Пример HTML-страницы

Жашагым келет 17 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=6541&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жашагым келет!!! 17- бөлүм.
—Эй сен бирөөнү мажбурлагандай кимсиң? Менин кызым жеңил ойлуу бирөө эмес, кызымды жакшы билем. Балаң кордоп, алдап кеткен. Сен рахмат дебейсиңби, балаңдын шермендесин чыгарбай унчукпай койгонуна. Мага айткандабы балаңды барып бычып салмакмын, ажалым сенин колуңдан болсо дагы биринчи балаңды бычмакмын. Мен атаңды таанытам азыр, кызымды таап өзүндөй кылып алып келип кой.
Анан Дарика сен дагы ушунча болгуча жашырып жүрө бересиңби? Албетте рахмат Шурунун абийрин жаап, өмүрүн сактап калганың үчүн. Бирок баардыгын ачык айтыш керек эле, булар баарына жооп бериш керек. Шурунун башынан бир тал чачы түшсүн мен сени талкалайм уктуңбу.
—Алданып калып, абийир чачылгандын уятын кандай деңгээлде азап экенин кайдан билип коюптурсуз. Шуру шермендечиликти көтөрө албайт болчу. Менин ордумда башка адам болсо да ушундай кылмак.
Менин сөзүм бүткөнчө эле Толкундун атасын тепкилеп кирди. Өз күнөөсүн сездиби кыймылдабай гана жатып берди. Биз араң ажыраттык, аяш апам ыйлап жатат. Ошол маалда эмне кылышты билбей калдык. Тополоңду жаңы төрөлгөн ымыркайдын ыйы токтотту окшойт. Биз бул наристени унутуп коюптурбуз. Колума алып сооротуп жаттым, курсагы ачканбы тим эле тыбырчылап жиберди.
—Айлаанайындар сүт берип койгулачы, бала ачка калды.
—Азыр бышырып, муздатып келем.
—Олтур, бербейсиң.
—Апеей куда балага сурап жатам сүт, ачкадан өлүп калбайбы. Балада эмне күнөө?
—Ушул арам үчүн кызым азап тартты, ушул арамдын атасына алданды кызым. Кызымдын түбүнө жеткен ушул болуп жатса, эмне мен сүйүп карашым керекпи? Менин үйүмдө мындайларга орун жок, чыгып кеткиле.
—Балада күнөө жок куда, эгер баланы кууп жатсаң мен дагы кошо кетем.
—Кудагый баланы өз атасына карматыныз, каалагандай карап алышсын. Баланы алып чыгып кеткиле.
—Байкуш балам, энесинин ичинен чыга калып ушунча жол жүрдү. Мына экинчи күн энесин эме элек, эптеп сүт ичип коюп жүрөт. Шуру баласынын кыйналганын чыдап карап тура алмак эмес.
—Шуру балансын таштап эле өзүн дарыйага таштаган турбайбы, эми менин Шуру аттуу кызым жок. Мен үчүн өлгөн. Мага ысымын дагы эстетпегиле, эми болсо эшикти сыртынан жакшылап жаап койгула. Мен үйгө конок чакырган эмесмин.
Кудам көзүнө жаш алып, колдору титиреп бизди үйдөн кууп чыгарып койду. Колумдагы баланы эмне кылышымды билбейм, өз уругунан тартып алып кетүүгө менин акым барбы? Толкундун атасын карасам мурдунан аккан канды жеңине арчып коюп турат. Сайра чыдабай кетти окшойт, жанагы орой кишиге тап берип жиберди.
—Сени соо десем соо эмессиң, жинди десем жинди дагы эмессиң. Сендей иттерди жер кантип көтөрүп жүрөт болду экен, айбан сенин артыңдан канча адам бактысыз болгонун көрүп жатасыңбы? Сен ашып кетсе он беш жыл жашайсың дагы, балаң болсо эми төшөктөн турбайт. Бул баланы кайсы арына талашып бардың? Кимдин биринчи өлүшү белгисиз дечи, бирок сен бул наристеге келечек бере албайсың. Өлүп калсаң баланы ким карайт? Төшөктөгү айбан балаң карайбы? Аның керек болсо өз заарасын өзү эптей албай жатса бул бала жолдо калбайбы. Же эмне биз өлсөк ушул ымыркайды оорукчан балаңа баккыч кылайын дедиңби? Тим эле менин тукумум деп койот, тукумуң куруп кетсин уктуңбу! Сендейдин тукумун куруткан кудайга рахмат, сен малсын уктуңбу! Көрдүңбү сен бир эле жаш кыздын эмес мындан башка эки үй-бүлөнүн убалына калдың. Шуруну жанындай көргөн Мыкынын убалына калдың, кудай урсун сени. Эгер Шуру табылса мен текшертем, сен сууга ыргытып калп айтып жатасың. Кудайдан тиленгин, Шуру аман-эсен үйгө кайтсын деп тиленгин. Эгер Шуруга бир нерсе боло турган болсо сен оңбойсун байкуш. Мен сага сөз берем уктуңбу, мага демек тааныштарын мени атып салсын.
—Мындай күндү башыңа салбасын, мен дагы мындай болушун каалаган эмесмин.
—Менден улуу экенсиң, болбосо менден башкача сөздөрдү укмаксын.
—Сайра койчу эми, эң башкысы Шуру табылып калса экен. Эгер сууга секиргени чын болсо анда Шуруда тирүү калууга мүмкүнчүлүк жок. Эгер өзү катып алып алдап жаткан болсо, биздин арабызга аман-эсен кайтат.
—Баланы басылтыш керек эптеп эжеке.
— Жүрү могу кошунага кирели, сүт сурап курсагын тойгузуп алалы.
—Эже курсагын тойгузуп алып эмне кылабыз?
Шаарга кете беребизби? Шурунун табылышын күтүүгө жай жок, райондогу жатаканаларга барсак болот дечи. Бирок канча убакта табылат белгисиз.
—Шуру жоголуп жатса мен кантип кетип калам? Баланы кантем? Бир аз торолгон болсо го карап жүрө бермекмин. Ымыркай менен энесин ажыраткан чын эле ушу силерди кудай урса экен.
— Бирөөнүн баласын эмне кыласыңар? Өзүмө бергилечи, өз канымды өзүм багайын.
—-Баладан айланып эле кетчи акмак.
—Эжеке бирөөнүн баласын эмне кыласыз? Шуру бар болсо го бир жөн, кантип багасыз? Өздөрүнө бергениңиз туура болот, жаман көрбөңүз бирок бериш керек. Балким куданын жини тараганда небересин алып кетер.
—Ушуларга баланы кантип берем Сайра?
—Ошонтип эле бересиз, азыр багып чоңойтуп койсоңуз кийин баарыбир булар ээ чыгып алып кетип калышат. Анан ошондо азапка чындап батасыз, андан көрө азыр бериш керек.
—Чын айтасың, Шуру табылып калса дагы бир кеп болоор.

Кошунанын үйүнөн сүт сурап балага ичирдик, астын кургактап анан чоң атасына карматтык. Же калып күтүүнү, же үйгө кетип калууну билбей көпкө туруп калдык. Сайранын тааныштары бар экен райондо, кудай жалгап ошолордукуна барып кондук. Эртеси сүйлөшүп, жанагы Шуру секирген жайга барууну чечтик. Аламышыкты кууш Аккыя аркылуу жандап, шар аккан жерде өзүн сууга таштаган экен. Балким күндүз болгондо сактап калмак, бирок суу шар агат экен. Эки күн аккан болсо балким алиге чейин чоң дарыяга кошулуп кеттиби, кудай өзү билет. Биз келген менен пайда деле болгон жок, куткаруучулар бир ордунда турмак беле, капчыгай аралап издеп кетишкен окшойт же издөөнү токтотуп коюштубу, кыскасы эч ким жок экен. Маанай түшүп, шаарга кайтып келдик. Мыкыга эч нерсе айта албай бир топ бушайманга түштүм, айтсам эмне дейт, жүрөгү канчалык деңгээлде жараланат экен э. Өзүмдүн эсимде, Туратымды жоготкондо жанына жатып алгым келген эле, эми түшүнүп жатам. Баласы үчүн эне канчалык кайгыраарын, азыр Мыкынын жүрөгү тилинет. Баламдын жүрөгү бир тилинсе менин жүрөгүм жарылып кетсе керек, айтпай койсом да болбойт. Эртең бир нерсе болуп кетсе эмнеге айтканың жок!-деп капа болот. Эптеп чыгынып, Мыкы келгенде болгон жайды айтып түшүндүрдүм. Колун бир топ кармап туруп калды, жерди карап тура берди.
—Мыкы бир нерсе дечи балам, сени түшүнүп турам. Менин да башымдан өткөн балам, ыйлачы жок дегенде, таарынчы мага. Ичиңе жутпачы кайгыны, ичиңде жүрүп кара дартка айланат. Балам жашоо алдыда, буйруса Шуру аман-эсен табылат. Үмүттү үзбөй туралычы балам. Анан акмак апаңды кечирип койчу, мен сенин бактыңды ойлоп туура эмес кылып алыптырмын. Сага Шуруну аласың!-деп бактыңа балта чаап алыптырмын. Катамды эми түшүндүм, өкүнүп жатам. Балким өз жактырганын бар эле, мен аны сурабай эле өз оюмду сага байлап, бактысыз кылып алдым.
—Жок апа андай эмес, качан эле эне баласына жамандык кааласын. Сиздин жүрөгүңүз ак экенинен билем, анан Шуруну алууга өзүм макулдугумду бергем. Өзүм каалагам, сиз айткан күндө деле баш тартсам болмок. Бирок Шуруну жактырып калган өзүм, эч ким күнөөлүү эмес апа. Кыжалат болбоңуз апаке. Андан көрө мен досторумду алып, Шуруну издөөгө жардам көрсөтөйүн. Балким тирүү калгандыр, тамак-аш жок бир жерде жаткандыр.
—Балам колуң эмне болот?
—Колум менен издемек белем апа, досторум турбайбы.
—Мейли балам, сен дагы милдетинди аткар. Айтмакчы, таап калсаңар туура үйгө алып кел.
—Эмнеге апа?
—Шурудан атасы баш тартты, алып барсаңар дагы жаман акыбалда калбасын. Кудайдын буйругу менен табылып калса, баласын алып келип алабыз.
Ошол күнү эле Мыкы досторун чогултуп, бир машина болуп жолго чыгып кетишти. Таңга маал жетип издейбиз дешиптир. Сууга кирип издей алышпаса да, жээгинен издешет да. Кол куушуруп олтургандан көрө түзүк иш эмеспи, туурабы. Балким агып жээкке чыгып калгандыр деген үмүт да. Ээ кудай тирүү эле болсо экен. Мыкы кеткенден бери ордуна мен чыгып жаттым жумушка. Оюмдун баары Шуру, Сайра дагы үйгө кетип эс ал деп урушат кечке. Үйгө барсам мындан бетер бушайман болом да. Кабар күтүп калдым, телефон колумдан түшпөйт. Таптык деген кабарга зар болдум. Эки күн дегенде Мыкы коңгуроо кылды. Сүйлөбөй туруп ачуу бир үшкүрүнүп алды. Тим эле үшкүрүк жан дүйнөсүн жеңилдеткендей сүйлөп жатты.
—Апа жакшысызбы? Салим, Аку, Кайрат жакшыбы? Кыйналбай элесинерби?
—Жок балам баары жакшы, кабар барбы?
—Ооба апа, жаман кабар.
—Кокуууй оозуңа кара-таш, кудай де балам.
—Апа кудай эле деп жатам, айла барбы? Шуруну эки саат мурун таптык, азыр моргдо. Апа таанылгыс, тааныбай койдум. Колундагы атыбыз жазылган нике шакектен араң тааныдым. Апа бүт жери көк-ала болуп, кичинекей Шурум чооң неме болуп кетиптир. Төртөөбүз зорго көтөрдүк, эмне кылаарыбызды билбей жатам.
— Сабыр кыл балам, башыбызга кайра караңгы түн түшкөн турбайбы. Эмне кылмак элек, өзүбүз жерге беребиз да. Ата-энеси баш тарткан, анан жанын алган акмактарга Шурумдун сөөгүн карматпасмын.
—Экспертиза кылабыз дейт, мен болбой жатам апа.
—Сен болбосоң эле көнүп калышмак беле, айла жок өз иштерин аткарууга бөгөт койбо. Күнөөлүүлөр жоопко тартулуусу керек.
—Апа туура бирок, Шуруну кантип сойдурууга макулдугумду берем. Чыдабай жатам апа, тирүү кезинде коргой албасам дагы, жерге татыктуу бергим келет, түшүнүп жатасызбы.
—Ооба түшүнүп турам, колуңдан келсе ошондой кыл анда балам. Мен дагы барайынбы?
—Жок апа, өзүбүз алып барабыз. Сиз үйдү дайындап, туугандарга кабар бериңиз.
— Кайын -журтуна кабар жөнөтүп кой.
— Өзүңүз телефондон айта бериңиз, анан жанагы адамдарга арыз жазабыз апа. Алар жазасыз калса мен уктай албайм.
—Маакул, анда күтөм.

Бир чети ушундай эле болуш керек экенин билип тургам. Анткени ошондой сууга түшкөн адам тирүү калбайт. Бир чети балким өзүн таштаган эмес деген үмүт бар болчу. Кармаган нерсем колдон учуп, титиреп кеттим. Турган жеримде ыйлай бериптирмин Сайра келип калып олтургузду.
—Эжеке эмне болду? Бир жериңиз ооруп жатабы? Келиңиз кан басымды ченеп көрөйүнчү, эжеке сиздин көрүнүшүнүз жакшы эмес, тез жардам чакырайын э.
—Жок чакырба, алар алып кетип калат. Сайра, Шуру о дүйнө салыптыр. Шордуум бир жакшылык көрбөй кетиптир, турмуштун муштумуна туруштук бере албаптыр. Эми эмне болот? Эми ата-энесине эмне жооп айтам?
—Арты болсун эже, арты болсун. Сабыр кылгылачы, туруңуз анда үйгө баралы. Апам укса кантет экен э, байкушум досунун кызы кантсе да жыгылып калбаса болду.
—Апама азыр угузбагыла, Мыкы келе берсинчи анан эптеп алып келебиз. Сайра экөөбүз ыйлаган бойдон үйгө бардык, мен баарына кабар айтып жаттым. Сайра болсо үй жыйнап жатты. Анан Баатыр байкем үйдөгү жылкыны алып келди апама билдирбей, биз үйгө майда-чүйдө алып келдик. Шурунун туугандарына кабар угузсам үн- сөз жок өчүрүп салышты, келеби жокпу билбейм. Бирок кантип кызынын жаназасына келбей койсун э.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE