Пример HTML-страницы

Апакебай, жылытчы

https://kyrgyzcha.site/?p=39988&preview=true Кызыктуу окуялар.

Апакебай, жылытчы«. ..>

 

Жасмин көзүнүн жашын көл кылып туруп берди. Ыйлагандан башка анын колунан эч нерсе келген жок.

— Оо, көзүңө ак түшкүр! Уялбай дагы ыйлап коет. «Кыз боозуп — энесин коркутат» , — дейт. Э, айланайын кудай, ушунун кылыгын мен эмне үчүн байкабадым экен? Агаң укса эми менин кактабай канымды ичет. Бүтүндөй элге шерменде болбойбузбу, ээ, кокуй! Чоңдор укса эмне дейт? Айылчы Султановичтики укса… андан көрө өлүп кал! Өлүп кал! — деп жеңеси Калый какылдап-какшап тилдеп жатты. — Канча болду ичиңе?

Жасмин унчукпады.

— Мелтейбей сүйлө! Агаң уга электе бир балакет кылалы. Сага эле жакшылык каалап жатам, ыя, канча айлык алдагың?

— Беш.

— Беч деп коет. Ошо «беч» айдан бери мага эмне унчукпайсың? Ээ, айланайын кудай, ушул кең Ак-Талаадан бир эркек табылбай калгансып, кайдагы бир тентиреген томолой оштукту ээрчигениң эмнең?

— Сиз ал жөнүндө жаман сөз айтпаңыз. Мен аны сүйөм, — Кыз көзүнүн жашын сүртүп жатып ушуну айтты. — Томолой болсо, ал кудайдын маңдайга жазганы. Мен да томолоймун, Кайрат экөөбүздүн тагдырыбыз бирдей экен. Ошон үчү мен аны сүйдүм.

— Кечирип кой, Жаку. Сен менин оюмду түшүнчү, — деп Калый жумшара түштү. Кайын сиңдисинин таалуу жерине тийгизе сүйлөгөнүн сезе калды. — Азыркы закондо сүйүү экинчи планда турат. Илгери деле: «Катын албай, кайын ал», — дешкен бабаларыбыз. Агаңдын иштесе иши, акча десе акчасы, мансап десе мансабы бар. Сени каадасы менен, жадырап-жайнап жыргай турган, бутак-тамыры жайылган жерге берели, келечеги жакшы болсун деген эле оюбуз. Айылчы Султановичтей кайнаталуу болсоң жыргайсың. Машинадан түшпөй жүрүп гана өтөсүң. Ошко барсаң ошондо билерсиң баркыбызды. Таң заардан туруп эшик шыпырып, ак-укалап ары-бери өткөндө тоңколоңдоп жүгүнүп, каткан ширедей болуп, тамеки, пахтага чыгып, тандырга нан жаба албай, башыңдан бери камыр болгондо, какылдаган Калый көзүңдөн учар. Аш десең аш, акча десең акча турат, оюндан калбай барасың. Айтчы деги, эмнеден кем кылдык? Ошко барганда акчасы жок, тамагы жок, эриңдин ботиңкесин жейсиңби? Үйү деле жок болуш керек…

— Жетишет, жеңе! Кайратты көп эле кордой бербеңиз.Тирүүдөн түңүлбө дейт, — Жасмин эшикти көздөй басты. — Сөзүңдөн жадап кеттим.

— Аа, байкуш. Агаң укса жадаганыңды көрөт элем. Болуптур, эртеңкиге чейин ойлонойлу, калган сөздү ошондо сүйлөшөбүз, — деп Калый кухняга кирип кетти.

Жасмин медучилищени бүтүп, Бишкектен келгенине бир жылча убакыт болгон. Келгенден бери дале агасынын колунда. Мектепте окуп жүргөндө да ушул үйдө тарбияланган. Атасы Жасмин кичинекейинде эле каза болгон экен, энеси кийинчерээк оорудан өлүптүр. Жасмин эки гана бир тууган, ошондуктан жеңеси: «Сенин тагдырыңды биз чечебиз», — деп жатпайбы. Окууда жүргөндө дагы, кайын сиңдисинин жигиттер менен сүйлөшүүсүнө тыюу салган. «Окууңду бүтсөң жигит сага машинасын минип өзү келет», — деп. Акыркы экзаменин берген күнү эле Калый кызды Бишкекке бир күн тургузбай, үйдү көздөй алып жөнөгөн: «Сандалган бирөө Таласка же жердин түбүнө алакачып кетсе эмне кылат?» Жумушка орношкондон кийин, Жасмин Кайрат менен таанышкан. Жигит таякесиникинде турат экен. Оштон келиптир. Кайрат дагы ата-энесинен эрте айрылып, таэжесинин колунда өсүптүр. Бул жакка келгенде ооруп калып ооруканага жатат. Жасмин ошол бөлүмдө медсестра болуп жаңы иштей баштаган. Бети аппак, денеси назик, халаты менен чепчигин кийгенде, көлдөгү сүзүп жүргөн ак кууга окшошуп калат экен. Кайрат бул кызды биринчи көргөндө эле жактырды. Табиятынан жоош, адамга зыяны жок, көңүл калтырбаган кара тору жигитке Жасмин дагы көз кырын салып, анда-санда тамаша сөз ыргытып жүрдү. Экөөнүн тааныштыгы ушинтип башталды. Кайрат ооруканадан чыккандан кийин, ынак болуп кетишти, акыры ал мамиле сүйүүгө айланды. Жигити жөнүндө оюн кимге айтмак, сырдашууга же эже-сиңдиси болбосо, кеңеш сурайын десе энеси жок, жеңеси менен агасы Айылчы Султановичтиндин баласы деп эле суусап жатышса. Кайрат жөнүндө укса Калый жеңеси чок баскандай секирбейби! «Тең теңи менен, тезек кабы менен», — дейт, Айылчынын акчаны самандай чачкан, көпкөлөң тарткан Жорасы ата-энеси жок Жасминди теңсинмек беле. Же ортодо сүйүү болбосо, анан дагы тигинин ырайы суук, кыздан тогуз жаш улуу. Ошол кишиге кантип тиймек эле. Бул жанагы Калыйдын чыгарганы. Ошончолук эле Айылчынын үйүн эңсеп атса, өзү тийип албайбы! «Жетим өз киндигин өзү кесет», — дейт, Жасмин дагы өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш. Өмүр бою өкүнбөс үчүн, өз теңин өзү табат. «Мага Кайраттан артык эр кайда». Жасминдин чечими ушундай болгон. Андан бери зымырап айлар өтүп кетти. Эми ичиндегиси билинип отурат.

Калыйдын чыгарбаганы жок, таң атканча уктабай чыкканбы, эртең менен эрте Жасминди тургузуп, Чаектеги өзүнүн эжесиникине салып жиберди. Издеп келген Кайратка: «Бул үйдө андай кыз жашабайт» , — деп кыска гана жооп берип, эшикти «тарс» жаап алды. Айылчы Султановичтин аялына: «Жасмин шаарда жүрүп, бир ичеги болуп калыптыр, кымыз ичип келсин деп жайлоого жибердик» , — деген шылтоону айтты. Мектептен келе жаткан Жасминдин бөбөгүнөн Кайрат анын дайынын сурамжылады. Ал эжесинин Жумгалга кеткенин, апасы кыздын көптө келээрин айтканын божурады. Атүгүл адресинен бери жазып берди.

Кайрат Жасминдин капысынан эч дайынын билгизбей жоголгонуна таң калган жок, мунун артында бир сыр жатканын сезип калды. Кичинесинен кагылып-согулуп, турмуштун ачуу-таттусун көрүп чоңойгон жигит Калыйдын мамилеси ага карата урулган биринчи соккусу экенин айттырбай түшүндү. Жасмин бир жолу ага-жеңесинин ниетин кеп кылган эле, анда Кайрат унчукпай, ичинен гана ойлонуп калган. Кечээ гана колунда тургансыган бакыт кушу тоскоолдукка чалынган тура. Эмнеси болсо да ошол бактысы үчүн ал күрөшүүгө тийиш. Эч токтолбостон Кайрат таякесинин мотоциклин минип, кеч кирип калганына карабай жолго чыкты.

Айлакер Калый Жасминди Жорага кондуруу максатында бир топ иштерди жасап жиберди. Бир чемодан баалуу көйнөк-көчөк, шакеги менен алтын сөйкө, чет элдик сапожка, акыркы модадагы «лама» пальто, деги, мурда жетиштүү кийинсе дагы, мындай белектерди көргөндө Жасминдин башы айлана түштү. «Ии, көрдүңбү, Кайрат сага ушуларды таап бере алат беле? Шашпа-а, эми буюрса мерседесте чалкалайсың, андан көрө Жора аман болсун!» — Кыздын кайсынын кармаарын билбей алактаганы Калыйдын чырагына май тамызды. «Болду! Кыз даяр. Эми мобул ичиндеги балакеттен кутулуу керек». Чаектеги Калыйдын эжелери дагы сөөлөттүү немелер экен, Жасминди сейилдетип волга менен алып чыгышты. Мындай шаан-шөкөт кызга жагып калды, өзүн жомокто жүргөндөй сезет, ичиндегисин эстей калганда гана жүрөгү «тыз» дей түшөт, Кайраты болсо алыстан-алыстан бүдөмүк көрүнүп, бөтөн адам боло түштү. «Акчаң болсо жашооң жыргал болот турбайбы. Меймандар, жасалгаланган стол, босогодон төргө чейин төшөлгөн килем, былкылдаган дивандар, көздүн жоосун алган стенка… Корооңдо жалтылдаган машина.Кайратта буга жумшай турган акча кайда? Жорада баары бар. Мурда мындай алтыным жок эле…» Жасмин сөйкөлөрүн кармалап жатып ушуларды ойлоду.

Сураштырып жүрүп Кайрат Жасмин турган үйдү тапты. Жасмин Кайратты көрүп көпкө селейип туруп, анан мойнуна асылды. Жолугушуу узакка деле созулган жок, экөөнүн ортосунда муздак, көзгө көрүнбөгөн тор тартылып тургансыды. Ошко кетүү жөнүндөгү сунуша Жасмин мындай деп жооп берди: «Агамдан башка таянарым жок болсо, жалгыз кыз болсом, ал жактан мага ким каралашат. Эгер Ошко кетсең, топурагыңды түйүп беребиз деп жеңем тилдеп жатат».

— Демек сен экөөбүз баш кошо албайт турбайбызбы?

Кайраттын суроосу жоопсуз калды.

— Балабызчы? Ал эмне болот?

— Төрөлгөндө көрөбүз да, — Жасмин башын шылкыйтты.

— Аз убакыттын ичинде ушунчалык өзгүптүрсүң, Жасмин. Сага эмне болду? Мен сени көргөн көзүмө ишене албай турам. Кандай пландарды түздүк элек? Анын баары утопия турбайбы.

— Кечирип кой, Кайрат. Мен өзүмдүн тагдырыма ээ боло албадым.

— Болуптур, качан төрөйсүң? Баламды бир көрүүгө уруксат берсең, келейин. Мүмкүнчүлүк болсо өзүм багып алам.

— Үч айдан кийин келсең болот.

Кайрат Жасминдин алдында өзүнүн бошоңдугун көрсөткүсү келген жок, көкүрөктө кыйнаган ызаасын жутуп жатты. «Болуптур, кайыр кош!» — деп жүрүп кетти. Ой-тилеги бир жакын адамдарынан бирөөнү көрсө азыр ыйлап жиберет беле. «Алдыңа кетейин ай, таалайыңа кудайым ушул күндү жазган экен, не кылабыз. Кайраттуу бол, эч качан чүнчүбө, өзүңдү өзүң көтөрмөлөй жүр!» (Чоң атасынын бир тууган эжеси, кемпир болучу) айткандары кулагына жаңырып, ушул сөздөрдү ал өзүнө таяныч кылып бара жатты.

Экөөнүн бирикпесин эми сездиби, Жасмин: «Кайрат! » — деп кыйкырып жиберди. Сагынып күткөн Кайрат алыстап кетти, укпайт, эми келбейт. Ал таарынды. Таарыныч эми жазылбайт Жасмин эмне кылды? Кайратты сагынып, жаздыкка далай жолу жашын төкпөдү беле? Ал өзүн-өзү тилдеп жатты. Көз алдында кекирейген куник Жоранын элеси тартыла түштү. Жасмин жаңылганын сезип, өкүнүчкө бата ыйлап жатты.

Жасмин аман-эсен көз жарып, ооруканадан чыгып келди. Бала менен алек болуп, эртеден кечке чейин убакыттын өткөнү деле билинбейт экен. Ымыркайдын төрөлүшү бул чөйрөдө кайдыгер гана кабыл алынды. Калыйдын эжеси болсо: «Никесиз бала», — деп жийиркендей. Жасминдин кантсе да биринчи кубанычы эмеспи, ымыркайды сүйүп караган ушул энеси гана. Кайратты ойлогондо жүрөгү «тыз» деп көзүнө жаш келе түшөт.

Балканактай болгон эркек бала. Атасына окшош. Болпоюп жоош, курсагы тойсо үйдө жаш бала бар экени деле билинбейт.

Кайрат кеткенден бери үч ай түгүл, сегиз ай өттү. Дайны билинбейт. Кубанычын бөлүшүүгө Жасмин ак эткенден так этет. Мына, бала беш айга толуп, олтуруп калды. Энесин көргөндө күлөт, үн салат, сүйлөшкөн болот.

Ушул күндөрдө Ак-Талаадан Калый келип калды. Адеп дасторконго олтурганда эле сөзү бузулуп, жыландын башын соймоңдотуп жатты. Какылдап сүйлөп жаткан жеңеси Жасминдин көзүнө жаман көрүндү.

— Сен эми жашсың. Эмитен бала кучактап азап тартып эмне кыласың? Же «эй, балам» деген немең кайрылып келбесе. Өз баласына кайрылбаган ошону көрдүм, каапыр! Баланы мага бер, таэжемдин баласы жок эле, ошол багып алсын. Сен аман болсоң, дагы эле төрөп аласың.

— Кантип берем, жеңе, баламды өзүм эле багам.

— Ий, кызыке, мени баякы айткан сөздөрүм эмдигиче мээңе жете элекпи? Элге-журтка шерменде болбойбузбу? Дагы жакшы чоочун элде сенин ким экениңди билишпейт. Ак-Талаага эри жок тууп алдым деп мактанып бала кучактап барасыңбы? Сен агаңды ойло…

— Жетишет, жеңе. Түшүндүм. Бул жолу да жеңеси тарапта болду. Эртеси Калый айдатып келген машинасы менен баланы алып жөнөдү. Жасмин көз жашын төгүп кала берди.

Калый Жасминди таэжеме берем деп алдап койгон. Көптөн бери Калый Гуля аттуу келинди сыртынан байкап, Жасминдин баласын ушуга берсемби деп ойлоп жүргөн. Калыйдын ою орундаган жок. Гулянын күйөөсү жок, чоңоюп калган бир эркек баласы бар эле. «Баланы багып алат элем, беш айга чейин бакса, кийин энеси кыска ойлоп, эмгегим текке кетип, бала чоңойгондо менден сууруп кетсе, мен кантем», — деп жооп берген Гуля Калыйга.

«Албаганда кайда барат эле», — деген Калый март айынын түнүндө баланы Гулянын эшигинин алдына таштап кетти Шашып жатып Калый чагарактагы кулпуну байкаган жок. Үйдө киши жок эле, жөн гана жарыгы күйүп турган. Одеялдагы бала эч нерседен бейкапар уктап жатты. Эртең менен гана Гуляга жумуштап келген кошунасы Батыш ороодогу түбөлүк уктап жаткан беш айлык баланы таап алды………АЯГЫ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE