааниси да бузулат. Азыркы учурда
көптөгөн кишилердин ушундай жаңылыш котормолорду жана латын (кирилл) тамгаларында жазылган түшүнүксүз китептерди “Эне тилинде
Куран” деген жагымдуу ураан менен жаштарга сунуп жатышкандыгы
байкалат. Ушуларга алданып калбоо керек. Исламды үйрөнүүнү андай китептерден баштабаш керек. Курани каримдин котормолорунан динибиздин өкүмдөрүн үйрөнүү мүмкүн эмес. Динде хадис, ижма жана кыяс аркылуу чыгарылган өкүмдөр да кездешет. Бул төрт негиз “адилла-и шарийа” (Шарияттын далилдери ) деп аталат.
Курани каримдеги маалыматтар
“Мавдуат-ул улум” (Кемаледдин Мухаммед, 1623-ж. Стамбулда кайтыш болгон) китебинде: “Курани каримдеги маалыматтар үч бөлүмдөн турат.Аллаху таала маалыматтардын бир бөлүмүн эч бир кулуна билдирген эмес. Анын Өзүн, ысымдарын жана сыпаттарын Өзүнөн башка эч ким биле албайт.
Экинчи бөлүм бир гана Мухаммед (ﷺ) га билдирилген болуп, аны да улуу пайгамбарлар менен анын мурасчылары болгон расих аалымдардан башка эч ким түшүнө албайт.
Үчүнчү бөлүм Аллаху тааланын Мухаммед (ﷺ) көрсөтүп, аны үммөттөрүнө да үйрөтүүсүн буйрук кылган маалыматтар. Бул маалыматтар да экиге бөлүнөт.
Биринчиси, “кысас” жана “ахбар”.
Кысас- өткөн үммөттөрдүнн жагдайын билдирет.
Ахбар — бул дүйнө жана акыретте жараткан жана жарата турган нерселерин билдирүүчү илим.
Экинчиси, акыл, тажрыйба жана араб тили илимдери аркылуу үйрөнүлө
турган илимдер болуп эсептелет”, — деп билдирилген.
Курани каримди окуу
Мусулмандар өздөрүнүн ыйык китеби Курани каримди түп нуска түрүндө Аллаху тааладан сооп үмүт кылып окушат.
Пайгамбарыбыз ﷺ бир хадисинде: “Үммөтүмдүн
кылган ибадаттарынын эң жакшысы Курани каримди мусхафка
(китепке) карап окуу”, — деген. Хазрети Али айтат: “Намазда окулган Курандын ар бир тамгасы үчүн жүз сооп жазылат. Намаздын сыртында даарат менен окулса, ар бир тамгасы үчүн 25 сооп, дааратсыз(жаттаганда-рын) окуса он сооп жазылат. (Бирок, Курани каримди дааратсыз кармоого болбойт). Жүрүп бара жатып же иштеп жатып окула турган болсо, аз сооп жазылат. Маанисин түшүнүп, бир аят окуу — башка нерсени ойлоп отуруп Куранды баштан аяк окуудан артык”.Соңку кездерде карилердин Куранды музыкалык обон менен окуулары кездешип жатат. Бул — өтө чоң күнөө. Курани каримди Аллаху тааладан коркуп, муң менен окуу керек. Сүрө же аят окуганда “аъуузу”
менен баштоо — важиб. Башка сүрөлөрдү “бисмиллах” менен баштоо- сүннөт. Курани каримди тажвид эрежелерине ылайык окуу керек. Куранды башынан аягына чейин окуунун, б.а., хатим кылуунун сообу
өтө көп. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бир хадисинде мындай дейт: “Ибадаттардын эң жакшысы Курани каримди баштан аягына чейин окуп бүткөндөн кийин кайрадан баштоо”. Дагы башка хадиси шарифтерде: “Курани каримди тажвид менен окуган адамга шейиттин сообу берилет”, “Адамдын тыңдаган бир аяты кыяматта өзүнө нур болот”, “Куран окуган кезде Аллаху тааланын ыраазылыгын жана Бейишти тилегиле! Дүнүйөлүк нерселерди сурабагыла. Ушундай убакыт келет, ал убакытта карилер Курани каримди
адамдарга жакындоонун куралы кылып алышат”, “Курани каримди толук окуган (хатим кылгандын) адамдын дубасы кабыл
болот”, — деп айтылган.
Курани каримди китеп бетинен окуган кезде төмөндөкү жагдайларга
көңүл буруу керек:
1. Даарат менен окууга тийиш. (Азыркы учурда кээ бир дин адамдары:
“Курани каримди дааратсыз окууга болот”, — деп айтып жүрүшөт. Шай-
тандын өкүлдөрү болгон андай адамдарга алданып калбоо керек). Кыбыланы карап окуу керек.
2. Шашпай, маанисин түшүнүп окуу керек. Маанисин түшүнбөсө да
акырын окуу керек.
3. Ыйлап отуруп окуу керек.
4. Ар бир аяттын маанисин сезип окуу керек. Бул деген, азап аяттарын коркуу менен, рахмат аяттарын берилүү менен жана танзих(Аллахты жаман сыпаттардан алыс деп билүү) аяттарын тасбих (мактоо) менен окуу
дегенди билдирет.
5. Окууну “аъуузу-бисмиллах” менен баштоо керек.
6. Акырын добуш,тажвидге ылайык окуу керек.
7. Курани карим — Аллаху тааланын каламы, б.а., сөзү. Ушуну назарга тутуп окуу керек. Окуудан мурда Аллаху тааланын улуулугун эске алып, ойлонуу керек. Башка нерселерди ойлонбой, ар бир сөзгө маани берип окуу кажет.