Пример HTML-страницы

Улук инсан

https://kyrgyzcha.site/?p=4285&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

  УЛУК ИНСАН
Азирети Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам)?
— Эң улуу өрнөк. «Пил окуясынан» 50-55 күндөн кийин, ай жыл санагы боюнча Рабиул-аввалдын 12-түнү, дүйшөмбүдө, б.а., биздин замандын 571-жылы, 20-апрелде, таң агарып келе жатканда, Меккедеги жөнөкөй бир үй-бүлөдө — аалам мырзасы — сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) жарык дүйнөгө келди. Ушул учурдан тарта бүткүл аалам кайгы-капаларын унутуп, ченемсиз кубанычка бөлөндү. Каран түндөр заматта нурга бөлөнгөндөй болду. Бүткүл аалам бир ооздон:
Ай-Күндөн ажар талашкан,
Арбалды нурга жер-асман! — деп жар салды.
Чоң атасы Абдулмутталиб:
«Аллах жана адамдар аны даңазаласын» — деп, наристенин атын Мухаммад койду. Чынында, ааламдардын мырзасы болгон Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) — Аллах Тааланын, адамдардын жана периштелердин теңдешсиз мактоо-даңазаларына арзыган дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз инсан. Анткени ал мындай даңазалоого, кадыр-баркка жана сый-урматка татыктуу эле. Бул мактоолор менен сүйүүгө ал теңдешсиз ыйманы, илими, ибадаты, ыкыласы, такыбалыгы, жана эң көркөм адеп-ахлагы аркылуу ээ болгон. Ошондуктан анын сыйлуу, даңазалуу бийиктигине бул дүйнөдө эч ким жете алган эмес, жете да албайт.
Адамзатка жөнөтүлгөн мээрим Пайгамбары (саллаллооху алайхи ва саллам) илахий кабардын акыркы ээси, бүткүл ааламдарга жөнөтүлгөн куттуу Пайгамбар азирети Мухаммад (саллаллооху алайхи ва саллам) Аллах Тааланын бизге болгон ырайымы болуп эсептелет. Куран Каримде:
«Албетте, Аллах момундарга өздөрүнөн болгон (адам жынысынан болгон), аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, (күнөөлөрүнөн) арылта турган, ошондой эле аларга Китеп жана Даанышмандыкты үйрөтө турган пайгамбарларды жиберүү менен жакшылык кылды. Анткени алар илгери апачык адашууда жүрүшкөн эле» (Аали Имран сүрөсү, 164-аят) — деп баяндалат.
Ал — Аллах Тааланын тарбиясында жетилип, бүткүл адамзатты жакшылыкка үгүттөгөн өрнөк инсан. Анын ысмы акылмандыктын, илимдин, адеп-ахлактуулуктун, сабырдуулуктун жана сөзгө бек туруунун, сыпаалыктын, адилетсиздикке, акыл-эс жана ыймандын тоскоолдуктарына каршы тайманбастан күрөш жүргүзүүнүн өлбөс-өчпөс үлгүсү болгон улуу инсандын ысмы. Ал жарык дүйнөгө келгенде ыймансыздыктын караңгылыгында мүңкүрөп жашап жаткан бүткүл адамзат кайрадан ойгонду?
Көптөгөн кылымдар бою элибиздин жүрөгүндө ал улуу Пайгамбарга (саллаллооху алайхи ва саллам) болгон сүйүү алоолоп жанып келет?
Ага болгон чексиз сүйүүнүн негизинде жаралган ырлар, адабий чыгармалар жана өткөрүлгөн мавлюддар жалпы журтка маалым. Мечиттерде, үйлөрүбүздө жана иштеген мекеме-жайларыбызда да ал улуу Пайгамбардын (саллаллооху алайхи ва саллам) аты жазылган көркөм жазуулар илинип турат. Азирети Мухаммаддын (саллаллооху алайхи ва саллам) аты тилибизден түшпөйт жана дилибизде дагы ага болгон бекем сүйүү орун алган?
Күнүгө беш убак намаздан алдын айтылган азанда: » … Ашхаду анна Мухаммадан-расуулуллаах … » — деп дүйнөнүн төрт бурчунда анын аты көккө жаңырып турат?
Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) аты аталганда ага Алла Тааланын мээрим жана тынчтыгын жолдоп салаваат айтабыз. Ар бир момундун жүрөгүндө ага болгон сүйүү эбегейсиз чоң орунду ээлейт. Ага жана үй-бүлөсүнө урмат катары уулдарыбызга Акмат, Мухаммад, Махмуд, Мустафа, Абдулла сыяктуу аттарды, ал эми кыздарыбызга Амина, Хадича, Айша, Фатима, Уркуя, Зейнеп деген аттарды коюп келебиз.
Ал жарык дүйнөгө келген Рабиул-аввал айын «Куттуу ай» деп билип, бул айда ар бирибиз азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) үлгүлүү жашоосунан жана адеп-ахлагынан өрнөк алууга аракет жасасак. Анткени, бул Куттуу айда жарык дүйнөгө келген Аллахтын эң сүйүктүү Пайгамбары (саллаллооху алайхи ва саллам) жалпы адамзат суусаган булак сыяктуу экендиги калетсиз?
Адамзат коому түркөйлүктүн баткагына белчесинен баткан мезгилде, ал бул ааламга куткаруучу катары жөнөтүлгөн эле. «(Эй Мухаммад), Биз сени ааламдарга мээрим кылуудан башка максатта жөнөткөн эмеспиз .» (Анбия сүрөсү, 107-аят) — деп Аллах Таала акырзаман Пайгамбарын (саллаллооху алайхи ва саллам) жөнөтүү максатын ачык билдирген. Азыркы учурда да адам баласы анын руханий жетектөөсүнө, аны таанып билүү аркылуу жетүүчү жандүйнө жана жарык дүйнө бейпилдигине өтө муктаж болуп турат. Өзүнүн Мекке доорундагы пайгамбарлык жашоосунда ар кандай жамандыктарды тамыры менен жок кылууну көздөгөн, ошол мезгилде айлана-чөйрөсүндө өкүм сүргөн ар түрдүү ыплас нерселерге жолобостон улуу Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) жана карапайым адам катары өткөргөн жашоо тилимин жакшылап таанышыбыз абзел.
Абу Кубайс тоосунда айткан чакыруусун, ошол доордун Алла Таалага жана анын акыркы Пайгамбарына (саллаллооху алайхи ва саллам) ыйман келтирбеген караңгы коому менен күрөшүүсүн, Ибн Аркамдын үйүндө өткөрүлгөн дааватынан улам куугунтукка алынуусун, Мадинаны издөөсүн, Таиф шаарында ташбараңга алынып катуу жараланган убагында да:
«Аллахым, аларды кечир, анткени, алар эч нерсе билишпейт» — деп суранып Жаратканга дуба кылуусун эч качан унутпайбыз.
Көптөгөн жылдардан бери келе жаткан Аус жана Хазраж урууларынын ортосундагы чыр-чатакты чечкендигин, ансар менен мухажирлерди бири-бирине боордош кылгандыгын терең түшүнүүбүз зарыл. Анын тарбиясын алган, ар бири көктөгү жылдыз сыңары жанган сахабаларын жакындан таанып билүү да бизге милдет.
Азирети Абу Бакрдын достугу менен берешендүүлүгү, Азирети Умардын акылмандыгы менен адилеттүүлүгү, Азирети Усмандын намыстуулугу менен такыбаалуулугу, Азирети Алинин илимдүүлүгү менен эржүрөктүүлүгү — мусулмандарга түбөлүк үлгү?
Ар бири дастанга айланган Бадр, Ухуд, Хандак, Хайбар жана Табук согуштарын терең изилдеп, таанып билүүбүз шарт. Жөөттөрдү да ичине камтыган Мадина келишими, нажрандык христиандарга Набавий мечитинен ибадат кылууга жер бөлүп берүүсү, Худайбияда тынчтык үчүн жасаган аракеттери, Меккени каратып алган учурда Абу Суфянды, Хиндди жана авасы Хамзаны шейит кылган Вахшинин кылган жамандыктарына карабастан, аларга кечиримдүүлүк кылуусу, Хунайнда алган олжолорду кембагалдарга таркатып берүүсү анын артынан ээрчиген үммөтү үчүн өлбөс-өчпөс өрнөк болуп саналат. Адамзаттын тарыхында эбегейсиз зор мааниге ээ болгон «Коштошуу ажылыгында» Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) жалпы мусулмандарга коштошуу хутбасында?
«Адамдар тарактын тиштериндей, баары тең бирдей, бардыгыңар Адам Атадан тарадыңар, Адам Ата болсо топурактан жаралды» — деп кайрылуусун жана 63 жылдык жаркын өмүрүнүн соңунда?
«Мына эми мен эң улуу досума бара жатам» -деп бул дүйнө менен коштошуусун, акыркы осуяттарынын бири катары?
«Көздүн нуру болгон намазды эч убакта таштабагыла» — деген сөзүн аңдай билели.
Бул улуу Пайгамбарга (саллаллооху алайхи ва салам) миң мертебе ыраазыбыз, ал бизге чыныгы маданиятты үйрөттү. Ал бизге улуу Жараткан Алланын бар жана бир экендигин, түбөлүктүү дүйнөгө кандай даярдык көрүү керек экендигин үйрөттү, ошондой эле адамдык асыл сапаттарды да таанытты. Инсандын жеке өзүн таанып билүүдөгү сырды ачты. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) өз жашоосу менен Куранды чагылдырды, ал эми Куран болсо Пайгамбарыбызды (саллаллооху алайхи ва саллам) бизге «эң сонун үлгү» катары сүрөттөдү?
Ал Аллахтан келген вахий нурун дилибизге орнотту, чындык менен жалганды, жакшылык менен жамандыкты айырмалап билүүбүзгө түрткү болду. «Ошондой эле Аллахтын уруксат-каалоосу менен Ал Затка (Анын динине) чакыруучу жана (акыйкат Жолду көрсөтүүчү) нурлуу чырак кылып жибергенбиз» (Ахзаб сүрөсү, 46-аят) — деп баяндайт кереметтүү Куран Карим.
Адамзаттын башына келген кырсыктар бул куттуу Пайгамбардын (саллаллооху алайхи ва саллам) мээриминен алыстап жашаганыбыздан улам келип чыгууда. Табиятка жырткычтай мамиле жасалып жаткан доорубузда, азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) дүйнөтаанымын жана табиятка жасаган аяр мамилесин таанып билүү зарылчылыгы турат алдыбызда. Күн өткөн сайын коомубуз бузулуп, башаламандык өкүм сүрүп жаткан бүгүнкү күндө, акыйкатты издеген ар бир инсан ал курган бакыт коомун изилдеп үйрөнсүн. Анткени, изденгенде гана көптөгөн суроолорубуздун жообун табабыз.
Сүйүктүү жубайы Хадича энебиз менен биргеликте кол кармашып курган бактылуу үй-бүлөсүнөн өрнөк алып, анын?
«Аялдарыңарга жакшы мамиле жасагыла, эркектердин аялдарында акылары бар болгондой эле, аялдардын дагы эркектеринде белгилүү акылары бар» — деген осуятын эсибизден чыгарбайлы.
Айрыкча, дос-жарына, коңшу-колоңуна жана туугандарына жасаган мамилесин үлгү кылып жашай билсек, кандай сонун болор эле.
Ааламдашуунун арааны жүрүп жаткан азыркы мезгилде, илимге, маданиятка жана салт-санаабызга терс таасирин тийгизип жаткан кинофильмдердин, газета-журналдардын, интернет баракчалардын таасиринен жаштарыбызды коргоо үчүн, аларды доорубуздун мындай баткак-сазынан алып чыгуу үчүн, азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) жетекчилиги керек. Дүйнөнүн ар тарабында жайгашкан шаарларда инсандык жылмаюга, боорукердик менен сунулган колго зар болгон, жүрөктөрүнө кайгы-муң толгон, балдай таттуу балалык чагын жоготуп, көчөдө кароосуз калган балдарды көргөндө:
«Жетим балдарды баккан бейиште мени менен бирге болот» — деген Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) осуятын эстейли. Күн сайын жер жүзүнүн бир бурчунда кан төгүлүп жаткан учурда, адамзат Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алайхи ва саллам) мээрим толгон осуяттарын таанып билүүгө абага жана сууга муктаж болгондой эле муктаж экендиги шексиз?
Эмгек акыга өтө маани берген Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам)?
«Кол алдыңарда иштегендер силердин боордошторуңар, жеген ашыңардан аларга да жедиргиле, кийген кийимиңерден аларга да кийдиргиле. Жумушчулардын иш акысын тери кургай электе төлөгүлө» — деген баалуу осуятын жашообуздагы эң негизги принцип катары кабыл алалы.
Пайгамбарыбызды (саллаллооху алайхи ва саллам) сүйүү, аны эскерүү, анын айткандарын түшүнүү жана анын сүннөтүн аткаруу, эң башкысы, ал үйрөткөн баалуулуктарды өмүрүбүздө туу тутуп жашоо — ар бир мусулмандын милдети. Дүйнөдөгү бүткүл жетишкендиктер үчүн ага карыздарбыз. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) чыныгы дүйнөгө жол тартканына 14 кылым толсо да, анын бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири эбегейсиз зор болуп келет.
Оо, Жараткан! Махшар күнү бизди бул дем менен кайра тирилт.
Оо, Жараткан!
Бизди бул дүйнөдө сүйүктүү Пайгамбарыздын сүннөтүнөн ажыратпа!
Акыретте болсо шапаатынан кур калтырба!
Оомийин…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE