Пример HTML-страницы

Түптөгү милиционерлер үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн айылдарды кыдырып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, үй-бүлөлүк тартип бузуучу катары каттоодо турган адамдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы жер-жерлерди кыдырып, алардын жашаган жеринен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрдүн катышуусунда профилактикалык аӊгемелешүүлөрдү жүргүзөт. Милициянын көчмө кабылдамасы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жолугушуулардын негизги аянтчасына айланат. Анда райондук милициянын башчысы жана анын командасы консультацияларды жүргүзүп, мыйзам боюнча маалыматтарды беришет. Үй-бүлөлүк зомбулуктун кандай гана ыкмасы болбосун ага жол берилбестигин эскертишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE