Пример HTML-страницы

Күтүлбөгөн нике.

https://kyrgyzcha.site/?p=35531&preview=true Кызыктуу окуялар.

КҮТҮЛБӨГӨН НИКЕ

 

Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде атамдын улуу агасынын баласы күтүүсүздөн келин алып келди. “Баламды күзүндө үйлөнтөбүз” деп жүргөн байкуш чоң апам чебелектеп, кошуна келиндерди чакырып казан астырып, чакчелекей түшүп калышты.

– Эже, эмнеге минтип шашылыш алып келди? – деген кошуна келиндин суроосуна:

– Ой билбейм, досторунун эле үйүнө кеткен, анан эле келип калды. Жок дегенде бир күн мурун айттырып койбойт да, чунак бала, — деп чоң апам нааразылана жооп кылган. Бир күнү өтүп баратып көчөдө отурган эки аялдын “ой, эмнесин айтасың, баланчанын жаңы келген келини атасын өлтүргөн неме экен” деп сүйлөшүп жаткандарын угуп калдым. Бирок бул нерсенин кыябын келтирип жеңемден аныгын сурай албай жүргөм.

Бир күнү үйүнө барсам жеңем жалгыз экен. Балалык кездерин, окуучулук күндөрүн айтып берип сүйлөшүп олтурдук. Акыры ыңгайы келгенде “ата-энеңизди сагындыңызбы?” деп сөз нугун бурдум. Дароо жүзү суз тарта түшүп “апам бар, атам каза болуп калган, аны мен өлтүрүп алгам” деп көзүнө жаш тегеренип кетти.

– Кантип? — дедим мурун эч нерсе укпагандай.

– Эми мынча болду сага баарын айтып берейин. Мен анда 11-классты жаңы гана аяктап, эки-үч күндө борборго окууга жөнөйм деп даярдык көрүп жаткам. Чач боёкту, уксус куюлган идишти столдун үстүнө койдум да сууга чыгып көчөдөгү кыздар менен сүйлөшүп туруп калдым. Атам ыраматылык көп иччү эле. Жумуштап үйгө кирген ал столдун үстүндөгү уксусту арак экен деп жутуп жиберип, ошол жерден эле кулап калыптыр. Бир убакта апамдын чаңырган үнү көчөгө даана угулду. Чуркап келаткан мени көрүп апам “доктурду чакыр” деп кыйкырды. Чымын-куюн болуп жетип барып ээрчитип келсем, атам биз келгенче эле үзүлүп кетиптир. Эмне болгонун сурасак доктур “органдарынын баарын күйгүзүп кеткен турбайбы, жаш болсо да ооруканага чейин чыдайт эле, картаң киши көтөрө албайт да” деп кетип калды. Ансыз да айласы куруп турган апам мени карап “өлүгүңдү көрөйүн, атаңдын башын жуттуң, менин сендей кызым жок, жогол!” деп, жанындагылар кой десе болбой үйдөн кубалап чыкты. Чоң көчөдө максатсыз кетип бараттым. Бир кезде эсимди жыйсам айылдын четине чыгып калган экенмин. Ыйлай берип алым кеткенгеби, башым ооруп, жаным жер тартканынан чоң жолдун жээгиндеги талдын көлөкөсүнө отура кеттим. Жолдон катуу ылдамдыкта өтүп бараткан машина бир аз узап барып токтоп, ичинен бир бала түшүп жаныма келди. Менин муңайым жүзүмдү көрүп:

– Чоң кыз, кайда бармак элең, жеткирип коёюн, — деди боор ооругандай.

Жооп бербей башымды тиземе коюп отура бердим.

– Турмушка чыктың беле?

Жок дегендей баш чайкап койдум.

– Карачы, абдан кыйналып турасың. Жүр, бекер эле жеткирем.

Жан таттуу экен, өлүп калууга дитим барбады. Ушул учурда мага баары бир болчу. Жигитим бар экенине карабай, кайда барарымдан кабарым жок ээрчип жөнөдүм. Машинедеги балдарды көргөндө алда-эмнелер оюма түшүп, жүрөгүм оозума тыгылды. Бирок кайда бара жатканыбызды сураган да, ага кызыккан да жокмун. Көрсө, достор арасында Элдардын күздө үйлөнөрү тууралуу сөз болуп калганда бир досу “азыр жолдон биринчи жолуккан кызды алсаң мен сага мынча акча берем” деп чоң суммага мелдешип кетишиптир. Анан ошонун курмандыгы мен болуп калгам. Бир азаптан куткарганы үчүн буга бир чети сүйүнсөм, кээде ичтен сызам. Кийин келгенде апам “өлөр атаң өлдү, калган өмүр жашын силерге берсин. Сени кечирдим, кызым” деп ыйламсырады.

Арадан эки айдай убакыт өттү. Өзүнүн каалоосу менен келбесе да жеңем куду мурдатан көрүп-билген жерине келгендей ар дайым кабагы ачык, чоң апамдын оюндагыдай келин болду. Баарынан да анын уй сааган учуру абдан жагат. Ал дайыма музоо менен адамдай сүйлөшүп “болду, жөн койсо баарын эле эмип койгусу бар, бизге да калсын кичине” деп бир колу менен казыкты бекем тутамдап, экинчи колундагы майышып энесинин желинине жармашкан музоонун жибин болгон күчү менен тартаар эле. Кызыгы мындай учурда жанына келип калган байкем жардамдашып койбостон каткырып күлүп тура берчү.

Көп өтпөй Элдар байкемди ооруканага жатып калды дешти. Апамдан себебин сураганымда “ээ кызым, Кудай башка салбасын, жүрөк оорусу күчөп кетиптир дейт. Келечеги кандай болот азырынча белгисиз” деп шуу үшкүрүп койгон. Мен билгенден үч жылдан бери байкемдин жүрөгү ооручу, бирок балалык аңкоо кыялымда аны этибарга албаптырмын. Андан кийин жеңемди шынаарлап чоң атамдардын үйүнө ат тезегин кургатпай бара берген адатым токтоду. Анткени алардын үйүн бир башкача суздук басып, табиятынан токтоо чоң апам биротоло кайгыдан мүңкүрөп калды. Ооруканага келген Барча чоң апамды доктурлар чакыртып алып:

– Бардык нерсени токтоолук менен кабыл алган жакшы, мындан башка беш балаңыз бар экен, ошолорго өмүр тилеңиз. Бир чындыкты айтсам айып этпеңиз, балаңыздын беш-алты күндүк гана өмүрү калды. Эртең үйүңөргө чыгарып кетсеңер болот, — дептир.

– Доктур, биз үйгө алып барганда эмне кылып дарыламак элек?

– Эми дарылаштын эч кандай кажети жок. Биз болгон күчүбүздү жумшадык, мындан аркысы колубуздан келбей калды.

– Эмнеге андай? Үч жылдан бери жакшынакай дарыланып эле жүрбөдү беле?

– Акыркы учурда жүрөккө катуу доо кеткен. Анын азабынан ушундай абал пайда болду.

Бопбоз болуп өң алеттен кеткен шордуу киши райондун борборунан келе жатып эле биздикине түшкөн экен. Ички бөлмөдө сабак даярдап отургам, босогодон кирип эле апама болгон ишти айтып-айта электе тарс жарылып, боздоп ыйлап коё берди. Мен уккан кулагыма ишенбей турган ордумда каттым. Оюмда доктурларды жек көрүп, байкемдин ушундай оор абалга кептелишине аларды күнөөлөп жаттым. Мен алардын үйүнө көп барып, анын үстүнө экөөбүз аябай ынак болгон үчүн эң жакын адамымды ажалдан коргоп калууга ар түрдүү амал ойлоп, пайдалуу акыл таап калчудай чебелектедим. Чоң апам көпкө ыйлап анан “муну келиндин кулагы чалбасын, кантер экен, шордуу” деп ачуу жашын жутуп, эрдин бек тиштеген калыбында жөнөп кетти.

 

Байкемди чыгарып келгенден кийин ал-жайын сурайын деп барып ушунчалык таң калдым. Он беш күндүн ичинде абдан арыктап, чекесиндеги бырыштары даана билинип, көзү аялуу балбылдап, араң сүйлөп калган экен. Толук сакая электе “үйгө чыгарып кетебиз” деген ата-энесин көргөндө эле окуяны туюк сезсе керек.

Ушул күндөн баштап үйдө тынч отура албадым. Кичине колум бошой калса ансыз да ичер суусу аз калган агамдын көңүлүн көтөрүп коёюн деп жөнөп калам. Бүгүн да ушинтип бара калсам эшиктин алдында эч ким жок экен. Алда эмнеден жүрөксүп, акырын үйгө кирсем ал жаткан бөлмөдөгү ачык эшиктен анын алсыз, аянычтуу үнү угулуп калды.

– Мен сени өз каалооң менен эмес, ала качып алгам, кечир, — деди.

Аңгыча жеңемдин кайгыга муунуп дирилдеген үнү чыкты:

– Кечире тургандай күнөө кылган жоксуң.

– Жок, ардагым. Менин абдан чоң айыбым бар. Ал сенин жактырган адамың бар экени менен эсептешпей ала качып кеткеним.

– Бул үчүн сага эч качан нааразы болгон жок элем го.

Жеңемдин үнүнөн анын ыйлап жатканын билдим.

– Бирок эч кимге айтпай ичке каткан сырың бар. Сүйгөн адамыңдын сен үчүн ажалынан мурда көз жумганы оорумдун күчөшүнө себеп болду.

Ушул сөздү айтып байкем катуу онтоп алды. Жеңем шашкалактап:

– Өткөн иш өттү кетти. Андан көрө эс алчы, — деди чыйралып.

Байкем аны уккусу келбегендей үнү болоор-болбос угулуп сөзүн улады.

– Ошентсе да сага рахмат, бир да жолу көңүлүмдү калтырган жоксуң. Мен сага ыраазымын. Бир гана өтүнүчүм — мени кечир.

Кудум коштошуп жаткандай сөзүнүн аягы ый, ыза-муң аралаш үзүл-кесил чыкты.

Жеңем аны аягандай чын дилинен:

– Элдар, ушинте берсең ооруң дагы күчөйт. Андан көрө келечекти ойлонолучу! — Жеңем акемдин колун алып өзүнүн курсагына койду да: — Биз балабыз үчүн кам көрүшүбүз керек, — деди эркелей унчугуп. Жеңем сөзүнүн ушул жерине келгенде анын үнүн акемдин оор онтоосу басып кетти. Мындан аркысын угууга чамам жетпей бурула жөнөдүм. Көзүмдөн мончоктогон жаш алдымдагы жолду көрсөтпөй темтеңдей араң кетип бараттым.

Уктап калган жеримден үйдөгүлөрдүн жерди жарып жиберчүдөй болгон өкүрүк-өксүгүнөн чочуп ойгондум. Баягы Элдар байкемди үйлөндү деп сүйүнчүлөп келген балдардын эки-үчөө атам менен апамды алып кеткенге келишиптир. Атам, апамдар өздөрүн жоготконунан эшикти жабууга буямасы келбеген бойдон жөнөп кетишти. Эмне окуя болгонун дароо сездим. Шабырдай шуудураган муздактык бүт дүйнөмдү каптап, ааламым аңтарылып, жеңемдин жанагы сөздөрү кулагыма жаңырып, жаздыгыма бетимди катып көпкө ыйладым.

Акемдин кыркы өткөнүнө аз убакыт болгондо эле чоң атамдардын “ашына күткүлө” деп жалынып-жалбарганына карабай жеңемди төркүндөрү алып кетип калышты. Кан жутуп отурганда минтип келининин кетип калышы аз келгенсип айылда “келини кетип калыптыр…”, “ала качып келсе, андан башка эмне кылат эле?..” деген кептер да тарады.

Бир күнү келсем чоң апам сүрөттөрдү көрүп, жыйнаштырып жаткан экен. Мага Элдар байкемдин сүрөтүн көргөзүп “карачы, балдарымдын ичинен ушул балам абдан акылдуу, боорукер эле. Кайдан жүрүп бул илдетке кабылганын билбейм. Артында туяк калбай калганына абдан өкүнөм” деп ыйлады. Мен чоң апамдын көңүлүн улаганча баягы уккан сөзүмдү айтайын деп оозумду таптап баратып кайра өзүмдү токтоттум. Күнү кечке “жеңем эмне үчүн бул жөнүндө айтпады экен. Байкем өткөндөн бери эмне болду экен?” деген ойдо жүрдүм.

Жеңемдин кеткенине жарым жылдай болгон кезде көз жарганын угуп “Элдар байкемден туяк калыптыр” деп абдан кубандым. Көрсө, жеңемдин кош бойлуу экенин апасы чоң апамдарга айттырбай койгон экен. Чоң апамдар муну укканда терисине батпай сүйүнүп, акыбалын сурап келебиз деп камданып калышты. Бирок алысыраак туугандарыбыз “ой, кайдагыны айтасыңар, ал келиниңер бул жактан кеткенден кийин эле бирөө менен жүрүп кеткен имиш, аныгын билбей эле дүрбөй бересиңерби?..” деп тыйып койду. Ошону менен жаңы жанган үмүтүнө суу себилген энемдер дымып эле калып калышты.

 

***

 

Топурак суутат деген ырас экен. Энемдердин Элдар байкемдин тагдырына баягыдай ыйлагандары басылып калды. Убакыт учуп, жеңем айылдагы аялдардын гана эмес биздин эсибизден дагы алыстап калган эле. Андан бери беш-алты жылдай убакыт болуп калса керек. Бир күнү Элдар байкемдин бейитине куран түшүрүү үчүн барган атамдар бейиттен бери карай келе жаткан тестиер бала жетелеген жаш келинге кезигишиптир. Бул кабарды угарым менен ал менин жеңем экенин дароо түшүндүм. Атамдар менен ыйбаа учурашып, наристесин чоң аталары менен тааныштырган экен. “Нике ысык болот” деген чын тура. Байкуш жеңем каалоосуз келсе дагы ак нике менен кошулган жолдошун унутпаптыр. Ошол окуядан кийин энемдер үчүн ары татаал, ары мазмундуу болуп чечилбей келе жаткан сыр ачыкка чыгып, ал турсун аларга бакыт алып келди. Элдар байкемдин жалгыз туягын жеңем бизден бөлгөн жок.

 

 

(Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE