Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 11-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 11-БОЛУМ

— Сени үч ай кезиңде апаң үч күн багып бере аласызбы, жатаканамдан чыгарып жатат. Баш калкалаганга жер тапсам эле кайра келип алып кетем деген. Ошондо сени бооруна бекем кысып, алмак-салмак эки бетиңен өөп, көзүнүн жашын көлдөтүп, бозала болуп колума кармата салып чуркап кеткен эле. Атыңды да айткан эмес. Бул жерде орустар да иштегендиктен ысмыңды Мая деп атап калганбыз. Кийинки келишинде ооруп турам деп сени алыстан карап коюп эле, колуна алган эмес. Ошондон кийин келген жок,— деген тарбиячы эжекеси. Мая андан апамдын көзү кандай, өңү кандай деп он сегиз жыл бою жүз, миң жолу сурагандан тажабай келди. Мая тили жаңы чыккандан бери апасын күтүп келди. Эртең менен туруп эле терезени карачу. Ар бир майрамда да ошенте берчү. Калың кар кетип, жаз келгендеби, жайдын ысык аптабында болсун, күздө, кайра кышта күттү. Кээде түнүндө да күтчү. Балким апам үй бүлөлүү болуп жолдошунан коркуп күндүз чыга албай жаткандыр деп түндө күтчү. Анан ар бир ийгилигинде күтчү. Мейли, үй-жайлуу болсун, мен ага эч тоскоол болбойм. Эч нерсе сурабайм. Үйүнө барбайт элем. Жөн эле бир көрүнүп кетсе. Башка адамдар сыяктуу корккондо, кыйналганда, сүйүнгөндө аны элестеп, ошол элесин көз алдыман чыгарбай туу тутуп, жашай берет элем. Ооруп жүрсө керек, балким бул дүйнөдө жоктур. Ошон үчүн келбей жатат го. Жок, мени үч ай баккан, ал сөзсүз келмек. Ал боорукер. Апам мээримдүү. Ал оорусун жугузбайын деп менден качты. Балким али да ооруп жүргөндүр. Акыркы келгенинде сүрөтүн эле таштап кетсе издеп жүрүп таап алмакмын. Балким жардамга муктаж болуп жаткандырсың. Эч таарынбай жан дилим менен жардам бермекмин. Ай, апам ай! деп сыздап алды. Анын эсине улам эле бир ыр келет.”Кала берди танка алдында тепселип” деген. Аны унутуп башка нерсе ойлоноюн десе деле кайра эле ошол ыр келет. Шаңдуу, түзүгүрөгү келсе да көңүлү ачылат беле. Эми Мая да өз алдынча ойлоно баштады. Акырындап Кемелди уруш чыгарбай өзүн сыйлаткандын жолун ойлой баштады. Кемелди күтүп жаткан.

 

Бир маалда анын дабышын укканда уктамыш болуп, дубалды тескери карап, козголбой жата берди. Сырткы шамдын жарыгынан бөлмөнүн дубалдарына бактардын көлөкөсү шамалга кыймылдап, арбайган жез кемпир жүргөндөй, мына эми басып кала тургандай кыймылдай берди. Дилинде күйөөсүнөн кечирим сурап, эркелетет деп күтүп жаткан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE