Пример HTML-страницы

Эгер намазга кийинчерээк деле жетишем десеңиз……

https://kyrgyzcha.site/?p=7644&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Эгер намазга кийинчерээк деле жетишем десеңиз — адашасыз… 

Белгилүү имамдардын бири тарабынан айтылып берилген:
Мен дейт, ошол имам, кошунамдын бей намаз экенине өкүнүп, дайыма Алланын үйүнө чакырар элем. ʺПайгамбарыбыз(ﷺ)дын, өзүңө каалаган нерсени башка бурадарыңа кааламайынча толук момун болбойсуңʺ деген хадисин карманып, кошунамдын жанын койбой, тажабай чакыра береер элем, ал намаз окубаса да, үйүнө баяндарга, кураан окууга шарт түзүп, дайыма садака берип жүрөт эле, ошентсе деле Пайгамбарыбыз(ﷺ)дын ʺкөргө киргенде эң биринчи амалы намаздан суралат дегенʺ хадисин кармап ал кошунама айтсам, ал болсо ʺэ таксыр, мен окубайм деген жокмун окуйм, мына эми бир айдан кийин туулган күнүм, мүчөлүм, 48 ге чыгам, ошону чооң той кылып, элден бата алып, эртеси күнү сиз менен багымдат намазга чыкпасам мени ʺэркек ʺ деп айтпай эле койуңуз десе деле болбой, мечиттен келе жатканда сөссүз кошунама кайрылып намазга чакырып кетеээр элем.
Арадан бир ай убакыт өтүп, кошунамдын туулган күнү дагы келди, шарият туулган күнгө уруксат бербегендиктен барбадым, элдер айтышты аяббай заманбап болуп, дүркүрөгөн той берди дешти, ошол күнү кечинде куптан намазынан кайтып келе жатып, кошунамды намазга чакырууну эп көрүп, кайрылып, дарбазасын такылдаттым. Ачты кызуурактай, а кошуна, эрте мененки намазды унутпаңыз э? десем кошуна албетте, албетте эсимде деп калды. Мен болсо үйүмдү көздөй жөнөп, 5 метрдей жылганда, кошунамдын, ʺбирок, башым аяябай ооруп жатат даʺ деген сөзүн уктум, кайрылып ушундай, азабын бермекчи болгонумда, кирип кетиптир, ʺаа мейли мас да ,эртеге сүйлөшөмʺ деп үйүмө барып уктап калдым. Түшүмдө ʺкошуна экөөбүз, чөлдө жүрүптүрбүз, ушунччалык чазкап, чарчап, суу издеп жүргөн экенбиз, бир маалда мен алыстан бир идиштен суу турганын көрүп чуркап жөнөдүм, жетип барып, суусаганымды кандырып, кел кошуна деп карасам кошуна жок экен…..кошунаа, кошунааа деп кыйкырып жүрүп ойгонуп кеттим, жүрөгүм лакылдап калыптыр, мени менен кошо турган аялыма айткан жокмун, себеби Пайгамбарыбыз(ﷺ)дын ʺжаман түш көрсөңөр эч кимге айтпаңдарʺ деген насыйкатын эске салдым, саат эки болгон экен.Аялымды тынчтандырып койуп,эшике чыгып нары бери басып, ойлондум, эмне кылсам, басып кошунамы ойготсомбу деп, жок Алла сактасын деп, багымдатка чыгабыз го акыры деп жатып уктап калдым…
Арадан эки саат өтпөй эшик ушунчаллык такылдады, эшикти жулуп алчудай болуп, аялым коркуп кетти… Эшикти ачсам, кошунанын аялы, ыйлай бергенден көздөрү шишип кеткен.
Кошуна деди, ал: мындан он мүнөт мурда, күйөөм катуу ооруду, аны көрүп, балдарымы ойготуп, кийинттим, анын акыбалы оорлоду, балдарым ээми эшикти ачып, доктурга жөнөшөөрдө, күйөөм аманатын тапшырды деп ыйлып жатты…
Мына кызыык, саат ошондо төрт болгон экен, а багымдат, төрттөн беш минута өткөндө кирчү, мына Алла, пендесин беш минута кийинки боло турган намазга калтырбаптыр. ….

А бизчи, элүү алтымышка чыкканда окуйбуз дейбиз…

Өзүңүз жыйынтык чыгарыңыз.
➖➖➖➖➖➖➖➖➖

Kyrgyzcha.site  ? Сайтыбыз менен бөлүшүп коюнуздар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE