Пример HTML-страницы

Кордук 5 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40631&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀КОРДУК

5 — БӨЛҮМ

 

 

Ошентип эки-үч күн Сейтаалы менен Асылай ал жерде болду, Турусбек кол кабыш кылып, аялы Гүлсара Сурмага жардам берип жүрдү. Айжамал барып айткан миң долларды алып келип берди эле Турдубек аябай кубанды. Боорлошуп бир туугандар ата-энеси менен бир жумадай чогуу болушту. Айжамал ата-энесин толгон белек-бечкек менен үйүнө жеткирип, ошол эле күнү кайра тартты. Келе жатып, баягы айылдын четине келгенде дагы баягы элести көрдү, бул жолу ал колун көтөрүп, жүзүн көрсөтпөй так жолдун жээгине чыга калды. Коркуп кеткен Айжамал токтогондун ордуна катуу айдап жөнөдү, ошол бойдон чоң жолго жеткенде гана жүрүшүн жайлатып, артын карады. Жээкке токтотуп эс алып, эки жакты элеңдеп карай: «Бул айылга келгенимди жактырбай жаткан экен, же кылган ишим жакпайт. Өлгөн киши түшкө кирсе жаман болот дечү эле, бул менин нак эле көзүмө көрүнүп жатканы кандай?» — деп ойго бата шаарга келди. Ал келсе кыздарга карларлар келип калган экен, бир сыйра баарын көзөмөлдөп коюп, өз бөлмөсүнө өттү. Эс алмак болуп кыйшайып жата калган, көзү илинип кетиптир. Түшүнө Акылбек кирди. «Айжамал, мен сени сүйгөмүн, дагы да сүйөм, сенден ажырагым келбейт, сенсиз жалгызсырап калдым», — деп колун сунганда Айжамал да колун сунуп, экөөнүн колдору эми жетээрде Акылбек кайдадыр жок болуп кетти. «Акылбе-ек! «, — деп кыйкырып ойгонуп кетти. Жүрөгү лакылдап, оозу кургап калыптыр, туруп барып суу ичип, эшикке таза абага чыкты. «Кан куткарбайт дечү беле, эмнеге дагы да сүйөм деди, кандай болот деги? Өлгөн адам нааразы болсо түшкө кирет деген чын го, ушунча жылдан бери тынч жатып, эми менин тынчымды алганы эмнеси?» — деп басып жүрдү. Күүгүм чен болчу, кардарлар келип-кетип жатты. «Бул ишти ташташым керек окшойт, эмне соода кыламбы, эгерде агаларым менин бул ишимди укса эмне дешет, ата-энемчи? Кой, баары ачыкка чыгып, шерменде болгуча башка ишке өтөйүн», — деген чечимге келип, эртеси кардарларды кабыл албай, кыздарын бүт таратты. Коңшу-колоңун чакырып, бир кой союп, өзүн бул үйдү жаңы сатып алган ээси катары тааныштырды да, бир туугандарын, ата-энесин чакырды. Эшикке атайын өзү менен жашаган бир кызды коюп койду да: «Бул үй сатылып кеткен», — дедиртип келгендерди кайтартып жатты. Агалары андан бетер кубанып, ыраазы болуп жатышты. Гүлжамал эжеси да күйөөсү менен келди, кызыктын баары ошондо болду, анткени жездеси Тейитбек бул үйгө шаарга келгенде көңүл ачканы келип кеткен эле. Бирок Айжамалга ачык айталбай аялына айткан экен, ал:

— Айжамал, сен үй сатып алаарда байкасаң болмок, — деди.

— Эмнеге, эже?

— Бул үй мурун сойкулар үйү экен.

— Ким айтты? — Айжамал чочулай карады.

— Тейитбек билет экен.

— Эми кандай үй деп сураганым жок эле…

— Анда үй басырыктуу болуп калат да, жакшылап тазалат анда, — деди Гүлжамал.

— Макул, тазалатам же кайра сатып ийип, башка үй алсам бекен? — деп ойлорун айтып, эжеси менен сырдашып жатып: «Жездем менен жолугушпай калганыма шүгүр, кокус көргөндө жаман болмок экен», — деп оюнда кубанып кетти.

Ошентип бир туугандары, туугандары менен чогуу үйүнө бата алып, жыргап-куунап жатып калды. Асылай калып, бир жумадай жүрүп, анан кетти. Бул арада Айжамал тынч, беймарал уктап, көңүлдүү жүрдү. Качан жалгыз калганда баары кайра башталды. Жанында Анипа деген келин бар, ал өзүндө иштечү, ошол бойдон Айжамал алып калып, ага чай-тамагын даярдап берип жүргөн. Ошол күнү негедир бүткөн бою талыкшып, абдан уйкусу келип туруп алгандан эрте жаткан. Тез эле уктап кетти, түшүнө Акылбек кирип жатыптыр. Ал эшиктен кирип келип: «Айжамал, сени издеп аябай кыйналбадымбы, сени сагындым, сен берген дарыларды чогултуп жүрөм, сен келсең ошолорду берем ээ? Менин оорум жогунан ал дарынын баары кереги жок турат, сени кандай сүйөөрүмдү билесиң го, Айжамал», — деп босогого жөлөнүп көпкө турду. Анан өзүн көздөй эки колун суна: «Келчи мага, сени сагынып кеттим», — деп келе жатканда ортолорунда боз туман пайда болуп, Акылбекти көргөзбөй калды. Чочуп ойгонгон Айжамал жаткан жеринен ыргып тура калды, «Ай кудай ай, бул эмнеси, эмнеге эле ал түшүмө кирип калды?» — деп аркы бөлмөгө чыгайын деди. Бирок Акылбек бөлмөлөрдө жүргөнсүп өзүнөн-өзү корко берди. Эртең менен эрте туруп, жыт чыгарып, жети токоч жасап, Акылбектин арбагына багыштады. Куран окуганды билбегендиктен атап гана койду, анан үйүн аластап ысырыктады. Анипа:

— Эже, эмнеге антесиз? — деди таңгала.

— Жөн эле, бул үй бир топ убакытка басырыктуу болду, ошол үчүн тазалап койойун.

— Аа-а ошондой болобу?

— Ооба, силер андайды билбейсиңерби?

— Жок, эже, мени орус кемпир баккан, апам мени төрөп таштап качып кетиптир. Нина апа көп айтчу, ал тургай өлөрүндө сүрөтүн да берген.

— А сен издеген жоксуңбу?

— Кереги не, мен орусча өстүм, Нина апам мени аябай жакшы көрчү эле, беш жыл болду өлгөнүнө, — деди Анипа муңая.

— Жаман болуптур.

— Мени таштап кеткен аялды көрүп калсам эмне кылаарымды билбейм, балким ал мени оюнан таптакыр чыгарып койгондур.

— Эне эч качан унутпайт, Анипа, бирок бир нерсе сурасам болобу?

— Сурай бериңиз.

— Азыр кайда жашайсың?

— Ошол орус кемпирдин үйү мага калган, аны батирге берип коюп, сиз менен жүрбөйүнбү, — деп Анипа күлүп койду.

— Канчадасың?

— Он сегизге чыктым.

— Ой кокуй гүн десе, сен минтип жүрбө, өзүң жаш болсоң анан турмушка чыгышың керек, — деди Айжамал ага акыл айтып.

— Эже, мен орусча өсүп калгамын, анан мени ким алат, Виктор деген жигитим бар болчу, ата-энеси ал кыргыз деп үйлөнтпөй койгон.

— Сен жакшынакай, сулуу кызсың, бактылуу болушуң керек, Анипа, — деди Айжамал.

— Мен адегенде мени төрөгөн аялды бир көрсөмбү деп ойлогом…

— Кантип табасың?

— Билбейм, эмнеге мени карыган орус аялдын колуна таштаганын уккум келген, эже, бир эле көрсөм болот эле.

— Сенин атыңды ким коюптур?

— Апам менен бирге Анипа деген кыз жашачу экен, а апамдын аты Айнакан экен, эмки келгенде сүрөтүн алып келип көрсөтөм ээ, эже?

— Макул, алтыным.

— Бүгүн үйүмө барып келейинчи.

— Өзүң бил, эгер келсең каалаган убакта келип тур.

— Рахмат, сиз үйдө эле болосуз да.

— Ооба, үйдө болом.

— Анда мен кеттим, — деп Анипа Айжамалды бетинен өөп коюп, сумкасын ийинине илди да, кетип калды.

Айжамал жалгызсырай түштү, «Адам карды ток, көңүлү жай болсо дагы жан дүйнөсү жалгызсырайт тура. Мен эмне кылдым, аял болуп бала төрөгөн жокмун, отузга келгиче бир жерге туралбадым, эми туш келген адамга турмушка чыгышым керек», — деп ойлонуп отура берди. Бир кезде эшикке чыкса күн төбөдөн өтүп кетиптир, ары-бери басып жүрүп, анан бир тааныш жигитке жолугууга жөнөдү. Жасанып-түзөнүп, акыркы модада кийинип алып, машинасына отурду. Бир жыл мурун көчөдөн Темир деген жигит менен таанышып калган эле. Ошондон бери сөөлөттүү, тарбиялуу аялдай көрүнүүгө тырышып, сый гана жолугуп жүрөт, бирок Темирдин аялы, эки баласы бар. Айжамалга өткөндө жолукканда жактырып калганын айткан.

Темир соода кылат, Аламүдүн базарында контейнери бар. Кээде соода кылымыш болуп барса, дайым аялы отургандыктан унчуга албай кетип калчу. Бүгүн да билмексен болуп ордуна барса өзү эле экен.

— Кандай, Темир, иштериң жакшыбы?

— Жакшы-жакшы, өзүң кандайсың, Айжамал?

— Кудайга шүгүр.

— Көрүнбөй кеттиң, же телефонуңду албаптырмын.

— Келсем өзүң жоксуң, — деди Айжамал күлүмсүрөп.

— Аа-а, бир-эки жумага айылга кеткем, кемпир-чалга жардам берип келдим.

— Ал дагы керек. — Баш ийкей товарларын карамыш болду.

— Бошсуңбу, Айжамал?

— Көрүп турасың го?

— Анда бир азга күтө тур, мен контейнерди беките койойун.

— Макул, — деп Айжамал ары басып кетти.

Жарым сааттан кийин Темир контейнерин бекитип коюп, Айжамал менен бирге кетип баратты, аны көргөн жанындагылар кызыга карап калышты. Экөө бир аздан кийин «Сайран» ресторанында отурушту. Мурда чакан кафе болсо эми абдан башкача жасалгаланыптыр, чет жагынан орун алып, заказ берип коюп, сүйлөшүп отурушту.

— Айжамал, өзүңдө бала барбы?

— Жок, үлгүрө элекмин.

— Эчтеке эмес, менде эки уул бар, аялым менен ажырашканы калдым.

— Эмнеге?

— Өзүм да билбейм, көргүм келбей баратат.

— Сүйлөшүп үйлөндүңөр беле?

— Ооба, эки-үч жолу жолугушуп, анан үйлөнгөнбүз, анын кыз эмес экенин билгенден кийин аябай жиним келген, бирок намыс үчүн эч кимге айтпай жашап калгам, — деди Темир улутуна.

— Жакшы аял болсо анын кыз эмес экенинде кеп жок чыгаар…

— Ооба, ал ата-энеме жагып кетти, менден мурун аны Анаш-Анаш деп турушат, түнү менен экөөбүз чукулдашып чыгабыз. Анан уул төрөп берип койду, тун уулум азыр он алтыда, кийинкиси он төрттө. Кудайга шүгүр элебиз, бирок менин таптакыр көңүлүм муздагандай аялыма жибий албай койдум. Менин урушкум келип калганын сезип калса, кайпактай алдыма ашын коюп, кийимимди жууп-тазалап, эч бир мүмкүнчүлүк бербейт урушканга, — деп күлүп калды. — Кыскасы, абдан жойпу аял, ошонусуна ого бетер жиним келип кетет.

— Жакшы аялды жанында жүргөндө сезбей алыстан издейсиң деген туурадыр.

— Балким, бирок мен такыр жашагым келбей баратат, Айжамал.

— Эмне кылайын дейсиң анан?

— Сага сүйлөшөйүн дегем, эгерде башың бош болсо мени кабыл ала аласыңбы?

— Кыйын суроо экен…

— Мага сен жагып калдың.

— Эмнем менен жактым? — Айжамал жылмая сынай карады.

— Бүт турпатың менен, турган турушуң да, сүйлөгөн сөзүң да жакшы, Айжамал, эгерде сен каршы болбосоң сени менен кол кармашып, кайда болсо да кетүүгө даярмын. — Колунан кармап өөп койду.

— Балдарыңар бой жетип калыптыр, Темир, өзүңдү барктап-сыйлап жаткан аялың турса мунуң болбойт, — деди Айжамал токтоо жер карай.

— Мен кантем, сени ойлонуп жинди болуп баратамын.

— Баары өтүп кетет, бул жөн гана бир сезим, ал сезимди жеңүүгө болот, аялың менен эс алууга бар, бири-бириңерди жакшылап түшүнгүлө, анан баары өз-өз ордуна келет.

— Сен мени жөн гана сооротуп жатасың.

— Эмне дешим керек, Темир, жакын арада келин ала турган убак келет, анан аялың экөөңөр эки жакта болсоңор балага терс таасирин тийгизбейби.

— Балдарга кыйын болоорун билем.

— Ошондуктан баарын ойлонуп чечишиң керек, кой эми, Темир, мен барайын. Сен дагы үйүңө бар, аялың күтүп калат, — деп Айжамал ордунан турду. — Бүгүнкү күн үчүн сага чоң ыраазымын, Темир.

— Сен кетип каласыңбы?

— Кези келгенде баары кетет, убакытты текке өткөргөндө эмне…

— Жанымда дагы бир аз отурсаң жакшы болмок, — деп Темир ыңгайсыздана Айжамал менен бирге чыкты. Айжамал анын сөзүнө кулак салбай, өз ою менен алек болду. «Азыр дагы жападан жалгыз калам, үйдө жалгыз калуу кандай арман. Мындан ары үй-бүлөлүү эркектер менен мамиле түзбөйм, бирөөнүн көз жашын, балдарынын убалын моюнума илгенден көрө жалгыз жашаганым дурус болоор», — деп ойлонуп кеткен экен. — Айжамал, эмнеге ойлонуп калдың?

— Аа-а, макул анда жакшы бар, Темир! — деди да келин машинасына отуруп, жөнөп кетти. Темир ошол бойдон кала берди, артынан көпкө карап туруп: «Ой-санаасы көп аял, өзү абдан так, таза жүргөн мындай аялдар чанда гана болсо керек», — деп ойлоп өзүнүн унаа токтоочу жайдагы машинесин айдап, үйүнө жөнөдү.

Айжамал үйүнө келсе Анипа күтүп жатыптыр, көрүп эле кубанып кетти. Эне-баладай болуп кучакташа үйгө киришти, анан Анипа тамак жасады, экөө отуруп тамактанды. Айжамал дале ой чынжырынан чыга албай өзү менен өзү болуп отурду. Анипа аны карап, оюнан адаштыргысы келбей отура берди. Көптөн кийин Анипа бир нерсе оюна түшкөндөй туруп барып, сумкасынан сүрөттү алып келди.

— Айжамал эже, мен сизге бирдеме көрсөтөйүн дедим эле…

— Кана, — деди Айжамал ой деңизинен тумчуга араң чыккандай энтиге дем алып. — Эмне экен ал?

— Мына, мени төрөгөн аял ушул экен, эже. — Айжамал колуна сүрөттү алып көпкө тигилди. Сүрөттөн чачын экиге бөлүп, бирин алдына таштап койгон кара каш, кара көз кыз күлүмсүрөй турду. Бул аппак кофта, кыска кара юбкачан, бутуна ак туфли кийген арыкчырай сулуу кызды Айжамал бир жерден көргөндөй болду.

— Мен бул кызды бир жерден көргөндөймүн, Анипа.

— Чын элеби, эже, мага бир эле көрсөтсөңүз болот эле… — Анипа Айжамалдын алдына кубанычтуу отура калды. — Кайдан көрдүңүз эле, шаардабы деги?

— Өзүм да билбейм, көргөнсүп турам, азыр бул аял башкача болуп калган, бирок дал ушул түспөлү бар…

— Кайда болду экен ээ, көчөдөн аял көрсөм кайсы аял менин апам болду экен деп көзүм талыганча ар бирин карай берем. Сүрөттү колума алып, карай берем, карай берем, — деп Анипа ыйлап ийди. — Кандай күнү таап алып кубанаарымды, апам мени кучактап алып бооруна кысканын элестетсем түнү бою уктабай чыгам, эже…

— Жашоодо баары болот, алтыным, асты үмүтүңдү үзбө…

— Үмүтүм үзүлбөйт, дүйнөдө жападан жалгызмын, эжеке, апамды көрсөм дегенде үмүтүм зор.

— Чыда, күтүүдөн башка амал жок, ал дагы сени ойлонуп жүргөндүр, эне жүрөгү эч качан баланы унутпайт, аргасыз таштаган болсо да өмүр бою сени эстеп, ойлоп жүргөндүр…

— Ойлосо өзү таштап кеткен үйдү билет, неге келбеди, бир жолу издеп келсе болот эле го, неге?! — деп Айжамалды кучактап алып, солкулдап ыйлап жатты.

— Ыйлаба, алтыным, азыр сен да, мен да жалгызбыз, бири-бирибизди эш кылып жашай туралы, бизге дагы кудайым жакшы карап койоор, — деп Айжамал Анипаны чачынан сылай эркелетип отурду. Кеч киргенин сезбей кобурашып отура беришти. Айжамалдын оюнда Анипанын энеси, «Кандайча таштап басып кетти экен, кантип чыдады? Эки айга чейин бакса, анан кетип калса, демек Нинанын багып алаарына көзү жеткен, анан таштап кетүүгө аргасыз болгон. Мен аны кайдан көрдүм экен, кайдан көрдүм?» — деп ойлонгону менен эстей албады.

Эртеси таң атпай Асылай келип калды, Айжамал кубанып кетти.

— Апа, кайсы шамал айдап келди, өзүм барат элем го? — деди учурашкандан кийин.

— Келдим, кызым, түшүмө эле кирип туруп алдың, дайныңды билбей жүргөндө айла жок жүрчүмүн, эми билип туруп, кантип келбей койом? Деги тынчсыңбы, оорубай сыркабай эле жүрөсүңбү?

— Кызык, денсоолугум таптаза, жакшы эле жүрөм, — деп күлдү Айжамал.

— Көргүм келди да, — деп койду Асылай, анткен менен ичинен аны көргөн түшү тынч алдырбай сары санаа кылып турган. Ал үч жолу түш көрдү, үчөө тең бир эле түш. Күйөө баласы Акылбек үйүнө кирип келет имиш, эки жакты карап: «Мен Айжамалга келдим эле, аны каякка кетирип ийдиңер?» , — деп издеп жатканда ойгонуп кетет. Бул түшүнөн чочулап өзү жетип келген. Чай ичишкенден кийин ашканасына кирип, өзү камыр жууруп токоч жасады. Үй ичин ысырыктап, анан куран окуп, нанды сыртта ойноп жүргөн балдарга таратты да, Айжамалдын башынан суу тегеретип чачып, ичкери киргизди.

— Апа, сен көзү ачык болуп кеткенсиң го? — деп күлдү Айжамал.

— Бул да адам баласына керек, кызым, арбактарга куран окуп коюунун жаманы жок, — деп койду эне. Анипа аларды карап отуруп, көз жашы эрксиз мөлт этип кетти. «Менин апам да ушинтсе кана, деги бир көрөмбү, апа деп бир ооз атай аламбы? Эгерде тапсам ал мени кызым деп жакшы көрүп, мээрим төгөбү? Балким дагы башка балдары бардыр, мени балам деп да ойлобойт чыгаар. Ооба, ошондон бери балалуу болуп калгандыр, демек издеп кереги жок, ал мени өлгөн деп эсептеп таштаган да, мындан ары апам бар деп ойлобойм да эстебейм» , — деген чечимге келди. Асылай көпкө жүрүп калды, Айжамалдын көңүлү көтөрүңкү болуп калган. Бир күнү үчөө тамактанып отурганда:

— Айжамал, сен менин тагамдын кайнагасын билчү белең? — деди апасы.

— Тайкени го тааныйм, кайнагасын тааныбайм, эмне болуптур?

— Тагам байкуш балалуу болбой жүрүп, ошол кайнагасынын улуу баласы Темирди багып жүрүп, кийин балалуу болгондо баласын алып койгон.

— Анан эмне болду?

— Ошол Темир шаарда, аялы абдан жакшы келин, Темир ажырашам десе ата-энеси болбой жатыптыр, башка бирөөнү таап алган го деп. Аталары кетсең өзүң кете бер деп, келини менен неберелерин айылга алып кетип калган имиш.

— Анын бизге кандай тиешеси бар, апа?

— Сөз да, балам, тагам Темирди чакырып алып сүйлөшсө, мен бир келинди сүйүп калдым, аты Айжамал дептир… — Эне кызынан өзгөрүүнү байкамак болуп карап калды, бирок Айжамал сыр билгизген жок, билмексен боло жылмайып.

 

— Апа, болсо болгондур, ага биздин тиешебиз канча? — деди.

— Деги да, тагам байкуш Айжамал десе менин Айжамалымбы деп, жетип келип жатпайбы?

— Жарыктыктар десе, дүйнө жүзүндө Айжамал аттуу бир эле мен болсом да…

— Жөн гана сөз да, кызым…

— Мейли эми, ал Темирбектин аялы азыр кайда экен?

— Ал кайната-кайненесиникинде, бечара Айнаканды мен дагы көрүп калдым, абдан жакшы келин.

— Айнакан? — Анипа көздөрүн тостойто сурап ийди.

— Ооба, Темирдин аялы Айнакан деген жоош-момун келин.

— Айнакан дейсизби? — Анипа кайталап сурап, сумкасына жетип, сүрөттү алып келе калды. — Бул сүрөттөгү кызга ал окшобойбу, эне?

— Окшошуп турат, азыр ал толук келин, жаш кезин көргөн эмесмин, — деп Асылай башын чайкады.

— Жакшылап карасаңыз, окшошобу же анча эмеспи? — Анипа сүрөттү маңдайына алып барды. — Дал ушуга көздөрү же мурду, каштары окшошобу?

— Алда-а айланайын, ал кимиң эле, жаш кезиндегиден өзгөрдү да, айланайын, азыр балпайган ак жуумал сүйкүмдүү аял, эки уулу бар, катар-катар чоңоюп калышты.

— Апа, аларды мен эмнеге билбейм, тагамкына барганда андай баласын көргөн эмес элем го?

— Айттым го, Зарылбек көзгө көрүнүп басып калгандан кийин эле берип коюшкан, бирок дале ата-энесиндей каралашып турат, — деди Асылай.

— Ошондой, менден Темир улуу экен да анда?

— Зарылбек дагы сенден эки жаш улуу.

— Ийи-и да.

— Ошол бечаранын үйүн бузган оңбосун да, жеңем каргап-шилеп отурат, улуу баласы эми атасын карабайм деп, таятасына качып кетип калыптыр, балдарына да жаман болуп жатпайбы. Ажырашам деген экен Айнакан болбой коюптур, ала турганыңды ала бер, кайрылып келсең өзүм тосуп алам, кааласаң аны менен да, мени менен да жаша дептир.

— Аябай ичи кең аял го? — Айжамал жылмайып койду.

— Айттым го, абдан жакшы келин деп.

— Мейли, бизге тиешеси канча, апа, менин жумушум чыгып калды, бир-эки саатта келип калам, силер кобурашып отура тургула ээ? — деди да, эшикке чыгып кетти.

Асылай эмне демек, кызынын кайда иштеп, эмне жумуш жасаарын билбей башы маң болуп жатты. «Мен келгенден бери соодага чыкпайт, же иштеген иши жок, кайдан акча табат бул?» — деп ойлоду. Анипа болсо сүрөттү кармаган бойдон ойго чөгүп отурат: «Мен ушул энени ээрчип барсам кандай болот? Апамды таап алсам жалгыз болбой калат элем, мен үчүн кам көрө турган адам болмок, эркелеп жок дегенде төшүнө бир жолу башымды жөлөп, бугумду чыгара ыйлап алмакмын. Анан түнү бою кучактап алып жатмакмын» , — деп кыялданып алды. «Өзү күйөөсү таштап кетип, жаман абалда жүрсө мени сүймөк беле? Ал үчүн мен өлгөн баламын да, билбеген бойдон кала берсин. А менчи, мен өмүр бою соксоюп жалгыз каламбы?» — деп ал оюнан кайра айнып отурганда:

— Ээ, кызым, сен кимди издеп жүрдүң эле? — деп Асылай оюн бөлүп ийди.

— Аа-а, ал сүрөт курбу кызымдыкы эле, издей жүр деген.

— Эмне кылат экен аны?

— Ошону билбейт экенмин, сурабаптырмын, эне, аты дагы окшош экен, ошого сурадым…

— Ии-ий, айланайын, мен аны жакшы тааныймын, жоош-момун түзүк келин.

— Ата-энеси барбы?

— Бар эмей, атасы өмүр бою мектептерде деректир, завуч болуп иштеген, апасы дагы мугалим, азыр экөө тең пенсияда.

— Сиз аларды тааныйсызбы?

— Ооба, менин бир тууган агамдын кудасы, ошол эле айылдын четинде турушат.

— Сиз аякка барбайсызбы?

— Жумушум жок, жамандык-жакшылыкта катышып турабыз, айланайын, — деди Асылай сүйлөшүп отурганга эрмек издегендей бериле сүйлөп жатты. — Айнаканды алганда баргамын.

— Аа-а, — деп койду Анипа.

Айжамал үйүнөн чыгып, түз эле Темирдин ордуна барды. Темир соода жасап жаткан экен, ары карап товар көрүмүш этип күтүп турду да, жанына келди.

— Кандай, Темир?

— Оой кандай, Айжамал? — деп Темир шыпылдай колун сунду.

— Сени менен сүйлөшө турган сөз бар.

— Мен дайым даярмын, өзүм дагы сага кеңешмек болуп жаткан элем.

— Ашыкпа, мен бир азга эле келгемин, ошол ордуңа отурсам болобу? — деди да, жооп күтпөй эле контейнердин ичине кирип отурду. — Темир, сен туура эмес иш жасап жатыпсың, Жолдошбек менин бир тууган тагам болот. Сен тез арада аялыңдан кечирим сурап барышың керек, мен апамды уят кылгым келбейт.

— Эмне деп жатасың, Айжамал?

— Мен сага жомок айтып жатканым жок, же мен сага сөз байлап, илинчек кылган белем, экөөбүз тааныш элебиз, туурабы?

— Айжамал.. .

— Сен мени ук, мен дагы мурда билген эмесмин, бирок ортодо эч сөз болбой эле өзүң чечим чыгарганың болбойт…

— Сен кимдин кызысың?

— Мен Сейтаалынын кызымын.

— Чын элеби?

— Ооба, бизди тагдыр ушундайча тааныштырды, апам келип, бүгүн мага баарын айтты, ал тургай атымды угуп алышыптыр.

— Мына сага, ушундай де. — Темир шалак эте отуруп калды. — Кечир, Айжамал, мен чынында туура эмес кылган экенмин.

— Дагы бир сөз…

— Кандай?

— Аялың Айнаканды кыз албадым дедиң беле?

— Ооба…

— Сага баласы бар экенин айткан беле?

— Жок, кандайча бала?

— Жөн айттым, аты Айнаканбы? Анипа деген курбу кызы бар бекен сурачы.

— Бар-бар.

— Болду башка сөздүн кереги жок, биз эми бир тууган таяке-жээнбиз, ортобузда эч нерсе болгон эмес, болбойт дагы. Үй-бүлөң менен бактылуу бол! — деп өйдө турду. — Аялыңды алып келгенде мен силерди конокко чакырам.

Айжамал ушинтти да, түптүз үйүнө жөнөдү. «Шумдугуң кургур, эми өзүмө жаккан адамды таптым деп жүрсөм… дагы жолум болбоду», — деп ойлонуп эшигине келди. Асылай уктап калган, Анипа кат жазып жатты. Ал таене-таятасына өзү бармак болду. «Саламатсыздарбы, бейтааныш менин адамдарым, мен силердин бейкүнөө төрөлгөн небере кызыңармын. Балким мен үчүн бир кезде кызыңар Айнаканды күнөөлөп, балалыктан кечмек болгондурсуңар, же таптакыр билген эместирсиңер… Бирок жылдар өтүп, мен чоңоюп, өзүмдүн таштанды кыз экенимди билген күндөн тарта жалгызсырап, жанымды койоорго жер таппай келем. Анткени мени баккан орус кемпир Нина көз жумгандан бери таянаар таянычы, жөлөнөөр жөлөгү жок, бир жетим улактаймын. Колумда мени төрөгөн кыздын сүрөтү, издеп келем, издегеним менен кумга сиңип кеткендей иги-жиги билинбей жүрүп, жакында бир изин таптым. Балким менин апам ал эместир, андай болсо миң мертебе кечирим сурайм! Дүйнөдө жалгыздык өтө жаман экенин сезип-туюп, жаш жүрөгүм жараланды. Эгерде… эгерде чын эле ал менин апам болсо, бир гана жолу көрүп, бир гана жолу өз көзүм менен карап алганга болоор бекен? Балким бир кезде таштап кеткен кызын ойлогусу да келбес, бирок мага абдан керек, көзүмдү ача электе жээрип таштаса да, эми мени бир жолу кучактап, мээрим төгүшүн каалайм… Кечиргиле, менин кымбат адамдарым, мендей таштанды бейбак кыздын үнүн угуп, өз жүрөгүңөр менен тыңшап көргүлөчү?! Менин атым Анипа, 1986-жылы 22-сентябрда туулгам. 15. 06», — деп жазып туруп, төрт бүктөп капчыгына салып алды. Сырттан чыккан дабыштан улам тура калды. Айжамал үйгө кирип келе жатып:

— Уктап калдыңарбы? — деп дабыш берди.

— Мен ойгоомун.

— Эмнеге ойгоо отурасың?

— Уйку келбейт.

— Апам кечки чайын ичтиби?

— Ооба, тамак жасагам, сизге берейинби?

— Жок, кардым ток.

— Жатасызбы?

— Эс алайын, — деди чарчаңкы үн менен.

— Макул.

— Көңүлүң кандай?

— Эмнеге?

— Ичкенге, вино алып келчи, бир аз ичели…

— Болуптур, ашканага кириңиз.

— Жарайт, — деп Айжамал ашканага башбакты. Экөө отуруп вино ичишти, Айжамал үндөгөн жок, узун ойдун учуна жетпей, санаанын кучагында улам куйган винону жутуп коюп отурганда Анипа үнүн пас чыгарып:

— Абдан капасыз го? — деди.

— Айтпа.

— Сизди эч нерсеге капаланбайт го дечүмүн.

— Неге?

— Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз бар.

— Аа-а, туура айтасың, андай болушу мүмкүн, бирок, Анипа, сен мени түшүнчү, кээде адамды бук кылган көп нерсе болот…

— Түшүнөм.

— Жо-ок, — Айжамал сөөмөйүн Анипага карай ары-бери булгады. — Жок, Анипа, ата-энең менен бир туугандарга айтпай турган дагы ички сыр болот.

— Билем…

— Эмнени билесиң? — Айжамал улутунуп алды. — Сен эчтеке билбейсиң, болгону күчүк сымал эми гана көзүң ачылып келе жатат, ачуу менен таттууну тата элексиң берекем, — деп башын жерге салып отуруп калды.

— Анда эс алалы, эже, менин уйкум келди, — деп күлүп Айжамалды колтуктап, өз бөлмөсүнө алып кирди. Ал чечинбей эле жатып калды, Анипа үстүнө шейшеп жаап коюп, өз бөлмөсүнө кирди. «Мен апамды көрүүдөн баш тартсамбы же бир көрсөмбү, дайынын билип туруп чыдай албайт окшойм, баары бир көрүшүм керек, анын ата-энесин табам», — деп ойлоп жатып, уктап кетти. Эртеси Айжамал апасын көчөгө алып чыгып, базардан кийим-кече алып берди да, агасы Турдубектикине алып барды. Ал үйүн бүтүп калган эле, апасы менен карындашын көрүп, кубанып кетти. Сурма экөө тосуп чыгышты.

— Аке, — деди Айжамал Турдубекти карай, — апам кетем дейт, сиз жеткирип келиңиз, бул машинаны келгенден кийин сизге өткөрүп берем, азыр менин иштерим чыгып калды.

— Ой, чын эле мага бересиңби, ишенбей турам.

— Ооба, аке, сиз айдаңыз, праваңыз бар да.

— Бар, бирок азыр мен айдаганда ГАИлер тоссочу?

— Мен доверенность жаздырып берем.

— Давай, бала-чакам менен бир барып келейин, — деп Турдубек кубана түштү.

 

 

Уландысы бар…

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE