Пример HTML-страницы

Эки куйоолу аял 16 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=37401&preview=true Кызыктуу окуялар.

Эки куйоолу аял.

16-болум.

Токтоңуз, тиги жерде турат, — деп жиберди. Машина токтоору менен Камила түшмөк болду эле, Замир: — Айгүл, сен кызды жеткизип бер, — деп буйрук берди.

 

— Жарайт, — деген Айгүл түшүп, анан Аруужанды көтөрүп алмак болгондо Замир телефон чалып:

 

— Бери кара, кызыңды тааныйсыңбы? — деди. Денис эки жагын элеңдей карап жатып, Аруужанды көтөрүп келе жаткан чоочун аялды көрө жүгүрүп жетти.

 

— Камила кайда? — деп Аруужанды ала коюп, Айгүлдөн сурап ийди.

 

— Мен билбейм, телефондон сүйлөшүңүз, — Айгүл ушинтти да, басып кетти. Денис кызы колуна тийгенге машинасына отуруп жөнөдү: «Балээден алыс болгонум жакшыдыр, кызым колума тийди» деп ойлоп кетип баратты. Айгүл келип түшөөрү менен Замир машинасын ордунан жылдырды. Камила мелтиреп үнсүз, дачага келгенден кийин Айгүлдү түшүрүп коюп:

 

— Кайда айдайын, буйругуңа муктажмын, чоң кыз, — деди артына кылчая, Камила артта отурган эле.

 

— Мен эч жакка баргым жок!

 

— Андай болбойт, сенин кызматыңдамын, Камила.

 

— Буйрук берип көнгөн эмесмин, шарт кое билем.

 

— Шартыңды айт.

 

— Мени бир ай тынч коюңуз.

 

— Аа-а мейли, эсимден чыгып кетиптир, — Замир аны машинадан колун суна түшүрүп алды. — Уруксат этсеңиз.

 

Камила аны мостое бир карап алды да, колун берди. Катар басып дачага киришти, ошол күнү Замир эч жакка барбады. Камиланын жанында көбүрөөк болгусу келгенин сезди ал: «Тагдырым тартууласа аргам канча, макул болууга тийишмин, баары бир күчкө салып үйлөнөт, Денис мага эми ишенбейт, мурдакыдай ысык мамиледе боло албайбыз. Ак сүйүүбүздөн жаралган кызымдын атасында болгону жакшы, өгөй ата жакшылык кылмак беле, аман болсун, апама телефон чалып чындыкты айтайын» деп ойлоп жана Замир алган ойдон бербегенин билди. Анан зеригип көптөн бери жуунбаганын ойлоп, душка кирип жуунду. Кийимин которду. Замир ага кымбат баалуу кийим-кече, тапочка жана башкаларын алып келиптир. Сергип калды, ошол убакта Айгүл тамак алып кирди:

 

— Замир кеттиби? — деп сурады Камила андан.

 

— Жок, кыязы, сиз менен тамактанат го?

 

— Мм, — деп койду Камила.

 

Аңгыча Замир кирди.

 

— Камила, тамактан алып же…

 

— Азыр, — Камила анын маңдайына келип отурганда Айгүл кымбат баалуу вино менен суусундук алып келип, чыгып кетти.

 

— Телефон машинада калдыбы?

 

— Аа, унутуп калган турбаймынбы, — Замир тура жөнөдү, сыртка чыгып кайра келип: — Мына, бирөө менен сүйлөшөсүңбү, — деди.

 

— Апама чалам.

 

— Мейли, кел эми тамактанып ал.

 

— Алып жатам, — Камила алаар-алмаксан болуп жүрөгү айланып кускусу келип сыртка чыкты: «Кудай уруп боюмда бар окшойт, кыз болсо өзүмө окшоп калабы» деп зыңгырай түштү. Ал антип турганда Замир чыгып:

 

— Эмне, ооруп турасыңбы? — деди.

 

— Ошондой го.

 

— Мурда минтчү белең?

 

— Жок.

 

— Анда… — Замир такалып оюндагысын айталбай туруп калды.

 

— Ооба, ойлогонуңуз туура, өзүм дагы эми сезип турам, — Камилага тике туруп айтты.

 

— Мейли, эчтеке эмес, зыяны тийбет, — деп койду Замир, деген менен тамак ичип бүткүчө сүйлөшпөдү. Анан туруп баратып: — Эмне керек болсо Айгүлгө айт, мен эки-үч күн келбейм, — деп чыгып кетти.

 

Камила дагы ызаланып ыйлап кирди, колунан келсе Асылбекти жара сайып таштагысы келди. Бирок жанында болсо эчтеке кыла албасына көзү жетип: «Шүмшүк, он тогуз жыл алпештеп багып алып мага азап берди» деп ойлонуп алды да, диванга жатып алып ыйлай берди. Анын көңүл отунда жалгыз гана Денис болчу, кызын ойлоп андан бетер сыздай берди. Замир болсо күндө келип ага сүйүүсүн таңуулап, ага үйлөнүүнү сунуш кылды. Жийде Камиланын дарегин билбей, бир күнү инисинин телефону менен чалды:

 

— Алло, бул ким? — Камила тагасынын телефонун билчү эмес, — Ким экен? — дегенде:

 

— Камила, садага, кайдасың деги?

 

— Апа, апаке, мени, — деп келатканда, аңдып турган Замир кирип келди эле, Камила унчукпай: — Азыр, апа, азыр өзүм чалам, — деп өчүрүп койду.

 

— Кандай, Камила, качан макул болосуң, иштер менен Америкага кетип жатам, үйлөнүп алып, сени бирге алып кетейин дедим эле.

 

— Келгениңден кийин деле… — Карышкырдан корккон коендой бүрүшө түштү.

 

— Жок, бир ай өттү, демек, чечимиңди айт!

 

— Кое туруңуз, колуңузда турбаймынбы.

 

— Камила, мен жаш бала эмесмин, эгер оң жооп бербесең айтканымды кылам, керек болсо күйөөңдүн сөөгүн кучактатып коем, эмне таппай калат деп ойлоп жатасыңбы?

 

— Мен…

 

— Болду сүйлөбө, бар же жок дегин, мен сени күтүп отура албайм! — деп чыгып кетти. Ал чыгаары менен жанталашып апасы чалган телефонго чалса бирдиги калбаптыр, ыйлап отуруп калды, ошол убакта Айгүл кийим-кече салынган пакетти көтөрүп кирди.

 

— Буларды кийүүңүз керек, — деп чыгып кетти, Камила томсоро телефонун кармаган бойдон тура берди, Замир кирип:

 

— Даяр бол, атамдар менен коноктор күтүп калды, баса, атаңа өз каалоом менен чыгып атам деп айт, тойго келишсин, — деп телефонун карматты эле:

 

— Мага андай атанын кереги жок, апам менен эле сүйлөштүрүп коюңузчу? — деди колундагы телефондогу номерди көргөзүп. Замир ага чалып туруп, Камилага карматты.

 

— Ашыкча сөз сүйлөсөң менден жакшылык күтпө!

 

— Апа, мен Камила…

 

— Садага, кайдасың?

 

— Мен… мен өз каалоом менен… менен турмушка чыгып жатам, келесизби?

 

— Кимге, каякка айтчы, кызым?

 

— Замирбекке… — деп коюп телефонду басып коюп, ыйлап отуруп калды.

 

— Жетишет, бол эрте кийин! — деп Замир ачуулу чыгып кетти.

 

Камила: «Кагылайын кызым, мендей шордуу энеңди кечир!» деп көз жашын көлдөтө ыйлап жатып аргасыз кийинип, бети колун жууду. Замир аны колдон ала эшикке алып чыкты. Машинаны аябай кооздоп койгон экен, көрүп алып таңгалды, лимузиндин арткы орундугуна отураары менен жыгылды. Адегенде аны салонго алып келип жасандырды да, анан үйүнө алып келди, үйүндө атасынан башка баардык коноктору менен апасы Зыйнат күтүп жаткан. Зыйнат аларды көрөөрү менен алдынан тосуп чыкты:

 

— Садага болоюн десе, бактылуу болгула, ылайым өмүрлүү, ырыс-кешиктүү болгула, — деп адегенде уулун, анан Камиланы өөп үйгө киргизип жоолук салды. Камила мисирейип унчукпады, ал баарына кайыл болуп турду: «Мейли, ошондой эле сүйгөн болсо буга далайды көрсөтөм» деп столго Замир менен катар отурду.

 

— Замирбек, бактылуу бол, айланайын, — деп чоң энесинин сиңдиси, картаң кемпир келип өөп койду.

 

— Ботом, Асылбек менен Жийдени чакырдыңар беле? — Зыйнат уулун карады.

 

— Алар келишет.

 

— Ий-ий, эмнеге кеч калып жатышат, силер загска барып келгиче келип калаар.

 

— Келет, апа, өзүңүз даярдана бериңиз, загска бара берели, — деп Камиланын колунан ала өзүнүн теңтуштары менен чыгып кетишти. Замир зордук менен үйлөнүп жатканын Зыйнат билген эмес. Бир убакта үй телефону чыңгыраганынан жетип барса Жийде экен.

 

— Зыйнат, Замир ушундай кылат беле, Камиланы уурдап, күйөөсү менен кызынан ажыратты, жакшы эле жүрдүк эле, эми ушул туурабы? Камила ага аял болуп береби-жокпу, ойлонбойбу?

 

— Жийде, эмне деп жатасың, Замир мага андай деген жок го, «үйүнөн алып келдим» деди го, азыр гана келип загска кетишти, — Зыйнат таңгала сурады, Жийде телефондон баарын айтып жатты, ыйлап да атты.

 

— Мен Асылбек менен караандай ошон үчүн ажыраштым, Камила ага аял болуп бербейт, кызын өлтүрүп коем деп коркутуп үйлөнүп жатат, бүлөө болбойт ал, Зыйнат!

 

— Эмне дейт, каран гүн, мен балама ишенип жүрбөдүм беле? — деп трубканы кармаган бойдон Жийденин айтканын укпай нес болуп, эмеле көргөн Камиланын мисирейген жүзүн көз алдына келтирди. «Демек, менин балам аны зордоп үйлөнүп жаткан экен да» деп ойлоп, дароо Замирге телефон чалды. — Замир, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, — деди эле ал:

 

— Апа, азыр бошобойм, барганда сүйлөшөбүз, — деди.

 

— Азыр сүйлөшөм сени менен, эмнеге мындай кылдың, атаң билсе эмне болоорун билесиңби?

 

— Атам билет, — деп телефонду басып койду. Зыйнат эми Асылбектин үй телефонуна чалды эле эч ким албады, ал ичип кеткен. Жийде арыз жазып, аны менен бир айдын ичинде ажырашып, үйдү балдарына өткөзүп алган, соттун чечимин алган боюнча ата-энесинин үйүндө болчу. Ошентип бир кызынын айынан бир чоң үйбүлө ажырашып тынды. Тынчы кеткен Зыйнат күйөөсүнүн иш телефонуна чалды.

 

— Алло, Баатыр, балаңдын эмне кылып жатканынан кабардарсыңбы?

 

— Эмне болду?

 

— Асылбектер ажырашыптыр…

 

— Болсо болгондур, Камила эмне дейт?

 

— Сүйлөшкөн жокмун, жүзү сумсайыңкы, бирөөнүн көз жашынан курулган жашоо кандай болоор экен, кийинкиси кандай болот, эмнеге укканда токтоткон жоксуң?

 

— Кабатыр болбо, баары ордуна келет, убакыт өзү дарылайт дейт эмеспи, уулуңду капа кылбай эле кой, эси бар.

 

— Кокус Камила арыздансачы?

 

— Өзүм турам го, кемпир, эч кабатырланбай конокторуңду узата бер, мен азыр барып калам, эч сыр бербе, өзүңдү колго ал! — деп Баатыр телефонду коюп койду.

 

Замир менен Камила загска барышканда гана Камиланын паспорту жок экенин билди. Замир акырын гана сүйлөшүп койду эле, унчукпай Камилага карады.

 

— Туулган жылың, айың…

 

— 1980-жыл, 10-апрель.

 

— Кайсы айыл?

 

— Чоң-Арык.

 

— Болду, — деди да, жанындагы күбөлөрдү сыдыра тиктеп өттү. — Асылбек кызы Камила, Касымов Замир менен түбөлүк өмүр сүрүүгө макулсуңбу?

 

— Ооба.

 

— Бактылуу болгула, жубайлар! — деп экөө менен кол алыша куттуктап, узатып койду.

 

Загстан кийин туура эле үйгө келишти. Баатырбек бир топ адамдары менен келип калган. Ал Камиланы бир карап алды да: «Дүнүйө, алтын кимди азгырбаган, бир айылда тезек тергенден көрө ханышадай жашоону каалабай коймок беле, акыры баары унутулат, Асылбек менен Жийдени өзүм жараштырам» деп ойлоп алды. Той абдан жогорку деңгээлде өттү, бирок Камиланын жүзүнө бир да жылмаю келбеди. Канчалаган жакшы сөздөр, куттуктоолор жаандай жабырап, баары экөөнө арналып жатса да Камила кубанбады, мисирейип отурду. Аны көргөн Зыйнат: «Карангүн ай, баламды өмүр бою кыйнап өтөт го?» деп отуруп күйөөсүнө көз жиберди. Ал «унчукпа» дегендей башын билинер-билинбес чайкап койду. Ошол убакта телефон чырылдап калды. Сөөлөт күткөн Баатырбек аялына ал дегендей болду.

 

— Алло, ким экен?

 

— Алло-о, кандай, аяш, бу-у мен Ас-сылбек, куттуу бол-лсун тоюңар, силер кубанып тойлоп атасыңарбы, ммен жалгыз ккал-дым!

 

— Асылбек сенсиңби, эмне ичип алгансыңбы?

 

— Ооба-а, ич-чип жыргап атам, жанагы кыз менин кызым эмес экенин далилдеди, аяш, бил-лдиңби ал менин каным эме-ес!

 

— Кой, Асылбек, андан көрө келип кетпейсиңби? — Зыйнат ашыкча сөз айтпай трубканы коюп койду. «Балакет баскыр ал ичип алган тура, такыр иччү эмес эле, менин каным эмес дегени эмнеси» деп ойлуу коноктор отурган жерге келди.

 

— Ким экен? — Баатырбек андан сурап калды.

 

— Асылбек.

 

— Эмне дейт?

 

— Келе албай калдык дейт го?

 

— Аа-а мейли, өзүнчө атайылап чакырып алабыз, — Баатырбек столго чалкалай отурду. — Өзүм чакырып коем.

 

— Мейли эми, — Зыйнат унчукпай калды, ал абдан токтоо, акыл-эстүү аял. Баатырбек кээде жумушундагы ишке да андан кеңеш сурап, айтканын угат. Камиланы көз кыйыгы менен карап койду. Ал эч ким жок ээн талаада жүргөндөй ойлуу отурган: «Бечара, буга да кыйын, күйөөсүнүн колунан сууруп алышып, зордук менен үйлөнүп жатса аргасыз аял да» деп ойлонуп алды. Той шатыра-шатман кадимкидей өтүп жатты. Үч адамдын жүрөгүндө түпөйүл суроо. Зыйнат уулун ойлойт, Камила кызы менен күйөөсүн, ал эми Замир болсо Камиланын өзүнө көңүл бурушун ойлонуп өз-өзүнчө ойлор менен алек. Баатырбек болсо көңүлү ток: «кайда бармак эле, байлык деген адамды тез эле азгырат, жаш неме бат эле көнөт» деп элдин шары менен бакылдап сүйлөп отура берди. Той аяктап үйдөгү коноктор бир-экиден таркай баштады. Өздөрүнө тиешелүү гана жакындары калган. Молдо чакырып кыргызча нике кыйдырышты. Камила анда дагы мостоюп отурду. Өздөрүнчө калганда Замир анын жүзүн өзүнө каратып:

 

— Камила, сен эми менин аялымсың, менин сага деген белегимди кабыл кыл! — деп кымбат баалуу, наркы үч жарым миң долларга келген чынжырчанын кутусун алып келип ачты. — Айтчы жагабы сага?

 

— Кереги жок!

 

— Антпе, жаным, мен эч кимге мындай белек берген эмесмин! — деп аны алып мойнуна жоопсуз тагып: — Кандай гана жарашып калды, бул менин сени сүйгөнүмдөн арнаган белегим, — деди.

 

— Мунуңуз менен мени биротоло баш ийдирип алам деп жатасызбы, жаңыласыз сиз муз болгон жүрөгүмдү жансыз буюм менен жандандыра албайсыз! — Камила ордунан тура калды. — Эч качан андай болбойт, менин жүрөгүмдө Денис менен кызым гана жашайт, ушуну унутпаңыз!

 

— Демек менин далалатым, айткан сөзүмө эш-шектин тушоосу да чечилбейт дечи?

 

— Ошондой!

 

— Анда, — Замир телефонун алып, кимдир бирөөгө чалып жатты.

 

— Алло, бул Денис бекен?

 

— Ооба, ким бул?

 

— Эртең келип, аялыңды алып кет!

 

— Каерден?

 

— Бишкекке келип, ушул телефонго чалсаң каерден экенин билесиң! — дегенде Камила телефонду жулуп алды.

 

— Денис, эч качан келбе, калп айтат, Аруужанды жакшылап кара, булар… — Замир ала коюп өчүрүп салды.

 

— Сен аларды аяйсыңбы, анда неге кошуп бергенге каршысың? — Кытмыр жылмайды. — Күйөөңдүн сөөгүн кучактагың келбесе… акыркы жолу айтам мени күйөөм деп кабыл аласың! — Замир коңшу бөлмөгө чыгып кетти. Камила мостоюп туруп: «кантейин тагдырым ушул болсо айлам канча, көнүп берүүгө туура келет» деп ойлоп Замир кирбегенинен жатып алды. Эртең менен ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр, той кийими менен жаткан эле, Зыйнат такылдатып кирип:

 

— Камила, турдуңбу, кызым, жүрү чай-пай ичели, — деди.

 

— Азыр, — ордунан тура калган Камиланы көрүп жүрөгү болк этип алды. «Курган балам ушул көчөт кыздын кулу болууга даяр, мунусу али той кийимчен жаткан тура» деп ойлоп коңшу бөлмөнү караса Замирдин өзү жаткан орду турат. Ичи сыйрыла Камиланы карап:

 

— Мен сага кийим алып келейин үстүңдү алмаштырып ал, — деп кайра чыкты. Камила ойлуу өзүн күзгүдөн карады, мойнундагы чынжыр жарашып бетиндеги макияжы өзүн сулуу кылып турду. Камила кийимин алмаштырып, акырын эшикке чыкты, алдыңкы кабаттын ортосунда кечээги столдо жалгыз гана Зыйнат отуруптур. Түшүп келди.

 

— Отур, кызым.

 

— Рахмат.

 

— Тартынба, бала кезиңден эле көрүшүп жүргөнбүз, тамактанып ал, азыр Замир келет, ал келсе жолго чыгасыңар.

 

— Каякка?

 

— Айткан жок беле?

 

— Жо-ок, — Камила жер карай жооп берди.

 

— Кызым, түшүнүп турам, бул өмүрдү Жараткан адамга бир жолу эле берет экен, канча жаш берет, канча жашайт аны биз билбейбиз, силер жашсыңар. Бакыт-дөөлөттү да өз убагында кармап калыш керек, байкабай калып өз мүмкүнчүлүгүңдү өткөзүп жибербе, дөөлөт тоголок, мээнет жалпак деген. Сени келин кылабыз деген оюбуз бар эле, сени окууга кеткен дешти, анан… Замир чатак чыгарып барган жериңден алып келем деди, атаң экөөбүз тыйдык. Замир биздин жападан жалгыз балабыз экенин билесиң, аны болбой бир абройлуу адамдын кызына үйлөнтүп койдук… — Зыйнат үшкүрүнүп алды, ошол кезде үй кызматчы аял столдун үстүн толтуруп, тамактарын алып келди. — Ала гой, Камила, сен менин кызымдай эле бол, эч тартынба. Замир эрке чоңойду, атасы оозунан чыкканын аткарат, ошондуктан өз билгенин кое бербейт. Сени айтып жүрүп аялын карабай койду, атасы экөөбүз канча айттык болбоду, акыры келинибиз кетип калды…

 

— Анан көз жаш менен көкүрөктөн бакыт издеп жүрөбү?

 

— Ыя?! — Зыйнат селт эте Камиланы карады, бул көз карашта «чунак го» деп ойлонуп калганда Камила өзүнөн сөз күткөндөй жүрөгүндөгүнү айтып жатты:

 

— Ооба, ал менин күйөөмдүн жанынан тартып келди, коркутуп жатып максатына жетти, мен энемин, кызымды ойлонуп сыздап отурам.

 

— Мунуң болбогон сөз, адам кандай болбосун бир келген өмүрдө жакшы жашап өтүүгө тийиш, кызым, жаштык кылба! — Зыйнат чыйрала токтоо сүйлөдү. — Күндүк өмүрүң болсо түштүгүңө жорго мин деген, аманат жашоодо өксүбөй өтүү ар бир пенденин тилеги.

 

— Ар бир адамдын ар башка түшүнүгү бар, сүйүүсүз жашоо калагы жок кайыкта сүзгөндөй, жүрөгүндө сезими бар адам эч качан байлыктын кулу болбойт. Жансыз буюмдардын кучагында калган менен жүрөгүң каалабаса кантип кабак ачып, кантип өмүр сүрүүгө болот, айтыңызчы мага, аял, эне катары түшүнсөңүз?!

 

— Тамагың муздап калды, — ошол кезде Замир келди да:

 

— Камила, бол даярдан, самолет төрттө учат, жөнөшүбүз керек, — деди.

 

— Балам…

 

— Апа, биз бир-эки ай Америкада болобуз, иштер боюнча, сүйлөшүп турам, — деп Зыйнатты сүйлөтпөдү. Камила зыңгырай туруп, үстүңкү кабатка көтөрүлдү: «Бүттү баары, эми болду, Денистин, кызымдын, апамдын амандыгын гана тилеймин» деп ойлонуп кийинип алып, кайра келди. Замир аны колдон алып жөнөгөндө Зыйнат:

 

— Кудай жолуңду ачсын, — деп кала берди.

 

— Чалам, апа, — деп Камиланы жетелеп машинага отургузду да, жөнөп кетти. Экөө тең үнсүз, Замир аны көз кыйыгы менен карап коет. «Неге мынча мисиреет, күйөөң менен кызыңды сакташ үчүн эле менин жанымда жүрөсүң, көрөөрбүз сенин зымырайганыңды» деп ойлоп баратты. Ошол күнү алар Америкага учуп кетишти…

 

*** Токтоңуз, тиги жерде турат, — деп жиберди. Машина токтоору менен Камила түшмөк болду эле, Замир: — Айгүл, сен кызды жеткизип бер, — деп буйрук берди.

 

— Жарайт, — деген Айгүл түшүп, анан Аруужанды көтөрүп алмак болгондо Замир телефон чалып:

 

— Бери кара, кызыңды тааныйсыңбы? — деди. Денис эки жагын элеңдей карап жатып, Аруужанды көтөрүп келе жаткан чоочун аялды көрө жүгүрүп жетти.

 

— Камила кайда? — деп Аруужанды ала коюп, Айгүлдөн сурап ийди.

 

— Мен билбейм, телефондон сүйлөшүңүз, — Айгүл ушинтти да, басып кетти. Денис кызы колуна тийгенге машинасына отуруп жөнөдү: «Балээден алыс болгонум жакшыдыр, кызым колума тийди» деп ойлоп кетип баратты. Айгүл келип түшөөрү менен Замир машинасын ордунан жылдырды. Камила мелтиреп үнсүз, дачага келгенден кийин Айгүлдү түшүрүп коюп:

 

— Кайда айдайын, буйругуңа муктажмын, чоң кыз, — деди артына кылчая, Камила артта отурган эле.

 

— Мен эч жакка баргым жок!

 

— Андай болбойт, сенин кызматыңдамын, Камила.

 

— Буйрук берип көнгөн эмесмин, шарт кое билем.

 

— Шартыңды айт.

 

— Мени бир ай тынч коюңуз.

 

— Аа-а мейли, эсимден чыгып кетиптир, — Замир аны машинадан колун суна түшүрүп алды. — Уруксат этсеңиз.

 

Камила аны мостое бир карап алды да, колун берди. Катар басып дачага киришти, ошол күнү Замир эч жакка барбады. Камиланын жанында көбүрөөк болгусу келгенин сезди ал: «Тагдырым тартууласа аргам канча, макул болууга тийишмин, баары бир күчкө салып үйлөнөт, Денис мага эми ишенбейт, мурдакыдай ысык мамиледе боло албайбыз. Ак сүйүүбүздөн жаралган кызымдын атасында болгону жакшы, өгөй ата жакшылык кылмак беле, аман болсун, апама телефон чалып чындыкты айтайын» деп ойлоп жана Замир алган ойдон бербегенин билди. Анан зеригип көптөн бери жуунбаганын ойлоп, душка кирип жуунду. Кийимин которду. Замир ага кымбат баалуу кийим-кече, тапочка жана башкаларын алып келиптир. Сергип калды, ошол убакта Айгүл тамак алып кирди:

 

— Замир кеттиби? — деп сурады Камила андан.

 

— Жок, кыязы, сиз менен тамактанат го?

 

— Мм, — деп койду Камила.

 

Аңгыча Замир кирди.

 

— Камила, тамактан алып же…

 

— Азыр, — Камила анын маңдайына келип отурганда Айгүл кымбат баалуу вино менен суусундук алып келип, чыгып кетти.

 

— Телефон машинада калдыбы?

 

— Аа, унутуп калган турбаймынбы, — Замир тура жөнөдү, сыртка чыгып кайра келип: — Мына, бирөө менен сүйлөшөсүңбү, — деди.

 

— Апама чалам.

 

— Мейли, кел эми тамактанып ал.

 

— Алып жатам, — Камила алаар-алмаксан болуп жүрөгү айланып кускусу келип сыртка чыкты: «Кудай уруп боюмда бар окшойт, кыз болсо өзүмө окшоп калабы» деп зыңгырай түштү. Ал антип турганда Замир чыгып:

 

— Эмне, ооруп турасыңбы? — деди.

 

— Ошондой го.

 

— Мурда минтчү белең?

 

— Жок.

 

— Анда… — Замир такалып оюндагысын айталбай туруп калды.

 

— Ооба, ойлогонуңуз туура, өзүм дагы эми сезип турам, — Камилага тике туруп айтты.

 

— Мейли, эчтеке эмес, зыяны тийбет, — деп койду Замир, деген менен тамак ичип бүткүчө сүйлөшпөдү. Анан туруп баратып: — Эмне керек болсо Айгүлгө айт, мен эки-үч күн келбейм, — деп чыгып кетти.

 

Камила дагы ызаланып ыйлап кирди, колунан келсе Асылбекти жара сайып таштагысы келди. Бирок жанында болсо эчтеке кыла албасына көзү жетип: «Шүмшүк, он тогуз жыл алпештеп багып алып мага азап берди» деп ойлонуп алды да, диванга жатып алып ыйлай берди. Анын көңүл отунда жалгыз гана Денис болчу, кызын ойлоп андан бетер сыздай берди. Замир болсо күндө келип ага сүйүүсүн таңуулап, ага үйлөнүүнү сунуш кылды. Жийде Камиланын дарегин билбей, бир күнү инисинин телефону менен чалды:

 

— Алло, бул ким? — Камила тагасынын телефонун билчү эмес, — Ким экен? — дегенде:

 

— Камила, садага, кайдасың деги?

 

— Апа, апаке, мени, — деп келатканда, аңдып турган Замир кирип келди эле, Камила унчукпай: — Азыр, апа, азыр өзүм чалам, — деп өчүрүп койду.

 

— Кандай, Камила, качан макул болосуң, иштер менен Америкага кетип жатам, үйлөнүп алып, сени бирге алып кетейин дедим эле.

 

— Келгениңден кийин деле… — Карышкырдан корккон коендой бүрүшө түштү.

 

— Жок, бир ай өттү, демек, чечимиңди айт!

 

— Кое туруңуз, колуңузда турбаймынбы.

 

— Камила, мен жаш бала эмесмин, эгер оң жооп бербесең айтканымды кылам, керек болсо күйөөңдүн сөөгүн кучактатып коем, эмне таппай калат деп ойлоп жатасыңбы?

 

— Мен…

 

— Болду сүйлөбө, бар же жок дегин, мен сени күтүп отура албайм! — деп чыгып кетти. Ал чыгаары менен жанталашып апасы чалган телефонго чалса бирдиги калбаптыр, ыйлап отуруп калды, ошол убакта Айгүл кийим-кече салынган пакетти көтөрүп кирди.

 

— Буларды кийүүңүз керек, — деп чыгып кетти, Камила томсоро телефонун кармаган бойдон тура берди, Замир кирип:

 

— Даяр бол, атамдар менен коноктор күтүп калды, баса, атаңа өз каалоом менен чыгып атам деп айт, тойго келишсин, — деп телефонун карматты эле:

 

— Мага андай атанын кереги жок, апам менен эле сүйлөштүрүп коюңузчу? — деди колундагы телефондогу номерди көргөзүп. Замир ага чалып туруп, Камилага карматты.

 

— Ашыкча сөз сүйлөсөң менден жакшылык күтпө!

 

— Апа, мен Камила…

 

— Садага, кайдасың?

 

— Мен… мен өз каалоом менен… менен турмушка чыгып жатам, келесизби?

 

— Кимге, каякка айтчы, кызым?

 

— Замирбекке… — деп коюп телефонду басып коюп, ыйлап отуруп калды.

 

— Жетишет, бол эрте кийин! — деп Замир ачуулу чыгып кетти.

 

Камила: «Кагылайын кызым, мендей шордуу энеңди кечир!» деп көз жашын көлдөтө ыйлап жатып аргасыз кийинип, бети колун жууду. Замир аны колдон ала эшикке алып чыкты. Машинаны аябай кооздоп койгон экен, көрүп алып таңгалды, лимузиндин арткы орундугуна отураары менен жыгылды. Адегенде аны салонго алып келип жасандырды да, анан үйүнө алып келди, үйүндө атасынан башка баардык коноктору менен апасы Зыйнат күтүп жаткан. Зыйнат аларды көрөөрү менен алдынан тосуп чыкты:

 

— Садага болоюн десе, бактылуу болгула, ылайым өмүрлүү, ырыс-кешиктүү болгула, — деп адегенде уулун, анан Камиланы өөп үйгө киргизип жоолук салды. Камила мисирейип унчукпады, ал баарына кайыл болуп турду: «Мейли, ошондой эле сүйгөн болсо буга далайды көрсөтөм» деп столго Замир менен катар отурду.

 

— Замирбек, бактылуу бол, айланайын, — деп чоң энесинин сиңдиси, картаң кемпир келип өөп койду.

 

— Ботом, Асылбек менен Жийдени чакырдыңар беле? — Зыйнат уулун карады.

 

— Алар келишет.

 

— Ий-ий, эмнеге кеч калып жатышат, силер загска барып келгиче келип калаар.

 

— Келет, апа, өзүңүз даярдана бериңиз, загска бара берели, — деп Камиланын колунан ала өзүнүн теңтуштары менен чыгып кетишти. Замир зордук менен үйлөнүп жатканын Зыйнат билген эмес. Бир убакта үй телефону чыңгыраганынан жетип барса Жийде экен.

 

— Зыйнат, Замир ушундай кылат беле, Камиланы уурдап, күйөөсү менен кызынан ажыратты, жакшы эле жүрдүк эле, эми ушул туурабы? Камила ага аял болуп береби-жокпу, ойлонбойбу?

 

— Жийде, эмне деп жатасың, Замир мага андай деген жок го, «үйүнөн алып келдим» деди го, азыр гана келип загска кетишти, — Зыйнат таңгала сурады, Жийде телефондон баарын айтып жатты, ыйлап да атты.

 

— Мен Асылбек менен караандай ошон үчүн ажыраштым, Камила ага аял болуп бербейт, кызын өлтүрүп коем деп коркутуп үйлөнүп жатат, бүлөө болбойт ал, Зыйнат!

 

— Эмне дейт, каран гүн, мен балама ишенип жүрбөдүм беле? — деп трубканы кармаган бойдон Жийденин айтканын укпай нес болуп, эмеле көргөн Камиланын мисирейген жүзүн көз алдына келтирди. «Демек, менин балам аны зордоп үйлөнүп жаткан экен да» деп ойлоп, дароо Замирге телефон чалды. — Замир, экөөбүз сүйлөшүшүбүз керек, — деди эле ал:

 

— Апа, азыр бошобойм, барганда сүйлөшөбүз, — деди.

 

— Азыр сүйлөшөм сени менен, эмнеге мындай кылдың, атаң билсе эмне болоорун билесиңби?

 

— Атам билет, — деп телефонду басып койду. Зыйнат эми Асылбектин үй телефонуна чалды эле эч ким албады, ал ичип кеткен. Жийде арыз жазып, аны менен бир айдын ичинде ажырашып, үйдү балдарына өткөзүп алган, соттун чечимин алган боюнча ата-энесинин үйүндө болчу. Ошентип бир кызынын айынан бир чоң үйбүлө ажырашып тынды. Тынчы кеткен Зыйнат күйөөсүнүн иш телефонуна чалды.

 

— Алло, Баатыр, балаңдын эмне кылып жатканынан кабардарсыңбы?

 

— Эмне болду?

 

— Асылбектер ажырашыптыр…

 

— Болсо болгондур, Камила эмне дейт?

 

— Сүйлөшкөн жокмун, жүзү сумсайыңкы, бирөөнүн көз жашынан курулган жашоо кандай болоор экен, кийинкиси кандай болот, эмнеге укканда токтоткон жоксуң?

 

— Кабатыр болбо, баары ордуна келет, убакыт өзү дарылайт дейт эмеспи, уулуңду капа кылбай эле кой, эси бар.

 

— Кокус Камила арыздансачы?

 

— Өзүм турам го, кемпир, эч кабатырланбай конокторуңду узата бер, мен азыр барып калам, эч сыр бербе, өзүңдү колго ал! — деп Баатыр телефонду коюп койду.

 

Замир менен Камила загска барышканда гана Камиланын паспорту жок экенин билди. Замир акырын гана сүйлөшүп койду эле, унчукпай Камилага карады.

 

— Туулган жылың, айың…

 

— 1980-жыл, 10-апрель.

 

— Кайсы айыл?

 

— Чоң-Арык.

 

— Болду, — деди да, жанындагы күбөлөрдү сыдыра тиктеп өттү. — Асылбек кызы Камила, Касымов Замир менен түбөлүк өмүр сүрүүгө макулсуңбу?

 

— Ооба.

 

— Бактылуу болгула, жубайлар! — деп экөө менен кол алыша куттуктап, узатып койду.

 

Загстан кийин туура эле үйгө келишти. Баатырбек бир топ адамдары менен келип калган. Ал Камиланы бир карап алды да: «Дүнүйө, алтын кимди азгырбаган, бир айылда тезек тергенден көрө ханышадай жашоону каалабай коймок беле, акыры баары унутулат, Асылбек менен Жийдени өзүм жараштырам» деп ойлоп алды. Той абдан жогорку деңгээлде өттү, бирок Камиланын жүзүнө бир да жылмаю келбеди. Канчалаган жакшы сөздөр, куттуктоолор жаандай жабырап, баары экөөнө арналып жатса да Камила кубанбады, мисирейип отурду. Аны көргөн Зыйнат: «Карангүн ай, баламды өмүр бою кыйнап өтөт го?» деп отуруп күйөөсүнө көз жиберди. Ал «унчукпа» дегендей башын билинер-билинбес чайкап койду. Ошол убакта телефон чырылдап калды. Сөөлөт күткөн Баатырбек аялына ал дегендей болду.

 

— Алло, ким экен?

 

— Алло-о, кандай, аяш, бу-у мен Ас-сылбек, куттуу бол-лсун тоюңар, силер кубанып тойлоп атасыңарбы, ммен жалгыз ккал-дым!

 

— Асылбек сенсиңби, эмне ичип алгансыңбы?

 

— Ооба-а, ич-чип жыргап атам, жанагы кыз менин кызым эмес экенин далилдеди, аяш, бил-лдиңби ал менин каным эме-ес!

 

— Кой, Асылбек, андан көрө келип кетпейсиңби? — Зыйнат ашыкча сөз айтпай трубканы коюп койду. «Балакет баскыр ал ичип алган тура, такыр иччү эмес эле, менин каным эмес дегени эмнеси» деп ойлуу коноктор отурган жерге келди.

 

— Ким экен? — Баатырбек андан сурап калды.

 

— Асылбек.

 

— Эмне дейт?

 

— Келе албай калдык дейт го?

 

— Аа-а мейли, өзүнчө атайылап чакырып алабыз, — Баатырбек столго чалкалай отурду. — Өзүм чакырып коем.

 

— Мейли эми, — Зыйнат унчукпай калды, ал абдан токтоо, акыл-эстүү аял. Баатырбек кээде жумушундагы ишке да андан кеңеш сурап, айтканын угат. Камиланы көз кыйыгы менен карап койду. Ал эч ким жок ээн талаада жүргөндөй ойлуу отурган: «Бечара, буга да кыйын, күйөөсүнүн колунан сууруп алышып, зордук менен үйлөнүп жатса аргасыз аял да» деп ойлонуп алды. Той шатыра-шатман кадимкидей өтүп жатты. Үч адамдын жүрөгүндө түпөйүл суроо. Зыйнат уулун ойлойт, Камила кызы менен күйөөсүн, ал эми Замир болсо Камиланын өзүнө көңүл бурушун ойлонуп өз-өзүнчө ойлор менен алек. Баатырбек болсо көңүлү ток: «кайда бармак эле, байлык деген адамды тез эле азгырат, жаш неме бат эле көнөт» деп элдин шары менен бакылдап сүйлөп отура берди. Той аяктап үйдөгү коноктор бир-экиден таркай баштады. Өздөрүнө тиешелүү гана жакындары калган. Молдо чакырып кыргызча нике кыйдырышты. Камила анда дагы мостоюп отурду. Өздөрүнчө калганда Замир анын жүзүн өзүнө каратып:

 

— Камила, сен эми менин аялымсың, менин сага деген белегимди кабыл кыл! — деп кымбат баалуу, наркы үч жарым миң долларга келген чынжырчанын кутусун алып келип ачты. — Айтчы жагабы сага?

 

— Кереги жок!

 

— Антпе, жаным, мен эч кимге мындай белек берген эмесмин! — деп аны алып мойнуна жоопсуз тагып: — Кандай гана жарашып калды, бул менин сени сүйгөнүмдөн арнаган белегим, — деди.

 

— Мунуңуз менен мени биротоло баш ийдирип алам деп жатасызбы, жаңыласыз сиз муз болгон жүрөгүмдү жансыз буюм менен жандандыра албайсыз! — Камила ордунан тура калды. — Эч качан андай болбойт, менин жүрөгүмдө Денис менен кызым гана жашайт, ушуну унутпаңыз!

 

— Демек менин далалатым, айткан сөзүмө эш-шектин тушоосу да чечилбейт дечи?

 

— Ошондой!

 

— Анда, — Замир телефонун алып, кимдир бирөөгө чалып жатты.

 

— Алло, бул Денис бекен?

 

— Ооба, ким бул?

 

— Эртең келип, аялыңды алып кет!

 

— Каерден?

 

— Бишкекке келип, ушул телефонго чалсаң каерден экенин билесиң! — дегенде Камила телефонду жулуп алды.

 

— Денис, эч качан келбе, калп айтат, Аруужанды жакшылап кара, булар… — Замир ала коюп өчүрүп салды.

 

— Сен аларды аяйсыңбы, анда неге кошуп бергенге каршысың? — Кытмыр жылмайды. — Күйөөңдүн сөөгүн кучактагың келбесе… акыркы жолу айтам мени күйөөм деп кабыл аласың! — Замир коңшу бөлмөгө чыгып кетти. Камила мостоюп туруп: «кантейин тагдырым ушул болсо айлам канча, көнүп берүүгө туура келет» деп ойлоп Замир кирбегенинен жатып алды. Эртең менен ойгонсо күн көтөрүлүп калыптыр, той кийими менен жаткан эле, Зыйнат такылдатып кирип:

 

— Камила, турдуңбу, кызым, жүрү чай-пай ичели, — деди.

 

— Азыр, — ордунан тура калган Камиланы көрүп жүрөгү болк этип алды. «Курган балам ушул көчөт кыздын кулу болууга даяр, мунусу али той кийимчен жаткан тура» деп ойлоп коңшу бөлмөнү караса Замирдин өзү жаткан орду турат. Ичи сыйрыла Камиланы карап:

 

— Мен сага кийим алып келейин үстүңдү алмаштырып ал, — деп кайра чыкты. Камила ойлуу өзүн күзгүдөн карады, мойнундагы

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE