Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 500дөй адам 1,5 чакырым аралыкка чуркады. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад шаарында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата «Менин ден соолугум — менин укугум» урааны астында массалык чуркоо өттү.

Иш-чарага саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, министрликтин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов, Жалал-Абад шаарынын жетекчилигинен өкүлдөр, мекеме-ишканалардын жана медицина кызматкерлери, спортчулар катышты.

Жалпы 500гө жакын ктышуучу шаардын Т.Байзаков проспектисинен баштап «Эркиндик» аянтына чейин 1,5 чм аралыкка чуркашты. Каарманбек Байдавлетов ар кандай курактагы катышуучуларга дипломдорду жана балалуу белектерди тапшырды.

Саамалык алкагында мелицина кызматкерлер тарабынан кан басымды жана кандагы кантты текшерүү акысыз жүргүзүлдү.

Жыл сайын 7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE