Пример HTML-страницы

Кыянат 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ 

17 болум

 

Адам баласы ар күн сайын өзүнө-өзү “бирөөнүн жүрөгүн жаралагыдай, азап салгыдай, тагдырын талкалагыдай, ак эмгек, маңдай тери менен тапкан эмгегин жегидей мен киммин?” деп суроо берип турса, балким, адамгерчиликтен таймак эмес. Баары азыркыдан башкача болмок. Байэл жылдар бою кара жанын карч уруп иштеп тапкан бирөөнүн эмгегин жеп жатканын ойлонуп да койгон жок. Акча кимди гана түз жолдон чыгарбаган? Акчага болгон азгырык Байэлди өзгөрттү. Тахир үйрөткөндөй эсептерден акчаларды чыгарып алды да, жарнаманы өчүрүп, СИМ-картаны телефондон чыгарып салды. Ушул ишти кыла алганына маашырканып алды. Алданып калган адамдардын абалы, алардын көз жашын эстегиси да келген жок. Кежигеден баскан кедейлик, теңсиздик, бала кезинен толбогон бөксөлүк жигитти акырындык менен ушул жолго алып келди. Жигит тырышчаактыгы, чапчаңдыгы менен Капардын көзүнө илинбегенде, балким, бул жолдон оолак жүрөт беле, же акыры айланып ушул жолду басат беле, ким билсин? Акчалуу болуп калган Байэл машина алгысы келди, Аделяга машина менен баратканын кыялданды. Дароо Тахирге телефон чалды. Көп күттүрбөй ал да келип, экөө машина базарга жөнөштү.

 

– Ии, ишиң бат эле жүрүшкөн го, ээ? Анан кандай болду?

 

– 7 миң доллар.

 

– Охо, алтын балык кармаган турбайсыңбы. Жаман эмес.

 

– Көрсө, оңой эле турбайбы…

 

– Сен бат өздөштүрдүң. Керек болсо буга айрымдардын духу жетпейт. Шефтер бекеринен жактырышпаптыр да сени. Мени менен бөлүшкөндү унуткан жоксуң да?

 

– Унутпайбыз го дейм,- Байэл дароо ушинтип жооп берди. Чынында, ал бөлүшүүнү ойлогон эмес. Азыр гана тапканынан “боссторуна” да бөлүшүү эрежеси бар экенин эстеди. 6 миң долларга машина алууну ойлонуп жаткан жигит оюн өзгөрттү. Жол бою өз ою менен алек болуп калды. Чын жүрөктөн бергиси келбесе да бергенге мажбур экенин түшүнүп турду. Тахир менен Байэл базарды түрө кыдырып чыгышты.

 

– Байэл, могу Тойота Камрини эле аласың го. Абалы жакшы экен,- Тахир Байэлди күмүш түстүү Камриге алып келди.

 

– Тигил Мерсчи?

 

– Ал болбойт. Аны оңдотуп жүрүп чарчайсың. Азыр алып турсаң, акчаң көбөйгөндө алмаштырып аласың. Балким, шефтер унаа берет дегендей,- Тахир чынында унааны жакшы түшүнөт. Байэлге башында эле көзү түшкөн Тойота Камрини алып берди. Соодалашканды да мыкты билет экен. Бир заматта сатып жаткан жигитти эпке келтирип койгонуна Байэл таң калды.

 

– Мына эми унаалуу да болдуң. Кут болсун! Эми карматпайт турбайсыңбы,- Тахир күлүп калды.

 

– Рахмат сага. Мени өзүң менен өстүрүп жатканыңа. Калган акчаны Тахирдин колуна берди. Экөө кубалашкан бойдон калаага кирип келишти. Тахир менен коштошуп, Байэл Аделяны көздөй жөнөдү.

 

Аделя сөзсүз кубанат деп кудуңдап келе жатат. Аделя тынчтыкты сүйгөндүктөн шаардан алыс кеткенди жакшы көрчү. Мурун аны дайыма шаар сыртына алып чыгууга Байэлде шарт жок эле. “Эми экөөбүз шаар сыртына чыгып, күн сайын жылдыз санасак болот” деди жигит ичинен. Телефонун алып Аделяга чалды.

 

– Мен сага баратам. Сюрпризим бар. Чыгууга камына бер, пери кызы,- Байэл Аделянын жообун укпастан өчүрүп койду.

 

Жактырбаган адамың менен жолукпоого бир шылтоо табылбаса, жактырган адамыңа жолугууга бир себеп табылат дегендей, кыз шыпылдап даярданып чыгып баратты эле, апасы алдынан чыгып калды. Кызынын жүзүндөгү жылмаюу эненин жүрөгүн жай алдырды. Кечээки окуядан кийин каякка деп сурагысы да келген жок. “Мейличи, атасы жокто ээн-эркин басып алсынчы” деди ичинен. Аделя апасынын эч нерсе дебегенине таң калды.

 

– Апа, мен досторума барып келем,- деди апасына эч нерсе айтпай чыгып кеткенден уялган кыз.

 

– Такси менен барасыңбы же Айбек келеби?

 

– Сарсанаа болбоңуз, такси менен эле барып келем. Ал деле үй-бүлөсү менен убакыт өткөрсүн да. Атам келсе ансыз деле менин жанымда жүргөнү-жүргөн. Ушу унааны өзүм эле айдасам жакшы болот эле.

 

– Атаң келсе сүйлөшөбүз. Андан көрө бүгүн жакшы барып кел.

 

– Апа, такси келип калды, мен чыктым.

 

– Алтын кызым менин,- эне кызынын жүзүнөн сүйүп коё берди.

 

Кыз шаша басып дарбазадан чыгып, эшик алдында турган таксинин арткы орундугуна отурду. Каякка барарын сурайын деп Байэлге телефон чалды эле, унаанын салонунан телефон шыңгырап калды. Башын көтөрүп алдыңкы жакты карагыча Байэл телефонду алып “чоң кыз, каякка барат элеңиз?” деп күлүп калды. Кыздын көзү тостоё түштү. Көргөн көзүнө ишене албай турду.

 

– Сиз кайдан? Эмне таксист болуп иштеп кеттиңизби?

 

– Сен үчүн таксистмин.

 

– Жөн айтсаңыз.

 

– Чын эле, Айбек байкең келбегенде мен таксист болуп турам. Атайын сен үчүн үстүндөгү шашканы да сатып алдым.

 

– Мен такси чакырып койгом да…

 

– Аны кетирип жибердим. Ошонун шашкасын сатып албадымбы.

 

– Ээ, ошонун баарына жетиштиңерби?

 

– Келгенине акча төлөп койдум. Сарсанаа болбой эле кой. Куру убара болгон жок.

 

– Кыйынсыз да негизи,- кыз Байэлдин бетин акырын чымчып койду.

 

– Баш көтөрүп карап койбойсуң го. Эгер бара турган жериңди билсең жүзүмө бир карабай туруп машинадан түшүп кетмексиң го, ээ?

 

Экөө каткырып күлүп, кобурашып бири-бирине тойбой бара жатышты. Байэл түз эле шаардан чыгып тоолорду көздөй айдады. Кыйла бийиктеп чыгып барып унааны токтотту. Унаадан түшүп бир аз эки жакка көз чаптырган соң Аделя унаага үңүлдү.

 

– Кимдин машинасы?

 

– Менин. Жаңы алдым. Үйгө деп чогултуп жүргөн акчам бар болчу. Аларым менен сага келдим.

 

– Чынбы?- Аделя чоп эттире жигитти беттен өптү.

 

– Эми биз күн сайын жылдыздарга жакын келип турабыз,- жигит кызды кучактап көтөрүп тегеретти.

 

ххх

 

Аделя үйгө жетип калганда чоочун номерден СМС келди. “Тигиниңди тандабай белегимди алганың үчүн рахмат. Мен сени сүйөм”. Арсты улам “кара тизмеге” киргизет. Минтип башка номер менен кайра чалып, жаза бергенин койбойт.

 

– Уф-ф,- кыз оор үшкүрдү.

 

– Эмне болуп кетти?

 

– Эч нерсе, уйкум келди,- ачуусун ичине катууга аракет кылды. Байэл шекшип калса Арс экөөнүн ортосунда жаңжал чыгары бештен белгилүү. Бирок Арс дагы көздөгөнүнөн кайтпай турганын Аделя аңдап эле турат. Кыз чарасыз.

 

ххх

 

Маржан дагы Алмаздын залына келди. Бирок Байэлди көзүнө учурата албай койду. Кайрадан таппай каламбы деп Маржандын тынчы кете баштады. Түз эле кирип келип, бир жигитке барып телефонунун экранындагы сүрөттү көрсөттү.

 

– Бул жигит азыр кайда?

 

– Ал жок,- деп басып кетип бара жаткан жигитти Маржан токтотту. Бул Арс болчу.

 

– Кайда, ал машыгууга келбей калдыбы?

 

– Эже, анын эмне кылып жүргөнү мени кызыктырбайт.

 

– Балам, суранам, кайда экенин билишим керек.

 

– Макул, эже, менин номеримди жазып алыңыз. Мен кайда экенин билип, сизге айтып коём. Арс машыгуусун улантты. Маржан Арсты үмүттүү караган бойдон сыртка чыгып кетти…

 

– Мейли, кайда экенин билип коюу ашыктык кылбастыр. Балким, бул аялдын да бир күнү пайдасы тиер. Байэлди жөн издебеген чыгар,- аял чыгып кеткенден кийин Арс ушуларды ойлонду.

 

ххх

 

Түн бир оокумда Тахир балдарды шашылыш чогултту.

 

– План өзгөрүп кетти. Алар акчаны бүгүн чыгарышат экен. Тигилер бир аз мурун эле чалышты. Колдон чыгарбаш керек мындай сумманы. Эгер ойдогудай бүтүрсөк, ар ким өз «долясын» алат.

 

– Мегиле, алгыла, эмне бар, эмне жок. Бирок, эсиңерде болсун, ок чыгарбаганга аракет кылгыла,- Баха Байэл менен дагы бир жигитке тапанча берди. Тахир болсо дайыма жанында алып жүрөт…

 

Жигиттер өздөрүнүн унааларын таштап, башка эки унаа менен чыгып кетишти. Тахир жол баштап бара жатты. Зымырап ээрчишкен унаалар бир маалда жарыгы жок кичинекей көчөгө бурулушту. Дубалдары бийик чоң үйдүн капталына токтошту. Эшикте кыбыр эткен жан жок, жадакалса жарыктары өчүк экен. Бир далайга үйдөн киши-кара чыгабы деп күтүп отурушту. Тахир бастырып кирип барууну ойлоду, бирок жөн эле убара болуп калышсачы.

 

– Эмне биз келгиче алып чыгып кетишкенби, же орун которуп кетиштиби? Болбосо буга чейин бир кыймыл болот эле го,- Тахир эмне болгонун такташ үчүн өзүнүн тыңчысына телефон чала баштады. Анысы бир да чалууну албай койду.

 

– Ой кеңкелес, бизди алдайм дедиңби? Убара кылганың үчүн мен сага көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби,- иши пландагандай болбой калган Тахир ызырынып сөгүнүп жатты. Сыртта таң сүрүлө баштады. Тахир жерге жарык киргенче бул жактагы кыймылды байкап турганга эки баланы таштады да, өзү Байэлди салып кайдадыр жөнөп кетти. Жинин унаадан чыгарып жатты. Аңды-дөңдү карабай айдап барып бир көп кабатуу үйдүн алдына токтоду. Кимдир бирөөнү күткөндөй улам айлана-тегеректи карап коёт. Байэл анын мынчалык жинденгенин көргөн эмес. Ашыкча суроо бергиси келген жок.

 

Аңгыча үйдөн чыгып келе жаткан кишини көздөй айдады. Унаа чоочун болгондуктан тиги киши анын Тахир экенин тааныган жок. Жанына жеткенде машинанын терезесин ачты.

 

– Кел, отур,- башы менен жаңсап арткы орундукту көрсөттү. Тигиниси Тахирди көрүп чочуп кетти.

 

– Эме…- жооп кайтарайын деди эле Тахирдин каардуу жүзүн көрүп шып отурду. Көздөрү алаңдап коркуп жатканы байкалып турду. Ал отурары менен тоо тарапка учуруп айдап жөнөдү. Ээндеп калганда дароо токтоду да, Тахир сыртка чыгып эле чылымын күйгүздү.

 

– Тигини да түш де,- деди артынан түшүп келе жаткан Байэлге. Лөкүйүп көлөмдүү көрүнгөнү менен, Тахирден коркот өңдүү. Өзүнчө эле бүжүрөп калды.

 

– Эмне сен бизди алдайын дедиң беле? Акча кайда азыр?- ызырынып турган Тахир тигини жакадан алып муунтуп жиберди. Кызарып кыйналып кетти.

 

– Алдаганым жок, тоноп келгенден бери ошол жерде кармап жатышкан. Эч кимге бөлүштүрө элек болчу. Бирок бул даректи башкалар билип калды көрүнөт, түндө бул жактан акчаны чыгарып кетиш керек деп пландашканын өз кулагым менен уккам.

 

– Бүгүн мага эмне болгонун тактап айтасың, эгер дайынын билбей калчу болсок анда таарынба. Өмүрүң менин колумда,- Тахир тигини коё берди.

 

ххх

 

Алдыда болчу беттешке экипировка карап жүргөн Арстын телефонуна чоочун номерден чалуу келди. Алса өткөндө залга келген аял экен. Байэлдин чоо-жайын сурады.

 

– Жабышты да калды го. Аны издеп эмне кылат? Бирок өткөндө мага көрсөткөн сүрөт биздин залдан тартылыптыр. Мынча издегенине караганда бир нерсе бар мында. Андан көрө бул аял кимиси болду экен?- Арс аялдан бир нерсени шекший баштады. “Аны табуунун эң оңой жери эле Аделянын окуу жайы. Ал да сабактан чыга турган маал болуп калыптыр. Тапсам табам, таппасам Аделяны бир көрүп келем” деп ойлонуп Аделянын окуу жайын көздөй жөнөдү. Унаасын токтотуп, Аделянын чыгышын күтүп отурду. Аңгыча Арс эки жакты карап кимдир бирөөнү издеп жаткансып чыгып келе жаткан Аделяны көрдү.

 

– Айдоочусу көрүнбөйт го,- Арс дагы эки жакты карап Аделянын айдоочусун көрө албай койду.

 

– Ушу өзүм жеткирет окшойм,- деп оозун жыйганча эле Аделянын жанына Тойота Камри токтоп, ичинен Байэл чыкты. Башында такси менен келгендир деген, бирок унаада жигит өзү болчу. Байэл кызды утурлай басып, алдынан чыкты. Экөө учурашып, кыз адатынча жигиттин моюнуна асылды. Канча аракет кылса да көңүлүн таба албай жаткан кыз кайдагы бирөөнүн моюнунан кучактап турганына Арс кызаңдап жиндене түштү. Уюлдук телефонун ары-бери айлантып өзүнчө тынчы кетип унаасына батпай жатты. Жетип барып Байэлди жаткыра чаап, кызды өзү менен каякадыр алып кеткиси келди. Аделя аны менен кетсе кана?! Кетмек турсун сүйлөшкүсү да келбейт. Сезимин билдиргенден бери экөөнүн арасы сууп, мурунку сыйлашкан-сырдашкан ага-карындаш мамилесине чекит коюлду. Аделя кайда болбосун Арстан жаа бою качат. Арс кыздын көңүлү үчүн аларга көрүнбөөнү эп көрүп ачуусун, кызганычын ичке катып унаада отурду. Кыздын дагы да кыжырына тийгиси келген жок. Байэл экөө мурун да дал ушул жерде мушташа кетишпеди беле. Аделя дагы ачуу сөздөрү менен ашатып туруп, Байэлди жетелеп кетип калары бышык. Анда эле Байэлдин алдында Арстын абалы кандай болот? Бир кезде Арстын оюна бир нерсе кылт эткендей унааны көздөй бараткан экөөнү сүрөткө тартып алды. Жүрүп бараткан унааны узата карап турду да, эмнегедир аркасынан айдап жөнөдү.

 

ххх

 

Маржан телефонуна келген сүрөттөрдү карап жатты. Баштапкы эки сүрөт даана көрүнбөгөндүктөн бир карап жылдырып өтүп кеткен. “Дайынын билген көрүнөт, ырас. Энеси экенимди кантип ачыктайм? Болотко, Баатырга айтам деп баарын чалды-куйду кылбай эле мен энеңмин, атаң сен курсакта кезде өлүп калган, сени таштоого мажбур болгом десемби?” деп ойлонуп жаткан аял үчүнчү сүрөттү көрүп чочуп кетти. Сүрөттү жакындатып улам-улам карап жатты.

 

– Бул Баатырдын кызы эмеспи? Кандайча, кантип экөө жолугуп калды?- Маржан көргөн көзүнө ишене албай, иш бөлмөсүндө өзү менен өзү сүйлөшүп жатты.

 

– Чын эле ошолбу? Даана эле ошол кыз. Үйгө келгенде жанынан көрбөдүм беле. Эми эмне кылам?- бир орунга тура албай бөлмөнүн тиги башынан бул башына кыйма-чийме баса берди. Бир маалда Арска телефон чалмай болду. Тактап сурагысы келди.

 

– Тынчыңды алып жатканым үчүн кечирим сурайм,- деди аял ыңгайсыздана.

 

– Эч нерсе эмес, эже, колдон келсе жардам берем. Эмне боюнча чалып жатасыз?- Арс шыпылдай жооп узатты. Жакындан таанышып, анын тамырын тартып көрүүнү ойлонгон. Ошон үчүн минтип сөзү өзгөрүп, жакшы балага айланып калды.

 

– Тигил жанындагы кызды тааныйсыңбы? Байэлге ким болот?- Маржан Баатырдын кызы эмес, башка кыз болсо экен деген үмүт менен сурады. Жөн эле окшоштур деп ойлоду.

 

– Ооба, тааныйм, аты Аделя. Байэлдин “девушкасы”. Атасы Баатыр деген бизнесмен…- Аделяны Байэлден алып колуна берчүдөй эле шатырата айтып баштаганда байланыш үзүлүп калды. Кайра дароо аялга чалды эле, абонент бош эмес болуп чыкты. Ошону менен аял кайра чалган жок. Арс эми аялдын ким экенине чындап кызыгып калды.

 

– Энеси экенимди айтуу ушунчалык оор болуп жатты эле, эми сүйгөнүң сенин карындашың деп кантип айтам? Байэлди мурун эле тапсам эмне, акыры бир күн ага энеси экенимди айтмакмын да,- өзүн күнөөлөп жатты. Айласы даана куруду Маржандын. Моюнундагы жүк дагы да оорлошту. Ой-санаасы менен алпурушуп жатып убакыттын кеч болуп кеткенин байкабай калыптыр. Жолдошунан келген чалуудан улам саатка үңүлдү.

 

– Алло, баары жакшыбы, эмне болдуң?

 

– Жумуш көп болуп кеч калдым. Бир аздан кийин чыгам,- калп айтты. Болбосо бүгүн эч кандай ишке көңүл бурган жок. Жыйналып үйгө жөнөдү. Жол бою аны бир ойлоп, муну бир ойлоп башы маң болуп келе жатты Маржан. “Биринчи экөөнүн мамилесин бузуунун жолун табыш керек…”

 

(Уландысы бар)

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE