Пример HTML-страницы

Пресс хата 10 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

10-болум

 

Бир куну РЫСБЕК жумушуна кетип бараткан апасын токтотуп, маанилуу бир соз айтчудай карап.

Апа карышы болбосонуз менин жашыл спорттук шым курмом бар го, аны да, свитири имди да…..Ошону жетим балдардын бироо , экооно берип койунузчу?

Апа аларды мен кийгим келбейт, меники экиден учтон эмеспи, ошолор кийсинчи, алардыкы жок эмеспи., макулбу апа?

-Макул , балам, берип коём,-деп жиберген апасы шашкалактап.

Отунучу токтоосуз кабыл болгонуна суйунуп козу жайнап турса да сыр билгизбей апасына, кабагын салып, эшикке атып чыгып кеткен.: ушундай кызык бала.

Коктугу ашкере. Мына ушул коктугунун аркасында; озу тендуу курдаштары татуу уйкунун кучагында жатышканда, ал жылуу тошогунон секирип туруп, кол жегине чуркап машыкканга турат.

Жанагы Володяга да бир куну тан эртен менен кол жээгинен жолуккан.. Тактап айтканда кылган ишин коруп, тык токтогон ордун да. Орто бойлуу, кунго куйгон, денеси колодон уютулгандай чымыр, бучундуу, денесинин бир кемтиги жоктой туюлган бул киши бел курчоосунан жыланач тейинде, колбооругон агыш шымы бар, жыланайлак, буттарын бийик асманга которуп, колдору кылыч сымал алга артка чабылып, озу кеде онкобаш атып, бирок, арка мойну астында калып, сулап калуунун ордуна — мышыктай шамдагайлык менен буттарына тура калат

Кыймылдары тез козго илешпейт, алаканын кыры менен абаны тен жараа шилтей замат, кыймылын ылдам озгортот: же, алга, же , артка кетет. Козго корунбогон душман менен унсуз , созсуз кармашып жаткандай кыймылдары ушунчалык ишенимдуу жана шамдагай! Бир маалда, озун карай анкыйып калган тестийер баланы коруп, кол булгалап койгон:

—Бери кел? Машыкканы келдинби? Эмне кечигип журосун?

Эзелки таанышындай озуно карата суйлогон созду , бирине тушунсо, бирине тушунгон эмес РАТБЕК. «Кечигип» дегени эмнеси? Кун жаныдан эле кылтыйып келатпайбы? Саат эртен мененки алтыга да жете элек. Мына ушул жерде, тиги киши кайрадан суйлоп ирбеспи:

—Тек турба! Кыймылда! Жугуруп келдинби, демек тек, турба!…..Устундогу курмонду чечип ыргыт, денен танкы суукка бышыкандай болсун! Эх! Эртерек келгенинде эмне? Асмандын нурунан кур калбадынбы? Ну, эчтеке эмес, эртен да кун бар. Ушундай эмеспи, балакай?

Мына, ушинтип таанышкан бул кызыктуу адам менен РЫСБЕК. Отуздарга чыгаар чыкпас, табиятынан эле кара-тору, кичирек кыйык коздору кулундогон, бир туруп кытайга, бир туруп жапон адамына окшогон бул кишинин муноозундогу, кыймылдарындагы албуут суунун ташкынындай ээ-жаа бербеген, илеби тан калтырган жаш баланы.

—Менин атым ВОЛОДЯ . Хабаровскийден болом. Чынын айтсам, бул менин чыныгы атымбы, улутум ким, озум да билбейм, эч ким да мага жондоп тушундуруп бере албайт. Кеп анда эмес, — Башын чулгап койгон ВОЛОДЯ, мунусу озун капалуу ойдон алаксытайын дегени болсо керек.

-Эн негизгиси, биздин адам экенибизде. Баарыбыз — бир тууганбыз.

-Сен ушул жерликсинби? …..Жеринер ото кооз экен! Тоолор, айрыкча…Абасы бир укмуш!…Абасы учун гана калып, ушул жерде омур откоргун келет? Ыраспы, тууган? Бирок ар кимдин киндик кан тамган жери суйкумдуу. Хабаровский , тууралу уктун беле? Приморск крайы! Владивосток, Артем, Находка,Сахалинск, Япония, Кытай, экоотен жакын. Балким, мен ушул эки олконун бирине каным таандыктыр. …

Шайтан билсинби аны!….Андан коро сен туралуу созго отолу. Сен атынды ким дедин?

РЫСБЕК….-ошону менен катар,бейтаныштын озуно карай суроо узатты бала:

—Айтынызчы? Эмне учун кайсы улутка таандык экенинизди билбейсиз?

 

Баары билет менимче, мисалы, мен кыргызмын.

-Мунун абдан жакшы дечи РЫСБЕК. Мен атынды туура айтып жатамбы? Анда угуп тур: сен ата-эненди билесин….Ал эми менин жонум болок. Мен таштанды баламын. Тек! -кулду ВОЛОДЯ.

-Аз болсо, тонуп, олуп калмак окшойм, уйдун кире беришинде, калитканын тушуна таштап кетишиптир кимдир бироолор. Кыязы, мени жарык дуйного алып келген энем болсо керек. Эмнеликтен, бироонун уйунун алдына, оз канынан жаралган баланы таштап, аны кыйып кетууго мажбурлады (?) экен деп, азыр да ойлой берем.

«Кантип ушундай болсун?» Володянын сонку создорунон кайгылуу ойдун даамын туюп, бала бейтааныштын заводдон атайлап азыр эле чыгарылгансыган — коргошундай салмактуу, бирок илбирстей ыкчыл, карылуу, келишкен мучосун дааналап тиктеди. Ал буга чейин мындай тагдырлуу адамдарды кезиктирбеген. Чет тараптан тааныштары да жок боло турган. Анын маршруту: мектеп, спорт зал, уй, андан ашып баратса — кол жээги болучу.

Коюн-колтук алышкан достору да жокко эсе. Ушунча болуп, чоюн темирлерди которуп машыгып жургонун бир бироого оозунан чыгарган эмес. Тунт десе да болчуудай аны.

Антейин десен, айрым мезгилдерде маал-малы менен ич дуйносундогу, удургуган кыйалдын кесепетинен би, не, тобокелчиликти суйгон тайманбас муноозунонбу, кээде мугалмидерди, озу менен бирге окууган кылассташтарынын оозун ачырууга чейин барган иштерди жасап салып, анан, кабагым-кашым дебей басып кеткен учурлары болгон.

Озу бешинчи класстын окуучусу менен таймаша кеткеничи!

Чыр эмнеден чыкты?…Рысбек менен бир класста окууган момурайган, бир жаш бала боло турган. Экоонун уйлору жакын болгондуктан, дайым бирге кетишчу — сабак аяктагандан кийин. Ошол жоош баланын туулган кунуно атасы сатып берген кооз кемер курун сегизинчи класста окуган — дулдуйган кара бала тартып алып койуптур. Анысы аз келгенсип, какыс-кукус кылып ыйлатыптыр. Сабак буткон мезгил болчу. Рысбек караса, терезенин тубундо тиги бала ыйлап турат.

 

-Марс сага эмне болду? -Рысбек жакындай берип сурады.

-Курумду тартып алды. Баягычы?….Атам сатып берген….

Талашсам, урду.

-КИМ?

 

 

-Тигине….Кетип баратбайбы, -терезе тушту корсотту бала. Мырзабекчи? …

-Ыйлаба….Азыр алып берем курунду.

-Сенби? -тан калгандай козун алайты МАРСтын.

-Ал бизден чон да?!

-Коробуз….Ме? …Менин сумкамды алып келе берчи, мен тигини токтотойун, -макулдугун сурабай эле, Марстын колуна ийинге асынуучу сумкесин кармата салып, сыртка чуркап чыкты Рысбек.

Андан ары кутулбогондой иш болду. Башы тигинин ийнинен келген кичуу кыласстын окуучусу Рысбек, озунон алда канча улуу, бойлуу Мырзабекти жолдон токтотуп, омуроолоп турат.

-Сен алдын беле Марстын курун.?

-Мен алгам, Эмне болуптур?

-Алсан ,,бер!…Аны атасы туулган кунуно деп сатып берген.

-Сатып берсе, демек, эми меники…Тур жолдон!

-Сен курду кайтармайынча, мен жолундан кетпейм. Сыйын менен бер

-Омей! Муну кара?…Молокосоз! …..-бир чети унунон тан калышы билинген чон кластын окуучусу — неба аларды тегеректеп калган балдардын тобуна кырдуусуна коз жиберип, анан, тынымдан кийин, эки колун курткасынын чонтогуно салып, озун карай ылдыйдан жогору — козунун тобосу менен эч сестенууну билбестен тиктеп турган, сырты чымыр корунгон, тысырчык, денелуу тестиерди козу чалды. Жогорку класстын окуучусу бет мандайында турган тестиердин озун ишенимдуу туткан турпатына, атып ийчуудой тик караган коздоруно, бекем кымтылган жукка эриндерине кареги тайгалана коз токтотуп, ичинен тан кала тушуп, шексингендей, эки жагын карады: жакын арада кичуу класстын окуучуларына болуша турган эч ким корунбойт. Озун карап турган коздорду сезип, кайраттана, созун улады:

-Бербей койсом, эмне кыласын?

-Тартып алам.

-Сенби?

-Мен.

-Ах! Молокосоз! ….-жогорку класстын окуучусу астында турган кичинекей баланын кулагынан, не, мурдунан бир тике чоюп, сес корсотуп коёюн дегенчекти болбой, андан аркы окуя ал учун чагылгандай тездик менен отту: бир кезде, жер козунон антарылып, астын-устун болуп барып, бир жак ыптасы менен жерге катуу урунганын элдир-селдир билет. Козу карангылай тушту. Ордунан очорулуп турайын дегичекти болбой, шынкылдаган, кыткылыктаган майда балдардын кулкусун укту. Устундо ага жабалактап тигилген коздорду кареги чалды.

Ошондо гана тушунду аны тик коз тестиердин которуп урганын. Мына, ал азыр да жанында турат. «Ах, молокосоз, азыр сага корсотом! Турсам эле коросун!» , Кайрадан жер астын-устун. ….Бул жолу копшок каптай болуп, бар салмагы менен жерге катуу тийди. Козунон жылдыздар чаар чымын болуп учат. Ызасынан ыйлап ийе жаздады. Анпесе, ого бетер шылдын болбойбу. Антип-минтип, эсине келгенче, белине илип алууга улгургон кооз кемерин чечип жатканын туйду. Бул, жанкы тик коз тестиер болуга тийиш. «Шашпа, бир ээн жерде жолугасын, . Шашпаа!»

Эртеси…..Бул болуп откон окуя мектепке -дуу- дей тушту. Танкалаарлык, . Мугалимдер баш чайкашат. Бир гана, мектепте иштегенине бир жыл толо элек дене-тарбия мугалими мурутунан сырдуу жылмайат.

Дене-тарбия сабагынан болок, эркин курош боюнча секция ачкан. Мындан жарым жыл мурун, бой, куч жагынан тентуштарынан анчалык айырмаланбаган, «ооба», -бар-, же -жок- дегенден болокту айтпаган тестиер спорт залына, курош боюнча машыгууга келген болучу.

Тестиердин аты — Рысбек экен. Алгач машыгып жургон окуучуларынын ичинен трнер Рысбеке айрыкча назарын бурду. Бала туруп, коктугун айт! Чалыкпас,, туйшукчулдугу андан бетер.

Дагы бир озгочолугу: бул табияттын балага берген белеги болсо керек. Рысбектин серпилгич темирдей ийкемдуу денеси, он-сол рексияны айтырбай сезе билген жондомдуулугу, жада калса мышыктай женил басыгы….Терен машыгуу мезгилинин биринчи баскычы — конугулор аткарылып, денелери жибигенден кийин, салмагы, куч жагынан тен катар атандаштарды эки экиден болуп коёт.

Мына ушул мезгилде, килем ортосунда бири-бири торуй баскан атандаш окуучуларынын ичинен — Рысбек козомолго алууну коону суйот. Анткени, тестиердин ар бир кыймылы озуно таланты жогоруу койгондуугу билгизип турат. Азыркы откорулуп жаткан жонокой машыгуу иши болсо да, куч — эркти сынай турган таймашка чыккандай — Рысбектин кабагы туйулгон.

Кемирчек бели жаадай ийилип, билектерин томон тушуро, ашыкча кыймыл жасабай, коз ирмебей, мышыкча тоорула басканы — баары жагат коонуно тринердин. Бул гана эмес. Мына, атандашы шашкалак ашепке кыймыл жасап, колун суна берди эле , мерчемдуу учурдан пайдаланып — Рысбек -шап- колдон алып, козго илешпеген кыймыл менен , он колтугунан кирип, тизесин бугуп олтура калды да, атандашын онкобаш аттыра, килемге чаап салды. Заматтын ортосунда, жыгылып калганына атандашы да, аларга байкоо салып турган тегерегиндегилер да, ан-тан. Тажырыйбалуу балбандын колдоно турган ыкмасы -«мельница! » Тез жана так аткарылды

Бирок кийинки кезде негедир Рысбектин машыгуу учурунда тез эле чарчап калганы байкап журду тринер.

-Колдорун талып жатабы? -тыныгуу учурунан пайдаланып сурады трнер — Рысбектен. Тестиер -жок- дегендей баш чайкады.

-Анда эмнеге, мурдакыга караганда тез чарчап калып атасын? Бир жерин ооруп журобу, же, уйдон оор жумуш жасап жатасынбы?

Калп айтууну билбеген бала саамга ойлонуп туруп, чынын айтты:

-Уйдон да машыгып жатам — темирлер менен.

-Темирлер менен? — суроолу анкайды тринер.

-Гири-гантелдер мененби, же, штанга да барбы?

-Баары бар! — суйунучтун оту жылтылдай тушту баланын карегинде..

-Атам сатып берген. Эспандер да бар.

-Анын жакшы дечи — арсар суйлоду тренер. -Анан ал темирлерин менен канча сааттан машыгып журосун?

-Торт сааттан!.. ..Кундо….-бала эмеспи, сыймыктануу сезилди Рысбектин унунон. -Ошого чарчап калгансып жатам.

-Чарчап калгансыбай эле, озундун жаш, алдуу-кучтуу ден-соолугунду таптакыр куурутуп жаткан турбайсынбы! …-жарылып кетти тренер.

-Калган созду машыгуу буткондон кийин, жекече калып суйлошобуз.

Машыгуу бутту. Козмо-коз олтурушту.

-Рысбек !…Сен менин тажырыйбама, жакшы тренер экениме ишенесинби? Ырас, мен республикага эмгек синирген атактуу машыктыруучу эмесмин….

-Ишенем! — шашып кетти бала. Бирок, создун кайсы багытка буруларын гана андаган жок.

-Ишенсен, ушул, — жайбаракат суйлоду тренер.

-Оор атлетика менен курош эки болок спорттун туру. Ырас, бирин-бири толуктап да турат. Кээде, машыгуу учурунда, силерге оордуктарды которууго мажбурлайм, ыраспы?

-Ырас.

-Бул эмнеликтен? Курош боюнча машыккан балбанга куч да зарыл. Атандашынын салмагына чыдагыдай куч. Бирок, ашапке которууго болбойт оордуктарды.

-Эмнеге?

-Биринчиден; оор салмактуу которо беруу, булчундарды таарытат, алардын пружина сымал, серпилгич кучун жок кылат. Балбандын булчундары дайыма жазылып-туйулуп, жазылып-туйулуп, кыймылда болот. Ушуну бекем эсине туй.

Мен буларды сага айтып атканымдын себеби: оордуктарды тап такыр которбо дегеним жок. Машыга бер. Бирок, оз чеги менен.

Анан, да бир нерсени эсине тут: кундо машыга беруу жаш организимге зыйандуулуктан болок эчтеме алып келбейт. Торт саат да ото узак. Бир саат, ашып кетсе бир жарым саат жетиштуу.

Демек бир жумада уч кун машыгууга кетет. Калган кундору, эртен менен гантель, женил конугуулор. ….Атайын дептер ачышын керек, кундолук канча которгондорунду жазып турушун учун. Суйлоштукпу?

Эгер бир суроодон такалсан, мага кел, жардам берем. Мен уйдон карап коройунчу, атайын адабияттар бар эле — оор атлетика боюнча. Мындай китеп сага корсотмо болуп берет. Болуптур, эми бара берсен болот.

Мына, андан бери, жарым жыл убакыт отту. Рысбек женишке ээ болуунун сыймыгын да татты. Оо, атандашындын далысын килемге тийгизип, тегерегинден кыйкырык, ышкырыктар коштоп турган учур!

Район боюнча биринчи орунду женип алаары менен эле, Кара-колго, областык беттешууго чакырылды. Кайрадан биринчи орун, ага кошумча: «За волю к победе!» деген диплом тапшырылды.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE