Пример HTML-страницы

Түштүк кызы 8 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=9778&preview=true Кызыктуу окуялар.

Туштук кызы.

8-болум.

Ылайым барган жерден бак тапсын!

-Ызаттуу болсо урмат көрөт…

-Жаш адамдын уяттуусу жакшы!- деген кубаттоолорду укканда апам ансайын күчөп:

— а жер жуткур Айзада эчкидей шудуңдап, эки көзү ойноктоп турчу эмес беле, ортактар. Мен ошонун көзүнөн коркчумун. -Апам жакасын кармап, сөзүн улантат. -Ой тооба, апасы барса да келбей коюптур. Энесине жакшылык кылбаган кыз, тийген эрин жалчытат дейсиңби. Дагы бир үрпөк баш жүр десе, этегине илешип кылчайбай кете берет. Баскан изин кетмендеп салчу кыз экен.

Бир заматта отурган аялдар ичип жаткан чайын токтото коюшуп, Айзаданы жамандап киришет. Мындай учурда айың сөз табылбай калмак беле. Катыча апа эриндерин тиштенип:» Эч кимге айтпагыла, ошол жер жуткур кыз Кемел менен илгертен соо эмес экен. Ошол үчүн качыптыр» ,- десе, Салийма эже бирөө тыңшап тургансып, үнүн пастатып:» Эч кимге айта көрбөгүлө, Айзаданын боюнда бар имиш,ошол үчүн үйгө келбептир. Гүлсүн деле билет имиш. Элден уялып өзу качырган имиш. Калп эле каргап-шилеп жүрөт.»,- десе, тоңтуңдап араң баскан Галбү кемпир башын чайкап, «Ой, тооба!» — деп жакасын кармап күбүрөнөт.

 

Өзүңөр билет турбайсыңарбы? Боюнда болгону чын болуш керек, бекер жерден өрт чыкмак беле? Бузуку кыз деп апам ансайын жулунуп сүйлөйт.

Албетте, булардын бардыгы калп, ушак! Айзадаханды кимиси менчелик билмек?! Мындай жок жердеги ушактарды ким жаратып жүргөнүн билбейм… Ушундай чоң кишилер калп айтыштан уялбайбы? Сиздер калп айтасыздар, Айзада сүттөн таза!- дегим келет,- бирок оозума бир нерсе такалып калгандай айталбайм. Эгерде мен ошентсем эле өз абийиримди төгөм. Булар азыр дарбазадан чыгар замат бири-бирине:

-Бул да соо эмес.

-Айзаданын досу болчу.

-Караматтын да шору бар экен!- деп айтып кетишет. Мындай кептер жөн жатпайт, дуулдап тарайт эмеспи. Адептүү, абийирдүү деген наамдан айрылам. Баарынан да апамдын баалесине калам. «Сага не күч келди? Эмне үчүн энеңдей аялдарга атырыласың? «- деп жанымды быякка сууруп алат. Ач кулактан, тынч кулак, тымпыйып отурганым жакшы го!

Ансыз деле бул аялдардын ар биринин ууру көзү менде!

 

Апам элдин көзүнчө кызым эркектин алдынан кыя басып өтпөйт деп мактанганы менен Айзада качкандан бери кооптонуп, менин баскан изиме түштү.

-Сабактан чыккандан кийин бир минута токтобой туура үйгө жөнө, уктуңбу?- деп мектепке баратканымда күндө кулагыма куят… Ошол эле дейсиңерби. Мен мектептен чыксам Туратбек даяр:

-Апам тез келсин деп чакырып жатат,- деген анын кекердүү буйругун күндө угам.

Кокус Туратбектин «кызың балдар менен күлүшүп, бирге келатыптыр» дегенин уксачы, анда апам күйүп-бышып:

— Шойконуң бар болсо апаңдан түңүл. Мен Гүлсүндөй болуп журт аралап жүрө албайм. Тиги күрпүлдөп агып жаткан Агарттын дарясынан апаңдын сөөгүн таап аласың, билдиңби?- деп коркутат, эсиңди эки кылат.

Мурда апам Туратбекти бооруна кысып, жыттап жатчу. Азыр апам экөөбүз бирге жата турган болдук. Күнүгө жатаарда апам көк дөбөтүбүздү айбандагы түркүккө байлап, чоң дарбазабызды кулпулап, үйдөгү эшикти ичинен бекем такактап коет да, төшөктө жатып алып, көпкө дейре келме келтирип:» О кудай доско күлкү, душманга таба кыла көрбө»,- деп өзүнчө күбүрөй берет. Уйку-соодо жатып, кээде күлкүм келсе, кээде апамдын кебетесин көрүп, аяп кетем. «Апажан, мага ишене бериңиз, менде андай жаман ой жок, өзүңүздү кур бекерге кыйнабай, тынч уктай бериңиз» деп айтсамбы дейм. Бирок андан бетер күмөн санап, тынчы кетпесин деп корком. Ошол үчүн эч нерсени туймамыш болуп, апамы бекем кучактап жата берем…

 

Апам кыйналып уктоочу болду. Кечээ чочуп ойгонсом, апамдын кысталган үнү чыгат. Кимдир бирөөгө жулунгансыйт, мени билегимден бекем кармап алыптыр. Коркуп кеттим.

-Апаа,- деп түрткүлөп жиберсем, ойгонду да, мени көрө коюп:

-Кудая шүгүр, өүшүм турбайбы. Түшүм түлкүнүн богу, өзүм иттин богу»,- деп ырымын кылып, түкүрүнүп, анан мени жаш баладай бооруна кысып жыттагылады.

 

Апам аябай коркунучтуу түш көрүп, чочуп калса керек. Жүрөгүнүн дүк-дүк этип соккону даана угулат. Чарчагандай өрөпкүп дем алат. Таң атып калса керек, биздин кызыл корздун чаңырган үнү угулду. Дагы эле апамын жүрөгү дүк-дүк.

-Апа басырык бастыбы?

-Апам оор үшкүрүп, мага ыраазы болгондой:-Кайдагы басырык басмак эле, беймазаа түш көрдүм.

-Дайыма кыйналып уктай турган болдуңузда. Эмне коркунучуңуз бар?- деп сурайм билмемишке салып.

-Гүкүш, майда жашың калган жок. Айтпасам да өзүң баамдап жүргөндүрсүң кызым. Эне түшкүр бойго жеткен кызынын азабын аябай тартат экен. Тигине, атаң түшүнө дүйнө кирбей уктап жатат. Ойлоп да койбойт.

Апам унчукпай калды. Чынында эле атам токтоо, анча-мынчага ачууланбаган, бейкам адам… Ушунча уйкусу каттуу, эгер үй өрттөнүп кетсе да, сезбей коңурук тартып уктай берет. Бечара апамдын какшаганчалык бар.

-Кыз бала бирөөнүн аманаты. Эч нерседен кем кылбай чоңойттук, өстүрдүк. Көп эле кишилер сөз салып жүрүшөт, эч кимисине көңүлүм тойбойт. Менин максатым, барган жериң оокаттуу, алың-келиңдүү кишилер болсо. Барганда маңдайып жылып кайтса деген тилек да. Апам кейигендей оор үшкүрүндү:

-Кызым, өзүңдөн жашырып эмне кылайын. Жатакалгыр Айзада качкандан бери апаңда жан жок. Жаман жаман түштөрдү көрөм. Түшүмдө сен тиги Абдылда менен качып кеткен имишсиң. Мен жер муштагылап, өңгүрөп ыйлап жүрөм. Гүлсүн табасы канып:»А Караматканым, мактаган кызың ушул беле?,- деп, алаканын чаап карсылдап күлөт. Мен эмне дээримди билбей, жерден таш алып ага атырылам. Кайриет түшүм экен. Биздин досубуздан душманыбыз көп. Бизди жер каратсаң, мен ак сүтүмдү кечпейм.

-Апа, кайдагы кептерди сүйлөйсүз,-дегемин төшөктү чүмкөнүп.

-Чүмкөнбө, сөзүмдү ук,- апам таң атканча акыл-насаат айтты.

 

Андан кийинчерээк мына мындай кызык окуя болду. Түн жарымында ойгонуп, эшикке чыккым келди. Апам коңурук тартып каттуу уктап жатат. Керели-кечке кир жууп аябай чарчаган болчу. Апамды аяп ойготкум келбеди. Акырын туруп, бутумдун учу менен басып, эшикти кырч эткирбей эшикке чыктым. Ай жарык экен. Эмнеден коркмок элем. Качанга апамдын этегине асылып, шырп этсе элеңдеп жүрмөкчүмүн. Жетишет, бойго жетпедимби.

Эми гана жайланышып отурганымда, апамдын ый аралаш ачуу үнү угулду. Коркуп кеттим, ордумдан тургуча шаштым. Ээнбаштык кылганыма кейидим да:

-Апа, мен мындамын! — деп доош бердим

Апам экөөбүз босогодон беттештик. Апам бечаранын өңү өчүп кетиптир. Ирээңи купкуу. Чырак кармаган оң колу калтырайт. Көйнөгүн да толук кийбептир, сол жеңи бош салаңдайт. Караңгыда кайда жүрөсүң дегендей, уйкусу умачтай ачылып, атам ыштанчан дугдуюп арамдын артында турат. Айыптуу кишидей жер карадым.

-Кайда жүрөсүң жети түндө өзүң жалгыз?- дейт апам чыракты бетиме кармап. Унчукпайм, атамдан бетим чымырап уялам.

-Ой, кайда жүрөсүң?

-Ушул жерде эле

-Ушул жериңдин аты жокпу?

-Коргондо…

-Коргондо жарым түндө бышырып коюппу?

Эмне демекмин, эркек болсом айтаар жообум даяр эле. Кызмын да, бет маңдайымда атам турса. Бүткөн боюмду чыпылдап тер басты. Унчукпайм. Атам үйгө кирди.

-Каерге отурдуң, көрсөт.,- деп апам панызды кармап ээрчип алды. Караңгыда ошол орунду итаппай темселеп да жүрдүк.

-Калп айтыпсың.

-Ушул жерге отургамын.

-Канаке?

-Мынаке…

Апам өз көзү менен көрүп жаны тынды окшойт

-Түнү жалгыз чыкпа дебедим беле?

-Сизди аяп ойготкум келбеди.

-Мен жерге кирейин. Ойгото бер, апаңды кудай албайт.

Сол жеңин оңдонуп кийди да, ачуусу тарагандай, -Ойгонсом ордуң бош. Сыйпаласам жоксун. Гүлсүндүн таз кебетесин кийген экенмин деп, атаңды жулкуп ойготтум.

-Коюңузчу апа.

Ээрчишип үйгө кирдик. Атам уктай элек экен.

-Жок жерден чуу чыгарып, адамдые уйкусун буздуң,- атам наалый сүйлөдү.

-Бир жолу уйкуң бузулса эмне болуптүр. Мен күнүгө уктабай жүрөм.

Апам өзүнчө бир деме деп күбүрөндү да, тил кайтарбай төшөгүн чүмкөнүп тетири бурулду.

Апам экөөбүз чечинип, кучакташып жаттык.

О, кагылайын апажан! Сиздин энелик жүрөгүңүз мынчалык мээрбан, мынчалык боорукер жаралды экен?! Эне түшкүр баланын азабын дайыма таитат турбайбы..

Жүрөгүм эзилтп, апамды бекем-бекем кучактап, алкымын жыттагыладым. . 3-4 жаштагы наристе болуп,калсамчы. Дайыма апамдын койнунда эркелеп жатмакмын. Зээним кейип, көзүм нымдаша түштү.

-Ыйлап атасыңбы?

-Жок, апаке.

Таң атканча апам экөөбуз тең көздөрүбүздү жумуп, жүрөгүбүздү өйкөгөн бир нерсе тууралуу ойлонуп жаткансыдык.

Тилибиз унчукпаса да, жүрөктөрүбүз сүйлөшүүдө.

 

Жылдар мынча зымырап тез өтөт? Кечээ эле эрбеңдеп, апамдын этегине жармашып жүргөн секелек кыз эмес белем?

Мынакей, окуу жылы аяктап, жакын арада жетилүү аттестатына ээ болобуз деп мамлекеттик экзамендерге кызуу даярдык жүрүп жаткан учур. Күн чайын консультация, контролдук жумуш. Жадап да кеттим.

Агайлардын мамилеси да башкача. Сабак билбейсиңер, жакшы даярданбайсыңар деп мурдагыдай жемелейпет. «Биз өз билгенибизди үйрөттүк, аябадык. Ар бириң жакында өзүнчө кесип тандап кетесиңер. Туура жол тандай көргүлө, кийин арман кылбагыдай болгула!- деп аталык камкордук менен эскертишет.

-Ыракмат агай!- деп, балдар туш-тараптан чурулдашат.

Бирок мен көңүл кошмун, капамын. Эмне үчүн тезирээк бүтсөм экен деп шаштым экен? Аттиңай, азыр 1-класста окүп калсамчы.

Менин көзүмө кызыл баркут чапан кийген, чачтары сербейген, болпойгон жоош ак саргыл кыз элестейт. Ал арткы парталардын биринде агайды көзгө илбей нан чайнап отурат.

-Гүлайым нан жеп жатат,- деп кимдир бирөө сүйүнчүлөйт. «Б» тамганы үйрөтүп жаткан агай жанына басып келип:

-Нан жебе уят болот,- дейт анын чачынан сылап.

-Жейм, курсагым ачты,- деп ыйлап жибереө. Бардыгы жапырт күлүшөт. Агай алдап-соолап, соорото албай жүрөт.

 

Ошол бойтойгон ак саргыл кызга суктанам…

Экзамендер да аяктайт, он жыл бою бирге окуган балдар кесип издеп, туш тарапка чилдей тарашат. Ошондо, ким кайсы окууга барат деген маселени күн тартибине коюп, балдар ар бири өз оюн жашырбай айтып чурулдашат

«Салтанаттуу» чогулушту комсорг эмессиңби деп Ыдырыска тапшырат. Ал колуна чоң бийлик тийгенсип, заматта мурчуюп, сестүү карап:

-Ким биринчи өз пикирин айтат?

-Мен.

-Сөз жолдош Эргешов Аманбайга берилет.

Аманбай балдарга карап, өзү айыл-чарба институтундагы зооветеринардык факультетине өтөм, бул менин илгертен самап жүргөн максатым,-деп кыскача баяндайт.

-Жолдош Эргешовго сурооңор барбы?

-Бар. Сен былтыр университеттин тарых факультетине кирем деп жүрбөйт белең?

Аманбай бул суроого жооп берем дегендей баш ийке:

-Шарип дос, былтыркы менен быйылкынын айырмасы бар го. Жыл сайын адамдын ою өсөт эмеспи.

-Дагы суроо барбы?

-Бар. Кайсы себептен сен өзүңдү айыл-чарба институнун студенти деп эсептейсиң? Мүмкүн окууну бүтпөй калаарсың. Мүмкүн институтка өтпөй калаарсың?

Аманбай каткырып күлгөн кээ бир балдарга жаман көзү менен кыжырдуу карап:

-Бүтөм да, өтөм,-дейт ишеничтүү.

-Түшүнүктүү, — деп Абдылда көзүн кысат.

-Эмне үчүн көзүң кысасың?- дейт Аманбай эриндери кубарып. Абдылда ушуну гана күтүп тургандай, ордунан шып туруп,баарыбызга моокуму кангандай күлүп кайрылат.

-Аманбайды карасаңар, мунун эркине койсо көзүңдү да кысууга болбойт, чүчкүрүүгө да болбойт..

Классты көтөргөн каткырык.

-Эгерде атасындай колхоздун башкармасы болсо, ой, бул эч кимге күн көрсөтмөк эмес.

-Атама асылба.

-Карасаңар муну, мен атасына асылып жатамбы?

Ыдырыс чыр чыгып кетпесин деп, экөөнүн айтышын токтотуп, сөздү Кадырга берет.

-Мен Фрунзедеги автодорожный техникумуна кирем да, эки жылда бүтүп, инспектор болом.

-Ой жаны жок, кечээки «чогулушта» финансы техникумуна кирем дебедиң беле?- дейт Аманбай.

-Дегеним чын, бирок инспекторлук пайдалуу көрүнөт. Ошону тандадым.

-Буга ишенип болбойт.

-Эртең дагы өзгөрөт.

-Ишенбесер койгула, инспектор болгонумда көрөсүңөр. Кадыр таарынгандай өз ордуна отурат.

Ыдырыс капкара чачын салаасы менен сылап:

-Сөз Өмүрзаков Абдылдага берилет.

-Сөзүм жок.

-Окугуң келбейби?

-Баары окууга кетип калса малды ким багат? Эгинди ким орот? Мен колхоздо иштейм. Карыган ата-энемди багам. Силер окуй бергиле.

-Болуптур. Зордобойбуз. Дагы ким сүйлөйт?

-Кыздар сүйлөсүн.

Сөз Зулайга берилет. Ал ордунан козголуп койбой:

-Мен саанчы болом.

-Абдылданын үгүтү күчтүү болду го.

-Зукештин окугусу келип турат, бирок…

Зулай ордунан тура калып, какшыктап жаткан балдарга атырылат.

-Силердин ишиңер канча? Эмне кылсам өз эрким.

Азыр кезек мага келет. Эмне дейм? Зулайды туурап саанчы болом деймби? Жок, антпейм. Эмне десем? Окугум келбейт деп кесе сүйлөсөмбү? Себебин айт дешет.

-Сөз Гүкүшкө берилет.

Мен укмамыш болуп баш көтөрбөйм.

Ошол учурда класстын эшиги ачылат да, секратарь кыз кирип:

-Кыздар, силерди директор чакырып жатат,- деп өз убагында мени туюкка камалып калган жерден куткарып калды. уландысы бар

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE