Пример HTML-страницы

Кесир…

https://kyrgyzcha.site/?p=44103&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кесир

Аялдын акышы кайра башталды. Эркекке бир кезде бул акыш жыргалдын туу чокусу болсо, азыр тирүүнүн азабы эле. Үн күчөгөндөн күчөп, тирүүлөй кескилегенсип озондогон онтоо могу көрдөй жагымсыз бөлмөгө эле эмес, ааламга угулуп жаткансып эркекти муунтуп жиберди. Дилин өгөөлөгөн алда кандай оор сезимден эркек көздөрүн жуумп, кулактарын жаап төшөгүндө бир ууч болуп бүрүштү. Качандыр бир минтип басынчу да, бирөө угуп жатабы деп уялчу да эмес. Кайра куду эрдик жасап жаткансып көз көрүнөө сыймыктанчу, эрдемсичү. Азыр акыштанган үндөн качып башын кайда катарын билбей далбастады. Сасыгы башты жарган төшөккө чүмкөнүү мүмкүн эмес эле. Үндү укпоо үчүн ары карап оодарылып кетүүгө да алы жетпей сийдик жалаган жамбаштары кыймылдаса ачышып айласы куруду. “Шоруңду кайнатчу азабың ушул кыз болот, Жылдыз, ойлончу, дале кеч эмес”, — деген аялынын жалооруңку добушу кулагына жаңырып кетти. “Пайгамбардай эле айткан экенсиң, мына эми табаласаң болот”, — деди алсыз өктө, жанын кашайткан арман менен.

“Анда ойлонгонго менде акыл калды беле, даанышманым ай. Акылымдын баарын албарстынын кумарлуу көзүнө, койкойгон каркыра мойнуна, ипичке белине, көмкөргөн кумарадай жумуру адеми жамбаштарына уурдатып койгонумду ошондо сен туйган менен мен туйбапмын, аттиң”, — деди дили майышып.

Ушу азыр сийдигине чыланып жаткан узун түндө башынан кечиргендин баарын кайра баштан эстеп таразалап жатты. Башка кылар иши да жок болчу.

Эскерүү Асипадан башталды. Кошуна эле айылдын кызы Асипага тагдыр кошту. Экөө ата-энесинин, айрыкча апасынын демилгеси менен үйлөнсө да сүйүшүп баш кошкондой абдан ынак эмес беле. Жылдызбекке баарынан да Асипанын күн сайын бирге түнөгөн күйөөсүнө күндүзү бет келе калса анардай албырып кеткени, тез-тез дем алгандан улам атлес көйнөгүнүн алдындагы бөрсөйгөн мамактары толкун тээп аткансып көтөрүлүп түшүп аптыкканы жакчу. Андайда тез эле түндүн киришин, уяң, назик келинчегинин ууз жытын, ысык эриндерин, тумчуккан шыбырын, күйөөсү өпкөн сайын үрптөрү тикчие түшкөн сезимтал апакай төшүн самап кетчү.

Ата-энеси буларды үйдүн улуусу катары тун уулу төрөлгөндөн кийин өзүнчө бөлүп коюшту. Табиятынан жакшы кийингенди, элдин алдында жүргөндү, баарынан да башкарууну жактырган Жылдызбек атасы түптөп, анан үйлөнүү тоюна белек катары берген чакан бизнести тез эле жолго салып кетти. Беттегенин бербеген өжөрлүгү, жанын таштап иштей билген эмгекчилдиги, кандай жумуш болбосун, эртеңин болжой билген сезимталдыгы бизнесте жолун ачты.

Жылдызбектин таттуу эскерүүсүн эркектин оор кадамы, аялдын кайсар күлкүсү бузду. “Ойношун узатып жаткан экен…”, — деди тиштенип.

– Мен кеттим, – деди чыгып бараткан эркек акырын, анан “шылп” эттире жагымсыз өөп койду. Аял адатынча кетирбей назданып мойнуна асылды окшойт, эркек кайра шаша шыбырады.

– Кетейин, үйдө күтүп калышты…

Ушул азыр кимдир бирөөнүн сени күткөнү, бирөөгө керек болуу, ашыгып барчу үй, сени издеген, сагынган жакын адамдардын болгону кандай кымбат экенин, алардын орду эч нерсе менен толбосун төшөктө жаткан эркек жон териси менен жаны ачышып сезди да, өткөнүнө кайра сүңгүдү.

Кайсы учурда келбесин, аялы тамагын даярдап алып уктабай отурчу. Болпойгон жоош уулу уктап калар эле, а бакыраң көз, Жылдызбектин өзүндөй өжөр, тынчы жок кызы апасына кошулуп алып атасын күтчү. Ушул экөөнүн күтүп отурганын элестетип алып, каерден болбосун, үйүнө шашчу. Бирок бул адат качан, кантип калып кеткенин азыр да эстей албай койду. Акча дегениң ушунусу менен азгырат белем, достору, ошол эле учурда айланчыктаган сулуулар көбөйгөндө адам өзүн баарына керектүү, кыйын сезип, башкалар өзүнө муктаждай каадаланып калат тура. Ошол күнү чет элдик ишкерлер менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы жакшы болуп абдан кирешелүү келишимге кол коюшкан. Жылдызбек өнөктөштөрүнүн чайга чакырганынан аргасыз баш тартты. Анткени бүгүн таң заарда аялы: “Кызың он сегизге чыгып жатат, чогуу тосолу ээ?” — деген адатынча акырын, жумшак.

Эми эле машинесин от алдырганда арткы эшиги ачылды да, салонго жалгыз караан менен кошо ажайып жыт, шыңгыр үн кошо кирди.

– Байке, ала кетиңизчи… – деди ал чыгып-чыга электе жумшак өтүнүп. Артты көрсөткөн күзгүдөн деңиздей көгүш, оттуу, сулуу каректер Жылдызбекти шоктоно карап турду.

– Мейли, дарегиңизди айтыңыз, – деди кыз көргөндө туйлап кеткен жүрөгүн араң баса.

Кыз айткан дарекке жеткенде Жылдызбек:

– Корпойсуз да ээ? Кызымдын туулган күнү эле, болбосо… – деди кеп менен таман тузак таштап. Кыз наздуу улутунду.

– Мейли, рахмат, жакшы барыңыз, бирок ушунча келип нан ооз тийбей кеткениңиз жакшы эмес, бир мүнөткө кирип даам ооз тийиңиз куру кетпей, — деди карагат каректерин кадай Жылдызбектин айласын кетирип. Жылдызбек кантип киргенин аңдабай калды. Бөлмө эркин жасалгаланыптыр. Куду кыздын өзүндөй эркин. Адамды буулуктуруп катар тизилген эмерек, салттуу буюмдар жок.

– Мен азыр…

Кыз ичкери кирип кетти да, бир топко жоголду. Ыңгайсызданган Жылдызбек жуп чыгып кетерде кыздын шоораты угулду. Эми эле эшиктин туткасын кармаган жигиттин бет алдында ак балтырын жабар-жаппас узундуктагы жупжука тор халаттын жукалыгынан үрпү капкара кош мамагы, бир тутам бели, топчудай киндиги көрүнгөн кыз турду. Капилет ысык аба жутуп алгансып оозу кургап кеткен Жылдызбек шилекейин кылк жутуп алды. Аял аттууну ушул өмүрүндө жетишерлик көрсө да жарым жылаңач, болгондо да кол менен жасагандай мындай келбеттүү аялды биринчи көрүшү. Жылдызбек кызды кантип бооруна тарта кучактап жибергенин туйбай калды. Андан кийинкисин элестете албайт.

Ошол күндөн Жылдызбек жалын жутуп алгансып жүрчү болду. Басса-турса кызды эстейт да, от менен жалын болгон каалоодон аза бою өрттөнүп чыгат. Бой жетип калган кызына, апасындай токтоо, сабырдуу уулуна, унчукпаган түйшүкчүл, боорукер, баарын ичине ката билген чыдамкай аялына болгон сезимдерин, сүйүүсүн кошо жалмап кетти бул кумарлуу жалын.

Бир күнү эртең мененки чайды ичип отуруп аялы:

– Жумушуң жакшы элеби, оюң бир жерде эмес? – деди бирдеме айтчудай кепти алыстан баштап.

– Баары жакшы, – деп бурк эте алдыда болчу сүйлөшүүдөн жүрөксүп туруп баратканда аялы артынан:

– Жылдызбек, айтпайын, билмексен болоюн дегем, бирок сен өзүң жашырганга аракет кылбай калдың. Шоруңду ушул кыз кайнатып жүрбөсүн, токтотсоңчу кеч боло электе. Уулуң кесиптеш, дос-жар күтүп, кызың мына-мына турмушка чыкканы турат, – деди ыйлап жибербейин деген ички кармануудан үнү калтырап.

– Мен шашып жатам… – деди да, шарт чыгып кетти. Ошондо жумушка да барбай тим эле жоо куугансып энтигип Айсунун эшигине келбеди беле. Эшигин ачкан кыз “кайдан, неге?” дебей боюн таштады. Жылдызбек суусап келип суу ичкен жандай аптыга кыздын көкүрөгүн, жүзүн сылагылап жалынып да, өөп да жатты. Мындай учур Жылдызбектин жүрөгүн эле эмес, жашоосун чар тарапка топ таштай чачып жиберчү.

Чачылбаганда эмне, үйүнөн чыгып кеткени аз келгенсип беш бөлмөлүү бир батирди, бир чоң дүкөнүн кызга каттатканга жетишкен. “Эмне мынчалык арбалдым экен?” — деди шуу үшкүрүп. “Адам алдырарда жаздырар” деген ушул белем, антпесе Айсуга дене кумарынан башка эмне байлаганы эсинде жок.

Ошол айбандык кумар түбүнө жетти го. Эсинде, Айсу бир күнү Жылдызбекке ороло артылып жатып:

– Сизге такыр тойбойм, минтип үч-төрт күндө эмес, күн сайын болгум келет. Сиз да ошенткиңиз келеби? – деди кылгыра карап.

– Кантип? – деди Жылдызбек кызыга. Айсу мурунтан камдап койгон белем, жаздык алдынан сырты көк кутучаны алып чыкты. Анан кутучадан көгүш үч бурчтук дарыны кичинекей алаканына сала жигитке сунду.

– Мына бул таблетка жардам берет. Мен баарын интернеттен окуп чыктым, зыяны дээрлик жок экен, – деди базарга мал сатып аткан далдалчыдай жанталаша демитип. Ошол ошо болду, Жылдызбек бул дарысыз төшөккө жатпай калды. Ошондо жок дегенде өзү деле пайда-зыянын окуп койсо эмне. Оболу башы ооруп, анан мойну, айрыкча мурдунун учу кызарып, бара-бара жүрөгүнүн сайгылашканын байкап калчу болду. Айрыкча акыл жумушу менен көп отурганда жүрөгүнүн ноюп сайгылашканы көбөйгөндөн-көбөйө берди. Качан Айсунун төшөгүндө кулагы дүңгүрөп, башына кан тепкенсип ысып барып колу-буту чымырап жатып калганда гана доктурга кайрылды.

Ошол күндөн баштап Айсу да өзгөрдү. Кеч келгени, кагып-силккени көбөйүп, Жылдызбек көкүрөк тушун кармай эриндери көгөрүп калса мурдагыдай үйрүлүп түшпөй кайдыгер басып кетчү болду. Ошондо эле баарын таштап өз үйүнө кетип калса, же башка жашоо баштаса болмок экен. Куру намыстанып көөдөн көтөрүп койбодубу. Үчүнчү жолу инсульт болуп ооруканага түшкөн Жылдызбек үйүнө коляскада келди. Чыныгы тозок ошондо башталды. Оболу кейимиш болгон Айсу бакмачы жалдаган. Анан бакмачыны “карабайсың” деген болуп, а чынында төлөгүсү келбей кууп жиберди да, Жылдызбекти тирүүлөй отко сала баштады. Бирөө тургузмайынча тура албаган Жылдызбек төшөктө эле заара ушатчу болду. Бир жумача шейшеп күнүнө, анан жумасына, кийинчерээк айына бир алмашып, азыр болсо алмаштырылбай деле калды. Айрыкча Айсу көз көрүнөө үйүнө биринчи жолу эркек алып келгенде өлүп алгысы келди. Бирок адам чыдабаган азап болбойт экен. Ага да түттү, миң бир эки жеринен тытылса да түттү, түтпөскө айласы да жок эле. Жылдызбектин азыр эң чоң тилеги эле өзүнүн ушул абалын эч ким, баарынан мурун кошуна бөлмөгө келип Айсуну акыштатып жаткан эркектер көрбөй өлүп кетсем дейт. Бир таблеткага чыдабаган жүрөк жанында болуп жаткан тирүүнүн тозогуна чыдап жатканына таң калат. “Кудайдын жазасы го бул”, — дейт дилинде өзүн-өзү табалап. Убал деген болот тура.

Жылдызбек эшиктин коңгуроосунан улам ойлорунан ойгонуп кетти.

– Ким? – деди Айсу наздуу үн менен.

– Мен – деди сырттан эркектин үнү. Айсу көп ойношунун бири деп ойлоду го, “мен деген ким?” деп тактабай эле ачып жиберди да:

– Кимге келдиңер? – деди муздак.

– Жылдызбекке келдим, эмне телефонун албайт?

Жылдызбектин аза бою дүрүлдөп, уятынан жерге кирип кеткиси келип, “кирбе, кирбечи” деп кыйкырып ие жаздады. Бул досунун үнү эле. Бир кезде киргизбегенге аракеттенген Айсу менен туткакташа Жоодар кирди.

– Келбесең болмок, – деди Жылдызбек каргылдана.

– Кайраным, кайраным, кантип калгансың? – Жоодар сасык жыттан башын бир чулгуп алды да, дароо терезени ачты.

– Көрүп турбайсыңбы… – деди Жылдызбек тиштене.

– Көрбөй көзүм кашайсачы. Телефонду албайсың, алсаң да ушун үчүн “келбе” деп жаткан экенсиң да. Тур кеттик.

– Тура алсам жатмак белем, – деди Жылдызбек ыйлап ийбейин деп кармана.

– Жыкын (достору ушинтчү), сени Асипа “алып кел” деди. Табалап, же аяп жатат экен дебе, бул туура чечим. Намыстанганды, аялдан кеткенди билген эркек кайрылганды, кечирим сураганды да билиш керек.

– Менин өлөрүм калды, кыйнаба, досум, мен ыраазымын. Бул абалда кечирим сураган кечирим суроо эмес, жалынуу, бечаралык, – деди Жылдызбек мүңкүрөп турса да кайраттанып.

– Мен мурун өлөмбү, сен мурун өлөсүңбү, Кудай билет, бирок ит өлүм менен сийдикте жатып өлбөй адамча, эстүү аялдын, каныңдан жаралган уул-кыздын, тууган-уруктун кашында өлгөн жакшы. Кеттик, – деди да, анан көтөрүп жөнөдү.

– Үйдү алам деп ойлобогула. Мен бактым, – деди Айсу ажылдап.

– Баары сеники, кам санаба, мен денемди гана алып кетем, – деди Жылдызбек акырын.

Алардын тепкичтен түшкөн кадамы тез эле угулбай калды. Сыягы, кеткенче шашышты го…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE