Пример HTML-страницы

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР. 10-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51541&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЗОНАДА ОТКОН ОМУР.

10-БОЛУМ.

*******

 

— Макул,- деп Аселдин мандайы жаркый ачыла тушту, эки жаштын ушул бугунку кезин айтып буткус дастанга айландырса болоор, айтып тугото алгыс кубанычтары м.н экоо тен уйлоруно жеткирууго ашыгып шашыла коштошушту. Аселдин апасы эптеп базарда соода кылат, эки иниси, бир синдиси бар, атасы керээлден кечке тачка туртуп тапканын батир м.н ичкен-жегенине жумшашат, улуу баласы тачка туртуп иштеп окубай калган, Аселден кичуу иниси м.н синдисин эптеп окутуп коюшкан. Асел иш издеп журуп Тургунга жолугуп калып кундо ага жолугуп журуп жумуш издегенди унутуп суйуунун туткуну болгон, акыры минтип бактынын сересине чыкканы турат. Келип эле ата-энеси келгенче тамак-ашын жасап, уйун ирээтке келтирип кубанычтуу жузу албыра инилерине жалбарып жатты: < Ушинтип ата-эненин торунон узай турган кез келди, Тургун мени суйот, мен аны суйом, атамдарга жардам беребиз, бактылуумун мен>, — деп ойлонуп отурганда апасы кирди. — Сен таптакыр эле иш таппадынбы, Асел? — деди чарчагандай тур м.н. — Жок апа, жумуш жок. — Бир жагынан жардам берсен болот эле го, сен деле чонойдун. — Апа, сени м.н суйлошо турган соз бар… — Эмнени суйлошосун? — Апа, жакында менин жигитим сойко салганы жатат. — Ыя? — Атыргул кызын элейе карап калды. — Ошо, кафеге чакырып жатат. — Эмне дейт кокуй, абалыбыз бул болсо, кайсы арыбызга? — Анан эмне, ала качып кеткиле дейинби? — Асел дулдуя коркуткандай бурк этти. — Атан келсинчи, кийим-кече алганга иштебей дагы койдун, жакында тигил экоонун дагы окуусу башталат, атан экообуздун устубуздо уйруп салаар эчтекебиз жок, — Атыргул ушкуро отуруп калды, — Кандай немелер экен? — Атасы жок, апасы бар экен, оздорунун ресторан, кафелери бар, абдан бай турушат, апа, — Асел апасына жагалдана жакын отурду,- Тургун экообуз коптон бери суйлошуп журобуз, атама тушундуруп айтасын ээ? — Колунда бар немелер деги бизди тенине алаар бекен? — Андай эмес, абдан жакшы апа, Тургун озу билет экен баарын, уйлонуу тоюбуз оздорунун ресторанынан отмок болду, — Кубанычын жашыра албай жатты Асел. — Сен бактылуу болсон болду го. Сени кемсинтип басмырлап коебу деп журогум сыздайт кызым, жетишпегендиктин айынан минтип отурбалыбы, — Атыргул кейий кызынын чачынан сылады,- Кыз бала ушул экен да-а, кыз жаманы кыроо деп койчу эле апам, кыш жаманы кетет, адамдын жаманы олгондо гана озу м.н кетет, акча-байлык деген пенденин козун тумандатып коет, анча-мынчаны этибарына албайт кызым, жакшы адамдарга туш болсон эле болду,- деп ойго чомулуп керээлден кечке тердеп жыттанып кеткен байпагын чечип ары таштады, — Эмнеси болсо дагы багын ачылсын, садагам. — Атам каршы болбойбу? — Неге каршы болмок эле, болгону жоктун жонунан кайыш тилген кыйынчылык заманга отоосун артаар, атан эле жыргап жатат дейсинби, анын деле кийээрге кийими жок, бутуна байпак алмаштырууга чамасы келбей журот, ошол кафеге барыш учун бир сыйра кийинип алсак кийинкибиз кандай болот деп сары санаа болобуз да, кызым… — Апа, сары санаа болбогулачы, Тургун силерге жардам беребиз деп жатат. — Кыздан алган жарыйбы, бар болсо кызга бер, алба дечу эле менин атам, ушул кундо калдык, эл байып эле жатат, биз эле жарыбадык,- Терен дем алып алды, — Атан келсе кенешели кызым, сенин жузунду жер каратпай узатканга даярданалы. — Тургун ошондон ары алып кетем дейт, силерге оорчулук келбесин дегени го? — Андай болсо уй алганга чогулткан акчадан сарптайбыз го, — деп Атыргул ойлонуп отуруп калды. Чоро кеч келди,бут тартаарга алы жок кийимин алмаштырып торго отурду. — Атыр, кардым ачты, бирдемен барбы? — Сени кутуп ичпей отрабыз, тушто бирдеке ичип алсан боло, ооруп калып журбо, — деди Атыргул, Асел дасторконун жайып тамагын алып келип апасын улам карап коет. — Акчаны аяп жатам да, эптеп уй алып алсак болот эле, бугун жакшы болгон жок, уч жуз сом таптым, тачкистен коп эме жок, жуктун оордугуна карабай жуктоп алып тердеп зорго суйройм, картайып калсам керек, бара-бара кыйналып калчу болдум,- деп акчаны Атыргулго сунду,- Улук келе элекпи? — Жок, ал дагы иштеп келсе ашыгын сал, кундо жок дегенде бир маал ысык тамак ичип турбасак болбойт, — деп алдына келген тамакты иче баштады. Тамак ичилип ортолоп калганда Атыркул тамагын кыра соз баштады. — Чоро, сени м.н кенеше турган соз бар. — Кандай соз экен? — Кызына куда тушуп келишет экен. — Кимдер? — Суйлошкону бар тура. — Ушул акыбалда кандай болот? — Кафесине тозушат экен, камынбасак болбойт. — Биздей кара таманды ким тоготот кемпир, кызыбыз бойго жеткенин билбей журо бергенибизди кара, — деп Чоро Аселди карады, — Кызым, жигитин кандай адамдын уулу болду экен? — деди суйкумдуу карап. — Ата, атасы жок экен, бирок жакшы турушат экен, атасы чон болуп иштеп журуп олгон экен. — Анда оной жер эмес го, сен ачыгын айттынбы? — Ооба, батирде жашаганыбызды айттым. — Туура кыласын кызым, ооруну жашырсан олум ашкере кылат деген, эмесе эртен кызыбызга бир сыйра адеми кийим-кече алуубуз керек,- деди Чоро ойлуу. — Сен эртен жумушка чыкпай эле кой, Улук иштеп турат, биз камынышыбыз керек, Аселди кафеден ары алып кетишет экен, чогулткан акчадан алабыз го, кызыбызды жер каратпай узаталы. — Ооба, антпесек болбойт, баш аман болсо дагы чогултаарбыз, — деп ойлонуп калганда Улук кирди. — Кайда журосун ыя, карангыга калбай келип жур дебедим беле? — деп Чоро уулуна капалуу карады, — Заман башкача азыр, адамды-адам олтуруп жатса карабайт, озуно сак болуп иште да баса бер. — Балдар м.н журдум. — Балдар м.н куруп кал, акбалыбыз бул болсо… — Мен эмне кылып жатам, тынч элемин го? — деп чылаа болгон бутун чечкенде Асел: — Эшикке чечип кирчи, жыты шумдук экен,- деди. — Кечке тердеп-кургап иштеп журсо жыттанат да, кана тапкан акчан? — деди Атыргул Улукка,- Дурус иштединби? — Эки жуз сом. — Анча эмне аз? — Болгону ушул… — Мейли, кардынды тойгуз,- деди Чоро. Ошентип бул турмуштун оорчулугун тарткан уйбуло ноюбай оз жашоосу, балдарынын келечеги учун колдон келишинче кам коруп, алына жараша тарбия берип убакыттар билинбей ай жылга алмашып кунумдук жашоо отуп жатканда Аселдин турмушка чыга турганы бир жактан кубантса, бир жагынан жетпеген оокат кайыштырып Атыркул кызына колунан келгенин даярдап жатты. Кошогону даяр алды,сандыкка кийим-кечесин толтуруп, жууркан тошогун даярдап койду, эки мин тортунчу жылы августтун тортундо кафеге Тургун озу келип Аселди алып кетти, Чоро м.н Атыркул, синдиси Женишгул, Чоронун иниси аялы м.н беш-алты болуп кафеде болуп калды, Кундуздун кийген кийими бир баа, чачын жасалгалатып, бийил такалуу туфли, ал Атыргулдор м.н учрашып анан конокторду кабыл алып журду, Атыркулго аны сынай караганы жакпады: < Кызыма жакшы кайнене болсо болду, оз оокатым озумдо>, — деп ойлонуп отура берди, коноктор жалпы келип отуруп калганда Тургун м.н Асел колтукташа залга киргенде баары эки жашка конул бура карап калышты, Аселге аппак койнокту кийгизип алганын коргондо туугандары тургай Кундуз дагы саамга карап калды: < Ушундай жонокой уйбулодон дагы жакшынакаи кыз торолот экен да, акыл-эси дурус болду бекен>,- деп ойлонуп калды, озунун жонокой уйбулодон чыкканы оюна да келбеди ушул кезде, анткени анын жан дуйносунун баарын байлык ээлеп алган эле. Чогулуп салт-санаа м.н сойко салынды, андан кийин ирээти м.н тамак тартылып анан кызды алып кетмек болушту, Атыркул дагы оз жол-жобосу м.н кызына арналгандарын берип женесин кошуп берди, Чоронун иниси Жайлоонун аялы Мээрим м.н Аселдин синдиси Айпери бирге кетишти. Аселди уйго киргизип башына жоолук салып кошогосун тартышты, Атыркул колунан келишинче тошок жуурканды жакшысынан кымбатына карабай алган эле, жаздыктарынын баары пар жаздык, ошентсе дагы Кундуз жактырбай турду, абысындары мактап калды эле: — Ой базардан сатып ала койгон да, — деди чуйруйо. — Кундуз, базардагыны дагы колунда пулу болсо алат, — деди Чурок деген келин, — Кызынын жузу жарык болсун деп ар бир ата-эне ойлойт да. — Мейли эми, балам каалап турса айла канча, менин ойлогонум башка эле… — Балдардын бактылуу болушу учун макул болбогонго акыбыз жок, Асел деле жакшынакай кыз экен бечара. — Ошо жылтыраган онуно кызыккан да менин балам,- деп Кундуз адегенден эле келинин жактырбады. Тууган- туушкандары болуп келин келди дешип кой союлуп эт бышып бака-шака тушуп жатканда Бектурсундун иниси: — Жене ачуу басарды жонотолу,- деди. — Аа-а, унута жаздаган экенмин да, — Кундуз кериле басып сыртка чыгып кайнисин, озунун агасы, Бектемир м.н Арген учоону жонотмок болду, — Он мин сом, бул союш м.н бул коробкаларды жуктоп алгыла. — Макул жене, акчасы аз эмеспи? — Он беш мин болобу? — Ошондой болбосо болбойт, ачуу басар дегенди жакшы бергенибиз он, — деди Бектемир дагы. Ошентип Чоронун батиринин эшигине кулдук уруп ачуу басар жеткирип келишти, кун мурунтан даярдап койгондуктан аларды сыйлап кийит-кийгизип жонотушту. Батир болсо дагы эркин отуруп сый коруп ыраазы болуп кетишти. Асел озун бактылуу сезип ак жоолукту башына салып, кызгалдактай кыз курагын келин деген атка алмаштырды. Тургун экоо абдан ынтымактуу, бири-бирине болгон суйуунун ырахатында омур суруп баштады. — Асел, бактылуусунбу, жаным? — деп Тургун ар бир саатта сурай берет. — Бактылуумун, сенин жанында болуу озгочо бактылуулукка болойт. — Алтыным десе, мен окууга кеткенде зерикпейсин, мен келээрим м.н экообуз кочолоп эс алып келебиз ээ? — Макул, сени кутуп уйдо отура берем. — Апама жардам бересинби? — Жардам бербейм, — Асел Тургунду сынай карады. — Эмнеге? — Жардам бербейм, баардык ишти озум гана жасайм. — Ой жинди десе, дагы эмне дейт экен десе, — Тургун каткырып ийди. — Эмне дейт деп ойлодун эле? — Такыр иш кыла албайм деп айтат го дегем. — Анда эмне кылат элен? — Эчтеке, уйрон демекмин,- деп экоо кучакташып тошокко оонап калышты, бактылуу эки жаштын алгачкы жашоо кадамы ушинтип башталды, Кундуз келининин эрте турбай кун чыкканча жатып алганына жини келгени м.н Тургундан коркуп унчуга алчу эмес. Тургундун окуусу башталгандан тартып Аселге кыйыта айтып соз чыгарып жактырбаган мамилесин коргозмок болду. — Асел, куйоон м.н тушко чейин жата бергенинди кой, — деди бир кун, — Келин деген эрте турат, эрине чай кайнатып берет, ачка кетип ооруп калса эмне болот ыя. — Апа, кечирип коюнузчу. — Кечийип кой деп коет, мындан ары эрте тур! — деп коюп дарбазадан чыгып кетти, Асел унчукпай кала берди. Ызаланды, бирок эчтеке билгизбей уйлорду жыйнап, идиш-аякты жууп эшигин шыпырып бутуп эми отурганда Тургун келди. — Асел, зериккен жоксунбу? — деп эки бетинен обо артына бекиткен бир тал роза гулун берди, — Менин суйуктуу жарым, гулумду кабыл алып кой! — Кабыл алдым. — Журу, кочого чыгабыз, кафеден тамактаналычы. — Апам келсе эмне дейт, уйдон эле ичеличи. — Жок-жо-ок, бугун экообуз сейилдеп келебиз? — деп Тургун келинчегин которуп ала коюп спальныйга кирди, — Кийинип чыгасынбы же… — Кийинейин, — деп Асел кыткылыктап кулуп андан бошонуп кийимдер илинген болмого качып чыкты да катар илинген кийимдерди карап туруп ата-энесиникинде баштык-баштык болуп турган кийимдерин эстеди, анда дагы арзан бадагы кийимдер, бир кийген сон сапаты жоголуп саны бар сапаты жок эле, мында такыр башкача: Тургун Аселге кымбат баалуу кийимдердин ар турун алып берген, бут кийимден эле беш-алтоо турат, анан дагы устунку кийимине окшош бут кийимдер, сумкасы дагы ошондой: < Аттин, ушул турмушумду кут кылсынчы, апасы мени жеп жибермек беле>,- деп устуно ак костюм, юбка менен аппак туфлини кийип, башына ак жоолукту салынып чыкканда Тургун аны коруп: — Ох-хо, менин алтын айымым! — деп так которуп алып эшикке чыга бермек болгондо Кундуз кирип келе жаткан,- Аа-а апа, — Тургун Аселди тушуро койду. — Кайда жонодунор, балам? — Апа, Асел зеригип кетти, сейилдеп келсекпи дегенбиз. — Эми уйбуло болдунар, уй-жайга карагыла, менин ишим чачтан коп, Аселди ата-энесиникине торкулотуш керек, таятандар чакырып жатат, Арген дагы уйуно келип кеткиле деп жатат, баарына мен жетише аламбы? — деди мисирээ. — Апа, чакырса барабыз да. — Барганда баары акча, сейилдеп журо берсенер иш бутмок беле, билесинби алдыга тушкондо оной акча керектелбейт. — Апа, менин ата-энем мени акча м.н баалабайт,-деди Асел. — Кандайча, бул тируулукто дегеле акча м.н дунуйону жаман коргон пенденин коргон эмесмин,- деп ичкери кирип кетти. Тургун апасына эч нерсе дей албай туруп калды. — Тургун, эч жакка барбай эле коелучу, апама чай берейин, — деп Асел ичкери кирип чечинип кийим алмаштырып чыкканча Тургун апасына кирди. — Мен оз апамды тааныбай турам, же сизге Асел жакпадыбы? — Озун билген сон жаккан- жакпаганын сурап эмне кыласын? — Тушунбодум, апа. — Болуптур, жашоо озунордуку, суйуу тамак аш болуп бербейт,ал жон гана азгырык, адам жашоодо жанылбоого аракет кылыш керек, жанылган сон ондоо кыйын. — Апа, мен сени келинине мындай мамиле кылат деп куткон эмесмин, мындай болсо биз болунуп жашайбыз! -деп Тургун чыгып ашканада тамак даярдай баштаган Аселге келди. — Апама таарынба, Асел, анча-мынчасын которуп кой. — Тургун, апама эч капа болбойм, алардын айтканы бизге акыл гана. — Алтышка, таарынбачы ээ? — деп анын жаагынан ооп жатканда Кундуз кирип келе жаткан. — Силер уялбай калгансынарбы? — деди ызырына. — Кечир, апа,- Тургун чыгып кетти. — Аял деген эркекти тыят, журу десе кете береби, кылган ишин жок керээли кечке уктайсын, эрин келсе кыншылап калат экенсин, улууну сыйлаганды уйроткон эмеспи апан? — Уйроткон, апам абдан акылдуу аял, анча-мынчаны кормоксонго салып коет, анткени апамдын жаштыгы абдан жакшы откон экен, апа,- деп койду Асел,- Башынан суйууну откоргондор айтырбай тушунот экен. — Сен мени м.н алым-сабак айтышкын келеби? — Жок апа, сизге эле суйлосом тилиме тибиртке чыксын, чындыкты айтканым эле болбосо… — Суйуу деп, суйуу деген козго корунбогон азгырык ишенген эмесмин,- деп кайра чыгып кетмек болгондо: — Чай даяр, чай ичиниз, апа,- деди Асел. — Иче бергиле, мен таятандардыкына барып эртен келем, — деди да чыгып кетип баратып, — Турсун м.н Туйгун ачка болуп калбасын, жакшылап карагыла, — деп коюп басып кетти. — Макул, апа,- деп Асел кала берди. — Апам кайда кетти? — деп Тургун кирди. — Таятамдыкына барам деди го? — Эмнеге? — Билбейм. — Мейли, ишин бутуро берсин, — деп Тургун келинчегинин кайнап жаткан тамагын моюн созо карап койду,- Бышайын дедиби? — Азыр, камырын салам. — Анда бышыптыр да, апам настроениени тушурду да. — Ошого элеби Тургун, ата-эне айтпаса бала чектен чыгып кетпейби? — Сен капа болуп калдынбы дейм да. — Мен капа болбойм, апамдын созу мага сабак болот,- деп Асел кулуп койду. — Алтышка, ушундай акылдуу келинчекке туш болгонума ыраазымын, — деп дагы кучактап опмок болгондо Туйгун кирип келди. — Апам уйдо жокпу? — деди ал эдирендей. — Таятамдыкына кетти. — Мени ала кетпейт беле? — Озун тентип кайда журдун? — Балдар м.н… — Уйдон чыкпагыла дебедим беле, Турсун кайда кеткен? — Ал кызы м.н журот да. — Эмитен элеби? — Ал эмес мен деле чонойдум го, — Туйгун агасына жылмая карап койду, — Он биринчи класста окуп жатам. — Ой-оой, мен жон эле жургон экенмин да,- Тургун каткырып ийди, — Кой, карын ачты, курулдатпай бирдеме куялы,- деп устолго отурду. — Ал бала канчага чыгат? — Менден эки жаш кичуу, бул андан уч жаш кичуу. — Удаа эле турбайсынарбы? — Ооба, уч келин келсе турасынар да. — Абысындуу болгон жакшы да. Оздорунчо суйлошуп тамактанганча кун кеч кирип кетти. Турсун кирди бир убакта. — Курсак ачты, бирдеме барбы? — Ашканадан карасан,-деди Тургун, Аселди тургузбай. — Жылытып берейин. — Озу жылытып ичет. — Кой, апам укса капа болот,- дегенде Тургун унчукпай калды. Асел тамакты ысытып кайнисине берип коюп кайра болмосуно кирип кетти.-Асел озун бактылуу сезгени м.н кайненесинен заарканып турчу болду, алдынан чыга калса журогу шуу этип кетет. Кийинки айда кудасынын алдына барууга туугандарын жыйып кенешип алып элуу мин сом, беш кой бир жылкы, бир уй алып он киши бармак болду. Чоро малды кийин алабыз деп коюп он кишини кафеге тозмок болуп камынды, саатын болжоп айттырып ийген экен Кундуз. — Куанын эшик торун качан коробуз, деги кудага жыргаган экенмин,- деди абысынына, — Алдына тушуп барганда уйуно эле тозсо болбойбу? — Ай жене, азыр куда тозуу эмес куран окутканды деле кафе ресторанга тосуп калышпадыбы, заманбапка ылайыктап тосоюн деп жатса керек? — Билбейм ай Зияш, келинге дагы ичим чыкпады, — дегенде Асел угуп тим болду: < Мейли, ичин чыкпаса коро жатаарбыз, Тургун мен деп турганда мен соз кайтарбайм, тороп тушуп алсам баары меники болбогондо кимдики болмок эле, акыры вш ийесин>, — деп ойлонуп билмексен болуп койду. Кечки саат алтыларда куда тараптан он чакты киши м.н тосуп алышты, устол устундо нелер гана жок, чучук м.н казы, карталар, таттуунун кымбаттары, салаттын туру жайнайт, орун алышкандан кийин Чоро ордунан туруп: — Куш келипсиздер кудалар, эки баланын урматы учун келгениниздерге ыраазылык, — деди аста, салмактуу ун м.н. — Куда, элибизде бир соз бар, < куда болгуча кулу-бийин сураш, куда болгон сон кул да болсо сыйлаш>,- деген, анын сынары эки жаш баш кошуп минтип таанышып, сыйлашып отурабыз, эми кыз калынсыз болсо дагы каадасыз болбойт дегендей азын оолак каадасын кылып коелу, — деди Бектемир женесин карай. — Куда, уулум м.н Асел бири-бирин жактырып калып куда болуп отурабыз, биздин мандайыбыз жарыла кубанычыбыз ушул балдар, эмесе ошол кааданы ушул куданар, Тургундун атасы м.н бир тууган эжеси жасап койсун, — деп кайнежесин карады, ошол кезде Тумаркан тура калып Чорого сулоосун тебетейди кийгизип, устуно кымкап чапан жаап, Атыркулго лама пальто м.н чон жоолукту салып, калганы инилерине кийгизишип топурап жатканда Бектемир Чоронун колуна акчаны берип: — Бул арзыбаган акчаны алып коюнуз, малды качан алам десениж даяр, — деп кол алышып ордуна келди. Азыр бей-бечара м.н бардар адамдар болуп болунгон кезде < Элита> дешип ооздорун чоюштап калышат эмеспи. Бул куну негедир эки жак тен оздорун уятка калбоонун аракетин жасап алынын жетишинче сыйлашып жатышты. Ушул саатта Кундуз озунон-озу уялгандай болду, анткени коргон м.н адамдын жан дуйносун билип болбосун сезди, бир коруп эле тенсинбегени озунун пастыгына уялды, кечээ еле орто уйбулодон , айылдан жонокой уйбулосундо осконун унута тушконуно уялды: < Акылымдын пастыгынан бир жанылдым эле, эми чонтогум акчага толгонуна эсирип уулумдун суйуп алган жарына жаман коруно жаздадым> деп коп суйлобой отуруп калды. Чоро м.н Атыркул кудаларын жан-алы калбай сыйлап жатты. Узатаарда Кундузга жети мин сомдук пальто кийгизип, чон жоолук салды, Тумарканга дагы сый кийит кийгизишип бир койдун этин толук кешик кылып берип кыз-куйоосуно кымбат кийимдерди кийгизгенде ыраазы болуп Кундуз кудагыйы м.н кучакташып коштошушту. Батирине келгенде которунуп келип батирдеги коншуларын чакырып чай беришти. Андан кийин гана акчанын элуу мин экенин коргондо Чоро: — Байбиче, кызымдын бактылуу болоорун тушумдо коргомун, — деди кулмундой, — Аны арты м.н балдарын адам болот. — Ошондой эле болсунчу,атасы. — Кудалар да жаман адамдар эмес экен, кызымдын жузу жарык болуп барган жерине кем болбосун деген оюбуз ордунан чыкты. — Ооба, кудагый саал жактырбагандай болду эле, шыпылдап калыптыр го? — Кулпуна толгондурбуз байбиче, Айпери чонойгуча буттан туруп калабыз байбиче, денсоолук эле берсинчи кудай, туугандар дагы тангалып калды, колубуздан эчтеке келбестей корушту эле. — Тууган бар болсо коро албайт, жок болсо бере албайт деген ошол да, жеп-ичкенге тим эле жетип келишиптир го, кошумчасы жок жадагалса…- Мейли байбиче, катарга кошула баштаганда оздору эле жугуруп калышат,- дешип суйлошуп отурушту. Эки-уч кундон кийин жылкы м.н уйду, беш кой м.н алдырып алып мал базарга алып чыгып сатышты дагы, бутуп буто элек эки болмо уй сатып алып дароо кочуп барып алышты. Тургун озу билип апасына билгизбей уйуно жардам берип жатты, куздун куну бир айдын ичинде ремонттун бутуруп кирип алышты. Кайрадан тачкасын туртуп, Улук экоо иштеп, Атыркул дагы ишин улантты, Улуктан кийинки, Тунугу жетинчи класс, Айпери бешинчи класста окуйт, алар оздорунчо тамагын ичип, кийимдерин жууп, кечкиге тамагын жасап ата-энесин кутуп алышат, оз уйум олон тошогум дегендей батирге караганда онуп эле калышты. Айпери чоноюп калганга классташтарынан гул алып келип отургузуп болмолорду кооздогонду жакшы корот. Кечке маал Тургун м.н Асел келип калды. — Эже, сиздерде гул барбы? -деди Айпери. — Эмне кыласын? — Уйго гул остуром, кооз-кооз гулдорду отургузам, жазында эшиктин алдына гул тигем,- деп Айпери эжесине кулмундой карады. — Гулдун уругун биз таап беребиз ээ, Асел? -деди Тургун. — Ооба, базарда остурулгон гул сатылат го, даярын алып келип беребиз, жакшы карайсынбы? — Ооба, кууратпай жакшы карайм. — Болуптур,- деп кулуп калышты, — Апамдар кеч келип жатабы? — Ооба, аябай кеч келишет. — Мейли, — Асел Тургунга карады, — Бугун кетпей эле коелу ээ? — Макул, жатып кетебиз. — Апам урушпайбы? — Эмнеге урушмак эле, ал деле тушунот да, — деп алып келгендерин тамак жасап алып кутуп калышты. Адал эмгек, ак эмгек м.н жашасан акыбетин кайтат дейт эмеспи, канчалык кыйналып тапканы оздоруно жесе тамак, кийсе кийим болуп бара-бара онолуп баратышты. Жазында Тургун кирпич тушуруп уста салып койду чон уй салганга. Бул кезде Асел кош бойлуу болуп калган, алты айлык болуп Тургун ого бетер козун карап турат. Арген тез-тез каттап турат, Насыйкат м.н Асел абдан ынак, эже-синдидей мамиледе.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE