Пример HTML-страницы

Таластагы тоодо 38 баш жылкы дайынсыз жоголду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМанас районунун Сөгөт айылынын тургуну Нурбек Жусупов 28-апрель күнү элдин 29 бээсин 9 кулуну менен уурдатты. Ал бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына өзү билдирди.

Анын айтымында, бир топ жылдан бери элдин малын кайтарып оокат кылат.

«Мен элдин малын бир топ жылдан бери багып келем. Быйыл дагы элдин малын алгам. Жайытта күн батканда кезде 29 бээ менен 9 кулун жоголду. Ал 11 адамдын малы. Ошол учурда абдан жаан болуп, малдын изи жерге так түшүп калган экен. Эки атчандын изи түшүп калган экен. Баягы жайылып жүргөн малды айдап кетишиптир. Издеринин аркасынан түшүп, биз менен чектеш Казакстанга өтүп кеткенин көрдүм. Жылкыларды Дегерес деген тоодон ашырып кеткен экен. Бизде чек ара деген менен 300 метр аралыкта бир столба турат, калганы ачык эле талаа. Каалаган адам өтүп кете берсе болот. Анан малды айдап, Казакстандын Макмал деген айылына киришиптир. Баягы из көп малдын изине кошулуп, таба албай калдым.

30-апрель күнү милицияга кайрылганбыз. Ал жакта Казакстанга барыш үчүн уруксат керек дешти. Мындан 2 жыл мурун дагы ушундай окуяга кабылган элем. Анда дагы табылбай калган.

Азыр бул малдын баасы орто эсеп менен 3 млн сомдон ашык болот. Мал ээлери эмне дейт азыр белгисиз. Ушундай аймактагы чоң маселеге көңүл буруп, эки мамлекеттин ынтымагына залакасы тийбей, бирок, уурулукту алдын ала тургандай шарт түзүп берсениздер деп суранам», — деди ал.

Ал эми Талас ОИИБдин маалыматына караганда, бул факты Манас РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) менен катталып, кылмыш иш козголгон. Манас РИИБдин кызматкерлерине жоголгон малды табуу боюнча тапшырмалары берилип, издөө иштери жүрүп жатат.

———————————————————

Таласта жылкылар жоголгон башка фактылар:

2023-жылы 24-февралда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы Таласта​ Казакстанга 12 баш жылкыны уурдап өтүүгө шектелген адамдар кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-декабрынан 6-декабрына караган түнү ​ ​ ​ Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын тургундары Б.Аскар уулуна жана И.Жолумбековго тиешелүү болгон 12 жылкы Ак-Жар айылынын түндүк батыш тарабындагы үлүш жерлерден уурдалып, Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылы менен Казакстанды бөлүп туруучу чек ара зымынын №284 чек ара белгисинен Казакстанга өткөрүлүп кеткен. Бул кылмышка шектелип 2 адам кармалган.

———————————————————

2023-жылдын июнь айында Таластын Көпүрө-Базар айылынын 1984-жылы туулган тургуну М.Б. милицияга кайрылып, 28-майдан бери Кум-Бел жайлоосунан 17 баш бээ, 1 баш байтал, 1 баш айгыр жана 13 баш кулун, жалпы 32 баш жылкысы жоголгондугун билдирген.

Арыз ээси М.Б.нын кашары Көпүрө-Базар айылынын чыгышында, айылдан 22 чакырым аралыкта жайгашкан. Андан ары 17 чакырым аралыктан орун алган Кум-Бел жайлоосунда жалпы 32 баш жылкысы жайылып жүргөн. Б.М. аларды акыркы жолу 28-майда санап кеткен. Шек жараткан эч нерсе байкалган эмес. 31-майда саат 11:00 чамасында жылкыларын таппай калган. Натыйжада М.Б.га болжол менен 1 млн 810 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Бул факты боюнча Кылыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пункту (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

———————————————————

2023-жылдын август айында Талас облусунда Казакстанга өтүп кеткен 16 баш жылкы ээсине кайтарылып берилгени белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-августунда Үч-Эмчек айылынын 1989-жылы туулган тургуну Ж.уулу М. арыз менен кайрылган. Анда 20-июль күнү жылкылары Талас районуна караштуу Кең-Кол жайлоосунда жайылып жүргөн жеринен жоголуп кеткендигин билдирген. Билдирүү РИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

«Талас РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Майрамбек Калманбетов Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Рыскулов районунун полициясынын башчысы, подполковник Шалкар Даулеткулов менен сүйлөшүү жүргүздү. ОИИБдин жана РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен бирдиктүү иш алып баруунун негизинде Кең-Кол жайлоосунан жоголгон 16 баш жылкыны Казакстандын Рыскулов районуна караштуу Кайыңды айылдык аймагынан таап, ээсине кайтарып беришти», — деп айтылган милициянын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE