Пример HTML-страницы

Курмандык жөнүндө жалпы түшүнүк

https://kyrgyzcha.site/?p=15256&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Курмандык жөнүндө жалпы түшүнүк 

 

1. Курмандык дегенибиз эмне?

 

Курмандык араб тилиндеги «курбан» деген сөздөн келген, мааниси «жакындоо, жан тартуу» деген сөз. Башкача айтканда, Жараткан Алла Таалага руханий жактан жакындоого себепкер болуучу ибадат.

 

Ал эми ислам терминологиясы боюнча курмандыктын аныктамасы: «Ибадат ниети менен белгилүү талаптарга жооп берген жаныбарды эрежесине ылайык мууздоо».

 

Курман айт күндөрүнүн ичинде (алгачкы үч күндө) Жараткан Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн чалынгааэн мындай курмандык — «курмандан» айырмаланып, «удхия»деп аталган. Бул экөө маанилеш (синоним) сөздөр болуп саналат.

 

2. Курмандык чалуу бардык диндердеги ибадат болгон.

Курмандык — ибадат катары бүткүл диндерде орун алган. Куран Каримде курмандыктын бардык диндерде бар экенин баяндалган:

*»Ар бир үммөт үчүн курмандык ибадатын белгиледик»* (Хаж сүрөөсү, 34-аят)

 

Куран Каримде курмандыктын бардык диндерде бар болгону баяндалып эле калбастан, ар түрдүү доорлордогу курмандык чалууга байланыштуу окуялар, мисалдар да келтирилген. Мисалы, азирети Адамдын (алейхис салам) эки уулунун Жараткан Алла Таалага «курмандык» кылганы, бирөөнүн курманы кабыл болуп, бирөөнүн курманы кабыл болбогону айтылган. (Маида сүрөөсү 6/27, 29) Куран Каримде баяндалган бул окуя кээ бир айырмалары менен Библиядан да кездешет.

 

Ошондой эле Куран Каримде Азирети Ибрахим (алейхис салам) өзүнүн көргөн түшүнүн негизинде уулун (Азирети Исмаилди) курмандыкка чалмак болгону жана ата-бала экөө тең бул буйрукту аткарарда Аллах Таала тарабынан азирети Исмаилдин ордуна курмандыкка чалынар жандык берилгени анык баяндалат. (Саффат сүрөөсү 37/101, 107) Бул окуя дагы кээ бир айырмалар менен Тооратта да кезигет.

 

_?Эскертүү: Маалыматты башка тармакка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт!!!

Аманатка кыянат- эки жүздүүлүктүн белгиси.

________________________________

«ЭСКЕРТКИН, ЭСКЕРТҮҮ ЧЫНДЫГЫНДА МОМУНДАРГА ПАЙДА БЕРЕТ.

«(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ) «

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE