Пример HTML-страницы

Ак кара 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-Кара. 17- бөлүм.

Баарыбыз бактылуу, чексиз бактылуу болуп уктадык. Жүрөктөр кубанычтан өйдө төмөн ойноктоп, маанайды эч ким жана эч нерсе буза албайт болчу. Баары уктады, мен болсо ар түрдүү ой менен алпурушуп, көз ирмебей жата бердим. Турмуш бул баардык инсандардан күчтүү экен, эмнени маңдайга жазып койсо, айласыз миң тикеден тик туруп каршы болсоң дагы, өз ордуна оңой эле коюп, «ээй, сенин ордуң бул жер. Сен менин жазган буйруктун алдында, эч ким эмессиң. Ошол үчүн баш ийип, кабыл алып, шүгүр кыл»-дейт окшобойбу. Миң ирээт жыгылып, миң бир ирет кайра бутка турдум. Миң ирээт чалындым, миң ирээт турмуш шапалагын жедим, ошондо дагы баш бербей, тырмышып жүрүп, аягы баарыбир маңдайга жазганы болду.

 

Жаш, жашоону көрө элек, сабырсыз, эч кандай жашоодон тажрыйба алып көргөн жок, сынып калат, көтөрө албайт. Өзү араң жүрөт, жүрөгү жаралануу, ата мээримине зар, балалыктын жыргалына зар, сүйүүгө зар, айылдан бөлөк жерди, элди көргөн эмес!-десе болбойбу эмне? Таш боор, таш боор десе. Ал сөздүн ордуна сен» Жыгылса турат, жараланса айыгат, сынса кайра бүтөөр, жүрөгүн муз кылып алам, сүйдүрүп азаптап, жашоосуна тажрыйба топтоп берем. Мен берген азаптан тентип жүрүп, элди дагы жерди дагы көрүп алат!-дейт экенсиң. Мейли Рахмат. Турмуш берген азап мага буйрук болсо аны дагы көрөбүз, көтөрөм, моюн сунам. Бирок бир шарт менен, азаптуу кара түндөн кийин, азыркыдай аппак болгон күн чыкса. Баарына чыдайм, азап канча көп созулбасын, арты ушундай бактылуулук болсо. ………………………………………

 

Кантип жер жарып кеткенин сезбей деле калыптырмын, Дастан туруп, мени карап жылмайганда гана ордумдан туруп, терезени карасам таң атыптыр.

— Элмира, бүгүн үйгө кетебизби?

— Ооба, кетким келип жатат. Сени менен кетип калсак жакшы болот эле, анан жолдогу машинада кыйналбай.

Атамдан сурап көрөйүн э алтыным.

Дастан жылмайып, башын аста ийкеп коюп эшикке чыгып кетти. Атамды тургузуп кантип сурайм, же сурабай кете берсемби!-деп ойлоп. Кайра кетип калсам, атамдар кыдырып кетсе, ошол менен качан көрөм, таарынып дагы калат!-деп ойлонуп калдым. Өзүм дагы туруп, Дастанга чай даярдап жүрсөм, атам сырттан келди. Атам байкуш, баарыбир аскер кызматкер да, эчак эле туруп чуркап келиптир да. Чайга олтурсак, баары чекеден ызы-чуу болуп тура башташты.

— Ата, мен Дастан менен кете берейинби? Кандай дейсиз?

— Дастан каршы болбосоң, Элмира кечке чейин, бизге бир аз жолго чыгууга көмөктөшүп койсун э балам? Кечинде баарыбир силер жак менен өтөбүз, таштай кетем.

— Мейли ата, жолдогу машинада кыйналат деп айткан элем. Жеткирсенер кала берсин, биз Сыдык экөөбүз кете берели анда.

Сыдык менен Дастан, атам апам менен коштошуп, жакшы деле чай ичпей, жумушка шашып кетип калышты. Биз болсо баарыбыз апам менен атамды жолго камдап, жетпеген кийим кечесин алганы базарга түштүк. Атамдар менен чогу бара турган тең туштары, шаарда турушат экен. Ошонун баласы унааны айдап кыдырат дейт. Атам үйдөгү Сыдыктын он беш орундуу машинасын айдап чыкты, Сыдык атайын бүт оңдотуп бериптир. Аяш аталарды чакырып коюп, өзүбүз шаардын эң кооз жеринде кечки тамакты чогуу тамактандык. Анан бизди үйгө таштап, коштошуп алып жолго чыгып кетишти. Атам го көнүп калган, апама аябай кыжаалат болдум. Алыс жолго көп чыкпаган жаны кантти экен. Улам улам байланышып турдум жеткичекти. Жеткенден кийин дагы бир күндө он жолу тынчын алам го дейм. Ордолуу Ош жергесинде бир апта сый көрүп жүрүштү окшойт. Бул жактан шопур менен бешөө кетти эле, Оштон дагы беш үй бүлө, тагыраак айтканда он адам кошулуптур. Чогуу сүрөткө түшүп жөнөткөн экен, карап алып аябай кубандым. Бизге дагы ушундай ынтымактуу чөйрө ыраа көр, жаратканым. Жетинчи күнү гана Өзбекстанга бүгүн чыгабыз!-дешти. Ал жака түндө жеткени үчүнбү, ошол күнү байланышка чыга албай, эртеси араң чыкты. Кооз шаар, соонун эл деп мактап эле болушпайт. Ошондо барып тынчып калдым, ээн эркин эс алышсын, кечке коңгуроо кагып тажатпай, жайына койдум. Канча күн эс алышты билбейм, мага андан ары Тажикстанга дагы барабыз деп калды атам. Ошол жердеги бир досунун Тажикстанда досу, куда сөөгү бар экен. Биротоло көрүп келишет экен. Ошол боюнча эки-үч күн кабарсыз кетишти. Мен катуу ойлонуп баштадым, же жанындагы аяш апалардын дагы номерин алып албаптырбыз. Күттүк. Бир жума күттүк. Кабар келген жок. Айлабыз кетип турганда, Оштон чалып жатам деп бир жаш бала байланышыптыр Сыдыка. Ал байкушум дагы жаш да, эч нерсе ичине ката албайт, дароо эле мага ыйлап келиптир. Жүрөгүм шуу этти, өзүм бүгүн жаман болуп жүргөм, кайра койчу эми, өзүм тиленип алган болбоюн деп көңүл бурбай койдум эле. Тажикстанга өткөндөн кийин эле атамдар жол кырсыкка учураптыр. Жанагы чалган бала, атасы менен апасынын сөөгүн алып келиптир бүгүн. Бир эле аял тирүү экен, анын ким экенин билбейм дептир. Сиңдимди карасам эс учун жоготуп жыгылып калды, суу сээп өзүнө келтирсек дагы болбой, араң эс алды. Бир точканы карап гана олтурат. Албетте мен дагы айтып сөз менен жеткире алгыс эмоцияга алдырдым, бирок үйдө мен эң улуусу болуп турсам, кийинки үчөөнү сындырып албайын деп, өзүмдү болушунча бекем кармап жаттым. Дароо Тажикстанга учакка билет алып, иним экөөбүз жөнөп кеттик. Келин менен сиңдимди үйдү дайардоосун айтып, Дастанды болсо кем кетиктин баарын алып кел дедим.

Аэропорттон түшкөндөн кийин үч саат жол жүрүп, ооруканага араң жеттик. Тилин кантип түшүнөм дедим эле, ал жакта бир дарыгер Өзбекче сүйлөйт экен. Өзүбүздүн документтерди көрсөтүп, сөөктү алып кетүү үчүн уруксат кагазды дагы көрсөттүк. Бир сааттай кагаз толтуруп, анан орустардын жерге берген тактайын алып кел дешти. Ал жок учакка жуктобойт экен да. Араң таптык, же шаар билбесек. Биз уккан жанылыктан нес абалда болуп калган экенбиз, экини алып келгенбиз. Алар бизди кызыкча карап, эмнеге экөө деп сурады. Биз түшүнбөй турдук, тилибизди тиштеп алгандай, бир сөз чыкса кана. Бул жакта силердин атаңар эле, башкаларды өздөрүнүн туугандары алып кетсин!-деп коюшту. Апамды улам сурасак дагы так жооп бербейт, билбейбиз, бул жака келип түшкөн жок деп. Кечинде келгиле дегенинен, жанындагы эле ооруканага барып сураштырдык. Ошол жердеги өзбек тилдүү бир баланы жаныбызга суранып алып алганбыз, ошол бизге котормочу. Ошол ооруканада экен, жанагы бир аял тирүү экен дегенде эмнеге ошону апам деп ойлободук экен. Ишенген эки инсан бизди бир күндө таштап кетти!-деп гана өзүбүздү өзүбүз аяй берген экенбиз да. Ошонун ордуна тактап сурап, апама ден-соолук тилесек болот беле.

— Сыдык, апам тирүү экен. Тирүү экен Сыдык. Мен ишенгем, апам мага сөз берген, эч качан таштабайм деген.!!

Мен Сыдыкты кучактап ыйлай бердим, ыйлай бердим. Сыдык болсо сүйлөөгө дарманы келбей, жерге олтуруп калды. Же кубанаарды, же ыйлоону билбейт байкушум. Бизге кудай апамды кайра кайрып бергендей. Тобо келтирүүдөн бөлөк айла жок болчу бизде. Орус тилдүү, зыңкыйган бою бар врач чыгып, бизди көздөй келди.

— Демек, бул аялдын тууганы силерби?

— Ооба, ал биздин апабыз болот.

— Апаңар оор абалда, жашап кете алат же жашап кетпейт деп айта албайм. Себеби биринчиден кудайдан, экинчиден өзүнөн. Бирок биздин оорукана бутка тургуза албайт, кеч болуп кете электе Москвага алып баргыла. Каражат жана каалоо болсо, сактап калууга мүмкүнчүлүк чоң.

— Албетте бар, албетте. Рахмат, апамды аман алып калганын үчүн даарыгер!..

Бир чети башыбыз айланып, эмне кылууну билбей калдык. Апамды Москвага алып кетели десем, атам калып калат. Атамды алып кетели десек апам калып калат. Иним мени суроолуу карады эле, мен апамды алып баралы биринчи дедим. Анткени тирүү адамды биринчи орунга коюу керек, апамды сөзсүз сактап калыш керек.

Баарыбир талаш-тартыш болду, тууган-урукка байланышып тил уктук. Атамдын туугандары атамды биринчи алып келип, жерге берип анан апам менен болгула дешти. Атаң муздаткычта жатса, арбагы эч качан ыраазы болбойт деп ыйлашып, бизди дагы кыйнап коюшту. Ойлонуп көрсөк, азыр апамды Москвага алып кетүү үчүн дагы, колубузда жетээрлик акча жок болчу. Ошол үчүн түнкү каттам менен Сыдык атамды Кыргызстанга алып кетип, мен апамды карап калдым. Атамды үч күн кармабай, эртең таң атпай үйгө жетип барып, түштөн кийин жайга бермей болушту. Анткени бизге кабар келип, биз барып алып кеткичекти сегиз күн өтүп кеткен болчу. Атамды жерге берип, калган нерсесине катышпай, баарын Дастан менен келинге тапшырып, дүкөндөгү акчанын баарын чыгарып, дос катышынан дагы бир топ акча чогултуп, Сыдык эртеси кечинде кайра келип калды. Апамды Москвага жеткирүү үчүн атайын жеңил учак жалдаш керек экен, анысы өзү эле жети миң доллар турат. Макул болбоого арга жок, бизге азыр эң башкысы апамды аман алып калуу..

 

Уландысы бар.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE