Пример HTML-страницы

БЕЙИШ

https://kyrgyzcha.site/?p=54750&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

_Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим_

 

*БЕЙИШ*

 

«Бейиш» деген сөз тилибизге фарсча «бехишт» деген терминден оошуп кирген. Арабчада «жаннат» деп аталган окшош маанидеги бул сөздөр лексикалык жактан «жашыл, бак-шактуу жер, гүлбакча» деген маанини билдирсе, диний терминологияда: момундар акыретте түбөлүккө кала турган, акыл-ой жеткис жыргалчылыктарга толтурулган турак жайдын аты.

 

Бейиш жана бейиштеги жашоо түбөлүктүү, кыйырсыз жана чексиз. Бейиштеги жашоонун чексиздиги адамдарды эч качан тажатпайт. Анткени бейиште адам акылы жеткис жаңыдан-жаңы нерселердин аягы эч качан үзүлбөй улана берет. Бейиште түбөлүктүү жашап калуу бактысына арзыгандар, айрым сырдуу себептерге байланыштуу бул дүйнөдөгү жашоосундагы өчүгүү, касташуу, ичи тардык сыяктуу адам табияты менен кошо жаратылган терс маанидеги аң-сезимдерден жана жаман мүнөздөрдөн толук арылтылат.

 

Курани Каримде адамдын аң-сезимине ушул дүйнөдөгү кезинде айрым себептерге байланыштуу орнотулган терс сапаттардан акыретте арылтылаары билдирилген. Мисалы; бул дүйнөдө жүрөккө сиңген өчүгүү сезиминин жүрөктөн биротоло алынып салынаары тууралуу бир аятта мындай делет: «Бейиште алардын алдынан мөлтүр суулар агып турган учурда, жүрөктөрүндөгү кектин баарын алып таштайбыз». (Аараф сүрөөсү: 43-аят).

 

Ошондуктан бейиштегилердин көңүлдөрүнүн чери жазылып, жүрөктөрүндө ар дайым ак тилек, аруу сезимдер гана жашайт. Алар ар дайым бакыт-таалайга батып, кайгы-капасыз, куунак өмүр сүрөт.

 

Бейиштин бир топ өзгөчөлүктөрүн сүрөттөп назарыбызга сунган Курани Карим аяттарын араңыз; Аали-Имран сүрөөсү: 133; Кахф сүрөөсү: 21; Ясин сүрөөсү: 47; Инсан сүрөөсү: 13; Мухаммад сүрөөсү: 15; Вакия сүрөөсү: 28-29; Набаа сүрөөсү: 32; Мутаффифин сүрөөсү: 25-аяттары менен бирге Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мына бул баяны да бейишке ишенүүчүлөргө ченемсиз сүйүнчү кабар:

 

«Аллах Таала айтат: Мен жакшы пенделерим үчүн бейиште көз көрбөгөн, кулак укпаган, ары адам баласынын акыл-эси жетпеген нерселерди даярдап койдум». (Бухарий, Тафсир 32).

 

Бир гана сөз менен айтканда, бейиш – кутүүсүз жаңылыктардын жана белектердин ааламы жана Алла Тааланын өз кулдарына карата чексиз мээриминин, сый-ургаалдарынын өзгөчө жышааны. Ошондуктан эч бир пенде өзүнүн кылган амалы менен жакшы иштери аркылуу бейишке кире алуусу мүмкүн эмес. Тагыраак айтканда, адам баласы бул кыска өмүрдө эч качан бейишке кирүүгө жетиштүү амал жасай албайт. Кала берсе, бир адамдын кылган ибадаттары келечекте ага берилчү бейишти мындай коёлу, бул дүйнөдө эле Алла Тааланын күн мурунтан берген сыйларынын миңден бирөөнө да арзыбайт. Бул тууралуу бир хадисте мындай делген:

 

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) …»Чындыгында, эч ким өз амалы менен бейишке кире албайт» — дегенде, сахабалар: «Оо, Алланын Элчиси, өзүңүз да амалыңыз аркылуу кире албайсызбы?» — деп сурашты. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Алланын чексиз боорукерлиги жана кечирими болбогондо, мени деле амалдарым ал жерге киргизе алмак эмес», – деп жооп берди. (Бухарий, Рикак 18).

 

Алланы көрүү – бейиштегилерге ыйгарылган эң улуу сыйлык жана чексиз бакыт. Алла Таала муну Өзү бизге кабарлаган: «Ал күнү жүздөр жаркылдап жайнап, Жаратканды карашат». (Кыяма сүрөөсү: 22-23-аяттар).

 

Бул аяттын жогоркудай маанини билдирээрин кубаттаган бир сахих хадисте айтылат: «Силер так ушул айды көрүп турганыңардай Жаратканыңарды көрөсүңөр. Көргөндө да апыр-тапыр болбой, бири-бириңерге зыян жеткирбей көрөсүңөр». (Муслим, Ийман 81).

 

Бул хадисте, момундар Кыямат күнү улуу Жаратканды кудум толгон айды көргөн сыяктуу ачык көрөөрү белгиленген. Дегинкиси, бул аркылуу Алла Тааланы көрүүгө карата болгон түрдүү шек-күмөндөр кескин жооп менен четке кагылган. Тагыраак айтканда, Алла Тааланы көрүү сөзсүз жүзөгө ашары белгиленген. А бирок, биз бул хадистен улам Алла Тааланын чексиз улуулук даражасында адамдар Аны болгонун болгондой көрө, сезе алат деп түшүнсөк жаңылышабыз.

 

«Көздөр Аны көрө албайт, Ал көздөрдү көрө алат». (Ан-Аам сүрөөсү: 103-аят) деген аят да мындайга арга жок экендигин тактыктайт. Себеби, жаратылган нерсе Жаратканды эч качан болгонун болгондой толук көрө албайт. Демек, бейиштеги ар бир момун бул дүйнөдөгү ыймандуулук жана Алланы таанып жеткендигинин даражасына жараша кандайлыгы бизге такыр белгисиз болгон бир абалда Алланы көрө алат. Ушундан улам, ар кандай бир момун-мусулман менен пайгамбарлардын арасында Алланы көрүүдө айырмалар бар десек болот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE