Пример HTML-страницы

Кордук 1 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40631&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀КОРДУК

1 — БӨЛҮМ

 

 

«Кечээ эле сыдырым желге саамай чачым сеңселген беш көкүл кыз элем го, ооба, жаштыктын жашыл макмал тулаңында тоголонуп оюнга тойбогон кез көз ачып-жумгуча өтөт экен. Анда мен бул тирүүлүктүн кызык экенин туйсам да, азаптуу, ары машакаттуу болоорун ойлобогон секелек курагым»…

Алтынчач ушинтти да, зымырап кетип жаткан унаанын терезесинен ары карай көз чаптырып, туңгуюкка сүңгүп кирип кеткендей болду…

Ал тоолору көк тиреген, жыпар жыттуу гүлдөрү аңкып, таза абасы дайым көңүл сергиткен айылда өскөн. Козу-улак кайтарып, майда өрүм чачтарын сербеңдете сай-сайлап жүгүрүп, улактар менен кошо таштан-ташка секирген ойноо курагы такыр эсинен кетпейт. Анан эле бир күнү ойноп жүрүп, үйгө кирсе апасы ыйлап отурат.

— Апа, эмне ыйлап жатасың? — деди Алтынчач отура калып, быйтыйган колдору менен көзүндөгү жашын аарчып.

— Эчтеке болгон жок, каралдым, — деп апасы алдындагы кичүү сиңдиси Карачачты карап коюп, шуу үшкүрүнүп алды.

— Ыйлабачы, апа.

— Ыйлабайм, садага, ыйлабайм.

— Атам каякка кетти?

— Ал ишине кетти.

— Кечинде келеби?

— Келээр… — деп арсар унчукту Умсунай, көкүрөгүн өйүгөн бир сыр бардай.

Алтынчач аны байкабады. Абсатар өзү кээде эки-үч күндөп келбей калчу, эки кызы менен Умсунай кылдыратып оокатын жасай берет. Бирок жыйырма бешке чыгып-чыга элек келиндин кызганычы күч. Өзү сүйүп тийген, жанындай көргөн күйөөсү уул төрөбөйсүң деген шылтоо менен күйөөсү өлгөн келиндин үйүнө барып жүргөнүн угуп, ичинен күйүп бышса да, балдарына билгизбегенге аракет кылат, бала неме кайдан түшүнсүн. Алтынчач быйыл окуйт, Карачач болсо үчтөн жаңы эле өткөн. Апасы ыйлаганын токтотуп калгандан кийин кыз кайра алаксып ойноп кетти. Чоң апасы Суусаркан жетимиштеги кемпир, кызынын үйүнө кеткен. Абсатар эртең менен эрте туруп, жумушуна кетип жатканда Умсунай экөө кер-мур айтыша кетишти. Ал айыл өкмөтүнүн майда-барат иштеринде иштейт, мал-кел каттоодо, жашы отуз экиде эле.

— Аби, — деди Умсунай, анткени апасы, туугандары бүт күйөөсүн Аби дешчү. — Сен бүгүн эрте келесиңби?

— Келбейм, күтпөй эле кой.

— Кайда барасың, апам да жок, корком го жаш балдар менен.

— Коркуп эмне, эчтеке болбойсуң, — деп корс этти Абсатар.

— Дагы баягыңа барасыңбы, уялат экенсиң элден угуп, каралуу аялдын кесепети тийет деп ойлобойсуңбу? — деди Умсунай.

— Эмнени ойлойм, кыйраткансып эки кызды катар төрөп коюп, мага сүйлөгөнүн кара, керек болсо азыр дагы барам, экөөңдү бирдей багам!

— Кереги жок, анда мен эки кызымды алам да кетем.

— Кете берчи, кыйратып койгонсуп мага кетем деп коркутпай, бар кете бер, алкаш атаңкына батканыңды көрөм! — деп сыланып-сыйпанып, Умсунай үтүктөп койгон шымды кычырата кийип чыгып баратканда артынан Умсунай кыйкырып калды:

— Асылбачы менин атама, ал сага эмне жамандык кылды?.

Анысы жоопсуз калды, Абсатар укмаксан боло калганы карс жаап чыгып кетти. Ошого ызаланып ыйлап жаткан. Чынында ата-энеси начар турат. Атасы көп ичип, апасын эки күндүн биринде чырылдатып сабай берет. Эң улуусу эле Умсунай, андан кийин үч иниси, бир сиңдиси бар. Жайы-кышы уруш-талаш менен күн өтөт, атасы арактан колу бошобой, жарытылуу да иштебейт. Айрыкча кайра куруу, базар экономикасы деп заман өзгөргөндөн бери жумушсуз, үйүнөн чыгып кетип, эки-үч саатка жетпей мас болуп жетип келет. Же ата-энесинен калган эски үй-жайын дурустап оңдоп алсачы, баарынын эскилиги жетип, катуураак шамал болсо кулаганы турат. Бирин-экин мал-жанын ичип, карыз боло берип, ошого төлөп бүткөн. Өкмөттөн берилген үлүш жерине дагы элчилеп бирдеме айдабайт. Жазгы жер айдоодо Үмүтай эптеп өзү жүгүрүп жүрүп, ар кимге жалдырап жатып, чемичке айдап, күздө май тарттырып сатып, балдарына тамак-аш кылат. Ошондо да Сагынбектин карыздары жан койбой эшик тешип, көбү ошого кетет, же бир айылда колунан келчү иш болсочу. Ошондон улам Умсунай атасынын үйүнө да баралбайт, эки кызы менен кайдан батат, өздөрү кээде ун жок болгондо загыра нан жеп отурушса. Эт биякта калсын, көк шорпо ичкенге зар. Умсунай ыйлап-ыйлап алды да, күнүмдүк ишине киришти. Абсатарлардын колунда бар, эки саан уй, анын торпоктору да чоңоюп, үчөө-төртөө болуп калган. Жандыктары кырк-элүүдөй. Мингенге аты да бар. Оокат-аштуу. Ошондуктан керсейип аялын теңсинбей баратты, бирок учурунда Умсунайды бир көрүп ашык болуп, ала качып алган эле. Көздөрү тептегерек, кара каштуу, мурду кырдач, буудай жүздүү татынакай келин. Болуп-толуп турган кези.

Түн. Умсунай уйкусу келбей, мелтиреп шыпты тиктеп, ойгоо жатты. Уктап жаткан кыздарын улам ачынып калса кымтылап коюп, ойлору онго, санаасы санга бөлүнөт. Күйөөсүн башка келинден кызганып, жүрөгү тызылдап, каректери эрксиз жашка толот. Кумар ышкысы ашынган жаш келин күйөөсүнүн кубаттуу кучагын эңсейт. «Эмнеге ал мени ушинтип кордой берет, бир-эки жаш кичүүлүгү болбосо, чынында Айжамалга караганда мен сулуумун го? Мен минтип басынып жүрө берсем кырыма чыгып алды, биротоло кетишим керек. Салынды болуп кала бергенче кетейин, кааласа алып алсын ошонусун» , — деп ойлонуп, бир чечимге келгендей болду, өзү дагы эс ала түшкөнсүдү. Аңгыча таң агарып, терезеден жарык шоола түшүп калганын көрүп: «Таң дагы атты, минтип азап тартып жаш күнүмдө кор болгуча кеткеним оң», — деп ойлонуп жатып, уктап кеткенин сезбей калды. Бир кезде кобур-собурдан улам ойгонуп кетсе, үйгө кайненеси келиптир. Кызы Айнур жакшы жерге барган, Суусарканды күйөө баласы Темирбек жеткирип келген экен. Умсунай ыргып туруп, кийине калды.

— Келдиңби, апа?

— Ооба, айланайын, тура элексиңерби?

— Уктап калыптырмын.

— Ий, мейли, балам, уйку тынччылык дечи, короодогу кой-эчкилерди отко айдабасаңар ачка өлөт го?

— Азыр, мен Алтынчачты тургузайын, — деп Умсунай күнөөлүүдөй кайра ичкери кирип, кызын ойготту. Шыпылдай чай койо коюп, дасторкон жайды. Темирбек бир чыны чай ичип алып эле кайра кетти. Суусаркан жалгыз келинине жакшы, өзүнүн кызындай эле күтүп, мээримин төгүп турат. Уулунун ороң-бараң кыялын билет, бирок Абсатар апасынан сестенип турат, жашынан жалгыз бала деп эркелетпей катуу кармаган эле. Кары эне келининин кабак-кашын байкап койду, өзү деле уулу жөнүндө имиш-имиштерди угуп жүргөн. Уктабагандан улам киртийип, ыйлаганга шишип калган көздөрүн кыраакы кемпир кирип келгенде эле байкаган.

— Аби ишке кеттиби, балам?

— Ооба, апа, — деп сыр билгизбей жооп берди Умсунай.

— Иштей берсин, балам, колоктоп бош жүргөндө эмне, — дегени менен ичинде ит өлүп турса дагы келининин зымпыйып сыр ачпаганына, «балаң антип жүрөт, балаң минтип жүрөт», — деп айгайлабаганына ыраазы. «Келсе ал арамды урушайын» , — деп ойлоп алды, жетимишке чыкса дагы күүлүү, кайраттуу эне келинине кээде боору ооруп кетет.

— Алтынчач улактарды кайтарсын, апа, мен койлорду төшкө айдап келейин, — деди Умсунай. Жаздын күнү жаанчыл келип, мал көккө тойгон маал.

— Бирдеме ичип алсын, садага.

— Ооба, тоюп алып анан барсын, мен кеттим, — деп Умсунай үстүнө күйөөсүнүн эски курткасын кийип алып чыгып кетти. Үч жашар Карачачты эне алдына алып отурат. Алтынчач, Карачач деп кыздарына атты да Суусаркан өзү койгон. Сербеңдеген Алтынчач энесинин артынан жөнөмөк болду эле.

— Кызым, кардыңды тойгузуп алсаңчы? — деди кары эне.

— Тойдум, — деп кыз текирең-таскак салып чыгып кетти. Умсунай улактарды бөлүп, энелерин саайт, он эчкиден бир чакадай сүт алат, айран уютуп, кайненесине көмө катыктап, чай берет.

Алтынчач козу-улак кайтарганды жакшы көрөт, төш тарапта өзүнө окшоп улак кайтарган кыз-балдар бар, алар менен кечке ойношот. Оюнга алаксып кетпейт, эки көзү улактарда, кокус алыстап кетип жаткан болсо кезектешип тосуп турушат. Балалык кандай сонун, эч нерседен капарсыз гана ойноп-күлүп жүрүп, кеч киргенин да байкабай калышат. Умсунай койлорду кокту өрдөтүп айдап коюп, кыңылдап ырдап келе жатат, бактылуу ыр болсо кана, муңга толгон жүрөгүнөн ыза гана оргуштабаса… Курткадан Абсатардын терге чыланган коңур жыты уруп: «Ушул жытыңды башка бирөө искеп, мен күтүү менен чыдап канчага чейин түтөөр экенмин, ат айланып казыгын табат дегендей акыры келээрсиң» , — деп ойлонуп келе жатканда арт жагынан аттын дабышы угулуп, жол бошото берди. Атчан бурула берип:

— Оо, Умсун, кандайсың? — деп калбаспы, ал өзүнөн эки жаш улуу Өмүрбек деген бала эле. Кезинде Умсунайга бир топ кат жазып, жообу жок сүйүү болуп кала берген.

— Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? — деди Умсунай басканын токтотпой.

— Кандай, Умсун, күйөөң актив деп уктум?

— Ошондой.

— Бир кезде тоготпой койдуң эле, сенин күйөөң деле менден ашык эмес экен го?

— Болсо болгондур, анын эмнесин айткыдай…

— Сага ашыктыгым анык деп,

Кантип айтам азыр дагы сүйөм деп.

Кыйгачтабай түз сүйлөп кой бир жолу,

Мен айтпаймын сага азыр ашык кеп.

— Өткөнгө кайрылбай эле кой, бирөө көрсө кеп кылат, ылдам бастыр.

— Көрсө эмне, бир жолу катар бассак болбойт бекен?

— Болбойт, ушакка калабыз.

— Ушактан коркпойм, менде деле аял бар, — деп Өмүрбек күлүп койду.

— Эркекке эчтеке эмес, аялга кыйын.

— Уят, ар намыс эркек-ургаачыга бирдей эле, коркпочу эми, Умсун, канча балаң бар?

— Эки кызым бар.

— Жакшы, менин бир кызым, бир уулум бар.

— Болсун…

— Умсун.

— Ийи.

— Жолугушуп турбайлыбы?

— Эмне? — Умсунай чочугандай селт этип алды. «Эмне деп жатат, же мени шылдыңдагысы барбы?» — деп ойлоп ийди. — Эмнеге жолукмак элек, мени эмне жеңил аялдарга кошкуң келип жатабы? — Ызалуу карады.

— Кечирип койчу, Умсун, мен сени дагы эле унута албай жүрөм, аялым деле жакшынакай жан дечи, бирок бир сезим жүрөктүн түпкүрүндө сени эңсетип, көргүм келип туруп алат, — деди Өмүрбек, анан аттан түшүп, катарлаша басты. — Күйөөңдөн сени кызганган күндөрүм болду, аялым мени кучактап жатса мен сени ойлоном, жаныңда болгум келет. Бирок жакын туруп, кол жеткис жерде тургандайсың, кыялымда жаныңдамын, сен мени балким эстеп да койбойттурсуң?

— Өмүрбек, көп сөздү койчу, андан көрө тез кетип кал.

— Эмнеге кубалайсың, сени сүйгөнүм үчүн күнөөлүүмүнбү?

— Сүйүү деп, кайдагы сүйүү?

— Сен билбейсиң менин кандай сүйөөрүмдү?

— Сенде да үй-бүлө бар, мен дагы, түшүнбөгөн адамга болбогонду айтканың кантип болсун, мен ушул убакка чейин эч кимди сүйүп көргөн эмесмин. — Умсунай ачуулана кетти.

— Күйөөңдүчү?

— Күйөөмдү сүйбөсөм да сүйөм, ал балдарымдын атасы.

— Кой эми ачууланба, мен айтканды ойлонуп көр, өлбөгөн жанга ойноп-күлөлү ээ. Мен кеттим, өзүмдөн эмес, сенден корком, айылга кирип калдык, кош көрүшкөнчө, — деди да Өмүрбек атына минип, бастырып кетти.

«Кызык, бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт деген сөздүн калети жок тура, Аби башка аялды кызык көрүп менден четтеп жүрөт. Бирок мен мага окшогон дагы бир аялдын азап тартышын каалабайм, анын дагы жүрөгү бар, жан дүйнөсү бар. Өзүм жабыркап жүрүп, дагы бир аялдын жабыркашына кантип жол берем», — деп ойлуу үйүнө келди. Кыбырап кечке жаны тынбады. Эки кызынын кир-когун, кайненесинин кийимдерин жууду, мал короону тазалап, сүтүн бышырды, кайра тамак жасап, чай-тамагын берди. Камыры ачып калган экен, казанга нан жасады. Күүгүмдө келген койлорду короого киргизип, козу-улактарын бир бөлөк камап, андан кийин үйгө кирди. Кирип келе жатып токтоп калды, Алтынчач чоң энесине бир нерселерди саймедиреп жаткан экен.

— Эне, апам кечээ ыйлабадыбы.

— Эмнеге, кызым?

— Билбейм, атам болсо келбей койду, жумушта жатып алышабы кишилер?

— Ийи, жумушу ошондой го?

— Апам ыйлаганда менин дагы ыйлагым келди.

— Кой, садага, апаң ыйлабайт, — деп Суусаркан унчукпай калды.

— Сиз жокточу, да-айыма ыйлайт апам.

— Ыйлаба деп айтайын ээ?

— Ооба да, ыйлаба дечи, эне, — деп коюп, көңүлү жайлана түшкөндөй куурчагын кармалап ойноп кирди.

Умсунай билмексен болуп кирди да, отуруп калды, ал отураары менен Карачач чулдурай алдына келди. Жаңыдан тили чыгып, сөздөрү түшүнүксүз. Суусаркан эне ойлуу келинин көз кырын сала карап коюп отурду: «Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң, дегендей курган балам жакшы бүлөдөн айрылып калбаса болду. Канчага чыдайт бу келин, гүлгүндөй келиндин да чыдамы кетет го бир күнү», — деп уулунун кылыгына ачуусу келип, эки кыз да болсо небересин калкалап, келинин кантип кармап калууну билбей турду. Абасатар ал түнү, кийинки түнү да келбеди, арадан бир жума өткөндө дем алыш күнү эртең менен келди. Умсунай койлорду айдап кеткен.

— Качан келип калдың, апа? — деди кирип келип эле апасын көрүп.

— Сен кеткен күнү келгемин, — деген Суусаркан токтоо уулуна тигилди. — Ошол келиндин үстүнө мени да алпар, балам, сени жакшы көргөн аял мени да карасын.

— Эмне деп жатасың, апа? — Абсатар апасын элейе карады.

— Ботом, сен барган жерге барайын, эки кызы менен Умсунай жаман болсо аны бул үйгө таштайлы да, экөөбүз баралы.

— Жинди болбочу, апа, алжый баштагансың го? — деп Абсатар ыңгайсыздана күлгөн болду. — Умсунай бирдеке деп жатабы?

— Умсунай бирдеме десе жакшы болбойбу, ал үн-сөзү жок бир жан да, ошонун убалын ойлосоң боло?

— Эмне кылып жатыптырмын?

— Умсунай айтпайт, элдин кулагы узун, укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба деген сөз бар, уулум. Чырактай эки кызың турат, кызды берген кудай эркекти да берет, келин басынып калды, дагы эси бар келинге учурапмын, болбосо айгай салып, эмгиче кетем деп чыкмак, — деди салмактуу сүйлөп.

— Каякка барат эле? — деп койду Абсатар.

— Жаманбы-жакшыбы, ар кимдики өзүнө, балам, бирөөнү андай же мындай деп сыноого сага али эрте. Адам баласы кайсы бир кезде кандай акыбалда калаарын өзү сезбейт, билбейт дагы…

— Эмне кыл дейсиң эми, апа, ал келин чынында мага жагат, Умсунайды кетирип, эки кызды алып калайынбы? — деди жасакерлене жанына отура калып.

— Ок ар-рам десе, ал кетпейт бул үйдөн, көзүмдүн тирүүсүндө аны кетирем деп ойлобо, экинчи ошол жакка барчу болсоң мен кетем! — деп эне уулун жаакка бир чапты.

— Жакшы көрсөм эмне кылайын анан?

— Жап жаагыңды, экинчи ошол жөнүндө укпайын.

— Болуптур, — деп Абсатар башын кашылай ордунан туруп, сыртка чыкса бутуна резинка өтүктү салып, өзүнүн эски курткасын кийген Умсунай койду коктуну ашыра айдап коюп, үйгө кирип келе жатыптыр.

— Каякта жүрөсүң? — деп бурк этти Абсатар.

— Койду айдап келдим.

— Апама эмне деп эле былжырап жүрөсүң? — деди аны ого бетер жаман көрүп.

— Эмне дептирмин.

— Билмексен болбочу, ошентип мени кармап калам деп ойлоп жатасыңбы?

— Жок, эчтеке деген эмесмин, — деди Умсунай күнөөлүүдөй.

— Кирип, тамак жасачы.

— Кардыңды тойгузуп жөнөткөн жокпу?

— Башты оорутпа, апама бирдеме десең өлдүң, — деп аялынын сөлбүрөгөн кебетесине жини келе ары басып кетти.

— Болуптур, — деп Умсунай дагы сага корогон кайран сөз дегендей басып кетти. Үйгө кирип, оозгу бөлмөдө илинген эттен алып, туурап кирди. Жүрөгү түпөйүл, жаман айтып көңүлүн калтырбаган кайненесине кетем деп да айта албады. Эмне демек, балаң мени карабайт дейби, бирөө менен жүрүп алды деп айтабы, жок, өзүнүн басынганын билдиргиси жок, кантсе да намысы кармап турат. Аңгыча улак кайтарган Алтынчач келип калды.

— Апа, курсагым ачты.

— Айранга нан туурап жеп ал.

— Атам келдиби?

— Ооба, кызым.

— Кана? — деп Алтынчач жооп күтпөй эле ичкери кирип кетти. — Эне, атам канакей?

— Эшикте жүрсө керек.

— Аа-а, — деп коюп чыгып кетти, ал чыкканда Абсатар короо тараптан келе жаткан. — Ато-ов! — деп барып кучактап калды. — Ата, сен каякта жүрдүң?

— Жумуш, кызым, жумуштан кол бошобойт.

— Жатып иштейсиңерби?

— Ооба да.

— Анда иштебей эле койчу, ата.

— Эмнеге?

— Сен жокто апам ыйлайт.

— Эмне деп?

— Билбейм.

— Макул, кызым, кечиндеси калбай келип турам ээ? — деп кызын колуна көтөрүп алды. — Сен дагы сагындыңбы анан?

— Ооба да.

— Садагасы, кызым десе, мен дагы силерди сагынып кетем да. Карачач экөөңдү тең жакшы көрөм.

— Апамды дагыбы?

— Ооба.

— Оой жырга-ал, атам биздин баарыбызды жакшы көрө-өт! — деп атасынын колунан түшүп алып, үйгө жүгүрдү. — Апа, апа дейм!

— Эмне болду?

— Атам баарыбызды жакшы көрөт экен, сен калп эле ыйлай бересиң, эмичи атам жумушка жатпайм деди.

— Макул эми, кардыңды тойгуз да, улактарды айдап кел, жаан жааганы турат.

— Мен ичпейм, балдар-кыздар айран-нан ала кел деген, — деди Алтынчач, — Менин улактарымды карап турушат да.

— Мейли, мен куюп даярдап койом, сен өзүң үйдөн ичип ал.

— Анда макул, — Алтынчач кирип кетти. Умсунай желим бөтөлкөгө айран куюп, баштыкка нандан салып койду. Алтынчач айран ичип, колундагы нанынан улам тиштеп коюп, баштыкты көтөргөн бойдон жүгүрүп кетти. Тамак бышканда Абсатар үйгө кирип, отуруп калды.

— Балам, жандыкты кезүүгө же бадаларга кошсоң боло, күндө кой айдап таманы түшө турган болду Умсундун, улак кайтарыш балага да кыйын болуп калды, — деди кейиген эне.

— Бада кайтарганга азыр чыкпай жатышпайбы, чыкса эле кошом да, күн жаанчыл болгонго быйыл кеч чыгышат окшойт.

— Кезүү да жок, мал көккө тойду, эми жайлоого кетирбесе болбойт, балам, уйдун да кетээр маалы келди.

— Шашпа, апа, эмеле мен кайтарам деп талашкандар чыгат, бир аз чыдаса кетирем.

— Анда бүгүндөн кийин койду жайытка сен айдап тур, мейлиби? — Эне уулун ормойо карап жооп күттү. — Умсундун өз жумушу көп, керээлден кечке жаны тынбайт, бу да адам да, ботом, бир колу эркек, бир колу аял болуп тытынып жүрөт. Эртең ата-энесиникине барып келсин, тиги декабрда төрөлгөн козуну сой, бир-эки жилик алып, учурашып келсин, — деди Суусаркан өктөм унчуга.

— Макул, — деп койду Абсатар.

— Апа, тим эле коюңузчу, аларга алып барбай эле койойун, жөн эле барып келермин, — деди Умсунай кайненесине.

— Ошо кантип болсун, сен ата-энеңе учурашып кел, атты мин, балам, жайкалып барып кел, — деп кемпир Абсатарды карады. — Атты таң аттырып кой, козуну азыр сой.

— Болуптур эми, тамактанып алайын.

— Тамакты ичип алып, эртелет.

— Ооба, — деген менен Абсатар ичинен жинденип жатты. Жанында отурган аялы ага бир жалаңкычтай көрүндү.

— Апа, мен Алтынчачка барайын, кечээ козу-улактар качып кыйнаптыр, барып көрүп кайра келейин, — деп Умсунай Суусарканга карады.

— Барсаң барып кел, ал таманы такылдап кыйналды, кагылайын, — деп койду Суусаркан эне, бир жагы уулун уксун деген ойдо минтип калды. — Кыздан айланса болот, Алтынчачым кол арага жарап калды, кагылайын, уул баладан артык эле болуп отурат.

— Уул баланын ордун басмак беле кыз бала. — Абсатар жактыра бербей сүйлөдү.

Умсунай чыгып кетип калды.

— Жаңылмырза деген болгон, аны атасы уул катары өстүрүп, кадимки баатыр кыз болгон экен, — деди Суусуркан. — Менин Алтынчачым Жаңылмырзадан кем калбайт.

— Мейли эми, небереңди багып отура бер, козуну сойо койоюнбу?

— Ооба, эрте жарыкта сойо сал.

— Бу келиниңдин эмнесине кошомат кыласың, Айжамалдын ата-энеси да жакшы кишилер, апа, — деп Умсунай кеткенден кийин Абсатар апасына кайра жылмая карады. — Же экөө менен тең эле жашай берейинби, апа? — деп ыржайды.

— Ой акылы чолок балам ай, кимиси макул болот бу кебиңе, же ошо Айжамал макул деп жатабы?

— Жо-ок, азыр баккан киши канча аял болсо да баары бир алат да, апа, сен макул болсоң мен алып келип алам.

— Ок, кантет мобул ыя, обу жоктугун кара, анда эле баарынан айрыласың, Умсунайды төркүнүнө кетирип, өзүм малды бүт сатам да, шаарга Айнурдун колуна кетем. Анан жашай бер ошону менен. Бар, көп сүйлөбөй козуңду сой! — деп күндө кыңкайып жатчу ордуна жамбаштады.

— Апа, мен Айжамалды жакшы көрөм.

— Эмне Умсунайды мен алып алдым беле? — Эне уулун олурая карады. — Аны да өзүң эле жактырып албадың беле, балам?

— Бекер кылыпмын, жаңылыштыгым ушул болду, болбосо койо турсам болмок экен, — деген Абсатар сырткы үйдөн бычак алып курчутуп жатты. Ал козуну сойгуча Умсунай келип калды.

— Бардыңбы, балам?

— Ооба.

— Качпаптырбы улактар?

— Жок, үчөө-төртөө экен, ойноп жүрүшөт.

— Ошентсин, садага, беш-он күн чыдасаңар тоого кетирет. Эмне Аби козуну союртурбу?

— Ооба, мен эми ичеги артайын, апа, — деп келин чарасын көтөрүп чыгып кетти.

— Арта кой, садага, — деп кала берди Суусаркан.

Үн-сөзү жок келинди ким жаман көрсүн, көп келини болбосо, бир келинди жаркылдатып алып жүргүсү келет эненин, баласы да ошентсе деп ойлойт. Бирок уулунун түрүнөн улам чочулап калды, «Бул минтип турса канчага чыдайт бечара», — деп дагы толгонуп атты.

Абсатар козуну союп, жиликтеп үйгө киргизди да, жуунганы чыкты. Умсунай ичеги-карынды артып жаткан болчу. Анын жанына келип:

— Атаңкына барсаң келбей эле кой, — деди Абсатар.

— Ал менин ишим.

— Сен өзүңдү-өзүң билип калдың беле?

— Айтып жатсаң өзүм билем да.

— Мени менен эрегишпей калчы.

— Оюңа келгенди кыла бер, барчу жагыңа бара бер, анан көрө жатаарбыз.

— Сен баягыдан башкача болуп баратасың.

— Сендей болуп, бирөөнү таап алды деп турасыңбы?

— Ой эне-ең, тапсаң таап алчы, ушу сени караган бирөө болсо мурдумду туура кесип берейин.

— Мурунсуз калгың келип жатабы?

— Деловой сүйлөйсүң да мага, оозуңду кабыштырып коюп жүрбөйүн, — деп муштумун кезеп келе жатканда келин тура калып жашка толгон көздөрүнөн заар чача карады.

— Кой-койо бер, сенден аянган жан курусун, тирүүлөй өлтүргөнүң жетпейби сага? — дегенде Абсатар аялынын өңү боппоз болуп, таноолору кыпчылып, жини келгенинен калчылдап кеткенин көрүп, ары бурулуп кетти.

— Эн-неңди, долулугун кара мунун.

— Сага дагы көрсөтө элекмин, үйдөгү карыны сыйлап жатам, эгерде ал болбогондо сенин жаныңа жарым мүнөт турмак эмесмин.

— Аны аябай эле батаар жериң жогунан отурам дебейсиңби? — деп ого бетер жинине тийди Абсатар.

Умсунай андан кийин сүйлөгөн жок. Баарын жууп үйгө кирди да, өзү билип тамак асты, андан кийин эки кызынын кийим-кечесин, өз кийимин даярдап салып койду. «Кайненеме айтпай эле кетейин», — деп ойлонуп алды. Кечинде малды короого киргизип, Абсатар өзү жайгаштырды. Алтынчач менен Карачач атасын бүгүн көргөнгө баса калып, жанынан чыкпай тебелеп-тепсеп үстүнө чыгып, ойноп жатышты.

— Ато-оу, — деп Карачач чулдурап жанынан чыкпайт.

— Ата, эртең дагы кетпейсиңби? — Алтынчач андан бетер бучкактап отурат. — Кетпейсиңби, иштебей эле койчу.

— Күчүктөрүм десе, жумушка барам да.

— Барбай эле койчу.

— Ийи?

— Келбей койосуң да.

— Ошондой иштер бар да, кыздарым.

— Ыкы, — деп Алтынчач оңою менен ишенгиси келбейт, — калп айтасың, эми эч жакка барбай эле койчу.

— Үйдө отурсам, акчаны ким берет? — деп күлдү Абсатар.

— Иштегенде айлыгың кана, апамдын пенсиясы эле жарап жатат го? — деди Умсунай атайын. — Кээ-кээде бир шоколад ала келип берип койсоң, кубанып калышмак, апам эле билгизбей жатат болбосо…

— Сен калдың эми, — деп Абсатар күңк-мыңк этти.

Аңгыча тамак бышып, этти чыгарып келип, Умсунай колго суу куюп, чараны кайненесинин алдына койду. Бул улууларды сыйлагандык, улуудан озунуп балдары да, чоңдору да тамакка кол салган эмес, Суусаркан дагы балдарын ошого үйрөткөн. Тамактанып бүткөндөн кийин Суусаркан Алтынчачты алып, өз бөлмөсүнө кирип жатып калды. Умсунай болсо Карачачты кучактап алган. Эри экөө эки жакты карап, эки башка ойдо болуп жатышты. «Мен эми буга жалдырабайм, эртең кетем. Эки кызымды алып шаарга кетип калайын, ушунун көзүн карап жүрмөк белем», — деп ойлоду Умсунай өз чечимин бышыктагандай. «Эн-неңдурайын десе, кетип калбай менден эмне күтүп жүрөт, үйдөн эле чыкса Айжамалды киргизип алат элем», — деди Абсатар оюнда. Бир мезгилде Умсунайдын бутуна чөгөлөөчүдөй болуп, өзү жалдырап бараарын азыр ал оюна да алган жок, тек убактылуу гана кумардын азгырыгында жүргөнүн туйбады. Эртеси эртең менен Суусаркан Абсатарды ойготту.

— Аби, тур, балам, атты токуп бер.

— Таң атпай эле кайда бармаксың эми? — Абсатар уйкусурап тургусу келбей ыңгыранды. — Койо турчу бир аз.

— Түш болуп кетти, кыздарыңдын турганы качан, бол эрте чай-пай ичип алып, атты токуй кой. Өзүң ишке барасыңбы, балам?

— Түш болуп кеттиби? — Ыргып тура калды. Түнү бою селкисин ойлоп, уйкусу качып уктай албай жатып, көптө көзү илингенге уйкусу канбай калган.

— Ушу силердики өттү, жөө эле барбайбы эми .

— Көп сүйлөбөй тур, эки кызы менен жөө бармак беле?

— Мына турдум, — деп кийинип жатып да, Умсунайды сөгүп сөздөп алды. — Эн-неңдурайын десе, — деп эшикке чыгып жуунуп келди да, чай ичип алып, Умсунайдын бууп түйүп койгон жүгүн көрдү. — Биротоло кетип жатасыңбы? — деди мыскылдуу.

— Сен жаман адам болдуң, балам, эки кызың менен аялыңдын кеткенине ичиң ачышпайбы? — деди Суусаркан эне.

— Эмне болуптур, сураса да болбойбу?

— Умсунай кетпейт эч жакка, ал кетсе мен дагы кетем, бүгүн ата-энесине барып келсин.

— Ушунча жүк менен кетеби?

— Балдардын кийими да.

— Эмне болсо ошол болсун, мен атты токуюн анда, — деп чыгып кетти.

— Сүйлөй берет ар-рам, көпкөн эме да, — деп келинин жубаткан болду Суусаркан эне.

Умсунай үндөбөдү, кайненеси салып берген жарты козунун этин, сары май, сүзмөнү жүктөп алып, бирин өңөрүп, бирин учкаштырып, төркүнүнө жөнөп калды. Ал үйүнө келсе Сагынбек мас болуп жаткан экен. Үмүтай кызын тосуп алып, неберелерин өөп үйгө киргизди.

— Кандай, апа, жакшы эле жатасыңарбы?

— Жатабыз, балам, атаңдын кейпи болсо баягы, оңолоюн деген ою жок, балдар болсо чоңойду, кантип ичип-жеп, кантип кийинтем деп ойлобойт, — деп Үмүтай кейип кетти. — Буга эми кудай эле ынсап бербесе кыйын болуп калды…

— Кейибе, апа, акыры ичпей калаар бир күнү…

— Ким билет, үйдө жалам талкан жок, эки күндөн бери ачка отурабыз, эрте кетип өзү мас болуп келди.

— Койчу, апа, капаланганда эмне, ордуна келе калмак беле, атам да киши болуп калаар, — деп баштыктарын ачып, май-сүзмө менен этти алып чыкты. — Буларды кайненем атайын берип ийди.

— Кудай жалгасын, өзүң эле бактылуу болсоң болду, кызым, атаңдын айынан башыңды өйдө көтөрө албай калдың го. Азирет менен Адилет да чоңоюп калышты, теңтуштарынан уялып бүттү, Ариет менен Сагынай болсо жашыраак, ойноо эмеспи, анча билишпейт.

— Атам ойгонсо айтам го мен дагы.

— Сенин айтканыңды укса жакшы эмеспи, балдарым чоңойду деп, ойлонуп уялып калса кана? — Үмүтай үшкүрүп алды.

— Угат, укпай эмне, — деген Умсунай жанында жүргөн акчасын апасына берди. — Буга ун алып келип алгылачы, апа.

— Кайненең эмне дейт, акчаңды коротпой эле койсоңчу.

— Бул качантан бери катып жүргөн акчам, бир кап алып алгыла, — деди Умсунай көңүлдүү, эптеп капаланган апасынын көңүлүн жубатуу үчүн.

— Азирет келсин, Адилет экөөнү ээрчитип алып өзүң бар, антпесең атаңдын карызына кармап калат, — деп Үмүтай күңкүлдөп күнөөлүүдөй айтты. — Ушунун азабынан же тууган-урукка, же төркүн-төзгө каттай албай калдык, күндө ушул мунун адаты.

Умсунай дүкөнгө барып, бир кап ун, эки кил шекер, эки литр май алды, анан үйгө алып келишип бапырап калышты. Кечке маал Сагынбек ойгонуп, тамтаңдап сырткы бөлмөгө чыкты.

— Ата, кандай акыбалың? — Умсунай атасын кучактап эркелеген болду, буруксуп жыттанган арактан улам кускусу келип кетти. — Ата, ичпей эле койчу?

— Эмне, менин ичкенимден зыян тарттыңарбы?

— Ата, балдарың чоңоюп калды, үйдүн кебетесин карачы, эчтекеңер жок, жадагалса жей турганыңар калбаптыр го?

— Апаңа айт аны, баксын балдарын.

— Ата дейм, мени укпайсыңбы?

— Азыр башым ооруп турат, андан көрө жүз грамм алып келип берчи!

— Менде акча жок да.

— Жок-жок, эле дейсиңер энең экөөңөр, — деп жини келип сыртка чыгып кетти, азыр анын көзүнө жүз грамм гана көрүнүп турган болчу.

— Ошол кеп угат дейсиңби, кызым, өмүрүмдү кор кылдым го ушул үчүн, кантип жашайбыз мындан ары, же элдей болуп сатаарыбыз болбосо…

— Кейибечи, апа, мен келсем эле ушундайсыңар, мен Абсатардан ажышарып шаарга барып иштейм да, силерди багам.

— Ал эмнең, ажырашам дебе, эки кызыңды кимге көз каранды кылмак элең, кайненең да жакшы аял, жашооң кудайга шүгүр, кардың ток, биздин жашоо өтөөр эптеп, — деген Үмүтай ыйламсырай отуруп калды. Бир аздан кийин Сагынбек теңселе мас болуп кирип келди.

— Кызыңа арыздангыча иштебейсиңби өзүң, — деп кычыланып кирди.

— Отурчу, мен арызданбасам деле көрүп турбайбы, мен иштей турган иш болсо сенсиз эле иштемекмин, балдарды ойлосоң боло?

— Ата-аңын оозун урайын десе, эмне чууртуп төрөй бер дедим беле?

— Кесир кылба, кудай берсе төрөйм да, бир балага зар болгондор бар, сен кесир кылба, кудай дечи.

— Мен эмес дипломдуулар иш таппай жүргөндө мени эмне кыйнайсыңар? — деп жинденип кетти. — Мен эле жыргаганымдан ичип жүрөмбү, айла жоктон ушинтип жүрөм да.

— Ботом, эркек кишиге иштесең иш көп, тигине чөп чап, дубал ур, шыбак шыба, эч болбоду дегенде туалет каз! — деди Үмүтай күйөөсүнө.

— Эй акмак, эми мени туалет каздыргың келип калдыбы?

— Оокатка намыс барбы, төбөң менен жер казсаң дагы балдарды үйлөнтүшүбүз керек, короо-жайды оңдош керек, көп милдеттериң турат. А сен эчтеке менен ишиң жок отурасың, ичкениң арак, көзүң ачылбайт. Кыздан алдык, эчтеке бергенибиз жок, мунун кайын журту деле айтат да, эки кыздуу болду, жок дегенде бешик бере албадык.

— Эй сен менин башымды оорута турган болдуң го? — деп аялын ормойо карады Сагынбек. — Мен эмне бар болсо аяп жатамбы?

— Сенин карызыңа төлөп жүрүп жайдак калдык, — дегенде Сагынбек аялын чак эттире бир чапты, эчтеке ойлобой отурган Үмүтай отурган жеринен кулап кетти. Балдары эмне болуп кеткенине түшүнбөй да калышты. Умсунай чаңырып ийди.

— Ата-а, бул эмнең?! — деп Умсунай апасын өйдө кылганда ал көзүн чала-була ачып, араң үн катты:

— Эмне болуп кетти мага?

— Жакшы элесиңби, апа?

— Жакшы, — деп өйдө болуп балдарын карады, үрпөйүп отурушкан балдары үнсүз. Умсунайдан кийинкиси, уулдарынын улуусу Азирет:

— Ата, минтип жүрсөң апамды өлтүрөсүң, биз мындан ары сени менен жашабайбыз, — деди.

— Ийи, кайда кетесиңер?

— Өзүм билем, апамды алып, сенден кетем.

— Ой бала, атаңды таштап кеткенде эмне тапмаксың ыя?

— Үйдү арзан баада болсо да сатып, шаардан үй алам, иштеп апамды багам, сен кайда барсаң өзүң бил! — деп сыртка чыгып кеткенде Сагынбек делдейип отуруп калды.

Кулак түпкө байкоосуздан тийген соккудан Үмүтайдын алигиче кулагы дүңгүрөп турду. Умсунай аны карап, тамак берип, жанында болуп жатты. Ошентип уруш-талаш менен арадан бир жума өткөндө Умсунай Абсатардын башка аял алып алганын угуп, жини менен минген атты базарга алып чыкты да, сураган баасына сатып ийди. Анан төрт ини-сиңдиси, эки кызы, апасы болуп шаарга жөнөп кетти. Келген күнү абдан кеч болуп кеткендиктен, автовокзалга түнөп, эртеси батир издешти. Эки бөлмөлүү ээси жок времянка таап киришти. Бир топ акчасы төшөнчү менен идиш-аякка кетти. Акыры сооданы эмнеден баштаарын билбей башы катты. Эки инисине лимонад алып берди, күндүн ысыгында суусундук жакшы өтүп, экөө бир заматта эки жашиктен сатып келе калышат. Өзү пирожки сатканга реализатор болду. Кечке үчөө базарда иштешет. Инилеринин лимонад сатып тапкан акчасын эсептеп, пайдасын өзүнчө бөлсө бир топ акча түшүптүр. Ошентип бир айдын ичинде батиринен сырткары көп акча жыйнап, Үмүтайга каттыра берди. Тамак-ашка кенелип, кийим-кечеге да жетип калды. Билинбей эле арадан эки жыл өтүп кетти. Бул арада Умсунай инилерине орун алып берип, товар менен отургузуп, өзү бир жерге отуруп, үчөөлөп иштей баштады. Үчүнчү жылы бул бечараларга боор ооругандай эле өздөрү жашап аткан эки бөлмө времянка сатыла турган болуп калды. Баасын сураса чогулткан акчасы аз-маз жетпей калды, ары айтып, бери айтып жатып болгон акчасына көндүрүп, эптеп алып алышты. Үйдүн документтери бүтүп, Умсунайдын артынан үйлүү болуп калышты. Көңүлдөрү жайланып, тынч өмүр сүрүп жатканда…

Абсатар Умсунай кеткенде эле Айжамалды үйүнө ээрчитип келди. Анын тик карашы, чакчырыла өзүн өйдө көтөргөнү Суусарканга жакпады. Бир аялынан ажырашпай туруп эле жесир келинди алып алганына коңшу-колоңдору таңгалышты. Канткен менен өзү билет дегенге такала нике кыйдырганда тойчугуна келишти. Айжамал келген күндөн эле Абсатарга кыр көрсөтүп кирди.

— Аби, апаңа жакпай калдым го, мени жесир деп жек көрүп жатат окшойт, — деди төшөктө эркелеп жатып.

— Койчу, жаным, апам андай эмес, ошондой көрүнүп жатса керек, — деп жан-алы калбай өпкүлөп эркелетти Абсатар.

— Аби.

— Оов, жаным.

— Апаң карындашыңдыкында болгону жакшы го дейм?

— Ийи, жаным?

— Мен көнгүчө ошол жакка жиберип турсаң жакшы болот эле…

— Жаным, мен жалгыз баласы болсом эл эмне дейт?

— Эмне болмок эле, келинге караганда кызыныкында дурус болмок, сен экөөбүз дагы ээн болот элек.

— Болбойт го, айтып көрөйүнчү.

 

 

Уландысы бар…

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE