Пример HTML-страницы

Өмүргө жазылган төрт аял

https://kyrgyzcha.site/?p=18961&preview=true Кызыктуу окуялар.

ОМУРГО ЖАЗЫЛГАН ТОРТ АЯЛ.

 

 

Күн чайыттай ачык, жазгы шамалдын жагымдуу жыты бетти аймалайт… Шаар көркүнө көрк кошулуп, башын көтөрүп баш баккан чөптөр, айланага жашыл килем салгандай… Ак Буура баягысындай, канча адамдын тагдырына ортоктош болуп, күркүрөп агып жатат. Университеттин алдында студенттер, бири кирип, бири өз иши менен кээ бирлери топтолуп, жаштыктын демине батпай каткырыктары алыстан угулуп турат. Ошолордун арасында Мамасадык да төртүнчү курстун студенти өзүн алып жүрүшү, тыкан кийими, ар дайым таза, кара костюму, галстук тагып, сылык-сыпаа маданияттуулугу, кара кашы, коюу кирпигинин алдындагы кайнолудай кара көзү, кыздардын жүрөгүнө чок салып тиктеши, мындай жигитти кантип кыздар тиктебесин, окуу жайдын менмин деген кыздары да, тартынбагандары өздөрү келип сүйлөшүп, көз кырып салышып, кылыктанышат. Жигитке Жараткандын ушунчалык аябастан берилген эркектик жигиттик өң, чыныгы жүзүнө , келбетине ишенип, кыялданып, ого бетер кыздардын алдында көрүнгүсү келип, каадаланып калат.Көпчүлүк арасында дайыма, көзгө көрүнүп, өзгөчө бир мырза,Мамасадык гүлдөн гүл тандагандай, кыздан кыз тандап сүйлөшүп, өзүнөн бир курс жогору, жашы да, бир жаш улуу, декан агайдын кызы Айсулууга суктанып, сүйүп кыз жигит болуп сүйлөшүп калышты. Жашы эмне, сүйүү жашка карайбы, мага жагат, мен Айсулууга жагам деген бекем ойдо, айылда чоңойгон, ата-энеси карапайым адамдар, кичине мал жан менен дыйканчылык кылып тиричилик кылышат. Бир жагы өзүнүн карапайым үй бүлөдөн экендигине тартынса, бир жагынан университеттин деканынын күйөө баласы болсо, оюнда келечекте, окуу жайга мугалим болуп ишке орношуп калуусу жөн эле мындай турган кеп эмеспи…

 

Айсулуу окуу жайда, эң жакшы окуган, алдыңкы студентка,менменсинген кыздардын бири, коомдук иш чараларга, ар түрдүү сынактарга катышып, университетте көзгө көрүнүп калган. Кыйын кызды, кыйын жигит гана багындырып, Мамасадык менен Айсулуунун сүйүү мамилеси жаштар арасында кеп болуп келет. Жашы чоң болсо, эмне? Экөөнү, эки адамдын башы бириксе эле, ушул сөздөр, көрө жатарбыз, балким, жөн эле сүйлөшүп жатышкандыр, олуттуу деле эместир, жашчылыкта кимдер гана сүйлөшпөгөн,ар түрдүү божомолдоо кептер…

 

Мамасадык сабакты да жакшы окуйт, мугалимдер менен, тентуштары, тааныштары баарына жакшы мамиле кылгандыктан, өзүнчө эле бир, авторитет… Жолуккан адамга, бир эле учурашуусунда, жакшы таасирин калтыра турган, сапаты бар. Сабактан чыгып, Айсулуу менен жолукпаса, көз көрүп, көңүл тоюп, каалашынча карек кадап, моокумун кандырып, тиктеп албаса, ошол күнү, күнгө окшобойт эле.

 

Экөө дайыма, паркка барып жолугушат. Айсулуу да, Мамасадыкты бир көрбөсө тура албай, дегдеп калат. Жигиттин куюнган атыры, келишкен кийими, кен далысы, узун боюн элестетип, сагынып кетет.

 

Күндө келчү орундукка отуруп, аркы теркини сүйлөшүп отуруп, Мамасадык :

 

—Айсулуу, билесиңби… Мен сенсиз, жашоону элестете албайм, азыр бирге болуп, кайра коштошуп, жөнөөрүмдө эле, сагынып кетем, кел кыйналбай баш кошолу… Минтип жүрүшүбүз, экөөбүзгө тең кыйын. Же сен мени, сагынбайсыңбы, ээ?

 

—Мени сагынбайт, сүйө албайт дейсиңби? Сага турмушка чыгышыма, үйдөгүлөр эмне дейт экен, аларга айтып көрөйүн….

 

–––Биз бактылуу болобуз! Айсулуу, сен менин гана бактымсың!

 

 

——Бир нерсе, айтып коёюн, айылына барып, жашабайм, мен шаарда чоңойгонмун, айылдын турмушуна көнө албаймын.

—Айсулуу, мен үйдө калчуу кичине баламын, мейли, азыр болбосо да, кийинираак айылда жашайбыз… Айылдын жашоосуна көнөсүң акыры, мени чын сүйсөң, азырынча шаарда жашайбыз, мейли..

 

— — — Болду эми, мен кеттим, көп отурдук. Бүгүнкүгө жетээр, жакшы жүр, көрүшкөнчө.

Айсулуу ордунан турду, Мамасадык карегин албай кыздан кадалып тиктеп, жал- жалын кетиргиси жок, кыйылып турду. Качан өзүмдүк болоор экенсиң, дайыма жанымда, турмуштун туткасын бир кармап, бир жашоону өткөрөөр күн тезирээк келсе экен. Жан дүйнөсүндө ушуларды ойлоду.

 

Жолугушуусу Ак Бууранын боюндагы сейил багы, сабактан кийин, кээ күнү Айсулуу келбей калат,кээде күтүп — күтүп жол карап кетет. Ошентсе да, кыз үчүн баарына даяр.

 

Колдорунда кол телефон жок мезгил, кээ бир адамдардын үйүндө гана болбосо, көпчүлүк үйлөрдө жок, мамлекеттик мекеме — ишкана- ларда гана бар.

 

Айсулуу үйгө келип, апасына :

——Апа, мен турмушка чыгайын деп жатам. Апасы токто, Анар эже кызын бир тиктеп алып, башындагы жоолугун оңдоп салынып, абдан тигилип, мээрим менен карап, кызынын олуттуу маселе айтып жатканына, таң калып:

–––Иии, жакшы, ал ким экен? Сенин колуңду сураган? Ата-теги, кайсы жерден, кандай тарбия да, чөйрөдө чоңойгон?

–––Аты, Мамасадык, менден бир жаш кичүү, университетте окуйт, азырынча студент. Ошо…

—Дагы,ал жөнүндө, эмнени билесиң?Ата-теги, кандай адамдар, жашоосу ал-абалы?

——Апа, билгеним, ал мени жакшы көрөт, мен аны жакшы көрөм.

 

——Турмуш, сен ойлогондой оңой эмес, турмуш татаал, толук ал жөнүндө билбей туруп, кантип турмушка чыгасың? Эртеге көз жашыңды көл кылып, келбегин, дагы өзүңдөн кичине, андан башка адам жок бекен? Анар эже, Айсулуунун айтканына энелик жүрөгү макул болбой, негедир жан дүйнөсү кабыл албай турду. Ойлон, шашылба, атаң келсин айтайын акырын, эгерде атаң каршы болсо, эч кандай кепти экинчи козгобогун!

—-Апа, ал айылда чоңойгон, ата-энеси айылда турат, мен айттым айылга мен көнө албаймын, шаарда жашайбыз деп, ал мен үчүн баарына даяр.

 

 

———Сен али, эч нерсени билбейсиң, жашоонун өйдө — ылдыйын түшүнбөйсүң!

 

—Билем, апа, калганын турмуш өзү үйрөтүп, бышырат. Сиздин алдыңызга, көз жашымды төгүп келбесем, болдубу?

___Бактыңды тилейм, бактылуу бол, эки дүйнө!

 

Эшик ачылып, атасы Латип кирип келди. Аялы Анар эже, ордунан туруп колундагы, дипломат сумкасын алып, чечкен плащын илгичке илип, конок күткөндөй күтүп алды. Күндө ушинтип, тосуп алат.

___Келдинизби, чарчабай, ата? Айсулуу атасына бир карап, жылмайып алды.

 

—-Келдим, кызым, өзүң кандай баары ойдогудайбы?

 

—Ооба, жакшы. Мен сабак карайын. Айсулуу өз бөлмөсүнө кирип кетти.

 

Чай үстүндө, Анар эже сөз баштады:

—Жаңылык, бар.

—Коош, кандай жаңылык. Жакшы болсо айт, угайын.

-—–Айсулуу да, чоңоюп калды, акыркы курс, быйыл бүтөт. Сүйлөшүп жүргөн жигити бар экен, бирок, өзүнөн бир жаш кичүү, Мамасадык дейт, экөөнүн мамилеси олуттуу окшойт . Айылдык жигит, айылда чоңойгон бала болсо, кантип турмушка чыгасың деп айтсам, көнбөдү…

 

—-Жакшы кабар, кыз сактаганча, туз сакта деген, кеп бар. Айылдык болсо, эмне экен? Мен да айылда чоңойгонмун, айылда өскөнмүн. Эмнеси жаман, негизгиси, кызым бактылуу болсо болду, кеп ушунда… Тарбиясы, ыйманы болсо, турмушу жакшы , эгер өзү ушул жолду, тандаса мейли, мен ал студент болсо, оңой эле маалымат алам, өзүн чакырып, сүйлөшүп да көрөм.

 

Кечки чай үстүндө ушу сөздөр айтылып, көпкө отурушту.

 

Эртеси күнү Латип окуу жайда өз иштерин бүткөндөн кийин, жардамчысы жаш орун басарына Сталбекке, Мамасадык аттуу жигитти чакыр, сүйлөшө турган кеп бар, деп айтты. Латип окуу жайда өз ордун тапкан, абройлуу декан, агартуу тармагында бир топ эмгектери бар, адамгерчилиги, мамилеси жакшы болгондуктан баары сыйлашат. Студенттер да агайды урматтап турушат.

Латип ойлонуп, терезени карап креслодо отурганда эшик тыкылдады. Латип :

——Кир уруксат, кире бер!

——Уруксатпы? Ыңгайсызданып, бир аз калтыраган үн менен Мамасадык кирип келди.

—Коош, кел!

——Саламатсызбы, агай! Чакыртыпсыз…

__Чакырттым. Өзүң жөнүндө сүйлө, жакындан билгим келди, сен жөнүндө!

—Агай, биз Айсулуу экөөбүз сүйлөшүп жүрөбүз,

көптөн бери, мамилебиз жакшы уруксат берсеңиз, кызыңыздын колун сураймын… Бул сөздөрдү айтып, тердеп кетти, ичи ыссып, оозунан от чыккандай, деми кысылды. Кантсе да, ичиндеги оюн айтып алды.

—-Кызым, сенден бир жаш улуу, досторуңдун алдында, адамдардын арасында өзүңдөн чоң аял алыпсың, деген сөз болсо, турмушта ар кандай кырдаал болсо, дайыма колдойсуңбу?

—-Жоок, мен андайга жол бербейм, мен Айсулууну капа кылбайм.

Латип көздөрүн албай, тик карап көпкө тиктеди,мугалим адам психолог болот эмеспи, Мамасадык бул көз караштан, денеси чымырап, тезирээк ушул сүйлөшүү бүтсө экен деп, жалтактап уялып, болочок кайынатанын алдында туруу оңойго турбады.

Ким билет, көздөрү ойноп турат, сүйлөгөн сөздөрү ордунда, кийими турушу жөнөкөй эмес, сөөлөт күтүп маданияттуу, университетке алып калса болчудай, башында бирдеме бар, ишти алып кетчүдөй, баары жакшы, бирок, мага окшоп, аял жандуудай көрүнөт,бул ойлор Латиптин жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды.

— — — — Ата-энен кайда, турушат? Эмне иш кылышат?

——Айылда турушат, ата-энем жөнөкөй адамдар, дыйканчылык жана кичине мал — жан бар, жайында жайлоого чыгышат.

—-Иии, жакшы. Окууну бүткөндөн кийин, кандай максаттарың бар.

—-Аспирантурага, тапшырсамбы деген оюм бар, окууму улантып, шаарда калып иштесемби деп жүрөм…

——Максатың жакшы…

——Агай, туура эмес, орунсуз сүйлөсөм кечириңиз, бизге чын жүрөктөн ыраазычылык бериңиз, Айсулууну бактылуу кылам деп, убада берем.Демин тартып, жакшы жооп күтүп, баягыдай калтырагы, тартынгандыгы жоголгонсуп, ток этер кебин айтканга, шерденип турду. Бир аз болсо да, агай макул болгондой, теше тиктебей, жөн гана:

–Бара бер, бошсуң! Дайыма буйрук берип жүргөнгө көнүп калган, адатка айланган сөзүн айтты.

––Ох. Акырын эшикти жаап, бир оор экзамен тапшырып чыккандай, Мамасадык кең коридордо өзүн түз алып, сыртты көздөй басты.

Латип эрке кызынын бул бала менен бактылуу болушуна, бирде ынанып, бирде көңүлү көнбөй, шашылыш жок, караштырып дагы жакшыраак билүү керек, жолун таппай калган маңыроо эмес, эптей турган элпек эле көрүнөт.Бирок,мүнөзү жеңил, эркек деген оор басырык, турмушка олуттуу мамиле кылганы эле дурус болмок.

 

 

Анар эже, кечки тамагын жасап, күйөөсүнүн келер убагында, дасторконун жайып, майрамдагыдай күтүп алды. Латип да, аялынын ушундай мамилесине, ичинен ыраазы

болуп кетет, бирок сыртынан рахмат деп, эч айта элек.

Дасторконго бата кылынып, бүткөндөн кийин, Латип аста сөз баштады:

—-Анар, кечээги сен айткан бала менен сүйлөштүм. Жакшы эле баладай көрүнөт. Келечеги бардай , өзүн алып жүрүүсү, айткан сөзү орундуу, бирок жеңил- желпидей, оор басырык эмес.

——Анда, сизге окшош экен да!?

——Койчу, мен оор басырыктуумун, жеңил- желпи болгудай сепелек эмесмин, баары ордунда, ишим, үй — бүлөм ойдогудай, кудайга шүгүр…

—-Эми токтондуңуз, бир жыл болду, нысап ыйман берсин, болбосо үйгө конбой, кыз жандап, канча ыйлаттыңыз, балдарга көзүмдүн жашын көргөзбөй, атаң жакшы деп, очогумду бузбадым, кызым да сиздей күйөөгө туш келбесин дейм.

——Койчу, сага бирдеме деп жатамбы, башка нерсени сүйлөсө, башынан кайталаган адатыңды кармайсың! Бир аз ачуусу келип, күнөөсүн мойнуна алып, жумшара түштү.

——Айсулуу, турмуштун кыйынчылыгын билбей чоңойду, али башынан ыссык — суук өтпөгөн, эмнени билет эле. Анар эже энелик жүрөгүндө Айсулууну аяп, турмуштун мыйзамына баш ийсе да, ичинен кызын дале кичине сезип, боорунан алыска кетиргиси, турмушка чыгаргысы жок.

 

*** ***

 

Эки жаштын тилеги аткарылып, ата — энелердин макулдугу менен баш кошушту. Айсулуу той көйнөктү кийип турса, периштедей сулуу, адамдын көзү тойбой тиктеп, суктанып тура бергидей адеми, ак куудай моюну койкоюп, баары өзүнө жарашып турду. Кандай жакшы той, жакындардын жакшы каалоо — тилектери көңүл кушун көкөлөтөт. Мамасадык да, өмүрүндө мынчалык кубанбаган, жүрөгү алып учуп, жерде эмес абада калкып, дегдеп сезими сөз менен жеткире алгыс, бактылуу эле. Эки жактын жакындары, көңүлү жакшылар баары топтолуп, тойдун шаңы башкача, айрыкча Мамасадыктын ата-энесинин кубанычында чек жок. Атасы Малик карыянын, апасы Салима апанын кенже көкүрөк күчүгү минтип, бүлөө күтүп жатса, кантип кубанбасын. Кудалар бир аз тең болбой, айылдык шаардык болуп, эки арым болуп, бөлүнүп турду эле, той кызыганда аралашып калышты.

 

Убакыт деген, убакыт, көптөн күткөн той да аяктап, баары таркады. Жаңы жубайлардын биринчи түнү, биринчи жашоого бирге жуурулушу, ааламда экөө бир бүтүнгө айланган, адамзат башынан өтчү, эстен кеткис, өмүрдүн жакшы күндөрүн эстечү керемет түн. Мамасадыктын көздөрү Айсулууга карагандан тойбойт:

——Келчи, жаным, кучагыман чыгарбай тамырыма тамырым, жаныма жаным, денеме денем бириксе да, сенден кумарым канбай, тойбой жатам, кандай жыргалсың, ээ!

——Койчу, кыялданып, кетесиң да. Мамасадык, айтчы өмүрүбүздүн аягына чейин ушинтип, жакшы көрүп өтөсүңбү?

——Албетте, жаным, өлгөнгө чейин, жакшы көрөм.

—-Ишенейинби?Айсулуу чоң көздөрүн бакырайтты. Мамасадык Айсулуунун көздөрүнөн өптү. Кайрадан кучакташып, демдерине деми батпай, сүйүүнүн көлүндө чабалакташып, сүзүп жатышты.

 

 

Малик карыя менен Салима апа эки жаштын шаарда калышына макул болушуп, азырынча өз тиричиликти кылдыратканга ал-күчүбүз жетет, мейли окууларын бүтүрүп алышсын, кийинираак айылга барышар деп, ак тилектен баталарын берип, айылда кала беришти.

 

Мамасадык менен Айсулуу жаңы жашоосу кызуу башталды. Ээрчишип окуу жайга барышат, кай жерде болбосун бирге, бойлоруна бойлору кыналып, адам суктанарлык. Айсулуунун апасы Анар эже да, көңүлү жылып, колдон келген жардамын аябай, тамак — аштан, продуктадан камсыз кылып, жаш убактылуу көтөрмөлөп турайын, анан өздөрүн эптеп кетишет,деп коёт.

 

Күндөр өтүп жатты, арадан беш жыл зымырады, бул учурда Айсулуу менен Мамасадык бир уул бир кыздуу болушту, кайынатасынын жардамы менен университетке мугалим болуп, аспирантурасын да аяктады. Көп кыздар бар жерде, эркек бузулат болуп, Мамасадыктын ойноок көзү токтоло элек. Айсулуу эки баласы менен иштебей үйдө, балдарын карайт, үй иштери мурункудай ынак сүйүү балдарына өтүп, балдарына мээримдүү апа болуп, аларга жан алы калбайт. Тамакты даамдуу жасайт, Анар апанын тарбиясы, эрке болсо да, дээринде бар экен, турмушту жүдөбөй алып кетти.

 

Мамасадык студенттерге сабак өтөт, жогорку курстарга киргенде, кыздар башкача көз карашта кабыл алышып, сабагы ушунчалык көңүлдүү эргүү менен өтүп чыгат.

Анткени ошол сулуулардын арасында Жанара аттуу сулуу, эң жакшы окуган, алдыңкы, жүрөккө өрт койгон кыз бар эле. Агайдын сабагы Жанара үчүн башкача, өзүн жоготуп, магдырап тиктеп, агайынын сабагы эмес, өзү жагып дал болуп эсин жоготот. Үй- бүлөөлү экендигин билсе дагы, ойгонсо оюнан, уктаса түшүнөн кетпей турган болду. Сүйүүнүн көзү сокур, Жанара деп артынан суусаган канча бала жүрөт, бирок жүрөгү бир гана Мамасадык агайын гана деп, согуп турат. Кыздын кылгырып тиктешин, сабакта ар дайым жооп берип, башкача абалда болгонун, кантип агайы сезбей койсун. Сүйүү курусун, мен Айсулуудан башканы сүйбөйм дегенмин, балдарым бар, бул эмнеси эстебейин десем да, Жанара оюмдан чыкпайт, деген ортодогу кысталыш чырмалган ойлордо калды. Мамасадыктын өзгөргөнүн байкаган Айсулуу :

——Сага эмне болду, ишиңде бирдеме болуп жатабы? Же бир жериң ооруп турабы, түшүндүрүп айтчы?

——Иии, эмнеге? Тынчылык…. Иштерим жакшы…

——Жоок, бирдеме болгондой ойлоносуң, сага түшүнбөй турам.

——Койчу, чарчадым… Бирдемелерди айтып башты оорута бербечи, оюңу түз кыл.

——Тынч болсоң болду да….

 

Мурдагыдай жабышып, эркелетпей тескери карап жатып алды, бул көрүнүш кыйладан бери ушундай, болбосо бир жолу да, жөн калбай, балдар уктай элек дегенине болбой, жармашып чыкпай калчуу эле.

 

Айсулуу уктай албай, ары оодарылып, бери оодарылып ою оңго, санаасы санга бөлүнүп бир убакта уйкуга кетти.

Мамасадык ойлорун, акыл-эсин жыйып, үй — бүлөсүнө көңүл буруп, эч кимге азгырылбайм деген ниетте болуп,балдарына мээримин берип, мотураңдаган балдары чоңу Клара, кичинеси Максат бал тилдери сүйлөгөндө, атасынын чарчоосун басып, таш жүрөктү да ээритет.

Балдарын колуна алып, жыттап — жыттап алат.

Айсулуу да, көңүлү жайланып иштен чарчап келсе, өзүмчө ашыкча кепти айтып, нерви чарчап турса, майдалана бербейин деп, бир аз жан дүйнөсү жай алып калды.

 

Жанара агайынын сабагын күтөт, эгерде сабагы болбогон күнү окуу жайда акмалап, Мамасадыкты издеп, алыстан болсо да бир тиктеп, көрүп койсом көңүл ток, жүрөк деген жалын чок деп, күйүп жанганын токтото албай, коёрго жаны калбай дегдегенден дегдейт. Классташ балдары, окуу жайда окуган сөз салган жигиттер, бири да көзүнө көрүнбөй, өзүнөн он жаш улуу, эки балалуу, сулуу аялы бар, агайын сүйүү акылга, адамдык сапатка, негизи такыр туура эмес экендигин билсе дагы, өзүн башкара албай, жүрөгүнүн каалоосу кыйнады. Агайынын баскан, турганы, сүйлөгөнү, айрыкча кара коюу көздөрү тиктегенде Жанаранын бүт ааламы, башкача алып учат, ошол көздөрдү өмүр бою тиктегиси келет, көздөрүнүн карегине арбалып, мындай карашты, мындай элжирөөнү эч кимден күтпөйт, жок деп ойлойт. Агайы үчүн баарына даяр, дүйнөнүн аркы тарабына бааруудан да, кайтпас эле. Бул оюн бирөөгө айтпаса, өзүнүн сүйүү огуна өзү жарылып калчуудай, аргасы калбай калды. Достору менен да, сыр чечишкенди туура көрбөдү, алар сыртынан билип бүтүштү. Алтынчы күнү айылга апасына барып, төгүлүп айткысы келди, азыр эле жөнөгүсү келди, өзүнө өзү чыда, бүгүн бешинчи күн, эртеге деп, сооротту.

 

Айыл көчөдө балдар, топурап сабактан кайтышкан, бири сүйлөсө макул көрүшүп, баары каткырып бара жатышты. Балдарды көрүп Жанара, кандай жакшы окуучулук күндөр убагында кадырын-баркын билбейт экенбиз, деген ойлор менен үйүнө да кирип келди. Апасы короодо тоокторуна жем берип жатыптыр, Жанара апасына :

——Аппоов! Апа! Мен келдим!

——Кел, кызым, айланып, сага тегеренейин, алтыным. Эне бала кучакташып, көкүлүнөн жыттап бир аз турду да, кир үйгө, мен колу башымды жууп, даарат алып кирем асыр намазы болуп калды—деди.

 

Жанара үйгө кирип, атасын издеди агалары бөлүнгөн, үйлөрү жакын эң кичине агасы шаарда турушат, жеңеси айылга барбайм дегенинен, бөлүнгөн эки агаларынын аялдары, женелери келип-кетип турушат, кабар алып, балдарын ээрчитип келишет.

Жанара кийимин которуп, апасы Айкан эженин мойнуна асылып, кичинесиндегидей бир эркелеп алды. Айкан эже:

——Эркетайым, сулуум менин, кандай окууларың жакшыбы, тамак — аштан кыйналбадыңбы?

——Баары жакшы, апа…

——Кана, бирдеме айткың келип турат, садага кетейин, айт. Дасторконун жазып, тойдон алып келген шириндиктерин топтоп, катып жүргөндөрүн баарын жайнатып коюп, ыссык чайга наватты салып, кызына сунду. Жанара апасына кантип айтып баштаарын билбей:

——Апа, бирдеме айта албай жатканымды кайдан билесиз, менин оюмду айттырбай, окуйсуз ээ? Жылмайып күлдү, Жанара.

——Кызым, кантип билбей коёюн, өзүң эле билдирип коёсун да…

—-Апа… Мен бирөөнү жакшы көрүп калдым.

——Ким экен? Мен тааныймынбы? Кимдин баласы?

——Апа, аны тааныбайсыз, ал мени окуткан агайым болот.

——Иии, үйлөнбөгөн бойдокпу?

——Жок, апа, үй — бүлөсү, сулуу аялы, эки баласы бар.

——Бетиим, кантет, эси жок, эсиң менен бол, атаңдын пейилин билесиң, эл караган бетимди, жер каратпа , эсиң барда, этегиңди жап кызым. Же агайың, сага тийишип койдубу, бирдеме дедиби, апасынын жүзү купкуу болуп кетти.

——Апа, агайым эч нерсе деген жок, ал менин жакшы көрөөрүмдү билеби-билбейби, мен үчүн белгисиз.

——Анан, өзүң жармашып жатасыңбы, мен сени кандай үмүт менен чоңойттук, атаң экөөбүз, агаларыңы көрүп жатасың, эми кыз болуп туруп, эмнелерди сүйлөп жатасың. Мен атаңы бир көрбөй туруп эле, турмушка чыкканмын, бактылуу жашап жатабыз. Кайдагыны айтпа, эркек балдарым да минтип, сүйдүм деп айткан эмес, ушу сенин айтканын менен болуп жүрүп, ашыкча эркетай кылып алдыкпы, өжөр көктүгүндү мына мен көтөрөм… Ойлон, үй — бүлөсүн бузуп, бирөөнү ыйлатып-сыздатып, бактылуу жашайм деп ойлобо, арканды узун таштап,башкаларды да ойло, же сен эр албай койгудай, акылы кем, түрү суук, ыраңы жок, кыз белең, аа?

——Апаа, апоов, мени сиз түшүнүп коюңчу, кичине болсо да, сиз айткандардын баарын билбейт дейсизби, баарын ойлонсом да, жүрөгүм болбой жатпайбы… Айтканга оңой, бирок өзүмдү колго ала албай жатам.

 

—Жогору жактагы, Каныш аешэнең баласы Нурбекке бересиң деп келиптир, атаңа да, аяш атаң айтып жүрөт, көптөн бери, тооба кылдым, эч ким укпасын, менден башка, мындай сөздөрдү укпайын, Жанара!

——Апа, менин бактылуу болушумду каалайсызбы, же буюм катары ким сураса бере бересиздерби, менин оюм менен эсептешпей, мен дагы көңүл сүйгөн менен бактылуу болом да, апоов…

——Ойлончу, айланайын, анын үй — бүлөсү турса, балдары болсо, аялы аларды таштап студенттин алат беле, кичине башыңды иштетчи, акыл-эсиң ордундабы ?!

—Апа, акыл-эсти , ошол агайым алып койду, мен деле мындай кыйналышымы каалабайм, бирок көңүл деген кыйнады, мени туура түшүнүп коюңчу, апа сиз сүйүп көрдүңүз беле?

——Алла-кудай ай, мени эмне кыласың, кеп сен жөнүндө болуп жатпайбы?

——Эгер бирөөнү, сүйүп көрбөсөңүз мени түшүнбөйсүз… Жанара чайын ичкени менен каякка кеткенин билбеди, жеген — ичкени ашказанга кеттиби, же ичкенин да, тойгонун да билбей, бата кылып, дасторконду жыйнаштырып баштады.

 

Айкан эже намазын окуп, кызынын ыйманы, бактылуу болушун, Кудайдан тилеп жалынып, жалбарып бата кылды. Апа байкуш, өжөр кызын ар түрдүү айтып, оюнан кайтара албай, жатканына, жаштык кылып, бармагын тиштеп, өкүнүп калбасын деп, кыжыл болуп калды.

Өзүн эстеди, жаштыгында мындай сүйдүм — күйдүм деп, энтикпей эле күйөөгө чыкканын, ээ кыз бала да, энесин тартпай калат экен да, деген ойлор менен алпурушуп, бир жагы кызын аяды.

 

Ата-энесине сагынычы тарап, кайра окуусуна дүйшөмбү күнү эрте менен чыгып, сабакка жетишип кирип келди. Апасынын айткан кеби менен болоюн деп, өзүн кармаса дагы болбогон, баягы жүрөк дүкүлдөп ойлогонун бербейт.

 

Мамасадык сабагын өтүп жатты, Жанаранын сүйүүнүн учкун чачыраган, от көздөрүнө кареги кадалып, бул эмне деген тиктешүү, көңүл бурбайын десем да, арбайсын, канчалык карабайын десем да койбойсун, балким кыз дагы кыйналып жаткандыр, сөздөрү жок, көздөрү сүйлөшүп, ойлору ар кайсыны башын катырат. Сабак бүткөндө, кошумча тапшырма берди, реферат толтуруп келгиле, өтүлгөн темалар боюнча, экзаменде эске аламын, деп сабагын жыйынтыктап чыгып кетти. Жанара Мамасадыктын сабагы бүтпөй, убакыт өтпөй калышын тилейт.

 

Жанара жатаканага келип, реферат жазууга киришти, өтүлгөн теманы тандабай эле, өзү жөнүндө, каттуу сүйүп калганын, махабат оорусун сизден жугуздум, дарысы бир гана «Сиз» деп жазды.

… мени ойлоп жүрбөңүз, жеңил — желпи, акылы тайкы экен деп, өзүмө жараша акылым, адебим, ыйманым бар, агай. Сиздин үй — бүлөөңүз, бир кыз, бир уулдун атасы экениңизди да, аялыңыз ашкан сулуу, абройлуу агайдын күйөө баласы болгонуңузду да билем…Бирок, баарын ойлоп, сиздин эч нерседен кем эмес, бүтүн жүрөгүңүз, сиз жөнүндө ойлонгон, кыйналган кыздын жүрөгүн түшүнүп коё алар бекен. Өтүп кетет, убактылуу деп ойлосоңуз, жаңылышасыз… Келечегим, сиз менен болушун каалайм, сиз менен гана бактылуу боло аламын деп ишенемин…

 

Ар бир сабагыңыз мен үчүн майрам, эмнелерди түшүндүрүп, жатканыңыз кулагыма кирбейт, бирок адамгерчилигиңиз, кыймылыңыз, айткан кебиңиз, баскан кадамыңыз, күлгөнүңүз баары жагат, сизди гана тиктеп отура берем. Мени күнөөлөбөңүз, үстүмдөн күлбөңүз, баарибир мен сизди, жакшы көрөмүн…

 

Жанара.

 

Ушул катты жазды да, делонун сыртын чоң тамгалар менен «РЕФЕРАТ» деп жазды да, агайынын жана өзүнүн аты жөнүн жазып, кыйла көңүл чери жазылып, туура кылдымбы, же туура эмес иш жасап жатамбы, кандай болсо, ошондой болсун, ушу жазганымы беремин деген ойго келди…

 

Сабак учурунда жазып келген, жакшы окуган студенттер рефераттарын бере баштады, Жанара бере албады. Колдору калтырап, титирек басты. Сабак бүтүп, Мамасадык эшикке чыгып бара жатканда, Жанара артынан чуркап келип:

¯——Агай, бул тапшырманы эч кимге көргөзбөй өзүңүз окуңуз, суранам… Кара көздөрү жайнап кетти.

——Эмне, илимий ачылыш жаздыңбы?

——Ооба, окуганда билесиз… Шарт бурулуп, бирге окуган кыздардын арасына аралашып кирип кетти.

Мамасадык кабинетине келип, кайра — кайра окуду, оор үшкүрүп, мына кызык, мына сага тагдырдын тамашасы…. Тигилип карайсың, эх жаш сулуу, билгенмин… Жапжаш болуп туруп, неге арбайсың, неге сүйдүң… Колундагы кагаздарын столдун үстүнө койду да, Жанара нын жазганын шкафтын акыркы текчесине, көп документтердин арасына салып бекитти.

 

 

 

Автор :ТЕМИРОВА. Н. К.

 

 

Сайтыбыз менен бөлүшүп коюнуздар тааныш, дос, туугандарыныз менен.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE