Пример HTML-страницы

Кыялкечтин кундолугунон 2

https://kyrgyzcha.site/?p=35596&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кыялкечтин кундолугунон….

 

Жаш бульвар да сени сагынат.

 

Биз экообуз сейилдеген жерлерге келип учурашууну адат кылып алгам озумо. Алардын бири «Жаш Гвардия» бульвары. Бул жердеги ар бир бак дарак мени таанып, жылуу кабыл алгандай сезилет. Ар бир бурчу мен учун эшик торум болуп калган. Негедир мен сени бул жерлерден издеп келем. Кокус сага кезигип калчудай кыялданып, окшоштуруп кыздарды кылчая карап отом. Оюмда сен да мени издеп келип каласынбы деп самап келем. Балким, мени коргун келбесе да, экообуз бирге жургон жерлерди сагынып келеттирсин. Бугун да ушундай умут менен келип калдым. Атайын экообуз олтурган «скамейкага» бардым. Бирок топтолгон жаштар олтурушкан экен… Ошол эле жактан алыс кетпей бак бетине кырып тарткан журокту да таап, адатымча алаканым менен бир сылап оттум. Ушу журокту тарткан моонотту эстесем эле жузумо жылмаюу пайда болот. Анткени сен;

— Бакы-ы-ы-т?

— Ии?

— Кичине ылдый жака тарталычы. ( эркелеп наздана)

— Ой мына «нормальный» эле го?

— Карасан эми! Мен сендей узун эмесмин да.

— Ии макул! Сени которуп тарттырсам ыраазы болосунбу?

— «Ну так же не удобно мне».

— Анда кел аркама олтур дагы тарт.

— Ээк!( тартынып)

— Кел эми!

— Жинди болбочу! Элдер корсо эмне дейт? ( жылмайып)

— Элдер эмне демек эле, эки жинди экен деп коет…( кулуп)

— Ээ койчу! (ары бурулуп)

— Укпайт экенсин да! Моминтип эле…. оппа ( которуп алдым)

— Аааааай жиндииии! Кое берчи жаным, суранам! Озун эле тартчы. (каткырып)

— Тарт эми! (дем кармап)

— Жооок! Ааай маки тушуп кетти жерге… Кое бер эми мени! (кулуп)

— Ии шайтангул десе! ( жерге тушурдум)

— Ох-х! Ичим ай! (ичин ушалап)

— Ии не болуп кетти?

— Ооруп калды! (тултундап)

— Кел эми кайра чык!

— Жооок Бакыт!

Ары жакта бир эже отуп баратты эле, мен;

— Эжеке! Каранызчы минбей жатат мага! Ал эже ун дебестен башын чайкап, бир кулуп алды да, жолун улантты.

— Жиндииииии! Эмне деп ойлоп калды? (коздору чекчейип, чыйпылыктап)

— Эмне деп ойлоп калмак эле? Кызы бааланбай эле мине бербейби. Мен анын ордунда болсом минип алмакмын деп ойлоду да! ( кулуп)

— Ии жиндим менин! ( боору эзилип кулуп)

— Кел эми!

— «Неа!»

— Кел дейм!

— Рахмат! Элге уят болгум келбей эле! ( ары коздой качты)

— Келбесен кой! Озум эле тарта салам!

— Ии ошентчи!

……….

— Кана корчу эми, кандай болуптур?

— Жакшы да! «Ты же мой художник» ( келип бир чоп эткизип алды)

— Жактыбы?

— Ообада! Охх журучу олтура турабыз.

— Аха, «давай….. ..»

 

Бир сыйра эстеп алып, ичимен дагы бир ирет жылмайып алдым. Ангыча жаштар ордунан туруп кетишти эле. Мен барып «скамейкадан» орун алдым. Сен таштап кеткен кол жазманды тиктеп олтуруп, ичим жылып турду. Бул кол жазманы шаардын тазалыгын сактоочулар жыл сайын сырдап кеткендерин коюшпайт, а мен жыл сайын келгенде жаныртып, сенин «Бакыт, Я люблю тебя!» дегенин устуртодон басмарлап кетем. Сырдап жаткан адам деле соксо керек балким. Бирок бул кол жазма мен учун жон гана жазма эмес эле. Озгочо коз карашта, этияттык менен мамиле жазап келем…

Бульвардын этек жагына коз чаптырып олтуруп, селкинчек тээп жаткан эки тугойго назарым тушту. Алардын ойноп кулуп жатканы бир кездердеги экообузду чагылдырат. Секелек кыздын кулкусу бакчаны жаныртып, сенин шынгыр кулкунду эске тушурду…Ал кез кыш мезгили эле. Экообуз оюнга тойбой кубалашып, кар менен чабышып ойноп жаткан элек. Эшикте аппак болуп, бабылдап кар жаап жаткан. Сен экообуз кол кармашып бир топко тегеренип, башыбыз айланганда аппак карга бой таштап жатканыбызда сен;

— Жаным? ( куйугуп)

— Оу? (бышылдап)

— Рахмат сага!

— Ой эмнеге? ( тан калып)

— «За все!»

— Ошондой дагы болот бекен ээ?

— Ооба, болот экен да!

— Эч нерсе эмес! Бирок чын эле айтсан эми!

— Сен бар учун эле! ( сырдуу карап)

— Анда сага дагы рахмат!

— «А мне то за что?»

— Сен бар болгон учун мен сенде рахмат угуп жатам да. Сен жок болсон ким мага рахмат айтат эле?

— » Ах ты-ы-ы!» Ошол рахматты угуш учун элеби? (чычалап)

— Иида ( кулуп)

— Хмх, таарындым сага!

 

Чындыгында мен сага баардыгы учун рахматымды айтам. Анткени жашоомдогу коп терс нерселерди сен жакшы тарапка озгортконго себепкер болдун. Ооба, башында акмак болчумун. Мен учун кылган аракеттеринди баалап, кадырына жеткен эмес элем. Дунуйонун аркасынан кубалап адамгерчилик сапатымды сатып, таза тунук сезимдеринди тебелеп койгом. Анын баарын азыр ойлонуп озумду жемелеп жарга такап келем. Билем, кечиресин дечи, бирок эч качан унутпайсын. Журогунду туболуко ойкоп келээрин да сезем. Бирок мен оз жазамды озумо берууну чечкем. Сен мени таштап баса бергенинден кийин, мен да озумду таштадым. Бийлик, байлык мени сенден ажыратты. Негедир озумо жай таппадым. Сенсиз менин жандуйном тунгуюка кабылды. Мумкун болсо бул жалганда мени кечирээр чыгасын…Ии баса, тушумдо дайыма жылмайып, мени кубаттап келесин. Бирок тундогу коргон тушум мени копко ойлондурду. Анткени сен мага;

«- Бакыт! Мен ак койнок чактап жатам. Сен экообуз тандаган ак койнокту ала албадым. Озумо жакпаганын кийгизип койду. Сени чакырып корсотойун дегем, бирок жамындагы адам кое бербеди сага! Кечир мени!» — деп, кабагын бурколук, ыйламсырап кол сунганынды кордум. Бул туш мага жай бербей, санаамды санга болуп туруп алды. Аягында озумду алаксытып кочого чыккам…

Мен кусадардым сенсиз. Кундорум кулку менен коштолсо да, тундорум узак мун менен отот. Мен сени сагынганымды бетине айта албасам да, коздорум айтат. Коздорумон коро албасан да, керек болсо сагынычыма кубо болгон жаш бульвар да айтат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE