Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 3 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР
3 -БӨЛҮМ

— Кызык, эмне үчүн көрүшпөйбүз?
Шайымкүл аялга өз оюн айтты. Чүй боорунда анын төркүнү бар болучу. Алар менен катышпаганына бир топ жыл болуп кеткен.
Ким бар, ким жогун да билүүчү эмес. Ошентсе да үмүт деген чиркин кыйын тура. Казанына аш салып берер кара чечекей күйөрү болбосо да, ата-энесин көргөн ага-инини бел кылган. Чүйдү эстесе марып-карып кетүүчүдөй көңүлү көккө серпилет.
Айымжан эрдин кымтыган калыбында, колундагы бир тал куурайды тырс-тырс сындырды. Ал Шайым күлдүн чарчаңкы тарткан отсуз кара көздөрүнө кадалып турду. Келиндин көз карашынан кыраакы Шайымкүл өзү жөнүндө кандай акыл берерин билбей дал болуп турганын билди. «Оо шоруң арылбаган куу тумшук, балдарыңды ач бел куу жондо кырып албасаң эле болду. Ушул абалың менен ат жеткис жерге кантип гана жете алар экенсиң» деп жаткандай сезилди. Ооба, Айымжан чындыгында эле ушинтип ойлоп жаткан эле.
Ортодогу тынчтыкты Шайымкүл бузду. «Журт тынчыган кезде кайта айланып келермин. Балдарды бөтөн эл, бөтөн жерге түбөлүк калтырбай калайын. Атасынын арбагы мында калып жатпайбы.
Айымжан курдашынын абалын көрүп кейиди. Байкуш Шайымкүл эрден убай көрүп, жылуу сууга колун малар кезинде жесир калып шору катты. Балдарын уядан учуруп, адам кылганча дагы далайды көрөр шордуу. Ушинтип талаада қалуучу үй-бүлө эмес эле.
Чоконун балдары Айымжандын көз алдынан тартылып өттү. Жеткен алтын аял эле. Анан калса бири-бирине сооп каптагандай окшош,
ыманы ысык балдары бар. Келин Шайымкүлдүн алыска кетээрин
ойлогон сайын ичи эңшерилип, жүрөгү сыздады. Қурдашынын карааны үзүлгөнчө артынан карап турду.
Шайымкүл жер которууну Чоко өлгөндөн кийин ойлогон. Бирок бармактай кезинде келип, өсүп-өнгөн жерди, эл-журтту таштап кетүү ал үчүн оор эле. Кетпейин десе турмуштун кысымы алка жакадан алып муунтуп баратат.
Жол бою эненин жүрөгүн эзген ушул жоболоңдуу жер которуу менен жолун тосуп бозала болуп турган балдары болду. Ой чиркин
десең, жан багын кандай кыйын. Шайымкүл онтоп жиберди. — Кудай ай, минтип куру алакан келатканым менен алардын иши эмне. Тамак деген талаада чачылып жаткандай аны мен атайын албай койгондой көрүшөт ээ, аси жоктор.
Шайымкүлдүн алдынан эң биринчи Ракат, анын артынан Нурлан жарыша чуркашты. Токуш болсо кичине жерге тамтуң басып келип
бет менен жыгылды.
Энеке! Эмне алып келдиң?
Эмне алып келет элем, эчтеке жок балдарым.
— Бул баштыктагы эмне? — Ракат энесинин колунан талашты.
Токоч эмес го?
Буудай. Азыр баарыңа бадырак кууруп берем.
Бадырак! Бадырак! Энекем бадырак кууруп берет бизге. — Ракат оpомпай тээп, улактай секирди.
Энеке, сүйүнчү! Сарбан байкем келди. — Нурлан энесинин маңдайына тура калды.— Сайкал чоң энем Шайымкүл келгенде
сүйүнчүлөгүн деген болучу.
и-и, кудай, жакшы болгон тура. Деги дени-карды соо, аман-эсен бекен? Эмнеге кечигип жүрүптүр.
– Билбейм. Бат эле келбейсиңби, атамдын достору да келип кетип калышты.
– Қайсы достору?
– Тааныбайм. Сарбан байкем менен чогуу келишти.
– Кетип калса кантейин, балам. Күндө келбеген атандын досторунун бүгүн келип каларын кайдан билдим. Бөбөгүң ыйлаган жокпу?
– Баякы бойдон ойгонбой уктап жатат, энеке.
– Көргөн жоксуңарбы? Өлүп калган жок бекен куу тумшук.
– Өлгөн жок. Ишенбесең Ракатыңдан деле сура.
– Оозуңа май. Өлбөс кулунум.
Ракат менен Нурлан энесин колдон алып, жетелеше басышты.
Жанакы кишилердин айтканын качан айтасың?
Жашабагыр, айткан жатам го, эмне шаштырасың?
Шайымкүл балдарынын сөзүн көңүл кош тыңшады.
Тамагыңар барбы — деп, биринчи эле ошону сурашты. Мен кичине талканыбыз калды дедим. Сага берип кой деп мына бул теңгени берди. Сарбан байкемден тамак берип жиберебиз деп айтышты, энеке.
Нурлан ай, бет аарчыны чечпегиле, жоготосуңар деген ээ.
Үчөөбүздү тең өөп, эркелетишти. Эң сонун кишилер экен. Уктап жаткан бөбөгүмдү көрүшүп, экөө бирдеме деп булдурап сүйлөшүштү.
Анан атамдын кыргыз досу «Бөбөгүңөр уктап жатыптыр. Энеңер
келгенче такыр тийбегиле» деп бетин жаап койду. Анан сага салам айтып кой, капа болбосун дешти.
Шайымкүл сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди.
Аттары ким экен, айткан жокпу?
Айткан, унутуп калдым.
Нурлан ошол кишилердин аттарын жерге түшүрүп жибергенсип,
бутунун башын тиктеп эстей албай жатты.
— Қызыл деген киши, энеке! Мен унуткан жокмун. — Ракат
Шайымкүлдү карап жарк этти.
— Унутпаган эсиңден секет кетсин энең.
Аял уулу берген кичинекей түйүнчөктү бир аз кармалап туруп, анан чече баштады. Он чакты күмүш тыйын. Анан эки-үч кагаз акча.
Канча экенин айткан жокпу? — Эненин жүзү тамылжып чыкты.
— Жок энекебай, аны айткан жок. Убакыт болсо дагы келип кетебиз дешти. Мени окууга киргизебиз дейт. Окууда кант, момпо-
суй да көп имиш. Ак шейшептүү жууркан, жакшы-жакшы кийимдер,
анан дагы тамак, токоч…
Ракат Нурландын сөзүн талаша сүйлөдү. — Алар мени да алып кетебиз дейт. Мен сени таштап эч жакка кетпейм. Нурлан эле бар-
сын. Қызымды жибербеймин дегин, макулбу, энеке!
«Окуусу менен куруп калсын. Силерден ажыраган күнү мен өлбөймүнбү. Көзүмдүн тирүүсүндө балдарымды чилче таратып тентитпей калайын. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө болорбуз» деп ойлоду Шайымкүл.
— Мен окуймунбу, эне?!
Қойчу, айланайын Нурлан! Заман бир жаңсыл болсунчу мурда. Қайдагы жок немеге деле өрүп алгансың, балам. Атаңдан өлүп ажырадым. Эми силерден тирүүлөй кантип айрылам. Сен кетсең мен өлүп калам. Атанды өлтүргөн кишилер мени да өлтүрүп кетет.
Нурлан жылкыя түштү. «Атам окутам дечү эле го?..»
Шайымкүл балдары менен кажы-кужу болуп, Токушту көтөрүп үйгө кирди.
Жайкы саратанда уузга тойгон кулундай бут серишпей уктан жаткан уулунун жүзүн ача берип, эңкейип караган шайымкүл бакырып жиберди. Баланы ала коюп бооруна кысты. Анан аны ары-бери кыймылдатып «Тынччылык, ай, Тынччылык» — деп чакыра баштады. Тынччылык энесин уккан да жок, ойгонгон да жок.
Шайымкүлдүн үнүнөн чочулаган Сайкал байбиче жамандыктан жыт алган картаң эликче, оор күрсүнүп алып, алардын үйүн көз
дөй калжая басып жөнөдү. Байбиче уулун көргөнгө ок-эле кубаттанып, карыш байлаган сыяктуу тыңый түшкөн кебетеси бар.
— Оо, шоруң курган келин, кайрат кыл эми. Қөргөндү көтөрбөскө чараң барбы. Эми тетигил мончоктой үч балаңдын өмүрүн тиле.
Чарайнадагы бала эмес, чарк токтолгон жигиттер эмне болуп жатат.
Ыйлагандан тирилтсең Чокону тирилтет элең го.
Эми эле оттуктун учкунуна окшоп жылт эткен кубанычын күтүлбөгөн жерден өлгөн Тынччылыктын күйүтү басып кетти. Жарык дүйнөгө жаңы гана жашоо үчүн көз ачып, адам болуп жаралып келген кичинекей ушул көпөлөгүн эне не төрөгөнү, не төрөбөгөнү билинбей бир заматта айрылды да калды. Адамдан жүкчүл эмне бар дейсиз.
Шайымкүл өлүмдү да, жокчулукту да, жалгыздыкты да көтөрдү.
өзөгү өрттөнүп, өмүрү дагы бир эли бөксөрө түшкөн аял, ырас эле, кудай эми тигилердин жамандыгын көрсөтпөсө экен, — деп ойлоду.
Өзөлөнүп ыйлай берсе, ажал ага каршыгып Нурлан менен Ракатты баш кылып жетелеп кетүүчүдөй болду. «Ыйлабайм, такыр ыйлабайм, тилиңизди алайын, айтканыңызды угайын, эне… Курган көпөлөгүм
ыраазы болор бекен мага. Жок дегенде бөтөгөсүн толтуруп эмчек
сүтүн эмизе албадым. Бул дүйнөгө ыйлап келип, ыйлап кетти ал.
Оо өмүрү кыска, таалайсыз балам!». Шайымкүл кайра баштан солкулдап, көз жашы жылп-жыл Этип этегин көздөй томолонуп жатты. Аял өзүнө өзү ээ боло албай каңырыгы түтөп, кабыргасы кайышты. Қантсин, эне көкүрөк да….
Шайымкүл эртели-кеч Чоконун караанын алыстан, тигил мүрзөнүн үстүнөн көрүүчү. Көргөндө да кандай дейсиз, тим эле Шайымкүлдүн көзүнө кадим тирүү кезиндей элестейт.Анан калса Чоко кара
кийип, кан жуткан жубайын, атадан жетелешип эрте жетим калган балдарына көз салып, айланадан алыс кетпей имeрчиктеп жүргөндөй болуп сезилет. Бүгүн Шайымкүлдүн көзүнө Чоконун карааны эки киши болуп көрүндү. Ал уулун көтөрүп алыптыр. Шайымкүл буларды кусалуу тиктеп аңкайып турду. Тынччылык энесинен Жыт алгансып, бир демге тиктеп туруп күлүп жиберди. Анан буттарын тыбыратып, колдорун жая талпынат. Эне, энеке! деп кыйкырып жаткансыйт. Чоко уулун көтөрүп алганга корстон болгонсуп күлүмсүрөп турду. Бирок, ал кубанычы көпкө созулбай, бир заматта жок
болду. Күйөөсүнүн күңгүрөнгөн үнү кулагына угулду.— Эй тобо, эр азамат да ыйлайт экен ээ. Ырас эле Чоко ыйлап жатат — Шайым! —дейт Чоко ,— мен сени, балдарымды көргөн сайын сай сөөгүм сыздайт. Анан ушинтип ыйлай турган адат таап алдым, жашык болуп кеттим — дейт. Кечээ сен үйдө жок болдуң. Балдарыңа тамак издет
кеткениңди билем. Ошол сен жокто келген кишилердин сөзүнөн чыкпа, айткандарын ук. Алар мени менен кан кечишкен катаал күндөрдө достошкон. Менин уйкудагы сезимимди ойготуп, караңгы көзүмдү ачкан ошолор болучу. Акылсыздык кылып Нурландын жолуна жолтоо болбо. Ракатты да окууга бер. Өзүң эки жакка барам деп бекер чартылба. Мен сени менен Токушумду көрүстөнгө чыгып эртели-кеч
көрүп турайын. — Чоко сүйлөп бүтүп, кичинекей уулун көтөргөн
бойдон делбирей басып көрүстөндү айлана берди. Шайымкүл сүйгөн
жары Чоко менен кичинекей уулунун караанын дагы бир жолу көрүүнү эңсеп, жаштуу көзүн алыска, тээ томпоюп жаткан боз топуракка кадады..
Ушул кыялдануудан кийин Шайымкүлдүн ойлогон ою биротоло
ойрон болгондой. Жок, мен экөөңөрдү талаага таштап эч жакка кетпеймин .— Ага ырас эле Тынччылыкты көтөргөн күйөөсү эртели-кеч бейиттин үстүнө чыгып үй-бүлөсүн паналап жүргөндөй сезилди.
Нурлан окуу дегенде ак эткенде так этет. Бая күнү келип кеткен атасынын досторун тосуп күнүгө жол карайт. Алардын кеткен жагы-
на карегин кадап телмире берет. Баланын кыялында аркы белестен
атчандар кар-курп чыга калуучудай жүрөгү өзүнөн өзү алеп-желеп
болот. Демейде үйдүн капшытына жөлөнүп олтура берүүчү Нурлан, бүгүн тигил обочо жердеги кара ташка көчүгүн коюп ойлуу. Шайымкүл үйдө олтуруп Нурланды кыйкыра баштады. Ал кыйкырганда да кандай кыйкырды дейсиз. Тим эле анын үнү кара үйдүн сансыз жылчыктарынан атылып барып Нурландын тигил кулагынан кирип бул кулагын октой көзөп өттү. Бала энесинин үнүнөн секирип турду.
Баятан бери Нурлан Қызыл кишилер айткан шаарда жүргөн болучу. Энесинин чакырыгы анын таттуу оюна урулган муштай болду.
— Э, кагылайын кулунум, жармаң муздап калмак болду. Ысыгында ууртасаң боло. Алыска кеткен атаңды күткөнсүп, алда кимдин жолун тососуң. Бул кебетең менен бизди багуучу түрүң жокко, балам.
Жок, энекебай, чоңойсом баарынды багам. Сага жаңы көйнөк сатып келип берем. Тамак дегенди кап-кап кылып толтлам. Силер тойгончо жеп жыргайсыңар анда. Мен так эле атамдай болом.
Шайымкүл уулунун дымагына элжирей түштү. — Кубарган балакетиңди алайын бакыраң көзүм. Баксаң да, бакпасаң да баякынын
баласы дедирип тирүү эле жүрсөң экен.— өнтөлөгөн эне аякка куйган жарманы Нурланга сунду. Анын тузу да жок болучу.
— Өзүң ичпейсиңби?
– Ичтим балам.
– Качан ичтиң?
Сен тышта жүргөндө эле тоюп алдым.
Нурлан ботала болуп, раккаттана жарма ичип жаткан карындаштарына, анан энесине карады. Бала жармасының теңине түшүрө ичип, калганын кайра жылдырды.
–Тойдум.
– Қой, калп айтпа. Эмнеге тойдуң? Өз шыбагаңды түгөтө ич.
Сенин түбүңдү иче турган эч ким жок.
Чын айтам, — аябай тоюп кеттим. Тим эле мына бул жериме чыгып келди, — Нурлан колу менен кекиртегин кесе көрсөттү.
Ырас але Шайымкүл жарытып эч нерсе ичкен эмес, Нурландын тойдум деп кежелгени да жалган болучу. Энесинин кеберсиген эрдин
көргөн сезимдүү баланын наристе жүрөгү кандай сыздап жатканын эне кайдан билди. Бала ордунан туруп эшикке чыкмак болду. Аял
баласынын ичпей койгонуна кейип-кепчип, аякты колуна алып, бир Ууртады да ары жакка алып койду. Энесинин ичпей турганына көзү
чындап жеткен бала кайра ордуна олтурду. Ал калтырган жармасын жалап-жуктап бүт ичти. Качан гана кара аякты таптаза кылып
бошоткондон кийин, Шайымкүл Нурланга ыраазы болгондой күлүмсүрөдү.
Қалп эле тойдум дейсиң. Ырас ичип албадыңбы, кулунум сени ичсин деп ошенткемин.
Шайымкүлдүн сай сөөгү сыздады. Ой тобо, эне менен баланы боорун бооруна чаап, жүрөгүн жүрөгүнө мынчалык жакын кылган
эмне деген касиеттүү сүйүү. Бири-бирин каркыттап, бири-бирин аяган
дүнүйө ай. Эне-баланын ниетиндей күчтүү тартылган магнит жаралып да, жасалып да бүтө электр. Бири эне деп соксо, бир бала деп соккон бул касиеттү эки жүрөктү кандай алп басып, кандай күч токтото алат. Оо, айланайын эне менен бала, сүйүүңөр гүлдөгөн
жашооңор улана берсин. Силер бар жерде эл бар, эл бар жерде жашоо бар.
Шайымкүл балдарынын төшөгүн салып койду. Чоко өлгөндөн бери эрте жатып, кеч туруу балдарга адат болуп калган. Антпегенде кантишет. Мурда болсо атам келет, биз атам келгенче уктабайбыз дешип алыстан чыккан аттын дүбүртүн жата калып тыңшап, уйкулуу көздөрү умачтай ачылуучу. Азыр болсо булардын келет деп күткөн эч кимиси жок. Бир жумадан бери энесинин эки анжы болгонуна карабай жол тосуудан тажабаган жалгыз Нурлан. Ал төшөккө жатып алып да көпкө чейин атасынын достору жөнүндө ойлойт. Алыска кулак түрөт. — Қызыл кишилер эч качан калп айтпайт. Адамдарды алдабайт. Алар бак-таалай үчүн башын канжыгалап, канын көөкөрлөп, акыйкат менен чындыкты издеп жүргөн асыл адамдар
Нурлан атасынын айткандарын бүт бойдон жаттап алган сыяктуу эстейт. Аларга ишенет. Ошон үчүн кызыл кишилердин келерин минут сайын чыдамсыздык менен күтөт. Ооба, алар сөзсүз келет, Нурлан адамдардын кобур-собурунан ойгонуп кетти. Эчен-эчен
тура кала турган болуп кайра жазганды. Көзүн чала-була ачып, төшөгүнүн шооласынан көзүн кылтыйтты. Жүрөгү туйлап кетти.
Баякыда атасы өлгөндө келген кишилердин бирөө олтурат. Чокону коюу алдындагы кез эсине түштү. Ошондо ушул киши атасын мактап, анын эр жүрөктүүлүгүн айтып сүйлөгөн болучу. Нурландын каңылжаары ачышып, тамагында муунткансыган бирдеме пайда болду. Ыйлагысы келди.
Булар бүгүн уезддик штабка убактылуу кайтып баратып Чоконун үйүн көздөй тартышкан. Келгендеринин себеби Нурлан менен
Ракатты өздөрү менен ала кетип балдар үйүнө өткөрүү эле. Балдар жөнүндө сөз козголо баштагандан тартып аял ыйлай баштады.
— Экөөнөн бирдей тирүүлөй кантип ажырайм, айланайындар, — деди
эне. Анын үстүнө Ракат кыз бала эмеспи. Ошол серейген неме окуганда канча кишинин чекесин ысытат эле. Ургаачы мыкты болуп топко сүйлөгөнүн дегеле уга элекмин. Жаман көрсөңөр жаман көргүлө, Ракатымды бербейм. Бул жерде деле окуу ачылат экен деп жатышпайбы. Окуса ошондон окуур, окубаса жүрөр. — Шайымкүл кесе сүйлөдү.
Никонор Васильевич менен Сыдык балдардын келечеги жөнүндө, алар балдар үйүнө барганда кандай камкордукка бөлөнөрүн
айтышты. Айыл жеринде окуу чукул аранын ичинде эле текши ачылып кетпесин түшүндүрүштү.
Шайымкүл эмне кыларын билбей
турду. Эгер тигилердин сөзүн четке кагып, балдарын бербей койсо
эмне болот? Жаман айтпай жакшы жок, балдары бүт бойдон ачкалыктан мерт болуп калсачы… Ушинтип ары кетип, бери кетип олтуруп, акыры эне тобокелге салды. «Қантейин, кайда жүрсө дени карды соо, аман болушсун» деп ойлоду. Балдарын балдар үйүнө берүүгө маакулдугун берди.
Шайымкүл көнгөндөн кийин, жолоочулар аттанууга қамынышты.
Адегенде энеси менен Нурлан коштошту
— Эне-ке-бай! Қош, ыйлабагын ээ. Бизди такыр сагынба. — Бала энесинин мойнунан эки колдоп орой кучактады.- Шайымкүл уулун бооруна бекем кысып, кайра-кайра өпкүлөдү.
Эстүү бол балам, тентек болбо. Улуулардын тилин ук. Ракатыңа көз сал. Жаныңдан чыгарба. Калаанын көчөлөрү көп болот деп уккамын. Өзүңөрчө бет алды басып кетип жүрүп, адашып шорумду
биротоло катыра көрбөгүлө. Қаттагандардан кабарыңарды билдирип тургула. Мен эми бул жерден эч жакка кетпеймин, балам.
Нурлан энесине ок эле салабаттуу, эс токтоткон адамча сүйлөдү. –Макул энеке, айтканыңыздын бардыгын атқарам. Ал эмне
үчүн сиз ыйлабайм-ыйлабайм деп коюп эле кайра ыйлап жатасыз. —
Нурлан энесинин жаштуу көзүн өөп-өөп алды.- Болду эми, кечке
эле ыйлай бересиңби .- Бала энесинин кучагынан бошонуп, Сыдык
менен Никонор Васильевичке жакындады. Эне менен коштошуучу
кезек эми Ракатка келди. Қыз энесинин этегине эрмешип, жакасына
жармашты.
– Э-не-ке! Мени буларга бербе. Нурлан эле барсын. Мен сени
таштап эч жакка барбайм. — Ракат өкүрүп-өксөп, жанына жакын
келгендерди тепкилеп, эч кимге бой бербей жатты. — Чоочун киши-
лерден корком. Алар менен барбайм. Қоё бергиле. Қоё бергиле дейм
мени. Басмачылар биз жокто келип сени өлтүрүп кетет. Сен өзүң
Ошентип айтпадың беле, баякыда.
Энеңди эч ким өлтүрө албайт. Менин сөзүмдү укчу, алтын кызым. Эми эле убаданды берип коюп ушинтип кууратасыңбы ээ кокуй. Нурлан сени сагынсаң эртең эле кайра ээрчитип келет.
Алдап-соолаганга көнбөгөн кыз энесинен бөлүнбөй, Шайымкүлдү
суй жыкты. Акыры Ракатты чырылдаткан бойдон күчкө салып өңөртүштү.
Эки баламды силерге, силерди кудайга тапшырдым, айланайындар. — Эне өксөп-өксөп ыйлады.
Айсыз караңгыда атчан кишилерди узата баскан Шайымкүл бир
Никонор Васильевичке, бир Сыдык Исмаиловго жанаша берип, аттын жалына жабыша калып, балдарын дагы бир сыйрадан акыркы жолу өөп калууга умтулуп жатты. Қатар бастырган атчандардын
ортосунда эки колу менен эки баласынын колун кармаган бойдон бир топ жерге барды.
Жолоочулар Шайымкүл менен кош айтышып, кол алышты.
«Қапа болбой калыңыз. Балдардан эч качан кам саноочу болбоңуз, аяш» дешти алар Шайымкүлдү ишендирип. Атчандар аялдан ажырагандан кийин, кичине жерге узай түшүп, аттарынын оозун коё беришти. Бир заматта текирең таскакка түшкөн аттардын дүбүрттөрү
уламдан улам алыстап, адамдардын караандары караңгы түндүн
кучагына шимирилип кеткенсип көздөн кайым болду. Шайымкүл балдары кеткен тарапты кадала карап эс мас. Ал жөн гана карап турган жок, ыйлап турду, эт жүрөгү тилинип, эки эмчеги сыздап турду. Ракаттын чырылдаган үнү кулагынан кетпей «Э-не-ке, мени алып кал.
Чоочун кишилерден корком. Сени биз жокто басмачылар келип өлтүрүп кетет» деп дагы эле улакча маарап бараткансыйт…
Аял көз жашын жоолугунун учу менен дагы бир жолу сүртүп алды да, күйөөсү жаткан тарапты карап, өзүнчө сүйлөй баштады.
«Арбагындан айланайын теңизим, үй-бүлөңдүн мүңкүрөп, балдарыңдын чилче тараганын билип жатасыңбы? Балдарымды окутам дечү элең байкушум. Аларды ошол сен айткан, сен эңсеген окууга узатып, кымындай болгон кызың экөөбүз калдык. Тынччылыкты болсо эртелеп өз бооруңа тарттың эле. Эми калган балдарыңды, алыска кеткен Нурлан менен Ракатты колдой жат. Алардын жамандыгын кулагыма угузба да, көзүмө көрсөтпө Чоко…»
Эне сенделе басып үйүн көздөй ушинтип ыйлап, ушинтип сүйлөп келатты.

x x x

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE