Пример HTML-страницы

Таласта согуш маалында оорукта иштеген ардагерлерге акчалай белектер тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы ооруктун 10 ардагери жашайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 9-майда аларга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 60 миң сом бөлүнгөн.

Талас районунун Көк-Ой айылында Жеңиш майрамынын 79 жылдыгы ардагерлердин катышуусунда белгиленди.

Кең-Кол айыл аймагынын башчысы Тилек Сакеевдин айтымында, алгач согушта курман болгондордун эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, Куран окулду.

Салтанат маданият үйүндө концерттик номер менен коштолду. Салтанаттын соңунда тылдын каармандарына, эмгек ардагерлерине сый тамак берилди. Айыл аймакта оруктун 8 ардагерине белектер берилди.

Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында ооруктун 2 ардагери жашайт. Бири Кара-Ой айылында, экинчиси Талды-Булак айылында турат. 9-майда аларга Шумкар-Уя айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Алтынбек Борукеев акчалай белектерди тапшырып келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE