Пример HTML-страницы

Кыянат 7 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=13524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЫЯНАТ

 

7 болум

 

Маржан дал болуп туруп калды. Анын маңдайында өзүн таштап, жылан сыйпагандай жоголуп кеткен бир кездеги сүйгөнү Баатыр турган эле. Көздөрү караңгылап, колдору чымырап кетти. Ага болгон жек көрүү сезими али да күчүндө экен. Бул сүйүүнүн чегиндеги жек көрүү болчу. Жолдошу менен чогуу бир дасторкондун үстүндө аны көргөнүнө кыжырданып турду… “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт деген ушул тура” деди ичинен ушул жакка келгенине өкүнө.

 

– Келгиле, чайга карагыла,- деген үн Маржанды ойлорунан кайтарды.

 

Бир мүнөттөн кийин эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Маржанды көрүп баятан бакылдап жаткан Баатырдын да сөзү кесилип, бир саамга дендароо боло түштү. Бирок ал абалды тез колго алды. Жанындагыларга шек санатпастан жаңы таанышып жаткан адамдай түр көрсөттү. Экөө тең минтип ушул жашта жолугуп каларын күтүшкөн эмес. Биринин күйөөсү, биринин аялы… Дасторкондо жаңы таанышкан адамдардай отурууга аргасыз эле. Алдыда көп ишти пландап алган неме мындай пайдалуу адамдан кантип кол үзсүн? Мындай кездешүүлөр, балким, дагы көп болор.

 

ххх

 

Агайынын күтүүсүз иш-аракетине Байэл түшүнбөй таң калып калды. «Эмнеге телефон алып келди, эмнеге иштебе деп жатат? Мени иштетпей эмне кылат?»- деп ойлонуп жатып уктап калыптыр. Эртең менен шыңгыраган телефон уйкусун бузду.

 

– Жаңы эле алып келди го, ким чалып жатат?- караса Алмаз агайы экен. Анын номерин жатка билчү.

 

– Кандайсың, турдуң беле?

 

– Жок, уктап калыптырмын, агай.

 

– Туруп эле мага кел. Мен залдамын.

 

– Макул,- төшөктөн туруп керебетин шапа-шупа жыйнай салды.

 

– Сен кайда шашып, эмне, бүгүн жумушка чыкпайсыңбы?

 

– Эмне иши бар билбейм, агай чакырып жатат.

 

– Чакырып жатат дечи. Кечинде айтып койсоң мен башка балдарга чалып коймок экенмин,- кетүүгө даярданып жаткан Байэлди карап Дастан сүйлөнгөн бойдон калды. Адатта залга дайыма жөө барчу. Бул сапар маршруттук такси менен бат эле жетип келди. Залга кирип түз эле агайдын кабинетине бет алды.

 

– Салам алейкум!

 

– Кел, Байэл,- кол алышып учурашып, жанындагы үстөлдү көрсөтө отурууга буйруду.

 

“Маанилүү кишидеймин го” деди жигит ичинен эч нерсеге түшүнбөй.

 

– Байэл, бизде чоң иш бар. Сен жакында беттешке чыгасың.

 

– Кандайча? Менби?- жигит таң кала сурады уккан кулагына ишене албай.

 

– Ооба, сен.

 

– Тамашалабаңызчы, мен эч нерсе билбейм да.

 

– Билесиң, даярданабыз. Болгон күчүбүздү жумшап аракет кылсак эле болду. Беттешке чыгуу кыялың эмес беле. Мына, кыялдын орундала турганына да жакын калды. Кетенчиктей берсең кыялдар кыял бойдон калып кетет.

 

– Эмне, эрежесиз урушпу?

 

– Анан эмне бокско чыкмак белең?- деп агайы күлдү.

 

– Бирок мен даяр эмесмин да?..

 

– Коркпо, Байэл, эң негизгиси, каалооң болсо болду.

 

– Агай, азыр мен жумушка барышым керек, Дастан күтүп калды.

 

– Айтпадымбы сага. Болду жумуш дегенди унут, мындан ары сенин жумушуң машыгуу болот. Акчадан болсо кам санаба. Милдеттүү түрдө машыгасың. Баары көзөмөл алдында болот.

 

– Толтура кыйын балдар жүрсө. Мени эмне кылышат алар?

 

– Сен аларга башыңды оорутпа. Эми сен да кыйын болосуң. Эч ким кыйын болуп төрөлбөйт да.

 

Байэл уккандарына ишенип-ишенбей стол үстүндөгү кагазды бүктөп кармалап унчукпай отуруп калды.

 

– Убакытты текке кетирбейли. Жүрү, тамактанып алып сага спорттук кийимдериңди алалы, бүгүн кечки машыгууга башка залга барабыз. Эртеңден баштап 2 маал машыгууну баштайбыз. Жумасына бир күн гана эс аласың,- ашканага жеткенче ушуларды сүйлөп барды Алмаз агай.

 

ххх

 

Терезеден сыртты карап Аделя дагы Байэлди ойлоду. Ооруканадан чыккандан кийин чалса керек деп ойлогон. Бирок андан бери канча убакыт өттү, дайыны жок.

 

– Баягы Алмаз деген байкеден сураса деле номеримди табат эле го. Жазып турса деле болмок,- деп Аделя өзүнчө сүйлөнүп алды. Бир нече ирет социалдык тармактардан Байэл деп издеп сүрөттөрүн карап чыккан. Азыр да карап жатат. “Фамилиясын да билбейм, уялбай сүрөттөрүн издеп коём, мен аны ооруканада эле көрдүм да. Жакшы деле тааныбайм. Эмнеге эле оюмдан кетпей койду?” деп өзүнчө сүйлөнгөн Аделя баягы жолу чалып сүйлөшкөн Алмаз дегендин номерин өчүрүп алганына жини келди. Болбосо небак эле чалып Байэлди таап алмак. Аделя төмөнкү кабатка түштү. Апасы али тура элек экен. Аны көргөн кыз кечинде коноктор кеч кеткен го деп боолголоду.

 

– Ало, Айбек байке, каяктасыз? Мен бир жакка бармакмын, алыста болсоңуз өзүм эле чыга берем.

 

– 1 саатта барам, болобу?

 

– Мен даярданып алгам чыкканга, такси менен бара берем.

 

– Анан шефке айтылчу тизмеге муну кошпо, ээ?- деди Айбек тамашалай өткөнкү кыздын айтканын эстеп.

 

Кыз такси менен спорттук кийимдерди саткан чоң дүкөнгө келип түштү. Дүкөндүн ичин айлана кыдырып улам бирин кармап көрүп, жакканын чогултуп келе жатты. Кийим кийип көрүүчү тарапка басты эле, маңдайындагы өңү тааныш кишини көрүп көктөн издегени жерден табылгандай кубанып ага жетип барды.

 

– Саламатсызбы?

 

– Саламат, сен ким элең?- залга келген кыздардын бириби деп Алмаз дароо тааный албады.

 

– Мен… Биз ооруканада көрүшкөнбүз.

 

– Ии, эстедим, Байэлди ооруканага жеткирген кызсың. Атың ким эле?

 

– Аделя.

 

– Байэл да мында. А, мына өзү да келип калды.

 

– Таанып жатасыңбы? Бул баягы сени ооруканага алып барган кыз,- деп Алмаз ага кол жаңсаган жигитти көздөй ары жакка басып кетти.

 

– Салам.

 

Байэл балбылдаган көздөрдү дароо тааныды. Бул татына кызга канчанчы ирет кездешүүсү. Ичи уйгу-туйгу боло түштү. “Эмне болгон кезигүүлөр?” деди ичинен. Мурун “ал кыз мени эмне кылмак эле?” деп дароо өзүн басынтканга өткөн болсо, азыр кыздын маңдайында өзүнө ишеним пайда болгон Байэл турган. Ойлору да мурдагыдан өзгөрүп калган. Өң-келбети, дене түзүлүшүндө айып жок.

 

– Кандайсың?

 

– Жакшы, бир жолу байланышпай койдуңуз го,- деди ачык-айрым сүйлөгөн кыз.

 

– Эми байланышып турабыз, номериңди алып калайын,- чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып кызга сунду. Кыз тыпылдап номерин терип берди.

 

– Меңиз, ким деп сактайсыз?- телефонду кайтарып жатып:

 

– Мен сизди социалдык тармактардан издеп көрдүм, фамилияңызды да билбегенге таба албай койдум.

 

– Мен колдонбойм эч бирин. Агай күтүп калды, мен барайын. Эми менден чалуу күтсөң болот, сулуу кыз,- Байэл кудуңдай коштошуп агайынын жанына барды. Эки чоң баштыкты көтөрүп экөө сыртка чыгып кетишти. Айбек байкесин күтпөй келе бергени үчүн өзүнө ыраазы боло Аделя аларды узата карап калды.

 

ххх

 

Алмаз Байэлдин көзүндөгү кубанычты көрдү. Ушунча жүрүп анын көзүнүн мындай жайнаганын көргөн эмес.

 

– Мурун эле сени ушул кызга жолуктурбай.

 

– Эмнеге?- деди жигит билмексен боло.

 

– Экөөң бири-бириңди көрүп ушунчалык кубандыңар го эски тааныштай…

 

– Мындай кыздар жакшы балдар менен мамиле түзүшөт да.

 

– Байэл, аңкоо болбо. Кыздар балдарды жакшы же жаман деп тандашпайт. Бир чийин менен баскан баланы кыздардын баары карайт деп ойлоп жатасыңбы, жаңылышасың. Күчтүү-алсыз, ийгиликтүү-ийгиликсиз. Болду ушул эле. А сенде күчтүү, ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүк бар да. Бул кыз жактыбы, аракет кыл. Өң-келбетиңде болсо айып жок, кайсы кызды болбосун каратат…

 

– Эки күн өттү, кана чалганы? Анан да чалуу күт деп коёт, өзүм эле жазып албай номерин,- кыздын Байэлге жини келип жатты. Номерин алган күнү эле кечинде телефон чалат деп күткөн. Бирок ал ойлогондой болгон жок.

 

– Каяктан да бул балага жармаштым, билбейм. Аркамдан чуркап жүргөн балдар менен сүйлөшө бербей, кайдагы бир жигиттен чалуу күтүп отурганымды кара. Анысы да өзүнчө кыйын болуп алды го.

 

Жигиттин байланышпаганына ызаланды. Аделя үйдүн жалгыз кызы болгондуктан, абдан эрке. Ата-энеси андан эч нерсе аябайт. Алардын топтогон байлыгын Аделя чөмүчтөп чачып түгөтө албаса керек. Оюндагысын кылат. Атасынан бир аз коркуп коймою бар. Анткен менен эч бир кылыгы үчүн жазалай албашын жакшы билет.

 

ххх

 

Баатыр менен көрүшкөндөн бери Маржан абдан ойлуу, ачуулуу. Жолдошу Алматыга кеткенче ызасын ичине катып өзүн араң кармап жүрдү. Бирөө-жарым ооз ачса эле жарылып кетчүдөй болуп турган аял жумуштагылардын айрымдарына бей-жай кыйкырып, ачуусун алардан чыгарат. Айтор, бир үнү көктө, бир үнү жерде. Жалгыз отуруп алып туталанып ыйлайт. Бүгүн да бөлмөсүнө бекинип, бышактап көз жаш төгүп алды. Балдары көрүп калбасын деп бетин жууп эч нерсе билгизбейм деп ойлогон. Бирок уулу эшиктен киргенде эле апасынын көздөрүн көрүп:

 

– Эмне, ыйладыңызбы? Эмне болду сизге?

 

– Жок, эмнеге ыйлайт элем?

 

– Көздөрүңүз кызарып калыптыр.

 

– Жумуш көп, чарчап келдим. Курсагың ачтыбы?

 

– Чай ичпейм, эс ала бериңиз, мен досторума кеттим.

 

– Энелик милдетин өтөй албай, уулун көчөгө таштаган аял сенин апаң экенин укканыңда кандай кабыл алар экенсиң?- чыгып бараткан уулун узата карап ичинен ушуларды ойлонуп оор үшкүрүп алды. “Ошондо боюмда бар экенин айтсам, балким, баары башкача болмок. Эмнеге дайынсыз жок болду? Эмнеге кайра келген жок? Мени эмнеге издебеди? Уулу бар экенин, балдар үйүнө таштаганымды билсе эмне дейт? Азыр уулум жашоодо барбы, бар болсо кайда, кандай күн көрүп жүрдү экен?”

 

Минтип күндө ойлогону менен, жообу жок суроолордун аягына чыга алчудай эмес. Кайрадан уулун издемей болду. Баары бир бир күнү ачыкка чыгарын башынан эле билчү. Бирок анда ачыктоонун учуру эмес эле.

 

ххх

 

Аделяга жолуккандан бери Байэлдин жан дүйнөсүндө толгонуу болуп жатты. Бир жагынан агайынын сөзүнөн таасирленип калган жигит “канткенде күчтүү, ийгиликтүү болом?” деп баш катырат. Экинчи жагынан кыздын ага айткандары эсинен кетчүдөй эмес. “Байланышпай койдуңуз. Байэл дегендерди издеп, сизди таба албадым” деген сөздөрү кулагына жаңырып, жүрөгү элеп-желеп. Телефонун алып чыгып кармалайт, биринчи катарда турган кыздын номери улам көзүнө көрүнөт. Чалайын деп Аделя деген жазууну басып туруп, кайра өчүрөт.

 

– Кимсиң, каяктансың десе өзүмдү ким деп тааныштырам, балдар үйүнө ата-энем таштап кеткен деппи? Же жалган айтып алдаймынбы?

 

Өзүнчө бушайман боло чалууга дити барбайт. Бүгүн да машыгуудан чыгып эле адаттагыдай телефонун алып Аделянын номерин карады.

 

– Мени издептир, чалышымды күтүптүр. Балким, азыр да күтүп жаткандыр. Эмне болсо да көрөрмүн. Жетим экенсиң деп сүйлөшпөсө сүйлөшпөй коёр,- деп чалууну басты. Кетип жаткан ар бир гудок Байэлди толкундантып жатты.

 

– Алло,- кыздын жагымдуу үнү угулду.

 

– Кандайсың? Мен Байэл.

 

– Жакшы, кандайсыз?- кыздын үнү өктөм чыкты. Үнүнөн кубанып кеткени даана билинди.

 

– Жакшы,- Аделя жанатан жини келип жатканын унутуп, кызуу сөзгө кирди. Экөө божурашып бир далайга сүйлөшүштү. Жигит кыз менен коштошуп телефонду өчүргөндөн кийин оор улутунуп алды. Сүйлөшүп баштагандан бери үй-бүлөм тууралуу качан сурап жиберет деп кооптонуп жаткан. Бирок кыз баладан ата-энесин, керек болсо каяктан экенин дагы сураган жок. Жигит Аделяга жетелеген кыялдардын курчоосунда уйкуга кетти. Ушул тапта кыз дагы уктабастан Байэлди ойлоп жатты. Балким, бул жөн гана балалык сезимдер чыгар. Балким, чоң сүйүү, ким билсин, баарын убакыт көрсөтөт.

 

ххх

 

Эшиктин алдындагы бассейндин жанында тамекини тумандата түтөтүп Баатыр жалгыз отурду. Маржан менен болгон күтүүсүз жолугушуу аны да ойго салган экен.

 

– Августта үйлөнөбүз. Андан көрө тойго даярдана бер. Кийинки жумада келип калам. Тараз бул жерде эле го.

 

– Келгениңден кеткениң бат.

 

– Аз калды, бирге болобуз.

 

– Ошол күн келсе экен. Эгер келбесечи?- жалооруй караган Маржанды белинен кучактай:

 

– Ушинтип да айтчу беле? Көрөсүң, биз бактылуу жашайбыз. Бизге баары суктанат,- деп чекесинен өөп коштошкон. Экөөнүн акыркы сүйлөшүүсү ушундай болгон. Моюнунан кучактап кетиргиси келбей кыйылып турган ишенчээк, көздөрү сүйүүгө толгон кыз көз алдына тартылды.

 

– Өтмүштүн бир барагында калтырдым эле сени. Минтип тагдыр акыры кайра кезиктирди. Болгондо да өз үйүмдөн. Дайынсыз жоголуп кетип жайнаган көздөрүнүн нурун өчүрдүм. Ишеничин өлтүрүп, сүйүүсүн тепселедим. Тагдыр бизди ушул жашта эмнеге жолуктурду?

 

Чылым дембе-дем тартылып, эстегиси келбесе да бир ойдун артынан экинчиси чубалып жатты. Казакстанда түрмөдөгү азаптуу күндөрү көз алдына тартылды.

 

– Ата, эмне болгон сизге, жалгыз отуруп калыптырсыз?- кызынын үнүнөн чочуп кетти.

 

– Эс алып отурам.

 

– Маанайыңыз жок го.

 

– Жакшы эле, кызым, кеч болду, сен эмне уктабай жүрөсүң?

 

– Уйкум келбей жатат.

 

– Мындай убакытта сыртка эмнеге чыктың?

 

– Терезеден сиздин жалгыз отурганыңызды көрүп чыктым. Кечке тамеки чегип жатасыз го?..

 

Баятан байкабаптыр, караса чын эле тамекинин калдыктары үйүлүп калыптыр. Туруп кызын ээрчий басып өз бөлмөсүнө кирип кетти.

 

ххх

 

Кечки машыгуу убагы эле. Адатта Арска көбүрөөк убакыт бөлгөн Алмаз эми Байэл менен олуттуу иштешип жаткан чагы. Байэлдин ар бир кыймылы анын көз алдында. Түйшөлүп ойлоно калып жаткан жигит эмнегедир бүгүн жайдары экенин байкады. Көп жылдан бери машыктыруучу болуп жүрүп кимдин кандай абалда машыгып жатканын айттырбай эле туят.

 

– Сол кол мененби?- жигит агайдын көрсөткөн ыкмаларын кайталап жатты.

 

– Жалтаңдаба. Атаандашың сендеги коркууну туйбашы керек. Өзүңө бөркүңдөй ишен. Буйтабайсыңбы, шамдагай болсоң. Сенин мындай абалың атаандашка ыңгай түзүп берет,- ийин талаштыра тийген соккудан тайсалдай түшкөн Байэлге Алмаз насаат айтып жатты.

 

Арсты ээрчип залга кирип келе жаткан сулуу кызды балдардын баары карап, өздөрүнчө күбүрөшүп калышты. Балдар көптөн бери бул жерде машыккандыктан бирин-бири жакшы таанып калган. Арстын кыз ээрчитип келгени аларга жаңылык болду.

 

– Беттеште жеңиш үчүн биринчиден күчтүү эрк, чыдамкайлык, анан албетте, мыкты коргонуу керек. Качан каалоолор аракетке айланганда кыялдар орундалат. Байлардын мелдеше келип, ортого акча таштап уюштурган беттеши болгону менен, спортчу катары мындан ары өсүшүңө бул чоң мүмкүнчүлүк. Алар акча берип жатышат, жан багыш үчүн кара жумушта иштебейсиң дегендей. Эртең тоого чуркоого кетебиз. Эч нерсеге алагды болбо. Баш-отуң менен машыгууну ойло.

 

– Макул,- балдар машыгып жаткан тарапты карады. Кире бериштеги отургучта Арска жанаша отурган кызды көрүп селейип туруп калды.

 

– Аделя? Арс?- кызганып кетти кызды…

 

(Уландысы бар)

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE