Пример HTML-страницы

Алла тааланын даанышмандуулугу.

Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

«АЛЛА ТААЛАНЫН ДААНЫШМАНДУУЛУГУ»
Бир киши багына кирип: «Эмне үчүн кичинекей
өсүмдүктөн чоң дарбыз бышып жетилет да,
чоң курма дарагынан кичинекей курма бышып
жетилет?», деп өзүнө-өзү суроо берип таң
калып ойго батат. Курма дарагынын астында
ойлонуп ойунун түпкүрүнө жетпей отуруп
уктап кетет, бир кезде дарактан бир даана
курма башына түшөт. Чочуп ойгонуп караса
башына курма тийген болот, ошондо: «Чоң
даракка кичинекей мөмө байлаткан Аллага
мактоолор болсун, эгер дарбыз болгондо
кантмекмин?», деп Алла Тааланын ар-бир
нерсени даанышмандуулук менен
жараткандыгын түшүнөт.
Бир киши көчөдө баратып, коңузга көзү түшүп
калат да: «Алла Таала муну эмнеге жаратты
экен?, көрүнүшү начар, жыты да жагымсыз» –
деп таңыркайт. Арадан көп убакыт өтпөй эле
жанагы кишинин денесин жара басып кетет.
Көптөгөн дарыгерлерге барат, бирок эч
кимиси жарага эмне даары болорун билбей
коёт. Эң акырында бир дарыгерге барса:
«Сенин жараңа коңуз даары, тезинен таап кел»
дейт. Чуркап барып коңуз алып келет.
Дарыгер аны күйгүзүп, күлүн жаранын үстүнө
себет, Алла Таала ошону себеп кылып,
жарасы айыгат. Ошондо башына таш
тийгендей болгон киши минтип айтат:
«Жаныбарлардын ичинен эң начар деп
эсептеген коңузду, мага керектүү эң кымбат
даары кылып берген Алланын
даанышмандуулугунда чек жок. Адамдарды
жек көрүүдөн, кээ бир адамдарды кемсинтип
өзүңдү өйдө койуудан сактан! Күн келип
кемсинткен адамга күнүң түшүшү толук
мүмкүн»..
Абдишүкүр ажы Нарматов.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE