Пример HTML-страницы

Жогорку окуу жайды бүткөн бир кыз мындай деди мага:

https://kyrgyzcha.site/?p=52308&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жогорку окуу жайды бүткөн бир кыз мындай деди мага:

— Мыкты бүттүм окууну, курсташтарымдын эң алды болуп бүттүм! Баардык жагым төп келишкен, бир гана үйгө келгенде кабагымдан кар жаайт.

Колумда эки калем сап көрүнүп калса, атам жаныма келип:

— Кагылhttps://kyrgyzcha.site/?p=52308&preview=trueайын кызым, эки калем сап көтөрүп эмне кыласың? А бирөөсүн калем сабы жокторго берсең боло? — дейт. Түзүгүрөөк көйнөк кийип калсам:

— Кагылайын, ойлондуңбу? Сени менен катарлаш баскан курбуң сенин көйнөгүңө көзү түшүп: «Аттиң, менин да атам болгондо ушундай алып берет эле…» — деп анын сагы сынып калбайбы?

Ашканада болсун, өзүмдүн уктоочу бөлмөмдө болсун, бөлмөдөгү жарык өчпөй калса, акырын кирип өчүрүп:

— Кагылайын, кызым, мына муну өчүрүп жүр! Мен эсептегичтин акча эсептеп жатканына ичим тарыган жок, бир чети күйүп, ысырап болуп жатканына, Кудайдын алдында жооп беребиз деп коркуп жатам, кызым!

Ашканада же, дааратканадагы суу түтүгүндөгү кран чала жабылып калып, суу тамчылап жатса, акырын артыман кирип:

— Кагылайын кызым, толук өчүрсөң, сарамжалдуу болсоң! Мейли суу эсептегич болбогон чакта деле суу тамчылап, текке кетип баратат да. Ошон үчүн кыяматта Жараткандын алдында жооп беребиз. Кагылайын кызым, сарамжалдуу болгун!

Сыртта жүрсөм маанайым ачык, үйгө кирсем бүркөө боло баштады. Жаштайымда билинген эмеспи, айтор, бойго жеткенден баштап атамдын мага касылганы, мага киришкени, мени оңдоп-түздөгөнү ушунчалык жанга батты. Кээде өзүмдү ушунчалык даярдайм: «Эй, ата! Сенин ишиң эмне? Сиздин ишиңиз эмне мени менен? Мен бойго жеттим да!» — деп ийе жаздап барып дагы тилимди басып калам. Негедир акыркы күндөрү атама болгон сый-урматым жоголо баштады. Атамдын сөзүн уккум келбей калды. Бир нерсе сурасам апамдан сурайм. Акыркы күндөрү чынын айтсам, чынын айтам акыркы күндөрү батамдын бир кычыгына: «Эй, Жараткан! Мээмди жеп жаткан, мээмди жеп эле жаткан, мага касылып, мага ушунчалык сын-пикир тагып жаткан атамды эртерээк эле алып кетчи!» деп тилей кыла баштадым. «Ушундай атанын барынан жогу» дедим.

Күндөр өттү. Жүрө беремби эми ушинтип, дипломумду кармап алып эле. Бир күнү атам ушул оюмду түшүнгөнсүп:

— Эй, кызым, отур!

Мен сага мына мындай жарыяларды, жарнамаларды алып келдим. Жакшы адистерди тандап жатыптыр, чакырып жатыптыр. Ушуларга бир арыз жазып өзүңдүн резюмеңди таштап койсоң! — деди.

— Мм! — деп ичимден жийиркенген гана үн узаттым. Бирок байкап көрсөм, жакшы иш экен. Акырын атама билдирбей, ошолордун телефон номерин алып, чалып, резюмемди бир канча жерге таштап койдум.

Бир күнү үйгө конвертке кат келиптир. «Сиз менен аңгемелешип, баарлаша турган учур келди» деп аябай чоң мекеме, болгондо дагы дүйнөдө таанымал болгон, эң чоң банктардын бири мени ишке чакырды. Бирок, ал конверт келээрден эки күн мурда, атам катуу ооруп, өлүм төшөгүндө жатты эле. «Менин тилегим кабыл болмой болду» деп ичимден сүйүндүм. Атамдын алдына келип, башымды төмөн кылып, эмне дешимди билбей турсам, ага чейин дарыгер артынан дарыгер, илимдүү молдонун артынан илимдүүлөрдү алып келип, дем салдырып, укол сайдырып, дары ичтирип аябай камылга кылдык. Мен келип отурганда көзүн ачпаган атам акырын көзүн ачып, оң колу менен менин колумду кыса кармап, мага жылмайды. Мен ошондо «Мага эмне күлүп жатат? Ээ, кызым! Эми баягы сага касылган атаң жок, — дегиси келип жатабы?» деп ичимден ошенттим. Көпкө ошентти. Чыгабыз-киребиз, чыгабыз-киребиз бөлмөдөн. Атам негедир өзүнө келгенсиди, ордунан турду дагы, отуруп:

— Кызым, мына бул чыракты өчүрүп эле, терезенин пардаларын ачып койсоң боло! Жарык ошол жактан киргени жакшы эмеспи, — деди эле:

— Дагы баштады, — деп жийиркендим.

Ошентип, кийинки күнү эртең менен чоң банкка атайын резюменин жыйынтыгын укканы бара жатканымда, атам ордунан туруп, ийинимден кармап, бешенемден катуу-катуу сүйүп, өзүнүн көкүрөгүнө катуу кысып:

— Кызым, сарамжалдуу бол! Ар бир чачылып жаткан, ар бир сынып жаткан, ар бир төгүлүп жаткан нерсеге атайын көңүлүңдү буруп, оңдоп, түздөп, бүтөп, жаап өт! — деди. Ушул айтканы такыр калбады:

— Ии, макул! — деп эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Атам башын чайкаган боюнча калды.

Банктын эң чоң эшигинен кирип келдим. Анын эшигинин туткасы сынык экенин байкадым. Шуруптары бошоп калыптыр. «Эмнеге, адашып келдимби, же чын эле банкбы бул?» деп акырын көңүл буруп бекитип койдум.

Шуруптары бошоп калыптыр. «Эмнеге, адашып келдимби, же чын эле банкбы бул?» деп акырын көңүл буруп бекитип койдум. Ичине кирсем таштанды таштоочу чака жыгылып туруптур таштандысы төгүлүп, аны акырын салып койдум. Чырактар күндөй эле күйүп турган экен, өчүрүп койдум. Эшиктери жөн эле ачылып турган экен, жаап койдум. Акырын лифттин кнопкасын басып, жогорку кабатка көтөрүлүп чыгып, анан жыйынга катыштым. Бир канча адамдар менден башка баарына жооп келип жатат, баарына жооп келип жатат. Мага деле ушуларга окшош жооп келет да. Эми ордуман туруп чыга берерде аңгемелешүүнү өткөрүп жаткан комиссиянын төрагасы: «Отура туруңуз» деп отургузуп койду. Бир кезде мени алдыга чакырып, өзүмдүн резюмемди колума берип, анан:

— Биз сизди ишке кабыл алдык. Болгону мына бул нерселерге кол коюшуңуз керек, — деди.

— Экзамен албай туруп элеби? Эч кандай нерсе сурабай туруп элеби, буларчы? — десем:

— Суралды, суралды. Баары өтпөй калды, — деди.

— Кантип? Мен көргөн жокмун да сураганыңыздарды?

— Биз банктын сыртына, ичине катар камераларды коюп, бизге эң сарамжалдуу инсан келет. Эгер, кайсы бир сарамжалдуу инсан келсе, сөзсүз түрдө ал ишке алынат деп чечкенбиз. Эшиктен киргенден баштап бүт баардык нерсени ирээттеп келгендигиңиз сиздин ата-энеңиздин сизге берген эң мыкты тарбиясы экенин баамдап, ишке сизди сынаксыз ала баштадык, — деди. Ошондо менин көзүмдөн кадимкидей эле жаш чыкты. Баягы карыган атам эсиме түштү. «Эй, ата, мени кечир!» Ошол жерден бийик үнүм менен кыйкыргым келди: «Эй, ата, мени кечириңиз!» — деп. Мен: «Сиздин мага берип жаткан сабагыңызды таптакыр көз жаздымда калтырыпмын. Мына, жаман көрсөм да сиз үйрөтүп койгон нерселерди заматта жүзөгө ашыра коюп, адамдар тамшанып жүргөн ишке сынаксыз өттүм!» — деп ичимден буркурап ыйладым.

— Мен бошмунбу — десем:

— Ооба, бошсуң, — деди. Чыгып, автобуска отуруп, эч бир жылгандай болбой, үйгө келдим. Көчөдө келе жатсам, негедир биздин үйдүн алдында адамдар көп экен. «Эмнеге мындай». Акырын келдим. Баягы атам, «Эшикти жаап кирсең» деген атам, «Сууну өчүрүп койсоң» деген атам, «Жарыкты өчүр кызым! Эшикти жап! Мына мындай отур, тигиндей бол!» деген атам түбөлүк уйкуга кетиптир.

Баягы атам, «Эшикти жаап кирсең» деген атам, «Сууну өчүрүп койсоң» деген атам, «Жарыкты өчүр кызым! Эшикти жап! Мына мындай отур, тигиндей бол!» деген атам түбөлүк уйкуга кетиптир. Мен атамдын жанына келдим: «Эй, ата! Сүйүнчү сизге, сүйүнчү! Мен сизди жек көргөн, сизден тарбия алган сиздин эң сүйүктүү кызыңызмын! Мындан кийин мен сизди түбөлүк унутпаймын! Сиздин мага берген тапшырмаңыз, мага берген сабагыңыз сынаксыз мени бул дүйнөдөгү эң чоң банкка ишке киргизсе, берген тарбияңыз менин, бейишке киргизеринен эч кандай күмөнүм жок, — деп жанында ыйлап отурдум. Бирок, менин көзүмөн чыккан жаш эч кандай жардам берген жок. Анткени атам, мен келгенче сапар тартып кеткен эле…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE