Пример HTML-страницы

Ыйык Рамазан айындагы орозо

https://kyrgyzcha.site/?p=47567&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Рамазан айы♥

بِسْمِ اللّٰهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِى اُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَ بَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَى وَ الْفُرْقَانِ

“Рамазан айы – бул айда адамдар үчүн туура жолду көрсөтүүчү, ачык-айкын хидаят далилдерин камтыган жана акыйкат менен жалганды айырмалоочу Куран түшүрүлгөн…” (Куран 2:185)

Биринчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозо – Ислам дининин беш түркүгүнүн бири жана Ислам шариятынын улуу шарттарынан болуп саналат.

Ушул ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын ааламды башкаруусуна, инсандын коомдук жана жекече жашоосуна, жана напсисинин тарбиялануусуна, жана да Аллахтын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылуусуна караган көптөгөн терең сырлары бар.

Аллах Тааланын ааламды башкаруусу жагынан карагандагы орозонун көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:

Аллах Таала жер жүзүн бир сый дасторкон сыяктуу жаратып, бардык ырыскыларынын түрлөрүн дал ошол дасторкондо

مِنْ حَيْثُ لاَ يَحْتَسِبُ

«… күтүлбөгөн жерден чыгарат…» (Куран 65:3) аятында айтылгандай, ал дасторконун жаюусу менен чексиз башкаруучулугун жана Мээримдүүлүк менен Ырайымдуулугун көрсөтүп жатат. Инсандар наадандык пардасы астында жана себептер чөйрөсүндө ал жагдайды баяндап жаткан акыйкатты толук көрө албай, кээде унутуп коюшат. Ыйык Рамазан айында болсо, ыймандуулар дароо тартиптүү бир аскер ордосу сыяктуу болуп калат. Аллах Тааланын сый дасторконуна чакырылган конок сыяктуу ооз ачарга жакын “Кана эмесе, келгиле!” деген буйрукту күтүп жатышкан сыяктуу кулчулук мамилелерин көрсөтүүлөрү – ошол Аллах Тааланын мээримдүү, боорукер жана баарын камтыган ырайымы үчүн, кенен, улуу жана тартиптүү бир кулчулук менен жооп берип жатышат. Таң калыштуу, ушундай улуу кулчулукка жана кадырлуу сый көрүүгө кошулбаган адамдар инсан ысымына татыктуу болушабы?..

Экинчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылууга караган жагынан көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:

«Биринчи Сөздө» айтылганы сыяктуу, бир падышанын ашканасынан бир кызматчынын алып келген даам-тамактары кандайдыр бир баа талап кылат. Ал кызматчыга акы төлөнүп берилген болсо да, абдан баалуу болгон ал тамактарды кымбатсыз деп ойлоп, ошол тамактарды берип жаткандын ким экенин тааныбоо чексиз даражада акмакчылык болгон сыяктуу, Аллах Таала ырыскыларынын чексиз түрлөрүн бүткүл адамзатка жер жүзүндө жайып таштаган. Ошондуктан, ал ырыскыларынын акысы үчүн шүгүр кылуубузду каалайт. Ал ырыскылардын сырткы себептери менен ээлери жогорудагы мисалда айтылган кызматчы сыяктуу. Ал кызматчыларга акы берип, аларга милдеткер болуп, атүгүл алар татыктуу болбогон көптөгөн ашыкча урмат-сый менен ыраазычылыктарды билдирип жатабыз. А бирок, чыныгы ырыскыларды берип жаткан Аллах берип жаткан ырыскыларынан улам, ал себепчилерге караганда чексиз даража шүгүр кылууга ылайыктуу. Мына ушул ыраазычылык – ал ырыскыларды түздөн-түз Андан деп билүү, ал ырыскылардын кадырына жетүү жана ал ырыскыларга муктаждыгын сезүү менен гана боло алат.

Мынакей, Ыйык Рамазан айындагы орозо – чыныгы жана ыкластуу, улуу жана жалпы бир шүгүрчүлүктүн ачкычы болуп эсептелет. Анткени, башка убактарда ачкачылыкка мажбур болбогон инсандардын көпчүлүгү чыныгы ачкачылыкты сезишпеген кезде, көптөгөн ырыскылардын кадырын түшүнө алышпайт. Бир сындырым кургак нан карды ток адамдарга, өзгөчө ал адам бай адам боло турган болсо, андагы ырыскынын баалуулугу билинбейт. А бирок иптар учурунда ошол кургак нан ыймандуу адамдын назарында Аллах Тааланын өтө баалуу белеги болгондугуна даам сезүү органы күбө болот. Падышадан баштап тээ кедей-кембагалдарга чейин баары ыйык Рамазанда ошол ырыскылардын баалуулугун аңдоо менен руханий шүгүр кылган болушат. Жана да күндүзгү жеп-ичүүдөн тыйылуу менен:

«Бул ырыскылар менин мүлкүм эмес. Мен буларды өзүм каалагандай жеп-иче албаймын. Демек, башка бирөөнүн малы жана белеги. Анын буйругун күтүп жатам» деп ырыскыны Аллахтын бир белеги деп билет, руханий шүгүр кылган болот. Мына ошентип орозо көптөгөн жактары менен инсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычы сыяктуу болуп кала берет.

Үчүнчү түйүн:

Орозонун адам баласынын коомдук жашоосуна караган жагынан алгандагы көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:

Адамдар тиричилик өткөрүү жагынан ар түрдүү жаратылышкан. Аллах Таала бул карама-каршылыкка байланыштуу, байларды жакыр адамдардын аянычтуу абалдарына жардам берүүгө чакырууда. Башкача айтканда байлар жардылардын боор ачый турган абалдарын жана ачкачылыктарын орозодогу ачкачылык менен гана толук сезе алышат. Эгер орозо болбогон болсо, ачкачылык менен жакырчылык кандай гана аянычтуу жана жакырлардын кандай гана мээримге муктаж экендиктерин түшүнө албай турган көптөгөн напсиге кул болгон байлар табылаар эле. Бул сыяктуу адамзатынын бири-бирине көрсөткөн мээримдери чыныгы шүгүрчүлүктүн негизи болуп саналат. Кандай гана адам болбосун, өзүнөн да кедей бир жакыр адамды таба алат. Ал адамга мээрим төгүп жардам берүүгө милдеттүү. Эгер напсисинде ачкачылык чектирүү мажбурдуулугу болбосо, мээрим аркылуу жардам кылууга милдеттүү болгон жакшылыкты жана жардамды кыла албайт, кылса да толук болушу мүмкүн эмес. Анткени, чыныгы ал абалды өз напсисинде сезип көргөн эмес…

Төртүнчү түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун напсини тарбиялоо жагына багытталган көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:

Напси — өзүн ээн-эркин жана боштондукта болуусун каалайт жана ошондоймун деп эсептейт. Атүгүл курулай кыялданган бир башкаруучулук менен өзү каалагандай аракет кылууну табиятынан арзуу кылат. Чексиз ырыскылар менен асыралып жатканын ойлонгусу да келбейт. Өзгөчө, дүйнөдө байлыгы менен күч-кубаты бар болсо жана ага наадандык дагы жардам бере турган болсо, Аллахтын белектерин зордуктап, ач көздүк менен айбан сыяктуу жеп жутат.

Ал эми ыйык Рамазан айында эң бай кишиден тартып эң кедей-кембагалдарга чейин ар кимдин напсиси өзүнө кожоюн эмес кызматчы экенин, эркин эмес кул экенин түшүнүшөт. Буйрук болбогон болсо эң жөнөкөй жана эң оңой нерсени да кыла албайт экенмин, колуму сууга да суна албайт экенмин деп, курулай кыялданган башкаруучулук сезими жоголуп, ибаадатты мойнуна алат, чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүккө киришет.

Бешинчи түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун напсинин адеп-ахлагынын түзөлүшүнө жана ээнбаштык мамилелеринен баш тартуусуна багытталган көптөгөн сырларынын бирөөсү мына ушундайча:

Инсандын напсиси наадандык аркылуу өзүнүн ким экендигин унутуп калат. Жаратылышындагы чексиз алсыздыгын, бүтпөс муктаждыгын жана көптөгөн кемчиликтерин көрө албайт жана көргүсү да келбейт. Анан калса канчалык алсыз, жок болууга дуушар кылган кыйынчылыктарга туш болгондугун жана тез бузулуп чирий турган эт менен сөөктөн турганын ойлоп да койбойт. Кудум эле болоттон ширетилген денеси бар болгонсуп жана өлбөй тургансып өзүн түбөлүктүү деп кыялданып, дүнүйөгө кол салат. Сугалактык жана ач көздүк менен, жан дилинен берилүү жана сүйүү менен дүйнөгө умтулат. Ар бир ырахаттуу жана пайдалуу нерселерге байланат. Ошентип отуруп өзүнүн чексиз мээримдүүлүк менен ырыскы берип жаткан Жаратуучусун унутуп калат. Жана да жашоонун натыйжасы болгон акыреттик жашоосун ойлобойт, жаман адеп-ахлактардын ичинде тоголонуп кетет.

Ал эми ыйык Рамазан айындагы орозо – эң наадан, эң кежир адамдарга да алардын күчсүздүгүн, алсыздыгын жана көп нерсеге муктаждыктарын сездирет. Ачкачылык аркылуу ашказанын ойлойт. Ашказанындагы муктаждыктарды түшүнөт. Күчсүз денеси канчалык чирик болгонун эстейт. Канчалык боор ачуу менен мээримге муктаж болгондугун түшүнөт. Эгер наадандык жүрөгүн бузбаган болсо, напсисинин фараон сыяктуу текебердигин таштап, алсыздыгы менен муктаждыктарын сезүү аркылуу Аллахтын ырайымына кайрылууну каалай баштайт жана шүгүр кылуу менен ырайым казынасын каккылоого даярдана баштайт…

Алтынчы түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун Куран-ы Хакимдин түшүүсүнө караган жагынан жана Ыйык Рамазан айы – Куран-ы Хакимдин түшүүсүнүн эң маанилүү мезгили болгондугу жагындагы көптөгөн сырларынын бириси мына ушундайча: Куран-ы Хаким – ырасында ыйык Рамазан айында түшүрүлгөн. Андыктан, ал Курандын түшүү мезгилин алдын ала даярдоо менен ошол көктөн келген кайрылууну жакшылап кабыл алуу үчүн Рамазан айында напсинин эң төмөнкү муктаждыктары менен пайдасыз иштеринен кол үзүп, жеп-ичүүнү таштоо менен периштелердин абалына окшошуу жана ошол Куранды жаңы түшүрүлүп жаткан сыяктуу окуу, угуу жана андагы Аллахтын буйруктарын кудум түшүрүлүп жаткан учурунда угуп жаткандай угуу жана ал кайрылууну Расул Акрам (саллааллооху алайхи ва саллам)дан тыңшап жаткандай угуу, балким Жабрейил (алейхиссалам)дан, балким Мутакаллим-и Эзелийден угуп жаткан сыяктуу ыйык бир абалга бөлөнөт. Жана өзү да «котормочулук» кылып башкаларга угузуу жана Курандын түшүрүлүүсүнүн сырларын аз да болсо көрсөтүү болуп эсептелет.

Ооба, ыйык Рамазанда Ислам ааламы кудум бир мечитке айлангандай. Болгондо да миллиондогон хафыздар ошол улуу мечиттин булуң-бурчтарында ал Куранды, ошол көктөн түшүрүлгөн кайрылууну жер тургундарына угузуп жатышкан улуу бир мечитке айланган сыяктуу. Ар бир Рамазан сайын

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِى اُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ

“Рамазан айы – бул айда Куран түшүрүлгөн…” (Куран 2:185)

аятын жаркыраган нурдуу бир жагдайда көрсөтүүдө. Рамазан – Куран айы болгондугун далилдейт. Ошол улуу жамааттын кээ бир адамдары жан дили менен берилишип ал хафыздарды угушууда. Башкалары өз алдынча окуп жатышат. Мына ушундай бир жагдайдагы ыйык мечитте напсинин эң төмөнкү каалоолоруна моюн сунуп, жеп-ичүү менен ошол нурдуу жагдайдан чыгып калуу кандай гана жаман болсо жана ошол мечиттеги жамааттын руханий жийиркеничине кандай гана дуушар боло турган болсо, дал ошондой эле: ыйык Рамазан айында орозо туткандарга каршы болгондор да ошончолук бүтүндөй Ислам ааламынын руханий жийиркеничтери менен жек көрүүлөрүнө дуушар болушат.

Жетинчи түйүн:

Рамазандын орозосу:

Дүйнөдө акырет үчүн эгин эгип жана соода кылуу үчүн келген адам баласынын тапкан пайдасына караган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча:

Ыйык Рамазан айында амалдардын ар бир сообуна миң сооп жазылат. Кураны Хакимдин айтымына караганда ар бир тамганын он сообу бар, он жакшылык деп эсептелет жана Бейиштин он жемишин алып берет♥ Ыйык Рамазан айында ар бир тамганын он эле эмес миң жана Аятул Курсий сыяктуу аяттардын ар бир тамгасы миңдеген жана Ыйык Рамазан айынын жума күндөрүндө андан да көбөйөт. Ал эми Кадыр түндө болсо отуз миң жакшылык болуп эсептелет.♥Ооба, ар бир тамгасы отуз миң түбөлүктүү мөмөлөрдү берип жаткан Ыйык Куран – миллиондогон ошол түбөлүктүү мөмөлөрдү Ыйык Рамазанда ыймандууларга таптыра турган нурдуу Туба дарагы сыяктуу болот♥ Эмесе кел, ушул ыйык, түбөлүктүү жана пайдалуу соодага кара, көр жана ойлон. Бул тамгалардын баалуулугунун кадырына жетпегендер канчалык чексиз бир зыян ичинде болгонун түшүн…

Мынакей, Ыйык Рамазан айы акырет соодасы үчүн, абдан пайдалуу бир көргөзмө жана базар сыяктуу♥

Же акыреттик түшүм жыйноо үчүн өтө сонун семиртилген жер сыяктуу♥

Же болбосо иш-амалдардын өнүп жетилүүсү үчүн жазындагы апрель айы сыяктуу♥

Аллахтын башкаруусунун алдында адамзаттын кулчулуктары расмий түрдө кабыл алына турган жаркыраган ыйык бир майрам сыяктуу♥

Мына ошондой болгондуктан, жеп-ичүү сыяктуу напсинин наадандыгы менен айбандык муктаждыктарына, эч пайдасыз нерселерге жана напсинин кумарларын кандырууга кирбөө үчүн орозо тутуу менен милдеттендирилген. Анткени, убактылуу түрдө айбандык жашоодон чыгып, периштелер сыяктуу абалга же болбосо акырет соодасына киргендиги үчүн дүйнөлүк муктаждыктарын убактылуу чектөө менен акыреттик адам жана денеден бөлүнүп чыккан рух абалына кирүү менен, орозо аркылуу Самадийата кандайдыр бир күзгү болуу керек. Ооба, Ыйык Рамазан айы – бул убактылуу дүйнөдө, убактылуу өмүр ичинде жана кыска бир жашоодо түбөлүктүү жашоону жана түбөлүктүү узун бир өмүрдү камтыйт жана таптырат.

Ырас, бир эле Рамазан – сексен жылдык өмүрдүн мөмөлөрүн таптыра алат. Кадыр түн болсо, Куранда айтылгандай миң айдан да жакшыраак болгондугу бул сырга ачык далил боло алат. Ооба, мисалы:

Бир падыша өзүнүн бийлиги өкүм сүрүп турган маалында балким ар бир жылы, же падышанын такка олтурган шаан-шөкөтүн белгилөө үчүн же болбосо бийлигинин кээ бир салтанаттуу күндөрүндө атайын бир майрам өткөрөт. Кол алдындагыларын ошол күнү жалпы мыйзам чөйрөсүндө эмес, балким жекече сыйлоосуна, түздөн-түз өзүнүн алдына, жекече кайрылуусуна, укмуштуудай иш-аракеттерине жана абдан ылайыктуу жана чын дилден берилген эли-журтун өзүнүн өзгөчө сүйүүсүнө бөлөйт. Дал ошол сыяктуу:

Эзел жана Эбед Султаны болгон он сегиз миң ааламдын Улуу Падышасы ошол он сегиз миң ааламга караган улуу жарлыгы болгон Терең сырдуу Куранды ыйык Рамазан айында түшүргөн. Албетте ошол Рамазан – Жараткандын өзгөчө бир майрамы, көргөзмөсү жана руханий бир мажилиси сыяктуу болуусу терең даанышмандыгынын талабы. Ырас, Рамазан айы ошол майрам болгондуктан, албетте аз да болсо абийирсиз жана айбандык кылык-жоруктардан адамдарды тыюу үчүн орозо тутууга буйрук кылынган. Ал эми ошол орозонун эң толугу болсо:

Ашказан сыяктуу бардык сезимдерди; көзү, кулагы, жүрөгү, кыялы, пикири сыяктуу инсандын башка мүчөлөрүнө дагы өздөрүнүн орозосун туттуруу керек. Тактап айтканда: арам кылынган нерселерден, пайдасыз иштерден өзүн тыюу жана ар бирисине таандык болгон кулчулуктарын кылдыруу керек. Мисалы: Тилин жалган сүйлөөдөн, ушактан жана жаман-орой сөздөрдөн тыюу менен ага орозо туттуруу. Ошол тилди да Куран окуу, зикир кылуу, тасбих, салават, истигфар сыяктуу нерселер менен алек кылуу… Мисалы:

Көзүн арам нерселерди кароодон, кулакты жаман нерселерди угуудан тыйып, көзүн ибрат-үлгү алуучу нерселерге жана кулагын акыйкат сөз менен Куран угууга багыттоо сыяктуу башка мүчөлөргө да өздөрүнүн орозосун туттуруу керек. Чын чынына келгенде ашказан эң чоң «фабрика» болгондугу үчүн, орозо менен аны эс алдыра турган болсо, калган башка кичинекей тетиктерди оңой эле ага моюн сундурууга болот.

Сегизинчи түйүн:

Ыйык Рамазан айынын инсандардын жекече жашоосуна караган жагындагы көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:

Инсанга эң маанилүү дары сыяктуу керек болгон материалдык жана руханий перхиз (сактануу) болуп саналат. Ал эми медицина жагынан диета деп аталгандыктан:

Инсандын напсиси жеп-ичүү жагынан өзү каалагандай аракет кылган сайын, өзүнүн материалдык жактан ден соолугуна зыян кылып жатканы сыяктуу, арам-адалды ылгабастан туш келген нерселерге кол суна берүү да албетте руханий жан-дүйнөсүн ууландырат. Жан-дүйнө ууланган соң жүрөк менен рухка моюн сунуу ал напсиге кыйын болуп калат. Кежирлик менен моюн сунбай тизгинин колуна алат. Андан кийин инсан ага мине албайт, тескерисинче ал инсанды минип алат. Ал эми напсисин тыйган адам ыйык Рамазан айындагы орозонун себебинен кичине болсо да сактанууга үйрөнөт. Напсисин тарбиялай баштайт жана буйрукту угууну үйрөнөт. Бечара ашказанга да, сиңирүүсүнөн мурун эле тамак үстүнө тамак толтура берүү менен ооруларды чакырбайт. Ошентип буйрук аркылуу адал нерсени да жебөө менен, арамдыктан качуу үчүн акыл менен шарияттын буйруктарын угууга жөндөм пайда болот. Руханий жан-дүйнөсүн бузуп албоого тырышат.

Анын үстүнө, инсандардын көпчүлүгү ачкачылыкка көп эле жолу дуушар болушат. Сабырдуулук менен чыдамкайлыкка машыктыра турган ачкачылык менен напсини тарбиялоого абдан муктаж. Ыйык Рамазан айындагы орозо – он беш саат, саарлык ичпесе жыйырма төрт саатка чейин созулган ачкачылыкка сабыр кылуу менен чыдоо – напсини тарбиялоо жана машыктыруу болуп саналат. Демек, адамзаттын кайгысын эки эселенткен сабырсыздык менен чыдамсыздыктын дарысы да – орозо.

Анан дагы ошол ашказан «фабрикасынын» көптөгөн кызматчылары бар. Жана да аны менен байланыштуу болгон инсандын көптөгөн мүчөлөрү бар. Напси – эгер убактылуу бир айдын күндүзгү учурларында тыныгып эс ала турган болбосо, ошол фабриканынн кызматчыларынын жана ошол мүчөлөрдүн жекече ибаадаттарын аларга унуттуруп коёт, өзү менен алек кылат, аларга бийлик жүргүзө баштайт. Инсандын башка мүчөлөрү да ошол руханий фабриканын механизмдеринен чыккан добушу менен түтүндөрүнөн башы маң болот. Алардын назарларын дайыма өзүнө тартат. Улуу милдеттерин убактылуу унуттуруп коет. Мына ошондон улам: илгертен бери көптөгөн олуя адамдар өз кемчиликтерин жоюу үчүн напсилерин тарбиялоо менен, аз ичип-жегенге өздөрүн үйрөтүшкөн. Бирок, ыйык Рамазан айындагы орозо аркылуу ошол ашказандын кызматчылары: Тек гана ал ашказан үчүн жаратылышпаганын түшүнүшөт. Башка мүчөлөр да ал ашказандын абийирсиз чер жазууларынын ордуна, бул айда периштелер менен руханийлерге таандык болгон чер жазуулар менен ырахаттанышат жана назарларын аларга бурушат. Мына ошондон улам: Ыйык Рамазан айында ыймандуулар даражаларына карап, башка-башка нурларга, берекелерге жана руханий кубанычтарга бөлөнүшөт. Жүрөк, рух, акыл, сыр сыяктуу сезимдердин ошол куттуу айда орозо аркылуу көптөгөн өркүндөп-өсүүлөрү менен жогорулоолору бар. Ашказандын ыйлоосуна карап, алар жайбаракат күлүмсүрөшөт.

Тогузунчу түйүн:

Ыйык Рамазан айындагы орозонун түздөн-түз напсинин кыялдуу башкаруучулугун жок кылуу үчүн жана алсыздыгын көрсөтүү менен кул экенин билдирүү жагындагы сырларынын бир сыры мына мындайча:

Напси Жаратуучусун тааныгысы келбейт, фараон сыяктуу өзү гана башкаргысы келет. Канчалык азаптар чектирилсе да ал сезим анда кала берет. Бирок, ачкачылык менен ошол сезими жок болот. Мынакей, ыйык Рамазан айындагы орозо түздөн түз напсинин фараондук тумшугуна сокку уруп талкалайт. Алсыздыгын, күчсүздүгүн жана муктаждыгын көрсөтөт. Кул болгондугун билдирет.

Хадис айтымдарында айтылат:

Аллах Таала напсиге мындай дейт:

«Мен киммин, сен кимсиң?» Напси мынтип жооп кайтарат:

«Мен менмин, сен сенсиң». Аллах Таала напсиге азап берет, тозокко салат анан кайрадан сурайт. Кайра эле:

«Мен менмин, сен сенсиң» дей берет. Азаптын кандай гана түрүн бербесин, менменсинүү менен текеберлигинен баш тартпай коёт. Андан соң ачкачылык менен азап берет. Тактап айтканда ачка калтырат. Кайра сурайт:

«Мен киммин, сен кимсиң?» Ошондо гана напси:

اَنْتَ رَبِّى الرَّحِيمُ وَاَنَا عَبْدُكَ الْعَاجِزُ

«Сен менин өтө ырайымдуу Жаратуучумсуң, а мен сенин алсыз бир кулуңмун…» деп айткан экен.

اَللّٰهُمَّ صَلِّ وَسَلِّمْ عَلَى سَيِّدِنَا مُحَمَّدٍ صَلاَةً تَكُونُ لَكَ رِضَاءً وَ لِحَقِّهِ اَدَاءً بِعَدَدِ ثَوَابِ قِرَائَةِ حُرُوفِ الْقُرْآنِ فِى شَهْرِ رَمَضَانَ وَ عَلَى آلِهِ وَ صَحْبِهِ وَ سَلِّمْ

سُبْحَانَ رَبِّكَ رَبِّ الْعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ وَسَلاَمٌ عَلَى الْمُرْسَلِينَ وَ الْحَمْدُ لِلّٰهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ آمِينَ

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE