Пример HTML-страницы

Бир кезде Ысык-Көл сыяктуу чалкыган Орто-Токой суу сактагычы жыл санап соолуп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushМай айынан тарта Орто-Токой суу сактагычынан сугатка суу бериле баштады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Суу сактагыч адистеринин айтымында, 2-майдан тарта 3 секундасына 5 метр, 7-майда тарта 3 секундасына 8 метр бериле баштады.

Суу сактагычтан алынган суу менен 120 миң гектар жер сугарылып келет.

«2023-жылдын 1-майында 468.01 млн метр куб суу топтолгон. 2024-жылдын 1-майына карата топтолгон суу 449.83 млн метр куб болсо, 8-майга топтолгон суу 454.01 млн метр куб түздү. Быйыл суу 18-20 млн метр кубга аз топтолду. Анын себеби Кочкордон суу аз келе баштаганы менен байланыштуу», — дейт суу сактагыч жетекчилиги.

Суу сактагычтагы суунун толгон көлөмү 450 млн метр куб, жогорку көлөмү 470 млн метр кубду түзөт.

Балыкчы шаарынын тургуну Асеке Иманалиев суу сактагычта суунун көлөмү азайганын айтып келет.

«Эл арасында да тамашалуу окуялар айтылып келчү. Алардын бири — бир карыя Нарындан чыгып, Ысык-Көлдү көрүүгө жөнөп, жолдон унаадан уктап кетет. Унаа бул суу сактагычка жетип токтогон кезде карыя ойгоно калып, «Ысык-Көлүм чалкып жаткан тура» деп сапарлаштарын күлдүргөн экен. Чын эле суу көп, көл сыяктуу чалкып жатчу эле. Азыр ал суунун орду көк шибер болуп, мал оттоп жүрбөйбү. Тоо боору агыш тартып, мурда суунун көлөмү канчага чейин көтөрүлчү экенин көрүүгө болот», — дейт ал.

Орто-Токой ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Нарын менен Ысык-Көл облусунун ортосунда жайгашкан суу сактагыч 1940-жылы курулган. Деңиз деңгээлинен 1700 метр бийиктикте жайгашкан.

Плотинасы 1941-жылы курула баштап, 1961-жылы аяктаган. Узундугу 18 чакырым, эң жазы жери 5 чакырым, терең жери 47 метр.

Суу сактагычтан алынган суу менен Чүй жана Казакстан талаалары суугарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE