Пример HTML-страницы

Кордук 6 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=40631&preview=true Кызыктуу окуялар.

🌀КОРДУК

6 — БӨЛҮМ

 

 

Айжамал ошол эле күнү агасына машиненин документин тууралап берип, апасына белек-бечкегин алып берип жөнөттү. Ошол күнү ал өзүнчө кыжаалат болуп турду. Өмүрүндө аз дагы болсо байлыктын даамын татты, бирок ал турмушта карды ток, кийими бүтүн, көңүл жай болуп, өз түгөйү, бала-чакасы менен бактылуу жашоо гана адамдын бөксө жерин толтураарын сезди. «Эх жашоо, неге мен өз ырыскымды өзүм тептим, неге үй-бүлөнү сактоого кудуретим жетпеди? Өтө эле өзүм билемдик кылыпмын, жок дегенде балалуу боломбу же болбоймбу, ошону ойлогон эмес экенмин», — деп жатып алып да, туруп басып жүрүп да ойлонду, бирок ой түбүнө жете албады. Кылт этсе оюна Акылбек келе берип, кызыктай акыбалга кептелди. Анан Анипаны бөлмөсүнөн издеп таппай калды, анын ордунан бир барак кат алды: «Айжамал эже, мени кечириңиз. Мен апамды издеп кеттим, жалгыздыкка чыдай албай калдым. Анын үстүнө төрөгөн апам ошол Айнаканбы же башкабы так билип, үмүтүмдү биротоло үзүп же тилегим орундалып, бактылуулардын катарына киргим келди. Кабыл алса да, кабыл албаса да бир көрсөм деп жан дүйнөм тынч ала албай калдым, эже, мен бат эле келем. Кечирип коюңуз, эже… деп Анипа».

— Бечара кыз, жолуң болсун, — деп баракты кармап алып, аркы-терки басып жүрдү. — Ата-эне бар болсо кадырына жете албайбыз го, чиркин, жок болсо жылуу сөзүнө, мээримине зар болуп, көргүң келип көздөн учат. Неге мындай, жараткан, пендеңе ысык жаркыраган күндүн илеби да, сөөк какшаткан бороондуу аязың да жакпайт, бактылуу болуп турса бакытты башка жактан издеген пендебиз…

— Ай, ким бар? — деген сырттан үн чыкканда ойлору чачкындай босогого чыга калды.

— Келиңиз, эже, — деп кошуна аялды утурлай басты.

— Келип калдык, сенин дүкөнүң иштеп жатабы?

— Эмне керек эле?

— Деги сенде колбаса болчу беле?

— Бар, албетте.

— Ой, айланайын, ырас болбодубу, конок келмек эле, базарга жүгүрбөй сенден эле ала койоюн, — дегенде Айжамал ичкери кирип, дүкөнчөнүн ачкычын алып чыкты. Анан муздаткыч айнектин ичиндеги колбасаларды көрсөттү эле кошуна аял каалаганын алды да жөнөдү.

— Келип туруңуз.

— Ой келбей анан. Мейли, жакшы тур.

Айжамал аны карап жылмая: «Бактылуу болсо керек, телегейи тегиз, күйөөсү, балдары бар, эч нерседен камы жок», — деп ойлоп, кайрадан өз ойлору менен алектене кетти…

Абсатар менен Суусаркан Темирбектин машинасы менен шаардын четиндеги жаңыдан курулуп жаткан айыл конуштарынын бирин көздөй баратты. Айнур дагы эки баласын алып алган. Тартуу, белек-бечкекти мол алышкан, зымыраган машина асфальт бүтүп, өңгүл-дөңгүл жолго түшүп кетип баратты. Суусаркан алдынан эки кызы чыга кала тургансып эки жакты карап баратып, Абсатарга кайрылды:

— Сен Умсунайдан кечирим сурайсың, уктуңбу?

— Болуптур, апа, макул дедим го? — Абсатар күлүп калды.

— Макул дедим го деп койот, ал кандай сүйлөсө да эп, баарына чыдап көтөрөсүң. Эки кызым бирөөнүн колунда өспөсүн, уулум, кыз деген кызыл алтын, кызга эмес кызыл тырмакка зар болгондор канча, кудайым сүйүп, ушу кыздарды бергенге ыраазы болсоң.

— Ооба, туура айтасың, апа, мен дагы кеч түшүндүм.

— Мейли эми, кеч болсо дагы түшүндү…

— Апа, сен келиниңди дароо эле макул болот деп ойлоп жатасыңбы? — деди Айнур күлүп.

— Ийи, анан эмне кылмак эле?

— Болбо-ойт, ал дагы шаардын жашоосуна көнүп калды, акча кармап калган киши айылды көргүсү да келбейт.

— Анан эмне кылабыз? — Эне кызын суроолуу карады.

— Адегенде макулдашкыла, ал деген көңүлү калган аял, акеме таарынычы күчтүү, акырындап көндүрүш керек. Акем калсын, түшүндүрсүн өзү, антпесе кечээ эле кеткен келин эмес, үч жыл өттү, апа.

— Кандай болсо да келинимди алып кетсем болду.

— Мына келип калдык.

— Өздөрүнүн үйү эместир, батир болсо этияттап сүйлөгүлө, — деди Абсатар.

— Жок, аке, өздөрүнүн үйү экен.

— Да, үй алууга жетишиптирби?

— Ооба. — Машина токтогондо Айнур менен Суусаркан түшүп, үйдү көздөй басканда үчкө чыгып-чыга элек баланы көтөргөн Алтынчач көрүндү. Ал келе жаткан чоң энесин дароо тааный коюп, бери карай жүгүрдү.

— Чоң апа-а!

— Чоң апаң сенден айлансын! — деп Суусаркан небересине кулачын жая муун-жүүнү бошой алдыга жүткүндү. — Каралдым десе, аман жүрөсүңөрбү деги, көрө турган күнүм бар экен го?! — Алтынчачты кучактап калды, кичинекей Айдар чоочуркай туруп калды. Алтынчачты койо берген кары балага карады. — Бул ким, кагылайын?

— Бөбөгүм.

— Каралдым десе, — деп Суусаркан эми баланы кучактап өптү да, машинадан али түшпөй отурган Абсатарды карады. — Ой, бала, карачы, өзүңө окшоштугун, сенин кичинекейиңдеги эле сүрөтүң, каралдыларым десе, — деп эбелек-жебелек болуп кубанычы койнуна сыйбай турганда үндөрдөн улам чыга калган Үмүтай кудагыйын көрүп, бери көздөй басты. Карачач дагы жүгүрдү, бирок ал тааныбай калган, үч жашарында кеткен кыз анча билбейт эле. — Келе гой, секелегим, каралдыларым менин, — деп Суусаркан неберелерин көрүп, көз жашын тыялбай жатты.

— Келгиле, кудагый, — деп Үмүтай жете келди.

— Келдик, айланайын, кандай, жакшы жатасыңарбы?

— Кудайга шүгүр, — деп Үмүтай Айнур менен да учурашып, — үйгө киргиле, — деди.

Аңгыча Абсатар келип, кайненеси менен учурашты. Үмүтай мурункудан толуп, өңүнө чыгып, үстүнө баалуу халаттан кийип алган эле, анын баарын байкашты да ичкериге киришти. Абсатар Айдарды көтөрүп алып, эшикте калды, кантсе дагы төө көтөргүс күнөөсүн өзү билет эмеспи. Кайненесинен тайсалдап тартынып турду, Алтынчач атасынын маңдайына келип:

— Эмнеге бизге келбей койдуң? — деди бултуя.

— Кол бошобойт, кызым, анан силер таптырбай кетпедиңерби? — Кучактап чачынан сылап, чекесинен өптү. — Апаң силерди менден ала качпадыбы?

— Ыкы, апам ала качкан жок, алар таятамдан качты.

— Эмнеге?

— Ал көп ичет да.

— Каякта калды таятаң?

— Ооруканада.

— Ооруп жатабы?

— Жок, арак ичпей турган болот.

— Ким ошентип айтты?

— Апам, тайнем менен тайкемдер.

— Апаң кайда?

— Казакстанга кеткен.

— Эмнеге?

— Соода кылат, бир жумада бир барат.

— Качан келет анан?

— Эки күндөн кийин.

— Окуп жатасыңарбы, кызым?

— Ооба, үчүнчү класста окуйм.

— Азамат, менин кызым акылдуу болгон тура, жакшы окуп жатасыңбы анан?

— Алтынчач эже, тиги кишини чакырып койчу, — деп Карачач үйдөн чыкканда Алтынчач күлүп жиберди:

— Жинди, ал биздин атабыз да.

— Ооба сага, мен тааныбайм, — деп кайра кирип кетти.

— Кичинекей эмес беле, тааныбай калат да, кызым, жүрү үйгө кирели, иниңдин аты ким?

— Айдар, атаңа окшош дейт аны апам.

— Канчага чыкты? — деди дале күмөнсүгөн Абсатар.

— Эки жаш сегиз ай, экинчи июнда төрөлгөн, биринчи июнда төрөлсө белек алмак экен, экисинде төрөлүп калыптыр да, ошондо үч жаш болот.

— Садагам десе, — деген Абсатар оор улутунуп ийди.

Демек өзүмдүн уулум тура, боюнда бар экенин билбей калганымды кара, өзү дагы өчөшүп айтпай койгон экен. Мейли, эми булардан карыш бөлүнбөйм, Умсунай барбаса балдарымды алып кетем да, өмүр бою бойдок өтөм», — деген чечимге келип, тарткынчыктай үйгө кирди. Баары аны карап калышты, кирип келип эле Карачачты карай:

— Кел, кызым, келе гой, — деди колдорун жаңсай.

— Аный, барбайм, — деп Карачач таенесине жашынды.

— Бара гой, атаң да, балам. — Үмүтай ага атасы экенин түшүндүрмөк болду. — Атаң болот, кызым.

— Эмнеге ал мурун келбей жүрдү эле?

— Ал алыста жашайт да.

— Аа-а, Алтынчач эжемдин, Айдардын да атасыбы?

— Ооба, балам, баарыңардын атаңар да, бара гой, садага.

— Баргым келбейт да… — Колун оозуна салып, кылтыя карады.

— Кой антпе, атаң силер үчүн келбедиби, кызым.

— Апамачы? — дегенде баары бири-бирин карап калды.

— Баарыңар үчүн келбедикпи, кызым, кел, келе гой, садага, кел мага келчи, — деп Суусаркан өзүнө чакырды. — Үйгө алып кетейин деп келбедикпи?

— Апам жок да…

— Келгенче күтөбүз, садага, — деп Суусаркан неберелерин алмак-салмак өпкүлөп жатты. Үмүтай дасторкон жайып, чай алып келди, мешке көмүр салып, үстүнө тамак асты. Суусаркан үндөбөгөн кудагыйына карай сөз баштады. — Кудагый, сага чоң рахмат, айланайын, үйүңөргө барып таппай калдым, шаарга келгенде чоң экен, кайдан издээрибизди билбей убакыт өтүп кетти. Куда кандай, ал да шаарда деп уктук эле?

— Ал ооруканада, кудагый, балдар аны дарылатып жатат.

— Жакшы кылыпсыңар, айланайын, эми дуруспу?

— Дурус эле…

— Умсунай кайда?

— Ал жумасына бир Казакстанга каттап жатат.

— Соода кылып жаткан го?

— Ооба, кудагый, көрүп турасыз, үйдү сатып алдык, Умсунайдын тыңдыгынан эки инисин жанына алып иштеп, бутка жакшы туруп алды. Бу баласын төрөөр-төрөгүчө базарда болду, кайра эки айынан өзүм бактым, эми жаманым да чоңоюп калды.

Эки кудагый сүйлөшүп отурганда Абсатар жер карап баш көтөрө албады. «Умсунай өтө тажаал, айтканынан кайтпайт, эми ал мага балдарды да бербей, өзү да барбайм деп койсо кантем, катуу жаңылган экенмин», — деп ойлонуп отурду. Үмүтай үндөбөй кудагыйы менен күйөө балдарын сыйлап жатты. Темирбек менен Айнур кетип калды. Суусаркан менен Абсатар калып, балдары менен бабырашып отурушту. Тили так чыга элек чулдураган Айдарды Абсатар көтөрүп алып, эшикте басып жүрдү, кубанычында чек жок. «Мен акмакмын, эркек бала төрөбөйсүң деп жакшы аялдын кадырын билбей кайдагы бирөөнү алып, андан зорго кутулдум. Кызык, адамга эмне керек өзү? Турмушум ойдогудай, кучагымда жакшынакай кыздарым, койнумда акыл-эстүү аялым турса өз бактымды көтөрө албай акмак болдум. Мени кечирээр бекен Умсунай, же кайдан келсең ошол жакка кет дейби?» — деп уулун улам ууртунан өөп коюп, күүгүмдө гана үйгө кирди. Суусаркан үч-төрт күн жатып алды, Абсатар болсо үйүнүн эки жагына жардамдашып, кайнилери менен жүрдү. Жети күн дегенде Умсунай кечке маал такси менен келип калды. Ал бир жигит менен жүрүп алган, жанында ал бар эле. Эшиктин алдында турган Абсатарды көрдү да:

— Силер кете бергиле, менин күйөөм турат эшикте, — деп өзү түшүп, үйүн көздөй басты.

— Эмне, күйөөңдүн көзүнчө барсам болбойбу? — деди артынан Азамат.

— Жок, — деген бойдон токтобой келе берди. Уулу апасын көрүп:

— Апа-а! — деп талпына бой таштады.

— Күчүгүм, кел, келе гой, апаң сага эмне алып келди? — деп Умсунай канатын жая уулун көздөй келе жатты, баланы жерге түшүргөн Абсатар дагы аны көздөй басты.

— Кандай, Умсунай?

— Жакшы, кайдан жүрөсүң адашып? — Умсунай кыйгачтай аны карагысы келбей, уулун көтөрүп үйгө кирди. Кайненесин көргөндө гана бир азга селдейе туруп калды. Эки кызы эки жагынан:

— Атам келди, апа…

— Апам келди, — дешип жабышып калды.

— Кандай, кызым, таенеңерге жардам берип жатасыңарбы? — деп экөөнү өөп, Суусарканды карады. — Келгиле, апа…

— Келдим, садага, керимселдей керилген келиним бар эле дейм да, кандай садагаң болоюн, жакшы жүрөсүңбү? — деп очорула туруп келип, келинин кучактап эки бетинен өптү. — Кагылайын десе, бизди кечир, сени таппай калдык бат эле, шаарыңан ийне жоготконсуп издегениңди табыш кыйын экен.

— Өзүңүз кандайсыз, апа, оорубай-сыркабай эле жүрөсүзбү?

— Мени кудай алмак беле, балам, мына бул жамандарды сагынып жаман болдум, же табалбайм.

— Ошондой болуп калды да, апа, — деп Умсунай өз апасына кайрылды. — Апа, сумкадагыларды алып чыгыңызчы, балдарга да бирдемелерди алып келдим эле… — Үмүтай таттууларды алып чыгып, таттуу токочторду дасторконго койду. Балдары ызы-чуу болуп, талаша жеп жатышты. Абсатар ичке кирбей эшикте жүрө берди.

— Ишиң жакшыбы, айланайын, кыйналган жоксуңбу?

— Апа, кыйналышы жок жыргал болмок беле, күндөп-түндөп талаа-түздө кийимчен жатып-туруп, балдарды багып жатам.

— Айла-анайын, өзүң өжөрсүң, тыңсың да, кагылайын, Умсунай, мени кечиресиңби, садага? — деди эне эңкейе келинин жүзүнө үңүлүп.

— Жарыктык, сиздин эмнеңизди кечиргидей, кайсы күнөөңүздү айтасыз? — деп күлдү Умсунай.

— Абсатарды кечир, кагылайын, мен болсо карыдым, өз оокатыңарды өзүңөр жасап, бойтойгон балдарыңарды экөөлөп тарбиялагыла, садага, өз күнөөсүн сезген балам үйгө кире албай жүрбөйбү.

— Апа-а, мен сизге эки дүйнөдө ыраазымын, сизден кеткен күнү да эне катары сизди күнөөлөй алмак эмесмин, бирок…

— Бирок-сирогуңду кой, балам, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч деген, — Суусаркан үшкүрүнүп алды. — Мага сенден башка келин жакпасын билесиң, балам, сени өз кызымдай көрөм, кызым болсо да сенчелик болоор, Айнурдан кем көрбөсүмдү өзүң деле жакшы билесиң го?

— Билем, апа, сизге кайыр айтууга акым жок, мен деле сизди өз энемдей жакшы көрөм, — дегени менен Умсунай эмне дээрин билбей дел болуп отурду. Анын оюнда Азамат, аны менен таанышканына бир жылдай болгон, өзүнөн алты жаш кичүү. Үйлөнөм деп айтпайт, товарын ташышат, анан экөө мейманканаларга түнөп алып, иш менен алектенишет. Кыскасы убактылуу гана кумар, үч баласын ойлогондо эмне кылаарын өзү да билбей кетет. Абсатардын акыркы жолку уу сөздөрүн эстесе көргүсү жок. — Балаңыздын уу сөздөрү менин жадымдан али чыга элек, балдарды болсо талбаган эмгегим менен кор кылбай багып алам…

— Кой, каралдым, эркек эмне дебейт, түшкө эмне кирбейт дегендей, жаман эркек жата калып эшек үркүтөт деген ошо-о, балам. Жакшы аял үйдүн куту, кут бир гана түшөт, балам, сен менин үйүмө түшкөн кут элең, жоготуп аламбы деп түн уйкумду кечип көп ойлондум, садага, кечиримдүү бол.

— Мени кыстабаңыз, апа, балдарымдын ойдогудай тарбия алышы мен үчүн алдыңкы маселе, өзүмдү деле ойлонбой калдым.

— Абсатар сенден тартынып жатат, садага, эшикке чыгып сүйлөш, кагылайын, эр жигиттин айыбы жок, кайрылып үйрүн тапкан соң дейт. Жигиттин жаңылыштыгын аялдын сырттаны кечирет экен, Абсатар өз күнөөсүн сезип, эмне кылаарын билбей жатат.

— Кудагый, — деди Үмүтай эми гана, — балдар өздөрү сүйлөшүшсүн, сиз экөөбүз мындай басып келели, жашоо өздөрүнүкү, үч бала турганда кайда бармак эле, — деди кызын бир карап алып. — Мен Сагынбекке барып келейин, кудагый экөөбүз деле бир кафе-сафе дегенге кирип, эки жакты көрүп келели.

— Опе-ей, апа, сиз дагы көчөгө чыккыңыз келип калган го? — деп Умсунай күлүп калды, анан чөнтөгүнөн акча алып чыкты. — Муну алып ал, апа.

— Капырай бизде жан жок бекен, кудагый экөөбүз канча жылдан бери бир жакшы чайлаша элекпиз, кенен-кесири сүйлөшүп, бир чер жазып келели, — деди Үмүтай. — Жүрү, кудагый.

— Туура, айланайын кудагый, куданы мен дагы көрөйүн, анан ырас эле шаардын аллейине кериле бир басып келеличи, — деди Суусаркан дагы көңүлдөнө, кудагыйына ыраазы боло кийинип, ордунан туруп жөнөдү. «Ээн-эркин сүйлөшүп, чечишип алышсын, кайран гана кудагыйым» , — деп култуңдай сүйүнүп жатты.

Алар кеткенден кийин Абсатар уулун кыздарына берип, үйгө кирди да:

— Умсун, мени кечир, — деди башын жерге сала. — Ошондо неге боюңда бар экенин айткан жоксуң?

— Өткөндү козгобо, Аби, мен эми баягы оозуна заң сүйкөсө эч нерсени сезбеген Умсунай эмесмин. Мен көптү көрдүм, үч жыл айта келсе оңой, бирок жашап келсең үч жылдын ар бир күнү менин эси-көөнүмдөн кетпей турат, — деп Умсунай аны карабай туруп сүйлөй баштады. — Сен айтмакчы алкаш атамдын айынан шаарга келип алып, тырышып кышта суукка тоңуп, ысыкта күнгө күйүп, ушул үйдү алдык. Кудайга шүгүр, адамдан айтпаса дагы кудайым өзү жалгайм десе өзү билет экен, ишим жакшы жүрүп берди…

 

— Кечир, Умсун, сүйлөгөн сөздөрүм үчүн кечирим сураганым аздык кылаар, ошентсе да кечирим сурайм, тизе бүк десең бүгөйүн, балдарымдын кадыры үчүн кечир!

— Кеч болуп калды, Аби.

— Неге, жо-ок, сен андай аял эмессиң, алтыным, жүрү кыздарымды, уулумду алып базарлатып келейин, аянтка барып, балдарымды ойнотуп келеличи, — деп Абсатар дароо Умсунайдын эки тизесинен кармай көздөрүнө тигилди. — Макулбу, алтыным, ушулардын бактысы үчүн биз биригеличи, жаным, өткөн-кеткенди кечиришели…

— Жок, Аби, корогон кайран сөзүң, мен сенин изиңди кайра баспаска өзүмө-өзүм сөз берип койгомун.

— Кантип, балдарымды атасыз өстүрмөксүңбү?

— Пешенесине жазганын көрүшөт…

— Умсун, мени кечир, балдарымды менден бөлбө!

— Баарын өзүң кылгансың, кыздарды бала катары көргөн эмессиң, ошондуктан эки кызды башка аялга айырбаштагансың. Мен апамды сыйлаганымдан сага үндөгөнүм жок, анткени ал киши мен үчүн ыйык, өз энемдей камкор, жаман айтып, көңүлүмдү муздаткан эмес. Сенден бир дагы эсимде калаарлык жакшы сөзүңдү укпагамын…

— Кечир, «көсөөнүн акылы түштөн кийин» дегендей мен кеч түшүнүп, катуу өкүндүм.

— Кудайга шүгүр, дагы эки кызымдан кийин кудайым зарымды укканбы, жаман уул таап алып, кубанып отурам, эми бизди өз жайыбызга кой, балдарыңа жолугуп тур, ага каршы эмесмин.

— Умсун, балдарыбыз үчүн…

— Жок, Аби.

— Суранам.

— Болбойт.

— Эмне, сөз байлаганың барбы? — деди Абсатар кызгангандай.

— Ошондой болсо жакшы болмок, — деп Умсунай улутунуп ийди, Азаматтын бир жолу да үйлөнүп алалы дебегенине өкүнүп турду. — Анда мен сенден мурун эле кетип калмакмын, эркектердин баары сендей деп көңүлүм чаппайт.

Ушул убакта эки кызы Айдарды жетелеп кирип келишти.

— Апа, Айдар ыйлап жатат.

— Ойнобой койбодубу, — деди Карачач эдиреңдей.

— Алтынчач, үйгө кетелиби, кызым?

— Билбейм, апам билет.

— Чогуу кетебиз ээ, кызым, Карачач, келчи, кызым, мага.

— Сен менин атам болосуң да ээ?

— Ананчы, оо садагаларым десе, — деп Карачачты алдына алды эле Айдар дагы чулдурап:

— Ата ээ, ата? — деп алдына отурмак болду. Абсатар экөөнү алдына алып, кубанып жатты. — Апа, ата…

— Садага болоюндарым десе, мен жинди болдум, балдарым, таппай канча жүрдүм, же дайыныңарды билбейм.

— Ит менен издесең табат элең, — деди Умсунай.

— Из кубар итим жок да? — Абсатар дагы күлүп калды.

— Ата, сен бизди алып кетесиңби? — деди Алтынчач кубана карап.

— Ооба, кызым, эртең эрте аянтка, паркка алпарып келейинби?

— Ур-ре барабыз, апам дагы бизди алпарган да, селкинчекке түшөбүзбү, ата?

— Ооба, селкинчекке да түшүрөм, каруселге түшүрөм ээ, балдарым?

— Ооба, түшөбүз, чогуу барабызбы, апам дагы барабы?

— Сөзсүз да, апаң болуп чогуу барабыз.

— Жырга-ал, биз эми чогуу болобуз ээ, апа? — деп кыздары Умсунайды караганда ал «ооба» же «жок» дей албай тиштенип отуруп калды. «Ушуларды башка бирөө жакшы көрмөкпү, кантсе дагы өз атасы го, булардын ушул кубанычын кантип суутмак элем, ушулардын бактысы менин бактым эмеспи. Астыңа келсе атаңдын кунун кеч деген деп кайненемдин айтканы туура, балдарым үчүн кечирүүгө тийишмин» , — деген чечимге токтолду. Алтынчач менен Карачач анын оюндагысын кайдан билди, тек эртеңки көчөгө чыгып ойногонду ойлоп, кыялдана секирип сыртка чыгып кетишти.

— Садагам десе, уулумдун бар экенин билбей жүрө бергенимди кара, — деп уулун өпкүлөп отурду Абсатар.

Умсунай нес болуп отурду. Анын унчукпаганы Абсатарга майдай эле жакты, ичинен кудуңдап: «Буйруса балдарым менен бирге үйгө барып, бапырап калалы. Апакем алтын да, адамдын жакшысын билет, мен үчүн жандалбас кылган апамды Умсунай бапестеп багат. Акыл-эстүү аялдын айтканынан чыкпай кудай деп жашайын, уул десе уулум, кыз десе кызым турат, мен бактылуу ата болуп калам», — деп сүйүнүп отурду. Эки кызы кайра серең-серең эте чуркап кирип, үчөө тең аталап жанында отурган. Умсунай дүкөндөн эт-аш алып келип, тамак жасап, кечкинин камын көрүп жатканда Суусаркан менен Үмүтай келип калды.

— Ойла-анайын берекелерим, көлөкөлөрүм, чүрпөлөрүм, — деп эшиктен кирип келе жатып эле жалынып-жалбарып жатты Суусаркан эне.

— Чоң апа, бизди айылга алып кетет экен атам, — деди сүйүнчүлөй Алтынчач.

— Мен дагы барамбы? — деди Карачач.

— Барбай анан, балакетиңди алайын, силер жок үйгө отура албай калбадымбы? — деп Үмүтай экөө акырын ымдашып, иш жайында дегендей ооздорун кымтып койду. Ошентип ал күнү Умсунай олку-солку болуп, санаасы санга бөлүнүп турганда апасы каткан эттерин алып чыкты.

— Ушуну көптөн бери сүрсүтүп жүрдүм эле, кудагый, бу шаарда эт сүрсүтпөйт экен, «свежий» дешип эле алып келип жей беришет тура.

— Кайран кудагыйым, кудай берген жансың да, пейлиңден тап, айланайын, балдарыңдан сый көр.

— Айтканыңыз келсинчи, кудагый, эмки жылы балам үйлөнөм деп турат. Буйруса, атасы адам катарына кошулуп калса, биз дагы бөрүдөй болуп калабыз го? — деп Үмүтай ички сырын жашырбай төгүп отурду.

— Кудай буйруса кудам жакшы болуп калыптыр, ой тим эле сомодой созулган жигит тура, ботом, ичип жүрсө эле билинбейт экен да, — деп Суусаркан шыпшына сүйлөдү.

— Өзүн-өзү кордогон неме да, кудагый, быйыл айылдагы үйдү оңдоп-түзөп койсок душман көзүнө көрүнүп калат элек, ичип алып жүрсө бир тууганы деле адам дебей калат экен. Бар болсоң көрө албаган, жок болсоң бере албаган тууган ошол экен да, бир да бири басып келип кабар алышкан жок. Умсунай инилерине эш болуп, бизди сүйрөбөсө жүрөт элек да, эми бутка туруп калды, буйруса жүз миңдеген сом менен иштеп жатат.

— Жүз миң дейсиңби? — деди Суусаркан укпай калгандай.

— Ооба, кудагый, эми кудай эле жар болсун…

— Ко-оку-уй этият болуп жүр, садага, азыр жаман болчу эле, адамга ишенич барбы? — деп корккондой ормойду Суусаркан.

— Апа, ал жүз миң эчтеке эмес, менден көп акча айлантышат, ал азыр акча деле болбой баратпайбы? — деди күлгөн Умсунай.

— Ошентсе да сактансаң сактайм деген да кудай, — деп дагы көпкө отурушту.

Умсунай эртеси кайдадыр кетип, кеч күүгүмгө чейин жоголду. Ал Азаматка жолугуп, экөө кафеде отурушту.

— Азамат, сен экөөбүз жакшы жүрдүк, иштештик бирге, эми мен дагы өз ордумду табайын, балдарымды атасыз калтыра албайм, кыздарым чоңойду.

— Өзүң бил, Умсун, бүгүн анда коштошобузбу?

— Ооба, сага рахмат…

— Эмнеге, соодага мени үйрөттүң, өз эмгегимди берип турдуң, сага рахмат.

— Анан? — Умсунай Азаматты кылгыра карады. — Башка сөзүң жокпу?

— Эмне дейин эми, жаным, жүрү андан көрө саунага барып, бир жакшы коштошуп алалы.

— Макул, бирок күйөөм билип калсачы?

— Баары бир сенин таза жүргөнүңө ишенмек беле?

— Ишенсе да, ишенбесе да мен үчүн башкысы балдарым атасыз өспөсө болду, — деп улутунуп ийди. Өзү чынында жашы кичүү болгонуна карабай Азаматты жакшы көрөт, ушунча болуп бир жолу дагы сүйөм же үйлөнөлү деп койбогонуна ичинен ыза болду. Бирок ортодогу мамилелери, убактылуу кумар оту азгырып, экөө кафеден чыгып, саунага жөнөштү…

Ошонун эртеси эле Темирбек менен Айнур келип калышты. Бул кезде Умсунай апасына болгон акчасын каттырып, инилерине акыл-насаатын айтып, Абсатар экөө үч баласын алып, базарга чыгып кетишкен. Балдары менен кечке аянтка, андан ары парктарга барып, каруселдерге ойнотушту, Абсатар өз акчасына Умсунайга каалаган нерсеңди алып ал деди эле ал болбоду. Анын дале ички сырын биле албаган Абсатар эптеп эле үйүнө алып кеткиси келип турду. «Мейли, ич күптүсү бар да, ушунчалык макул болгонуна шүгүр, балдарым жанымда болот», — деп кубанып, кыздарына, уулуна оюнчуктарды сатып берип жатты. Кечке маал келишсе Темирбектер кетип калыптыр. Ошондон бир күндөн кийин таарынышкан жубайлар бир-бирин түшүнүшө, бир түтүн булатууга өз очокторун көздөй жөнөштү.

Суусаркан эненин кубанычында чек жок, келген күндүн эртеси эле чоң кой союп, колу-коңшусун чакырып, түлөө өткөрдү, бапыраңдап баарын чачып жатты. Ошентип жашоо өтүп жатканда айыл ичинде Айжамалдын өз машинасы менен авариядан каза болгондугу тууралуу эл кеп кылып жатканын укту. Абсатар ар кимиси ар кандай сөз кылып жатканын укту:

— Ботом Сейтаалынын кызы аябай байып кеткен имиш, анан биякка келе жатып, мүрзөнүн тушуна келгенде машинасы өзүнөн-өзү ала салып, оодарылып кеткен имиш.

— Ой, анын көзүнө баягы биринчи күйөөсү Акылбек көрүнгөн имиш, ал сен мени менен кетесиң деп, болбой жетелеп кеткен имиш.

— Оо кудай ээй, ошондой де, арбагы тирүү экен бечаранын, ойгоо турганда көзүнө көрүнсө бечара бейиште турбайбы.

— Ошондой болот бекен, Акылбек бечара абдан момун бала эле.

— Оо кокуй, анын өлгөнү да сырдуу болбоду беле?

— Ошентип уктум эле, экөө аркы дүйнөдө чогуу болот экен да эми, — дешип эле шыбырашып-шыпшынышып жатып калды. Абсатар аябай таңгалды, «Байыган дейби, ал дагы иштин көзүн тапкан экен да, демек ажалы жеткен тура, көз көрсөтүп коюу керек», — деп элди ээрчип өкүрүп барды. Талкаланган машинасы ошол жакта калганын кеп кылып жатышты. Айыл эли бир кичинекей сөздү көбүртүп-жабыртып, көбөйтүп ийээри бышык го, учуртуп эле жатып калышты. Эл менен кошо келген Абсатар катуу ойлонду: «Сенин өлгөнүңдү эч ким билбей калат, өлтүрүп койом сени, апаңдын боздогонун ошол жактан көрүп ал», — дегенин эстеп баратты. «Бирөөнүн өлүмүн тилегенче өз өмүрүңдү тиле деп ырас айткан да илгеркилер, жаткан жери жайлуу болсун», — деп үйүнө келсе апасы жок экен.

— Апам кайда кетти? — деп Умсунайдан сурады.

— Бирөө өлүптүр дейби, ошого кетти.

— Аа-а, — деп коюп, уулунун кыял-жоругуна алаксып отуруп калды. Бул үй-бүлө азыр абдан ынтымактуу, Умсунай баягы эле калыбында, балдары менен мамыр-жумур болуп жашап жаткан кези.

 

 

Уландысы бар….

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE