Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР
4- БӨЛҮМ

Шайымкүл менен кош айтышып, эки баланы алып кеткен Сыдык
Исмаилов менен Никонор Васильевичтер шыдыр жүрүп олтуруп эртеси чоң шашкеде Балыкчыга кирип келишти. Балдарды өздөрү менен кошо тамактандыргандан кийин, аларды кош ат чеккен арабага
олтургузушуп, жолдо жей турган азыктарын баштыкка салып колдоруна беришти. Анан арабада олтурган кишилерге табыштап, балдардын ордун оңдоштурушту. Сыдык менен Никонор балдарды
аталык мээрим менен өбүшүп, эркелетишти. Үйүнөн чыкканы көзүнө
тамчы жаш албаган Нурландын эки көзү жашка толуп турду. Эмне
болуп жатканын, дагы кайда барарын түшүнбөгөн Ракат бирде арабада олтурган бейтааныш кишилерге жал жылдап тиктесе, бирде Сыдык менен Никонорго балбылдайт. Балдарды узатып жаткан тигил эки офицер арабаны жандай басышып, балдардын колун кармап туруп мындай деди: — Нуке, бизди өкмөт башка жакка Каракол деген шаарга чакырып жатат. Силерди ушул кишилер алып барып окуй турган үйүңөргө табыштайт. Анда силерге бардыгы жакшы болот. Биз артыңардан кийин барабыз. Уктуңарбы? Кеп-сөзүңөр болсо
ушул агаларыңарга тартынбай айткыла. Бардыгын угушат, бардыгын орундатышат. Бизди кандай көрсөңөр буларды да ошондой көргүлө. Өзүңөр да бул эки агаңарды сыйлагыла, тилин алгыла.
– Биз кайда барабыз байке! — Нурлан каргылданды.
– Пишпекке.
– Энеме келип турабыз дедим эле… — Бала ыйлап жиберди.
Алар бизди сагынат го. Қайта үйдү кантип табабыз. Мен ыраак
жер экенин билген эмесмин.
— Энең менен карындашыңдан кам санаба. Жигит да ыйлайт
бекен. Ушуга карыш турган жерди ыраак дейсиң. Керек болсо мындан алыс жерге барып окууга да туура келет. Кой айланайын эси бар сен минтсең, кичинекей карындашың кантет. Қийин окуу тараганда үйүңө биз өзүбүз алып барабыз. Түшүндүңөрбү Нуке.
Жигит деген сөзгө Нурлан дердее түштү окшойт. Ал өзүн ушул
маалда чындап эле өсүп бойго жеткен жигиттей сезип кетти. Көзүнүн жашын сүртүп, күлүңдөмүш болду.
Ата-энесиндей ардактуу, жүрөктөрүнө жакын бул эки кишиден бөлүнүү Нурлан менен Ракатка жеңилге турган жок. Алар өздөрүн элсиз ээн талаа, эрме чөлдө жетелешип жалгыз калгансып сезди. Эки бир тууган үндөшпөгөн калыбында ойлуу тунжурашат.
Анда-санда гана бири-бирин жаштуу көздөрү менен телмире тиктешип коюп жүрүп келатышты. Аттар жолдун чаңын буркулдата басып, өңгүл-дөңгүл жолдо арабанын дөңгөлөктөрү секирип барып кайра түшөт. Балдар орундарынан ыргып кетүүчүдөй силкине түшүп, бири-бирин кармай калышат. Көтөрүлгөн чаңдын тозону олтургандарды тумандай каптап, каш-кирпиктерине бубактай турат.
эскирип калган Нурландын көңүлү алыска чабыттайт. Окуунун
жай-маанисин жеткире түшүнбөсө да окуган адам жаман болбосун
наристе сезиминде боолголойт. Тез
эле чоңоюп эр жеткиси келет.
Анан оюнда Никонор Васильевич менен Сыдык Исмаиловдор сыяктуу боорукер, адамкерчиликтүү, шыңкыйган келбеттүү жигит болуп
өсүүнү эңсейт. Башына
Кызыл жылдыз тагынган шапке, үстүнө ошолордукуна окшогон сургулт гимнастёрка, эки жагы тышына
чыккан булчугуй шым, бутуна кычыраган кара өтүк киет. Белине
Жылдыздуу темири бар жазы кур курчанып, ага кайыш кынга
салган тапанча байланып, жонуна беш атар асынат. Андан кийин
өзүнүн сүйкүмдүү атасын өлтүргөн басмачылардан Чоконун кунун
кууйт. Мал жетпеген учкаяк күлүктү текедей түйүлтүп, адам барбаган аска зоолорду аралайт. Душмандын жашынган жерлерин бийик зоокага чыгып дүрбү менен карайт. Душмандар дүрбү салып
жаткан Чоконун уулу Нурлан экенин таанып сай-сайга, коктудан-коктуга бытчыты түшүп качып жөнөйт. Нурлан беш атарды мээлейт. Ты-ты-р, ты-тыр-р. Тыт-ы-ыр-тыр-тыр. Таамай тийген октон басмачылар аттарынын үстүнөн оңкочук атат… Үйүнө барганда ата-
сынын өчүн кандай алганын, душманды эзели баш көтөргүс кылга-
нын айтып берет. Нурлан өзү менен бирге келген орус жолдошуна
Сыдык агасы менен Никонорго окшоп орусча сүйлөшөт. Энеси
уулуна жалынып-жалбарат. Сайкал чоң эне Нурландын орусча сүй-
лөгөнүн угуп таң калат. Өзүнүн энеси менен Токушка кошуп Сайкал
менен Бекболот чоң атасына да көйнөктөр сатып барат. Тамакты эң
эле көп кылып толтуруп салат.
Бул учурда Ракат ботосунан бөлүнгөн боз инген сыяктуу боздоп-
(какшап калган энесин, кичинекей сиңдиси жөнүндө ойлоп келаткан
болучу. Энем ушул кезде эмне кылып жатты экен. Ушул Нурлан экөө-
бүз көргөн күндү, асманды көрүп жатышабы? Қыз өздөрүнүн азык-
тары салынган баштыкты телмире тиктейт. Ал окууга барбай эле,
ушуну алып кайра үйүнө кеткиси келет. Анын жүрөгү жарылып ке-
түүчүдөй тыбырайт. Асыл энесинен түбөлүккө адашып, адам таппай
турган караңгы туңгуюкка түшүп бараткансып өпкөсү көөп, өзүнөн
өзү бакырып ыйлагысы келет. Азыр ага эч нерсенин кереги жок.
Көксөгөнү да, ойлогону да жалгыз гана эне…
Эки бала ушинтип эки башка ойго чөмүп, өздөрүнчө убараланып
келаткан кезде, кишилердин бирөө аларга бурулду:
— Э садагалар , эмне эле унчукпай тунжурайсыңар? Атыңды
унутуп калбадымбы, ким эле? Ал Нурланга карап сүйлөдү.
– Нурлан!
– Ооба, баса Нурлан эмес беле. Жакшы атың бар экен?
Эчедесиң?
– Энем он бирдесиң деген.
– Карындашыңчы?
– Сегизде.
– О-о, экөөң тең чоңоюп калган турбайсыңарбы? Окусаңар
адам болосуңар айланайындар.
– Байке! Балдар үйүндө чоң кишилер да болобу?
– Болбогондо. Анда тарбиячылар бар. Мугалимдер иштейт.
Алар силерге өз баласындай камкордук кылат, кийим-кечеңерди тамак-ашыңарды ошолор камсыз кылат.
— Бизге эне болобу ошолор? — Ракат көзүнүн кыйыгы менен
тигилерди карап, кабагын чытыды.
–Эне дебейм аларды. Өз энем
баарынан жакшы. Мен окууну бат эле окуп, үйүмө кетем.
– Кетесиңер. Түбөлүк эле балдар үйүндө калмак белеңер.
– Бул кийимдерди эмне кылабыз? — Нурлан дагы суроо берди.
– Таштайсыңар.
Ракат сүйлөп жаткан кишиге таарынгандай карады.
— Мен таштабайм. Үйгө барганда Токушума берем. — Қыз өз
үстүн бир сыйра карап алды. Анын үстүндөгү жамачылуу эски киими кызга кымбат көрүнүп кетти. Ага ардактуу энесин тийген
асыл колу бардык жеринен жаркырап көрүнүп тургансыды. Ал эмес
кичинекей синдиси Токуштун, өздөрүнөн эчак бөлүнүп, чым жазда-
нып жаткан атасы Чоконун, энеси Шайымкүлдүн жагымдуу жыты
сиңип калгандай көзүнө ушунчалык ысык учурады… Ракат балдар
үйүнө барганда үстүндөгү кийимдерин эч кимге бербестен бүт бойдон
өзу катып алууну чечти. Қийин үйүнө барганда ала кетмек болду.
Ал оюнда ушундай чечимге келди…
Күн төбөгө түшүп келгенсип ысык аптал мээ кайнатат. Мурда-
кийин мындай катуу ысыкты көрбөгөн балдар калың кийимдин
ичинде боргулданып, жаак ылдый аккан терлерин анда-санда колдон
рунун сырты менен сүртүп коюшат. Ракаттын өрүмгө жаңы келген
беш көкүлү кулундун терисинен жасалган тебетейден Чычкандын
куйругуна окшоп серейип араң чыгат. Жамачылуу кара трайке беш-
мантынын жака-бооруна жыш кадалган ар түрдүү топчулар, көк,
кызыл шуру менен мончоктор. Кыздын көйнөгү ок эле укмуштай
кооз, гүлдүү кызыл чыт жоолуктан тигилген. Шайымкүл муну өзү-
нүн сый жоолугун бузуп жасаган болучу. Бутуна кийгени экөөнүктү
тең колго жасалган майрыйган эски кийиз өтүктөр.
Нурланга атасынын эски калпагы чоң келгендиктен өөдө кылған-
га болбой кайра-кайра көзүнө түшөт. Үстүнө кийгени көөнөрүп калган тери шым, жаргак көйнөк, тизесинен келген ышкын түпкө боёлон кыска тон.
Ысыктан маалыккан жүргүнчүлөр эки жерден сууга чөмүлүштү.
Ракат менен Нурлан тигил чоң кишилерден бөлүнүп, жогорураак
барып шапшынымыш болушту. Қайра жөнөгөндө Нурландын тонун
чечтирип астына каттап салып беришти. Ал эми Ракат болсо тапта-
кыр чечинбей койду. Көңүлү бузулуп өзү эле араң турган кызды
андан ары кысташпастан өз оюна коюшту. Ушундан кийин Ракат ме-
нен Нурлан бир аз айтышып калышты.
— Ысып өлөсүң, чапаныңды чеч. Қарачы териңди. Тил албасан,
байкелер сени жаман кыз экен дешет.
Ракат оозун кыбыратты.
Чечпейм, жоголуп кетет.
Эмнеге жоголмок эле? Жинди десе.
Қарындашы агасына тилин көрсөттү.
Өзүң жинди. Шашпа, үйгө барганда энеме айтам.
Жашабагыр, энеме айтам деп коёт. Бир жылдан кийин барсаң деле ушуну унутпай жүрө бересиңби? — Нурлан тап берип койду.
Ракат эчкирип ыйлап жиберди. Чоң кишилердин жалынган сөзүн укканда анын ыйы ого бетер күчөдү. Түшкү тамакты да ичпей койду. Өпкөсү көөп чыкты. Анын көөдөнү «Эне! Эне!» деп серпилип жатты.
Жүргүнчүлөр аттарын улам чалдырып, түн катып жүрүп олту-
руп эртеси түшкө жакын Пишпекке кирип барышты. Арада балдар
үйүнүн жашыл сыр менен сырдалган бийик, эски дарбазасынын тү-
бүнө келип токтоду. Көчө тарапты караган ачык терезеден жаш аял
мойнун созуп, көөдөнүнө чейин тышка чыгара берип бир карап алды
да кайра жок болду. Ал балдар үйүнүн директору Козлова Алесандра Жигайловна болучу. Аял арабадан түшүп жаткан балдардын жанына жетээр жетпестен эле күлүндөп келатты.
— Келишиңиздер менен. Кантсе да булар бизге келген тоолук
балапандар го. — Ал балдарга назарын салды.
— Таптыңыз. Балапандарыңызды кабыл ала берсеңиз болот.
Жигиттердин бирөө ички төш чөнтөгүнөн бир барак кагазды алып
аялга сунду.
-Муну Сизге Никонор Васильевич менен Сыдык Исмаиловдор беришти.
— Билем-билем. Мен балдарды эки жумадан бери күтүп жатам.
Алар мага мурда эле айтышкан.
Арабанын айланасына өспүрүмдөр менен кичинекей балдар толуп кетти. Халат кийген аялдар да биринин артынан бири келе баштады. Директор Нурлан менен Ракатка жакындады. Жаңы кишилерден жатыркап, балдардан корунуп, бири-бирине ыкташып обочо турган эки бир тууганды аял алмак-салмак маңдайынан сылады.
Үрпөйгөн айланайындар. Ушул балдардын баары силердин
бир тууганыңар. — Аял тургандарга колун жаңсай, татарчалап чала
чарпы сүйлөдү. — Эми силердин үйүңөр ушул болот. — Ал балдар-
ды жетелей басып эки аялга бурулду. Адегенде тамактандырып,
анан мончого түшүрө тургандыгын айтты.
Ошентип Нурлан менен Ракат балдар үйүндө калды, «Жыгачтын көркү жалбырак, адамдын көркү чүпүрөк» дегендей, жуунуп-таранып өз бойлоруна өлчөгөндөй чакан тигилген жаңы кийимдерди кийген кыз менен баланын кебетелери ошол замат эле өзгөрдү.
Айтор экөө бирдей жаңы туулган айдай жаркырап чыга келди. Нур-
лан менен Ракаттын бири-бирине окшоштугу мындай турсун, күлгөндө чыга түшкөн уурттарындагы чыпалак басым чуңкурларычы.
Бир күнү балдардын ден соолугун текшерип жаткан врач эшиктин алдынан өтүп бараткан Александра Жигайловнаны өзүнө чакырып
Директор ачык турган эшиктен бөлмөгө кирип баратып труси, майкачан болгон Нурлан менен Ракат көзүнө биринчи урунду. Ошол замат
анын ою алда кайда чабыттап, жүрөгү опколжуй түштү. «Балдар
ооруп калыптыр» деп айтып жибереби деген пикир директордун көңүлүн тынчсыздандырып жиберди. Мостоюңку түшкөн аял, бир
докторго, бир балдарга алмак-салмак тигилди.
Доктор жай сүйлөдү.
— Мен жөн эле. Нурлан менен Ракатты сизге көрсөтөйүн дедим. Азыр ден соолуктары түзүк болуп калды. Билесизби, бизде ар түрдүү улуттун көптөгөн балдары бар. Аны менден мурун өзүңүз жакшы билесиз. Ал эми Нурлан менен Ракаттын мүчө түзүлүшү алардын бирөөнө да окшобойт. Қараңызчы, буттары эликтикиндей түптүз. Тим эле өгөп койгондой сулуу буттары бар экен. Менимче булар кыргыз бешикке жаткан балдар эмеспи деп ойлойм. Жатса да энеси балдардын сөөктөрүнүн туура өсүшүнө кыраакылык менен чебер камкордук кылган. Қарапайым кыргыз элинде да бала тарбиялоого укмуштай устат, чебер энелер бар экен го. — Мындай балдар кийин өсүп бойго жеткенде энесине кандай алкыш айтарын билесизби?!
Директор балдарды суктана тиктеп, айлана басты.
Туура айтасыз. Мындай балдарды өстүргөн энеге алкыш
аздык кылат.
— Александра Жигайловна! — деди врач директорго кадала
карап, — атаганат, ушул татынакай сөөктөрдү сактап, анын мындан
ары туура өсүшүнө жардам берүүчү атайын адам болсо эмне. Азыр
бизде андай мүмкүнчүлүк кайдан болсун. Ошентсе да…
Эки аял балдарды ары-бери бастырып, анан гимнастикалык
бир-эки жеңил көнүгүүлөрдү өткөргөн болушту. Ракат тим эле жаш
Чырпыктай ийилет. Белинен орой кучактап туруп, чалкалата ийе
кармаган директордун колундагы кыз чүлүктөй боло түштү. Анын
бүткүл денесиндеги сөөктөрү сөөк эмес эле кемирчектен бүткөн
дейт…
Нурлан менен Ракат балдар үйүнө келип киргенине жарым
жылдан ашык убакыт болду. Ушул арада булардын аркасынан издеп
келген Исмаилов менен Никонор Васильевичтен башка адам аттуу
болбоду. Окуу жылы капортолоп калган. Билим алууга дилгир Нур-
лан окуунун биринчи күндөрүнөн тартып эле классташтарына өзүн
көрсөтө баштады. Ал эми Ракат болсо кээде эле эптеп «орто» деген
баага илинбесе, көпчүлүк баасы жаман. Ага болгон мугалимдин
бардык аракеттери бүтүндөй текке кетип жатты. Қыздын мүнөзүн
билип, кыялын табуу, мугалимге кыйын болду. Алдап-соолап жакшы
айтса да, какус-кукус кылымыш болуп катуу айтса да ага баары
бир. Унчукпай түнөрүп башын жерге салып турганы турган. Сөз ордуна ый менен жооп берип мугалимдин төрт айласын түгөтөт.
Күндө бир маал сабактан бош убактысында мугалим кыздын
жатаканасына келет. Аны менен өзүнчө бөлмөгө кирип алып сабак
даярдоого олтурат.
— Кана, Ракат айланайын, мени карап күлүп койчу. Бол эми көпкө күтүп калдым. Сен ачылып күлмөйүнчө сабак баштабайм.
Өзүм да кетпейм, сени да кетирбейм. Кечке чейин тиктешип олтура
беребиз.
Ракат мостойгон калыбында кабагын чытып туруп мугалимге
суроо берет:
— Түн болсо деле кетирбейсизби?
— Кетирбейм. Карачы, башка балдардын баары сабактарынан
жетишет. Жакшы окушат. Ал эми сен болсон эмгиче эки сөздү
кошуп окуй албайсың. Элүүгө жете санаганды билбейсиң. — Алымбек Ракатты окууга башка жол менен үндөмөк болду.
— Окуудан тараганда сени үйүңө да кетирбейбиз.
Кыз селт эте түштү:
Нурланды дагыбы?
Эмне үчүн Нурланды? Ал жакшы окуйт да. Эгер үйүнө барууну кааласа барат. А балким пионер лагерине барып эс алар.
Ал эми сени болсо эч жакка кетирбей, ушул жерде калтырып кайра
окутабыз.
Ракат ойлонуп калды. Көздөрүнүн кычыгына толгон жаш көбөйгөндөн көбөйүп баратты.
— Мен энем менен Токушту сагындым да. — Қыздын көз жашы
чубуруп кетти. Ал оозуна кирип жаткан жашын жутуп жатканы би-
линип турду.
Алымбектин жүрөгү мыкчыла түштү. Өзүнүн алдында турган кичинекей ыманы ысык окуучусунун кебетеси мурункудан да аянычтуу болуп көрүндү. Эми ал Ракаттын бет мандайына орундугун жылдырып барып олтурду. Эңкейип барып чачынан сылап, маңдайынан сүйдү. Чөнтөгүнөн кол жоолугун алып, кыздын көз жашын аарчыды.
— Энеси менен бөбөгүн сагынган киши эле ыйлайт бекен?
Үйүнөн алыс жүргөн жалгыз сен эмесси, да айланайын. Қарачы,
өзүңө окшогон канча балдар, канча кыздар бар. Бирок, алар эч качан сенчилеп ыйлашпайт, сагынышпайт. Жакшы окуп, жакшы киши
болууну, билим алууну эңсешет. Билимдүү болсоң өзүң да, энең да,
бөбөгүң да жакшы болот. Сен аларды багасың. Жакшы-жакшы көйнөк, чапан алып бересиң. Қант, чай, момпосуй сатып барып берип
турасың.
— Нан дагыбы?
Ананчы. — Кап-кап ун алып барып берсең эле болгону. Нанды апаң каалагандай өзү жасап алат.
Ракат күлүп жиберди.
— Мен аларды кайдан алам?
– Акчага сатып аласың. Жакшы окусаң тигил өзүңдүн директор эжейин Александра Жигайловнадай болосуң. Айлык акча аласың. Анан бир апаң эмес, бир айылдуу кишини бакканга жарайсың.
Өкмөт силерди ошондой киши болсун, эне-атасын баксын деп окутуп
жатат. Сен мага түшүнүп жатасыңбы Ракат.
–Ооба.
Қыздын көңүлү ачылып, бара-бара Алымбек менен чечилип сүйлөшө баштады.
– Жакшы окусам үйгө жибересизби?
– Албетте.
– Нурланды лагерге жибербеңиз.
– Эмне үчүн?
– Энеме барабыз. Биз кетип жатканда энем экөөбүздү такыр
бөлүнбөгүлө деген… Билесизби агай, мен кантымды, момпосуюмду
жебей, баарын чогултуп энем менен Токушка ала барып берем.
– Апаң менен синдиңе белекти биз камдап беребиз. Сен аларды үйгө сактабай эле өзүң жей бергин, жарайбы?
Ракат Алымбек агайынын сөзүнө биротоло муюп калды.
– Азыр окуйбузбу?
– Окугуң келеби?
Кубанычы коюн-колтугуна батпаган кыз китептерин столко жая баштады…
— Ракат! Оң колуң канча?
– Беш.
– Сол колуңчу?
– Беш.
– Экөө биригип канча болот?
– Жети.
– Туура эмес. Жакшылап кайра саначы?
– Тогуз.
– Жок, дагы туура эмес айттың. — Мугалим таякчаларды алып
чыкты.
— Мына бул канча?
Қыз санай баштады.
– Он.
– Азамат…
– Баа коёсузбу?
– Албетте баа коём.
– Жаман деппи?
– Экөөбүз бүгүн жакшы жетишкендикке ээ болдук. Сен көңүлдөнүп окудуң. «Жакшы» деген баа коём да…
Мугалим Ракатты колунан жетелеп короого чыкканда, балдар
чуру-чуу түшүп качма топ ойноп жатышкан болучу.
Нурлан өнөгү берген топту чабууга колундагы таякты жаңыдан
эле көтөрүп шилтей бергенде, капысынан чыккан Ракаттын үнүнөн
жаздым чаап алды. Ал колундагы таякты жерге ыргытып жиберип,
Ракатты көздөй жүгүрдү. Ракат болсо үстөкө-босток «Нурлан байке!, Бай-ке-е-е» деп коңгуроодой назик үнү менен кыйкырып, аны көздөй чуркап келе жаткан болучу. Нурлан карындашын кучактай калды.
– Эмне болуп кетти?
– Мен жакшы деген баа алдым.
– Качан?
– Алымбек агай сабак даярдатты. Ошондо.
– Қалпычы десе, сабак даярдаганда баа коймок беле?
– Чын, агай ошентип айтты.
– Алдап койсо ишенип калган тура.
– Баятан бери буларды байкап обочо турган мугалим Нурлан менен Ракаттын жанына басып келди.
— Сен карындашыңды күнөөлөбө Нуке, чынын айтып жатат.
Ракат «жакшы» деген баа алды. Болгондо да мен аны журналга
койдум.
Нурлан албырып чыкты. Көздөрү балбылдап жылдыздай жанды…
Ошентип ары-бери караганча бул окуу жылы да аяктады. Бирок,
Нурлан менен Ракат үйлөрүнө кеткен жок. Башка балдар сыяктуу
эле балдар үйүндө кала беришти. Каникул аяктап, кайрадан окуу
башталды.

x x x

Уландысы бар …

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE