Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 2 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/zhetimder-2-b%d3%a9l%d2%afm/ Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР
2 — БӨЛҮМ

Жарданып турган балдарын өптү. Шайымкүл күйөөсүнүн кетээрин билип турса да ордунан козголбоду. Нурлан атасын ээрчий
басты. «Ата! Кайра качан келесиң!» Атын чылбырдан кармап, үзөнгүгө жаңыдан бут салганы бараткан Чоко токтой калды.
Атаң ушинтип эле кырсыктан тышкары болсо бир күнү тукуясыз келип калат. — Өзүнө жабыша түшкөн уулун таптак көтөрүп бооруна сыга кучактады.
— Энеңе айт Нуке, душмандын сөзүнө алданбасын, макулбу? — Нурлан башын атасынын колтугуна жөлөп өпкөлөп жиберди.
Шайымкүл аттын дүбүртүн узата тыңшап туруп, ордунан секирип турду. Жабыктын тешигинен шыкаалап туруп тоңо түштү.
«Кетти. Тынтай бийдин сөзүн эмес атын уга турган түрү жок. Укпаса кантейин. Укпаса да аман болсунчу, ырысым. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Сен мага таарынбай кет, мен да сага таарынбайын, Келиндин жүрөгү тызылдайт. Чоконун көздөрүнөн өппөй
калганын эстеп ичи эңшерилди. Мурда келгенинде балдарды калтырып коюп чокону узата басчу. Чоко аттын үстүнөн эңиле түшүп Шайыкүлдү дагы бир жолу өпчү. Колуктусунун болтогой келген кичинекей эриндери күйөөсүнүн балбылдаган коймолжун бажыракай көздөрүнө алмак-салмак кадашчу. Шайымкүл караңгы түндөн, Чоконун кеткен жагынан карегин албай тиктеп ушуну эстеди. «Қаралдым, бүгүнкү күнөөмдү кечирип кой. Сени мен жамандыкка кыйбай калайын». Көз жашын сүртүп бурулду. Эки кыз кучакташып энесинин төшөгүндө уктап жатат. Эне Тынччылыктын бешигин көтөрүп барып
жанына койду. Нурландын бош жаткан төшөгүн көрүп жүрөгү зырп этти. — Эмгиче тышта эмне кылып жүрөт үшүбөй, — деп күбүрөдү.
– Нуке! Нурлан!
–Азыр.
– Нурлан дейм!
– Азыр, эне ке!
Эботом, сенин азырың качан бүтөт, үшүп кетпедиңби?
Энеке, бери чыкчы батырак.
Шайымкүл атылган мылтыктын үнүн угуп сeлейе түштү.
Эмне болуп кетти кокуй, Нурлан. — Төшөгүн аттап-буттап эшикти көздөй жөнөдү.
— Атышып калат, энеке. Кантсе да басмачылар. Асманга бирөө үч жолу атты. Атам жолдошторун чакырып жатат го ээ, эне.
— Кокуй, кокуй жолдоштору жомуран калсын, Басмачылар жолун тосуп жатышкан экен ээ. Атан жалгыз баратканда түбүнө жетишмек болду го, катыгүн кудай. Үйгө кайдан келдиң экен, таалайы тайкы шордуум, — Атышып жаткан тарапты көздөй эки-үч саржанча атылып барып токтоду.
— А-та-а! А-та-ке-el — Нурлан үнүнүн бардыгынча кыйкырып жиберди. Энеси кармаганча болбой бет алды чуркады.
— О-о а-та-а, ата-ке-бай!
Шайымкүл шашып калды. Аркасынан чуркап Нурланга жетем деп ойлоду. Эне буту үзүлгөнчө тоң, кардын үстү менен жүгүрүп баратты.
— Ну-р-ла-а-н, ток-то-о. Экөөбүздүн колубуздан эч нерсе келбейт. Басмачылар атып салат сени. Ток-то-о. Атаң экөөң мени тозокко салбагыла. Кагылайын Нурланым!
Нурлан энесин укпай атасын көздөй жебедей сызып баратты.
— Ат-а-а-а, а-та-ке-е!
Бала секиден эңкее бергенде туура тушунан чылбырын сүйрөп топтон кошкурук атып үркүп чыккан атты көрүп токтой калды.
Атамдын кара ?аргымагына окшойт да бул салт ат, — деп ойлоду туп-туура өзүлөрүнүн үйүн көздөй учуп бараткан атты оозун ача тиктеп. Қараңгы түндү как жарып атылган октор жиптей саргыч изин калтырып Нурландын төбөсүнөн зуулдап өтүп жатты. Бала
калтаарып кардын үстүнө боюн таштады. — Ата, атакебай, деп жан-серек солкулдады. Атышуулар али басылбай кайдадыр алыска сүрүлүп, күчтүүлөрү күчсүздөрүн жерине жеткире кууп бараткансыды.
Нур-ла-ан, Нурла-а-ан, токто кагылайын, атаң кетип калды таппайсың балам,— деп үнүнүн бардыгынча жер-сууну бузуп, чачы жайылып артында келаткан энесинин караанын көргөн бала боорун жерден көтөрө албай өпкөлөп жатты. — А-та-а, ата-ке-бай!
Чоко бул кезде ак кар, көк муздун үстүндө кызыл канга боёлуп эки жолдошунун ортосунда эс-мас жаткан болучу.

x x x

Ээсин жуткан кара жолтой жаман алачык Чоконун жесири менен жетим калган кызыл чиедей балдарына паана боло албачудай алар менен кошо кара кийип, кан жуткансып үтүрөйөт.
Биттейинде биригип, турмуштун ачуу-таттуусун бир татып, андан агартып уул, кызартып кыз төрөгөн Шайымкүл бүгүн жалгыз. Ал
Чокону таарынтып чыгарган бойдон көрбөй калды. Өз арманы өзүндө болгон аялдын өзөгү өрттөнүп, жүрөгү сыздап, көз жашын көлдөтөт. «Мени тирүүлөй азап тарттырбай ала жат, Чоко» деп күйөөсүнүн арбагына күндө үч убак жалынат. Андан кечирим сурайт.
Шайымкүл күйөөсүнүн тирүүсүндө ач-жылаңач болсо да дүнүйө капар жүрүүчү эмес беле. «Атабыз аман турса ачкан курсак тоюнуп, жыртылган кийим бүтөлөр» деп өзүн өзү сооротуучу эне, бүгүн такыр башка, «Чоко болсо бир жанын карап кетти. Тирүү калган биздин күнүбүз кантип кечет кокуй…»
Күн өткен сайын Чоконун азын оолак камдап берген как-согу түгөнүп, ун-талканы азайып баратты. Чоң ичип, чоң жеп көнгөн
балдар ченге түштү. Көзүн караган оокаттын кайдан берекеси болсун. Канчалык аяп, канчалык үнөмдөмүш болгону менен казан-аягы кагырай баштады. Балдар жеп көнгөн тамагын сурашып Шайымкүлдүн шайын оодарат. «Токоч жегибиз келет. Эмне үчүн эт бышырып бербейсиң» дешет. Алар жок-барды ажыратып дегеле билбөөчүдөй.
Эне мелтирейт. Балдарынын сөзүн укпай кереңдей, эки бутун сунган калыбында үнсүз. Алты айлык Тынччылык Шайымкүлдүн
эки кабат болуп шалбыраган эмчегин соро берип, таңдайын жибите турган эч нерсе чыкпагандыгына ачуусу келгенсип, бүйлөсү менен үрпүн кырча тиштейт. Анан алсыз үнүн кыңылдатып көкүрөгүн тырмалайт…
Жаңы жасалган ысык жарманы шорулдата ууртап, шашып-бушуп ичип жаткан балдарын бир топко тиктеп туруп, Шайымкүл ыйлап жиберди. «Олда, өлүмгө жетпеген Чоко ай. Сен өлгөнчө мен өлсөм эмне». Ыйдан жүрөгү үшүгөн Нурлан менен Ракат энесине жабышышты.
– Ый-ла-ба-а. Ый-ла-ба дейм, энеке.
Э-не-ке-бай-ым, ыйлабачы эми. Басылчы. — Балдар аялдын көз жашын алакандары менен сүртүп, мойнунан кучакташты.
Эне күлүмсүрөмүш болду.
— Ыйлабайм, балдарым. Мен тим эле атаңарды эстеп жатпайымбы.
— Эне эки колтугуна жабыша түшкөн уул-кызын имере кучактап, баштарынан сылап эркелетти.
— Сен чоңоюп калбадыңбы, Нуке. Бөбөктөрүнө көз болуп тур. Бүгүн Тынччылыктын ичинен кан
аралаш ириң өтүп калыптыр. Кокус
ыйлатып койбогула. Мен тигил
жогорку Арык тукумунун айлына барып силерге бирдеме сурап келейин,
Жарайбы, балдарым.
Балдар так секирип, колдорун чапкылап жиберишти.
Кудай-кудай! Энем токоч алып келет.
Көп алып келесиңби?
— Ким билет. — Шайымкүл эмне дээрин билбей калды .
-Табылса таштайт дейсиңерби.
Табылат эле. Курут, сүзмө, эт, токоч. Ушулардын баарын,
макулбу, энеке. — Ракат энесинин
мойнунан орой кучактады.
Оп балакетиңди алайын жаман секелегим, оозуңарда бардыр…
Турмушу жеткилең, эл арасы тынч болсо калдайтып кара кийип, күндө үч убак
жоктоп, аза күтүп, жыл маалына чейин
үйдөн чыкпай ары карап олтуруучу
Шайымкүл минтип куу кекиртектин
айынан айыл кыдырып, тамак издеп
чыкты.
«Балдарымдын оозунун салусу болуп, колума бирдеме илинер бекен» деп ойлогон үмүттүү эне, куру алакан кайтарын эстесе көңүлү караңгылап, жылдызы өчө түшөт. Аял үйүнөн жаңы гана узайбергенде коңшу үйдүн кемпиринин үнү Шайымкүлдү токтотту.
Тигил кемпир оң колундагы таягына салмагын салып, өбөктөй берип, сол колун булгалап жатат. Барбай басып кетүүгө болбойт. Келин жолунан калганына өкүнгөндөй бараткан жагын бир карап алып кайра басты.
Бул эки үй эзелтен бери ирегеси бөлүнбөгөн, кадыр-көңүлү калбаган, ынтымактуу кошуналар эле.
Келини төркүнүнө аштык
үмүт этип кеткенине туура жарым ай болот. Жалгыз баласы Келинчеги кеткендин эртеси ыктыярдуу отрядга кошулуп кеткен бойдон келе элек. Кемпир-чал келин-уулунун жолун карай берип, көз майлары түгөндү. Қатык кылып, аркандап саап ичип олтурган улактуу
эчкисин улагада байлап олтуруп уурдатып жиберишти. Көчпөй-конбой олтуруп ушундай кырсык болду. Кечээ эле Чоконун балдары
нчсин деп колунда барын алардын оозуна кармап, өнтөлөөчү боорукер эненин үйү бүгүн кагырап турган кез. Тигил кишинин Шайым-
күлдү токтоткон себеби да ошол эле.
— Атаң алсырап жатат. Балдары кургур да кечигип алышты. Талканыңдын артышы болсо берип тур, балам. Кеткендер
келип калса ажеп эмес.
Шайымкүлдүн жүрөгү дир дей түштү. Тамагына бирдеме тыгыла
калгансып, оозуна сөз кирбей калды. Ал Сайкал энени саналуу тиктеген калыбында мостоюңку күлүмсүрөдү. Азыр анын өзүнөн өзү тез-тез бүлкүлдөп жаткан бакалоору болбосо, Шайымкүл катырып койгон кеп кишинин сөлөкөтүнө окшоп турду. Ушул мүнөттүк мезгил аялдын санаасын санга, оюн онго бөлдү. «Эмне кылыш керек?»
Беш баштын караганы бир желпим талкан. Буларга теңин бөлүп берсе, ар жакта эмнеси калат. Бербей эле койсочу? Жок, жок. Шайымкүл антип пейлин буза албайт. Ушул карылардан аяганда айлык азык, жылдык үнөм болмок беле. Азыр Шайым Сайкал байбичеге көрсөтүп туруп бөлүп берет.
Жок болсо кыйналбачы, балам. Сени көрбөй турат дейсиңби.
Айла кеткенден.
— Жүрүңүз, атамдан кантип аяйын. Баш аман болсо тамак табылар. Ажалыбыз ачкалыктан болсо чогуу көрөрбүз.
Аял үйүнө кирип, ала бакандын эң жогорку aчaсынa илинген боз тулупту колуна алды. Қөзүнө келе түшкөн жашты Сайкалга
байкатпаган Шайымкүл, тишинин агын чыгара күлүмүш болуп, кочушундагы талканды кемпирдин жоолугунун учуна салды…
Аял жолдо карата кемпир-чалдын өткөн турмушун, аш-тамагы кенен, жайыл дасторкон кишилер экенин ойлоп каңырыгын түтөтүп
келатып, жолду кандай басып өткөнүн да билбей калды.
Шайымкүлдүн көзүнө Ак-Коргондо батырап жаткан калың айыл сутолуңку көрүндү. Алыс-алыс чачыма конгон бирин-серин үйлөр.
Ушул сенделе баскан алсыз келин бул жердеги үйлөрдү беш колундай билүүчү. Эчен жолу келип чий чырмашып, жүн сабашып, кийиз
басышып билектери кызарып, алакандары далай кабарган.
Бетинде бармак басым темгили жок алты канат ак өргө келиндин көзүнө ээн талаада жалгыз калган бейитке окшоп көрүндү.
Бир кезде эшигинен эл кетпей, мамысынан ат кетпей күндө кыйын, күндө той өңдүү котолоп жатуучу салтанаттуу бул үй бүгүн жым-жырт. Кубалашып ойногон балдар да, божурашып тигил дөбөдө олтуруучу чалдар да көрүнбөйт. Ал эмес эртеден кечке жан тынымын албан бири бээ саап, бири суу алып, бири казан асып чуркап жүргөн кудайы момун кул менен күңдөр да жерге сиңип, абага учуп
кеткендей. Шайым күл «касиеттүү» болуштун үйүнө кирсемби, кирбесемби
дегендей эки анжы болуп кежигеси кер тартып туруп зорго аяк шилтеди. Үйдө байбиче менен токолу, Мырзакмат деген булардын
ортончу уулу үчөө гана бар экен. Килемден келиштирип жасалган эки чоң куржунду шыкай толтурушуп оозун килиттеп жатышыптыр.
Жайылган дасторкондо бышкан эт, казанга жабылган бир патнос нан турат. Коломтодогу ысык корго көмүлгөн кашкар чайнек алы-
жаны калбай шакылдап кайнап жатат.
Шайым күлдүн көзү дасторкондогу тамак-ашка сугулду. Шилекейи чубуруп, башы калчылдап, курсагынын ачып турганын эми гана сезди.
Кирген аялдын саламын жактырбаган байбиче чаары чыккан жаман көзү менен акшыя бир карап алып, жүзүн буруп кетти.
— Эне-ке! — ал жүйүртө басып коломтонун боюна олтура берип, этегин кымырып, үй ээлерине алмак-салмак карап жалжылдады.
Алардан ырайым күткөн кейипте үнү басыңкы чыкты. Эриндери диртилдей түштү.
— Эмне?!
Балдарыңызга ырайым кылыңыз. Ачкадан алсырап турушат.
Нан-паныңардын арткан-үрткөнү болсо берер деп келдим. Жакшылыгыңызды өлгөнчө унутпайын. Сообубуз тийсин.
Эриң кайда?
Басмачылар өлтүрүп кетти. — Келин ыйлап жиберди.
Көзүңө ак түшсүн. Ылайым ушинтип тентип-терип, көрүнгөндүн эшигин сагалап кала турган күнүңөр кайда. Силердей арам тамактардан келүүчү соопту кудайдан көрдүм. Сенин балдарыңа бергенди эшиктеги итке берсем, ошонун сообу тиет.
— Эне-ке-бай!..
Эненин балакетин алган сүйрөлгөн канчык, чык эшикке. Так силерге окшогондордун кесири тийип элдин уюткусу бузулду. Ылайым жакшылык бетин көрбөй калгыла. Чоконун өлгөнүн угуп көксөм сууп олтурат. Жер жүзүндөгү Чоко өңдүүлөрдүн бардыгы бүт өрттөнүп өлөр күнү кайда. Төлебайды баш кылып өңчөй берендерди кармап берген сенин ошол динден чыккан жаман эриң имиш. Көрүндө өкүргөн доңуз, тозоктун көсөөсү болор.
Аша чаппаңыз! Ансыз да өз көйнөгүм өзүмө оор болуп турат. Ким кимге жамандык кылганын бир кудай текшерип тургандыр.
Бербесеңиз бербей эле коюңуз, Жаман айтып жанымды кейитпеңиз…
Шайымкүл оттун жээгинде жаткан без, эттин калдыктарына колун сунду. Эмне үчүн ошентти экен? Же жейин дедиби, Аңгыча
Мырзакмат ордунан обдула түшүп, көсөө менен тап берди:
— Итче шимшилеген албарсты. Жогол
оттун тегерегин жойлобой.
Алар Шайымкүлдү ошентип үйдөн кууп чыгышты.
Чоконун «Бул айылга барганыңды кыскарткын. Алардан сага
жакшылык артпайт» деген сөздөрүн ойлоп келатып, кечүүгө кире бериштеги малдын туягынан ала дөңгүл тартып, бөксөрүп калган
чуңкурду жаздым басып алып, бети менен кете жаздап барып токтоду. Кечмеликтен
бир аз оолактай берип, көгү жаңы чыгып келаткан нымдуу жээкке жүйүртө басып, колун сууга узатты. Ачасы чыккан арык аңчаларынан суу сымаптай куюлуп, конушуна токтобой жерди көздөй норголойт. Ал жүзүн чайкап, муздак суудан кылт этти.
Аял булактын акактай тунук кирсиз таза агымына, түрмөктөшүп бирин-бири куушуп бараткан майда толкунуна сустая телмирди.
Каны катып, кайгыга батып бараткан армандуу келиндин муңдуу жүрөгүн ушул алтын-булактын жылаажындай шылдыр үнү канына кан, кубатына кубат кошуп жаткансып көңүлүнө жагымдуу туюлат.
Ал бирде ырдап, бирде ыйлап жаткансыйт. «Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген, күчтүү болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн». Пай-пай-пай, Ырас эле суудай таза, жердей баатыр болсок ээ,
Оо, жер-суу, тоо-ташыңдан айланайын жараткан. Сенде туулуп, сенде өсүп, сууңду
тең ичип, тузунду тең татып келатса да
адамдарындын бактысы ар башка беле. Ак падышаны тактысынан Чоко ыргыта сайгансып өлгөн немени да көрүндө тынч жаткырбайт экен го булар. Маркум күйөөсүнүн, — жаңы өкмөт баш аягын жыйып
бүткөндө жыргалды көрүп ал, — деп айткан сөзүн эстеди аял.
— Орустан коркпо, Шайымкүл. Орус эмес эле ырыс экен бул эл — деп балдарын тизесине кондуруп алып бөпөлөгөнү көз алдына тартылды. — Жаңы падышанын кулачы узун, түбөлүктүү. Буюрса балдарым бактылуу болор. Бул өкмөт мектеп ачып, бардык балдарды
бекер окутат, түшүнүп жатасыңбы Шайым. Биз ушундай бактылуу ата-эне болобуз дейсиң. Орустарча чатырлап үй салганды үйрөнө-
бүз. Ата-бабабыз көрбөгөндү көрүп, ичпегенди ичип жыргайбыз.
Элдин баары ошону айтып дүүлдөп жатат, Мен партияга өтмөк болдум. Бизге баарын түшүндүрдү. Ага элдин баарын эле ала бер-
бейт экен. Шайымкүл ишенбегендей колун шилтеп койду. «Андай чоң уюмга сени кантип эле ала койсун» Чоко аялына колун сунат. —
Келе колуңду. — Жигиттин үнү ишенимдүү чыгат. — Кантип эле калп айтайын. Чыны чын. Бирок, ошол партия деген наамды көздүн
карегиндей сакташ керек. Партия эмнени айтса, ошону кашык каның калганча орундап, ак ниеттүүлүк менен иштеш керек. Ал үчүн көп
чүлүктүн алдында, партияга өтүп жатканда ант берем. Жаңы өкмөт үчүн бардык күч-кубатымды жумшай тургандыгымды айтам. Мени партиянын катарына алгыла деп өтүнөм… — Анан дагы эмне болду
эле? Өө-х, тилегине жетпеген өмүрү кыска шордуум ай…
Аркы өйүздө суу алганы келаткан Айымжан болбогондо Шайымкүл бул жерде дагы канча убакытка олтурарын ким билет эле.
Келин Шайымкүлдү үйүнөн узатып чыкканда түш ооюн деп калган. Қолундагы бөрсөйгөн кичинекей боз баштыкка кубана караган аял Айымжандын колун кыса кармай берип, көзүнө жаш алды.
— Мени кечир, Айке! Акыркы оокатыңарды тең бөлүп бердиңер.
Теңир жалгасын силерди. Мындан ары экөөбүз көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү, ким билет.

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE