Пример HTML-страницы

Туткун кыз 16 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=20913&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТУТКУН КЫЗ

16-БОЛУМ

АЛГАЧКЫ КЫРСЫК

Ооба, бул Ибрагимдин өмүрүндөгү экинчи болгон катуу соккусу эле. Айылдан келип милиция мектебине тапшырып, аны жаңы эле ийгиликтүү аяктаган жылдары болчу. Лейтенант деген наам алып, бирок өзүнүн кесиби боюнча ишке орношо элек мезгил эле. Өзүнүн районуна жолдомо бери бирок окуусун бүтө элек кызына карап Ташкентте калып калган. Кызынын аты Мэхра, ал дагы окуусун бир жылдан кийин бүтмөк. Ал бүтөөрү менен экөө үйлөнүп, анан өзүнүн районуна кетмек. Калаада ички иштер бөлүмүндө өзүнө ылайыктуу иш табылбагандыктан таптакыр эле башка жумушта иштеп жүрдү. Шаар ичиндеги жер алды менен кетчү суу түтүктөрүн оңдоочу техник болуп ишке орношту. Адегенде үйрөнчүк болуп, бара-бара анын үч айлыгын окуп «сантехник» деген күбөлүк алды. Кызы кандай окууну бүтсө дароо үйлөнүшүп ошондой өз районуна кетишмек. Жайдын саратан мезгили, Мэхра окуусун жаңы эле аяктап, группалаштар, достор болуп дипломун майлап, экөө ресторандан чыгып жаңы эле келатышкан. Мэхра Ибрагимге караганда кичине кызуураак болчу. Жатаканасына чейин дагы бир далай жол басуу керек эле. Ибрагим эки жолу такси кармаса Мэхра түшпөй койду «жөө эле басалычы, балким экөөбүз бул жерден мындай чогуу баспастырбыз» деп. Чын эле анын айтканындай эле болду. Жөө сүйлөшүп кетип баратышкан. Мэхра кызуулугу менен ага эркелеп алдыга чуркап кетип кайра токтой калып, чуркап келип Ибрагимдин мойнуна асылып, өзүнчө эле бактылуу болуп келатты. Анан эле… Бурчтан чыга калып ушунчалык ылдамдык менен келаткан машине жол четине чыга калган Мэхраны уруп кетти. Урганда да ушунчалык катуу урду. Анын кыйкырганга да качканга да чамасы келген жок, катуу урган машиненин алдыңкы айнеги быркырана, кан чачырай, кыз кадимкидей көтөрүлүп барып түштү жерге. Көз ачып-жумганча эмне болуп кеткенин түшүнбөй калган Ибрагим кандайдыр бир секундчалык убакытка дендароо болуп туруп калды. Анан эсине келе эки-үч аттам менен жерде кыймылсыз жаткан сүйгөн кызына жетип барып, тирүү бекенби дегендей башынан өйдө көтөрдү. Заматта бети-башы жарылып, кан агып өңү таанылбай кетиптир. Тирүүлүктүн эч кандай белгиси жок. «Мэхра! » деп катуу бир кыйкырып алды. Жүрөгү мыжыга аны кучактаган боюнча көздөрүнөн жаш куюла баштады. Өчөшкөндөй ошол маалда жаа да жаап кирди.

— Эмне болуптур, кыз өлүптүрбү?

— Ие ким билет, жанында бир жигит турат…

— Турчу мындай, тирүү бекенби көрөлүчү? — далдайган бирөөсү келип Ибрагимди ары түртө кыздын жүзүнө үңүлдү. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Милиция формасын кийип жүрүптүр, кыздын колун кармап иши бүтүптүр дегендей тигилерге карап башын ийкеп койду. Ары жактагы эки-үчөөсүнүн кийимдери да милиция формасында экен. Алиги далдайганы Ибрагимге карады.

— Кыскасы мындай «бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок» уктуңбу, болбосо сен өзүң кесилип кетесиң. Баары бир изибиздин баардыгын бобул жаан жууп кетет. Кыскасы… Ибрагим андан аркы сөзүн уккусу келген жок, ордунан атып тура калып аны муунтуп, экөө кармаша кетишти. Ары жакта тургандар жардамга келишип, тигини ортого алып тепкилей башташты. Түн бир оокум боло көчө кыймылы да аз, анын үстүнө жаан да аябай катуу төгүп келген болчу. Ибрагим тигилердин төртөөбү-бешөөбү жакшы эстей албай калды. Сыягы бардыгы тең мас окшойт, болгон күчтөрү менен тепкилеп жатышты. Бир кезде бетке катуу тийген өтүктүн изинен эсин жоготуп койду. Эсине келип көзүн ачса ооруканада жатыптыр, кандайча болуп биякка келгени, кимдер алып келишкени белгисиз. Сыягы кимдир бирөөлөр телефон менен «тез жардамга» , «көчөдө эки адам өлүп жатат» деп телефон менен кабарласа керек. Ибрагимдин оң жаагынан жаракат кетип, эки-үч кабыргасы сынып, бетинен тамтык калбай жарылып, шишип кетиптир. Сол жак ийни да кыймылдатпай оорууда. «Киши болот, болбойт» деп атып араң оңолуптур. Бутунан баштап башына чейин денеси бүт ак бинт менен таңылган. Кыймылдаганга дарманы жок капельницада жатыптыр. Дароо эле оюна Мэхра кетти. Сүйлөйүн деп сүйлөй албай койду. Атүгүл кыймылдаганга дарманы жок экен. Ал туптуура бир айдан кийин чыкты, Мэхранын кыркы болуп жатканда барды. Милициялардын ким экени ошол боюнча аныкталбай калды. Окуянын кайсыл мезгилде болгонун, кайсыл жерде болгонун бир-эки милиция келип сурап, кагазга түшүрүмүш этип жүрдү, анан ошол боюнча табылбай «тым-тым» эле болуп калды. «Балким ошол келип аткандар өздөрү болуш керек?» деп ойлоп койду ичинен Ибрагим. Бир жылдан берки планынын баары күтүлбөгөн жерден бузулуп, өмүрүндө биринчи жолу оор жоготууга учурады. Анын эне- атасы да айылында тойго даярданышып күтүп жатышкан болчу. Келин алып барар күндү да айтып болжоп койгон. Ошондон кийин милицияларды да аябай жек көрүп, өзү да милицияда иштегенден түбөлүк баш тарткан болчу. Айылына да бара элегине көп болгон. Ошол боюнча сантехник болуп эле иштеп келаткан. Бир да кызды жактырып, эч ким менен сүйлөшкөн эмес. Далай эле кыздар артынан чуркады, бирок эмнегедир таптакыр Мэхраны унута албай койду.

Мына, андан бери канча мезгил арадан учка куштай зымырап өтүп кетти. Ал Диананы бир көргөндө эле Мэхрага окшоштурган. Люкту ача салып чала жан араң дем алып, үстүндө келемиштер чуркап жүрүшкөн Мэхранын жүзүн көрө коюп, өз көзүнө өзү ишенбей жалдырай карап, туруп калган. Чынында эле Мэхра менен Диананын аябагандай окшоштуктары бар болчу. Ортодон бир канча жыл өткөндөн кийин кайрадан Мэхрасына жолугуп жатпайбы. Анын ооруканага күндө келип жүргөн себеби да ушул болчу. Ал үчүн бардыгына кайыл боло эптеп эле анын өмүрүн сактап калуу, көзүн айыктыруу өзүнүн милдети деп эсептеген. Анан эле күтүлбөгөн жерден кайра жоготуп жиберип жатпайбы. Булуттан чыккан айга окшоп бир жылт этип көрүнүп, күтүлбөгөн жерден кайра жок болуп кетиши Ибрагим үчүн экинчи жолку катуу сокку болду. Биринчи жолкусунда милициялар аркылуу сокку жесе, экинчисинде таптакыр эле тааныбаган чүмбөтчөндөрдөн сокку жеди. «Оо Кудайым, эми аны өлтүртө көрбө. Аны жоготчу болсом билбейм эмне болоорумду. Аны издеп тентип кетишим мүмкүн. «Кандай болсо да аы тапканга жардам бере көр» жин даарыган немече басса-турса эле ушуну сүйлөнүп өзүнчө жалгыздап жүрдү.

 

 

 

ЧҮМБӨТЧӨНДӨР КАЙРАДАН ООРУКАНАДА

 

 

 

Акырындап убакыт өткөн сайын Диананын көзү ачыла, айланасындагы кыймылдар, караандар көрүнө баштады. Эки колун көзүнө жакындатып келип, ары-бери кыймылдатып көрдү. Кандайдыр бир сөлөкөттүн ары-бери кыймылдап жатканын байкады. «Оо Кудай, көзүм көрүп кетсе экен» — ал айланасындагы кыймылдарды көргөн сайын көңүлү көтөрүлүп кубанып жүрдү.

Бирок анын кубанычы көпкө созулган жок. Түн ортосунда терезе аркылуу киришкен чүмбөтчөн үч адам медсестра аялды кайрадан таңып салышып, ачыктан ачык эле пистолеттери менен коркутушуп, ар бир палатанын ичин кыдырып, кимдир бирөөлөрдү издеп жүрүштү. Ар бир палатага баш багышып «Эгер палатадан чыксаңар эле атып салабыз» — деп ар бирөөнө эскертип жатышты. Коридорго чыгып кеткен аял жанталаша Диана жаткан палатага жүгүрүп келди.

— Биринчи кабатта эмне болуп жатканын билесиңерби, билбесеңер угуп алгыла. Өткөн жолку чүмбөтчөндөр кайра келишиптир.

Пистолеттери менен ачыктан ачык эле коркутушуп, кимдир бирөөлөрдү издеп жүрүшөт. Бир аздан кийин үстүнкү кабатка көтөрүлүшүп бизге да келет. Кимди издеп жүрүшөт билбейм, өткөн жолу бирөөсүн уурдап кетишти эле эми дагы келишиптир, дегинкисин сак болгула. Өткөн жолку кыздардай болуп силерди да алып кетип калышпасын. Аны укканда Диана «селт» этип кетти

— Алар дагы келишиптирби?

— Ооба, өткөн жолу баары кызуу уйкуда жатышканда түн ортосунда келишти эле, бул жолкусунда да түн ортосунда келишпедиби…

Диана эмне кылар айласын таппай калды, бир жолун таппаса кармап таап алып, өлтүрүп же алып кетиши мүмкүн.

— Алар келишкенде былк этпегиле, унчукпагыла, кирип баш багып силерди бир сыйра көргө соң кайра чыгып кетишет. Андан көрө кроватыңарга жатып тургула. Эң башкысы коркпогула, чочулабагыла.

Бардыгы Диананы таңгала карап калышты. Бир аздан кийин экинчи кабатта адамдардын баскан дабыштары чыгып, тигилердин келатканы билинип турду. Диана палатанын жарыгын өчүрүп, терезеге чыгып кетти, анан терезе парданы тартып койду. Көп өтпөй эле палатанын эшиги ачылып чүмбөтчөн эки караан кирип келишти да уктамыш болуп жаткандардын өңдөрүнө үңүлүп карай башташты. Алардын кобурашкан үндөрү кадимкидей Диананын кулагынын түбүнөн эле угулуп жатты.

— Жок бекенби?

— Сыягы бул палатада да жок окшойт.

— Тигил кроват эмне бош?

— Билбейм.

— Ал кроват үч-төрт күндөн бери эле бош, бир аял жаткан, ал бошонуп чыгып кетти, — төрдөгү кроватта жаткан алиги аял «күңк» этти.

— Сенден сураган эч ким жок, жөн жат көзүңдү жумуп…, — экөө шашыла чыгып баратышып, аялга эскертип өтүштү.

— Жан керек болсо былк этпей тынч жат. Торойто атып салабыз. Коридорго чыгам деп ойлобо, -алар чыгып баратып электир жарыгын өчүрүшүп, каалганы бекем жаап салышты. Жанын оозуна тиштеп араң дем алып жаткан Диана бир аз эс ала жүрөгү ордуна келе түшкөнсүдү, бирок алар калп эле чыгымыш этип, күтүлбөгөн жерден кайра атылып кирип келишчүдөй болуп дале коркуп турду. Ал ошол боюнча таң атканча терезеден түшкөн жок. Тигилердин кеткени кетпегени белгисиз, бирок оорукананын ичи эч нерсе болбогондой тымтырс болуп турду. Сыягы бардыгы эле коридорго чыккандан коркуп жатышса керек. Таңга жуук гана милиция кызматкерлери эки-үчтөн болушуп ар бир палатаны кыдырып жүрүштү. Бул мезгилде Диана да чүмкөнүп кроватына жатып алган болчу. Арадан жарым саат өтпөй майор чини бар киши ооруканадагы оорулуулардын бардыгын чогултуп жооткотуп өттү.

— Эми коркпой эле жата бергиле, алар экинчи бул жакка келишпейт. Атайын охрана коюп, буктурма уюштуруп жатабыз. Эгер келе турган болушса өздөрү капканга түшүп беришет. Сыягы командасынан чыгып кеткен бирөөлөрдү издеп жүрүшсө керек, табышкан окшойт, экинчи келишпейт алар. Чын эле ошондон кийин алар экинчи келишпей калды. Муну дагы Диана Ибрагимден көрүп жүрдү.

— Тигилер келишкенде эмне терезенин артына өтө качтың? — бурчта жаткан аял Дианадан кызыга сурады.

— Жөн эле, өткөн жолу аябай коркуп калгам. Мени дагы Розаны көтөрүп кеткендей көтөрүп кетип калышабы деп чочуладым, — Диана ага кайдыгер жооп бери койду.

Ошондон кийин Ибрагим да ооруканага келип анын тынчын албай калды.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE