Пример HTML-страницы

Намаз, даарат тууралуу суроо жооптор

https://kyrgyzcha.site/?p=19919&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Намаз, даарат тууралуу суроо-жооптор

 

-Мен карыган кемпир багып иштеп жатам. Намаз окууга мүмкүнчүлүк аз. Бир эле маал окусам болобу?

 

-Бир кемпирди карасаң эле убактың жок болуп калса, анда сени караганга да бир адам керек болуп калат го, бир тууганым, ыя!!? Анчалык бошошпо. Намазды калтырба! Миң кемпир карасаң да, аларга абышкаларын кошуп карасаң да намазды калтырба!

 

 

-Тишке пломба койсо, гусул толук болбойбу?

 

-Гусул толук боло берет. Ал сөзгө маани бербе!

 

 

-Намаз окуганда башка эле нерселерди ойлой берем. Бул намазымды бузбайбы?

 

-Жок, берекем! Бузбайт. Шайтандын иши ошол. Сени бузсам дейт, сен ага моюн сунба.

 

 

-Жайнамазда Каабанын сүрөтү болсо, ага намаз окуу макрух болобу?

 

-Жайнамаздагы Каабанын сүрөтү намазга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Деги эле, жайнамаздагы оюу-чиймелер адамдын көңүлүн өзүнө бурбай турган болсо, алагды кылбай турган болсо жакшыраак болот. Эркектерге жибек кездемеден жайнамаз колдонууга болбойт. Жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн жайнамаздарга намаз окуу макрух. А эгерде жайнамазда башка диндегилердин диний ырым-жырымдары, же белгилери тартылган болсо, андай жайнамазда намаз окуу таптакыр жакшы эмес. Уурдалып, же тартылып алынган жайнамаздарда намаз окуган да намаздын сообун кемитет.

 

 

-Намазды кечиктирип окуу мустахаб болобу? Кечиктирсе канчалык кечиктирүү керек?

 

-Багымдатты ар дайым, жайында бешимди, асрди дайыма бир аз, күн бүркөктө шамды, куптанды түндүн үчтөн бирине чейин ар дайым кечиктирген мустахаб болоор.

 

 

-Намазды каза кылгандан көрө окубай койгон жакшыбы?

 

-Намазды окуу парз, окулбай калса, казасын окуу ваажып. Каза кылгандан көрө окубай койгон жакшы деген сөздүн өзү жаман.

 

 

-Гусулу жок адамдын колунан тамак жесе намаз кабыл болобу?

 

-Колун жууган болсо боло берет. Гусулу менен болгону жакшыраак.

 

 

-Дезодоранттын (атыр, духи) курамында спирт болсо колдонууга болобу жана ибадаттарга тиешеси кандай?

 

-Спирт кошулмасы бар атырларды колдонуунун эч зыяны жок. Ибадатка терс таасирин тийгизбейт. Азыркы учурда фатва ушул сөзгө берилет.

 

 

-Намазды окуп жүрүп таштап коюу канчалык күнөө?

 

-Арам жумуш. Кудай Таалам сактаган болсун. Кайрадан окуп баштоосу милдеттүү. Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң.

 

 

-Биз кечинде кошулуп, гусулду эрте менен ниет кылып жуунабыз. Боло береби?

 

-Боло берет. Намаздан калбагыла.

 

 

-Мечитте парз намазды жамаат окуп чыгып кетсе, кийинки кирген 3-4 адам жамаат менен окуса болобу? Суннага дал келеби?

 

-Үч шарты менен дал келет. Биринчиси, экинчи жамаат азан айтпаш керек, негизги айтылган азан жетиштүү болот. Экинчиси, биринчи жамааттын имамы окуган михрабта, экинчи жамааттын имамы турбаш керек. Үчүнчүсү, экинчи жамаатка коомат да айтпаш керек.

 

 

-Намазда оюм дүнүйөгө бурулуп кетсе кабыл болобу? Тахажудду көп калтырам. Жазасы болбойбу?

 

-Шайтан васваса кылып турбаса оокаты өтпөй калбайбы?.. Кыжаалат болбоңуз. Шайтанга моюн бербеңиз. Намазыңыз насип кылса кабыл болот.

Тахажжуд намазы милдеттүү намаз эмес, андыктан күнөөлүү болбойсуз.

 

 

-Мен намаз окугум келет. Жаттай албай жатам. Толугу менен үйрөнгүчө билбей калган жерлерин китептен карап окуса болобу?

 

-Болот….

 

 

-Насбай атканда даарат бузулабы? Орозочу?

 

-Орозо бузулат. Даарат бузулбайт. Бирок «күл» менен жакшылап оозун чайкаш керек болот. Чочконун тезегин жеген адам кантип оозун тазалаган болсо, дал ошондой.

 

 

-Аср намазын шам намазына жарым саат калганда каза деп ниет кылбай эле окуса болобу?

 

-Ооба, себеби аср намазынын убагы чыгып кете элек болот. Бирок алгачкы убагынан кечиктиргени себептүү макрух болот.

 

 

-Жихадга аттанарда кайсы намаз, кандай тартипте окулат?

 

-Атайын өзгөчө намаз бар экенинен кабарым жок. А бирок согуш учурунда намаз кандай тартипте окулунаары туураалуу маселелер айтылынат. Менин түшүнүнгүмдө сиз ал суроону сураган жоксуз. Истихаара намазы, Шүкүр намазы болуусу да мүмкүн. Кээ бир адабияттарды карап таба алган жокмун. Табарым менен кабарлашам.

 

 

-Гусул алуу учурунда сууга колун салып көрсө болобу? Жеңем айтат гусул алына турган сууга колунун учун да тийгизбеш керек деп…

 

-Ооба, туура айтат. Колду чайкагандан кийин гана салуу керек. Пайгамбарыбыз адегенде суу куюлган идишти кыңкайтып колун жууп, андан кийин колун сууга салып, суу алып жуунаар эле. Эми азыркы заманда колкашык, чөмүч, сүзгү дегенден көп неме жок.

 

 

-Боюнда бар, турмушка чыккан адам гусулду билбей туруп намаз окуган чоң күнөө экенин айтсам жаман көрүштү. Ушулардын көзүн ачып коюңузчу.

 

-Айткан болсоңуз карыздан кутулупсуз. Эркек-аял ортосунда мамиле болгондон кийин баштан аяк суу менен жакшылап жуунуу керек болот. Муну гусул деп айтабыз. Ансыз даарат жүрбөйт.

 

 

-Эрте менен уктап калып тогузда ойгонсо багымдатты окуп койсо болобу? Эмне деп окуш керек?

 

-Күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин окусаң болот. Каза намазды окууга ниет кылдым деп ниеттенесиң.

 

 

-Итти кармасан даарат бузулабы?

 

-Жок, бузулбайт. Шилекейи тийип кеткен жерди жууш керек, эгер шилекейи менен нымдалышып калган болсо. Жөн эле жыттап кеткенден эч нерсе болбойт. Иттен коркуп кетип жел чыгарса даараты бузулат.

 

 

-Намаз окуганда алдында адам уктап жатса болобу? Менин үйүм тар, багымдатты окуганда алар астымда болуп калат.

 

-Болот. Пайгамбарыбыз намаз окуганда кээде алдында адам уктап жаткан болоор эле…

 

 

-Хаажат намазын багымдаттын артынан окусам болобу? Намазды жаңы баштап аткам. Түшүнүгүм жок.

 

-Жок. Ал убакыт күн чыга турган убакытка туш келген үчүн болбойт. Күн чак түштө, батып бара жаткан мезгилде болбойт. Багымдаттын азанынын алдына салып окусаң болот.

 

 

-Намазды көздү жумуп окууга болобу? Көздү жумганда ойду жыйноого женил болот.

 

-Эгер көздү жумуп окуу сизге ыңгайлуураак болгон болсо болот. Негизи көз ачык абалда окулат.

 

 

-Багымдат менен куптанды эле окусам болобу? Бир аз болсо да күнөөлөрүм кечирилеби?

 

-Окуй бер. Кечирилет насип кылса. Көч бара-бара түзөлөт.

 

 

-Свеча колдонгондон кийин гусул алуу керекпи?

 

-Эгер свечаны колдонгон учурда, же гинеколог врач аял колу менен аялдын жыныс мүчөсүн текшерип көргөн учурда, оорулуу аял адамдын шахваты козголуп, дүүлүгүү абалына жетсе гусул ваажып болот. Эч кандай ырахаттануу албаса гусул ваажып болбойт.

 

 

-Намаз убагы жакындап калган болсо даарат кыстап калса чыдап туруп намаз окуп алса болобу?

 

-Макрух болуу менен болот.

 

 

-“Намаздан өз каалоосу менен чыгуу” дегенди түшүндүрүп бериңизчи?

 

-Даараты бузулгандыктан мажбур түрдө эмес, а балким өз ыктыяры-эрки, каалоосу менен чыгуу деген кеп.

 

 

-Бышкырганда мурундан кан аралаш чыкса даарат бузулат, каны жок чыкса бузулбайбы?

 

-Ооба, ошондой. Сен айткандай. Кан чыкпаса, жөн эле маңкасы чыкса, маа демектен булак болуп аксын, бузулбайт. Жакшылап чимкирүү керек болот…

 

 

-Жакында эле 2 операцияны башымдан өткөрдүм. Аман чыксам намаз окуйм дедим эле. Дароо эле 5 убак окушум керекпи же багымдатты эле окуп турсам болобу?

 

-Багымдатты баштай бер, калганы өзү эле келет…

 

 

-Тахажуд намазын башында канча рекет окуса, андан кем эмес окуп жүрүш керек деген туурабы?

 

-Бирдей окуп жүргөн жакшы эмеспи, анткени адам ошого көнүп калат да, кийин жеңил болуп калат. Ошого карабастан кээде ар кандай себеп менен аз же көп окуп калса зыяны тийбейт. Кудайым кабыл кылсын. Мени да тахажжуддагы дубаңызда унутпаңыз.

 

 

-Жамаат менен намаз окуу парзбы же сүннөтпү? Эгер сүннөт болсо, рүкү кылгыла рүкү кылуучулар менен бирге деген аят бар экен. Ушуну чечмелеп берсеңиз. Анан салафилер, хизбуттар деген кимдер?

 

-Тиги эки жамаат жөнүндө сиз сурабаңыз, мен айтпай эле коеюн. Ал эми жамаат менен намаз окуу сүннөт. Сиз сураган аят Бакара сүрөсүнүн 43-аяты. «Рүкү кылуучулар менен рүкү кылгыла!» дегендин биринчи мааниси: «Мусулмандар менен тирүү болсоңор бир дөбөдө, өлүү болсоңор бир чуңкурда болгула, ынтымактуу жашоо сүргүлө, мусулмандардан өзгөчөлөнбөгүлө, алар кылган ишти кылгыла!», делсе, экинчи мааниси: «Намазды жалгыз окубастан, жамаат менен окугула!», деп айтылат. Бирок ар кандай себептердин негизинде буйрук болуп келген бул аяттын мааниси милдеттүүлүктөн сүннөттүккө чейин түшүрүлгөн. Бул эми узун сабак кеп. Усуул ал фыкых илимин окугандарга муну түшүнүү жеңил болоор.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE