Пример HTML-страницы

Гулго оролгон ак сүйүү 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=19618&preview=true Кызыктуу окуялар.

ГУЛГО ОРОЛГОН АК СУЙУУ

3-БОЛУМ

Эмне-е?! — деп адегенде чочуп кетти Надырбек. Саамга унчукпай туттуга: «Ушундай болоорун билгемин, эми айла жок», — деп алып, анан тобокел кыла өзүн кармады да: — Ой, алтыным десе, кудайга шүгүр, кечинде үйдө болом, сөзсүз жаныңда болом! — деди.- Күтөм сени, Надыр!- Күт, барып калам, көрүшкөнчө. — Көрүшкөнчө, — деп трубканы коюп, оор күрсүнүп алды. «Демек, балалуу болот экенбиз да, ушундай болмок. Узак жылдар бою, өмүрүм өткөнчөктү азапты өзүм тартайын, тагдырым ушундай болсо аргам канча, эч ким билбеши керек. Света кубанып калсын, жалгыз өзүм гана азаптанайын» , — деп жан-алы калбай тынчсызданып, жүрөгү түпөйүл ооруп турду. Бирок баары бир эч нерсе дей алмак эмес. «Байкушум, менден бала болот деп ойлоп жаткандыр, билинбей калат деп ойлойт да, мен акмак ага өз дартымды айтпасам кайдан билмек эле», — деп кыжаалат боло берди. Кечке ойлонуп, анан шоопурун дүкөнгө айда деди, ал таңгала карап коюп дүкөнгө айдады. Надырбек торт менен гүл сатып алып, андан тышкары да толгон-токой тамак-аш алып, кечинде кирип келди. Света дагы тамагын жасап, үстөл үстүн жайнатып аны күтүп жаткан эле.- Оо, Светочка, кандай, кубанычыңа тең ортокмун, жаным! — деп кирип келип эле далдайган мүчөсүн жая кучактап аялын бетинен өөп, гүлүн карматты. — Куттуктайм, жаным.- Рахмат. — Света ушул учурда ыйлап ийди. «Кокус билип калсачы?» — деген ой мээсин аралай чаап өткөндө жүзү кызарып чыкты.- Светка, бул эмнең экен эми, кубанычта ыйлаган болмок беле? Кел андан көрө кубаналы, кубанычты белгилейли, башыбызга баш кошулганы турса ыйлаганың болбойт, — деп ийинден ала креслого отургузуп, өзү жанына көчүк басты. — Кана жакшылап айтчы, кантип, кандайча билдиң, жаным?- Кусуп, тамак иче албай калдым, анан врачка барып көрүндүм.- Ийи анан?- Көрүп эле бир жарым айдан өтүп калыптыр деди.- Кудай берет деген ошол, берекем, — деп бекем кысып өөп койду. — Кана эмесе, бул жаңылыкты бир белгилеп коюш керек, — деп торттон кесип алдын Светага жедирип, андан кийин өзү жеди. — Бул дагы буйрук, жаным, эми бала багабыз деген санаадан арылабыз ээ?- Ооба, кудай аман койсо, — деп Света кубанып турганы менен ичтен чийки май жегендей беймаза болуп жатты. Экөө отуруп алып, импорт шарап ичип, төрөлчү бала жөнүндө кам көрүүнү сүйлөшүп бапырап калышты. Ошондон кийин Надырбек үйгө келбей калганын токтотту. Күндө үйдө, кош бойлуу аялынын жанында. Толкунбек кашкайып эч нерсе болбогондой жүрө берди. Сабагына барат, кайра келет, кээде келбей да калат, мунусу Светанын айткандарын тастыктагандай эле болду. Убакыт өтүп, ушул Гүлина төрөлдү, экөө тең ал төрөлгөндөн көзүн карап, айтканы менен болуп чоңойтуп келе жатышат… Бул 1991-жыл эле.- Биз жабабыз, турасызбы, агай, — деген официанттын үнүн эшиткенде гана оюнан адашып, башын өйдө кылды.- Аа-а, кызым, кечирип кой, — деп эсептешкенден кийин кафеден чыгып үйүнө келди. Ал кирээри менен Света тызылдай баштады:- Кайда калды кызың, эмне болду ага, аман-эсенби деги?- Аман-эсен, — деди Надырбек чечинип жатып.- Каякта калды?- Ооруканада. — Эмне-е, эмне дейсиң, кандайча ооруканада? — деп Света Надырбекти жакадан кармап силкилдетип жиберди. — Эмне болду дейм?- Баары ойдогудай, эмнеге мынча безилдейсиң, Гүлина экөөбүздүн кызыбыз эмеспи? — дегенде Света башка чапкандай эңгирей түшүп, көзүн жумуп ийди. «Оо, жараткан, бул эмне деген табышмагың эле, он сегиз жылдан бери үн дебей келип, ички бугун бүгүн чыгаргысы келип турабы?», — деп бушайман боло Надырбекти карады.- Кыздын эмне болуп калганын сурасам, сен эмне дегиң келип турат, эмне болуп ооруканага түштү деги?- Авария болду, башы-көзүн карабай аңыраңдата айдап баратып башка машинага урунуп алды, Света, бирок абалы ойдогудай.- Ошондой дебейсиңби бая эле, сен жакшы десең жакшы анда, эртең баралы. Ушу кызды телтеңдетип жаман кылдың, эмне десе алып бере саласың, барам деген жагына жибересиң. Машина десе эле алып бере коюп, мына эмне болду, көптүн балдарындай эле чоңоет эле го? — деген Света сөздү башка жакка буруп, Гүлинанын кийинки жашоосу жөнүндө тынчсызданды. — Кокус күйөөгө тийсе анысы сен экөөбүздөй кылып эркелетеби, кайда-ан? Бир күнү көгала, бир күнү жарака болуп, келип турбаса болду.- Эмне кыл дейсиң эми, жалгыз кыз болсо каалагандай өссүн дедим да, же эмне жаман болсун дептирминби? — Ошентсе дагы эби менен эркелетпей, обу жок талтаке болуп кетти. Эми бир кайдагы немени сүйөм деп калганын кантейин, анысы корсоюп муну жактырбайт да окшойт?- Жактырбай кайда барат экен, акелеп артымдан жүгүрө турган кылам шашпа, жумушунан айдатып, эч жерге жумушка алдырбай койсом эле Гүкүнүмдүн бутунан өөп жүгүрөт, — деп керсейип койду Надырбек.- Эмне ал бечараны сатып аласыңарбы кызың экөөң, жалгыз энеси бар экен, аны багышы керек да.- Болду, кемпир, алым-сабак айтышканча түн кирип кетти, эс алалы, эртең Гүкүнгө эртерээк барбасак болбойт, — деди Надырбек. Света мазасын алган сезимдерин ичине катып, унчуга албай зорго отурду. Оюна койсо түн болсо да жетип барып, кызын көргүсү келген, аргасыз дагы бир сөз чыгып кетеби деп тилин тишине ката тим болду.- Бирдеме ичесиңби?- Жүрөккө барбайт.- Анда мейли, — деген Света жарыкты өчүрдү да, жатып калды. Экөөнөн тең сөз чыкпай уйкуга киришти. Света ушул учурда Толкунбекти эстеди, ал эчак үйлөнүп, үч-төрт балалуу болуп калган. Эки жыл окуп эле таштап салып, эл соодага өткөндө мал алып сатуу менен алектенип кеткен. Азыр да кээ-кээде келип калат, бирок ашыкча үн-сөзү жок, Гүлинаны карап-карап тим болот. Байкеси баягыдай эки жакка чыкпайт, өзү деле жаштык кылганына кээде өкүнсө Надырбектин кийин балалуу болбогонун ойлоп: «Эгер менден боюна болтуруп, төрөп албаганда ошол бойдон балалуу болбой калышмак окшойт, байкемдин бир мандеми бар көрүнөт», — деп калат ичинен. Гүлинанын кырдач муруну, кээ бир кыял-жоругу гана Толкунбекке окшошуп кетпесе көбүнэсе Светага окшош. Улам ойгоно берип, тыңгылыктуу уктай албаган Света эрте туруп, тамак жасады, анан кызы жактырган алма-алмуруттан алды да, Надырбекти ойготту. Ал керилип-чоюлуп туруп, жуунуп келгенден кийин чай ичишти. Тамак-ашын алып алган Света Надырбектин жанына отуруп, ооруканага жөнөштү. Алар келсе Гүлина ойгоо экен.- Кызы-ым, садагаң болоюнум, деги амансыңбы, каралдым? — деп Света баса калып өпкүлөп жатты.- Кандай, кызым, акыбал дуруспу? — деди андан кийин Надырбек келип чекесинен өөп.- Жакшы, ата, мен жакшы элемин, чыгарып кетчи, — деди Гүлина тултуңдай.- Кой, кызым, карачы чекеңди, катуу тийген экен, кудай кана сактаптыр да, карангүн, кудай сактаптыр, — деп Света жарааттарын көрүп өзүнчө эле карбаластап атты. Надырбек унчукпай карап отурат, Гүлина болсо экөө бирдей үйрүлө түшкөнгө адатынча эркелеп, кетем деп туруп алды.- Кызым, өз абалыңа карасаң боло, сен биерге ойноп келген жоксуң, эки-үч күн жат, жакшылап текшеришсин. Эми сен бойго жетип калбадыңбы, апаңды деле кыйнай бербей, — деди Надырбек.- Өлсө өлөм да, эмнеге эле мени мынча карайсыңар, дарыланбайм, врачка айтып чыгарып кеткилечи! — деп бакырды эле, жанында жаткан эки келин жылып-жылып чыгып кетишти. — Чыгарбасаңар качып кетем, талаага барып өлөм, Элмурат мени сүйбөсө мен жашабайм! — деди дагы палатаны жаңырта чаңырып.- Секин эми, уккан-көргөн эмне дейт, кызым, уят эмеспи? — деди Надырбек керебеттин кырына отура калып. — Бой жеттиң, кызым, Элмуратка эртең өзүм барып сүйлөшөм, макулбу?- Чын элеби, ата? — Гүлина кубанып жадырай карады.- Качан калп айтчу элем? — Болтогой бетинен чымчып койду.- Мени алдайм дебе, ата, эгер калп айтып алдасаң мен ээн талаага барып өлүгүмдү таптырбай кетем!- Кантет, акылы жокторчо, антип айтпа, кызым, адамдын оозунда болсо Алланын кулагында болот имиш, ойносоң да ойлоп сүйлөчү, кызым, — деп Света үрпөңдөп коркуп кетти.- Мен уктайм, бара бергиле, — деп ата-энесине кайырлашпай эле ары карап жатып алды. Анын көңүлүн жубатыш үчүн айланчыктап экөө бир топко отурушуп, кызы такыр сүйлөбөй койгондо шылкыя палатадан чыгышты. Надырбек Светаны үйгө жеткирди да, Элмурат иштеген фирмага келди. Дал түштөнүү маалы болуп калган. Элмурат чыгып келатып эле Гүлинанын атасын көрүп, байкамаксанга салып өтүп кетмек болгондо:- Уулум, бир мүнөткө, — деди Надырбек. Элмурат аны таанымаксан боло кайрылып келип, эми тааныгандай түр көрсөттү.- Саламатсызбы, сизди байкабай эле…- Отур машинага! — Эмнеге?- Отур, анан билесиң.- Аксакал, мен жумуштамын да.- Жумуштан кууп ийсе мен иш таап берем, көп сүйлөбөй отур! — дегенде Элмурат машинага отурду, Надырбек унчукпай айдап кете берди. Бир кезде:- Гүлинага үйлөнөсүңбү же жокпу? — деди үнүн өктөм чыгара.- Аксакал, азыр менде шарт жок, анын үстүнө биздин ортобузда андай сөз болгон эмес…- Орто-сортоңду урдум, үйлөнөсүңбү, жокпу?- Жок, аксакал, мен жалгыз кемпирдин жалгыз баласымын. Азыр үйлөнө албайм.Надырбек үндөгөн жок, унчукпай айдап кете берип, шаардын ээн жак четине алып чыгып, унаасын токтотту да:- Түш жерге! — деди. Элмурат түшүп, андан коркуп тургандай кебетелене четтей туруп калды. — Жашоо керекпи сага? — Надырбек көзүн чакырайта караганда жигиттин жүрөгү шуу этип алды.- Ооба, — деп нымтырады Элмурат.- Анда Гүлинага үйлөнөсүң! — Аксакал…- Болду, эгер буйтап кетем десең өз убалың өзүңө! — деген Надырбек кайрадан буйрук берди. — Отур!- Кайда?- Бара көрөсүң, — Чоң жол менен ызылдата катуу айдап келип, республикалык оорукананын алдына токтошту. Элмуратты ээрчитип Гүлина жаткан палатага киргенде кызы тура калды:- Элмурат!- Сага эмне болду? — деп сурады жанына келген Элмурат. Надырбек болсо байкатпай кайра чыгып кеткен. Жанында жаткан аялдар сыртта жүргөн эле.- Көрүп турбайсыңбы? — деди бултуңдай Гүлина, — Машинадан авария болдум, сен мага үйлөнбөй турган болсоң баары бир өзүмдү өлтүрөм.- Жинди болдуңбу, сен экөөбүз жөн гана таанышпыз го, сүйөм деп качан айттым, сен баланын ишин кылба, Гүлина!

Айтканымдан кайтпайм, — Тескери карап жатып алды.- Өзүңдү-өзүң өлтүрө бер, менин сага үйлөнө турган шартым жок, акылыңа кел да, үйлөнчү эркекти башка жактан изде! — деп чоң-чоң аттап босогого жеткенде Гүлина катуу чаңырып жиберди.- Элмура-ат! — Эмне деген жинди кызсың, мен сени менен өмүр бою кыйналып жүргүм келбейт, — деди кайра жанына жетип келген Элмурат. — Деги сенин эс-акылың ордундабы?- Ордунда эле, мен сени сүйөм. — Гүлина ыйлап турду. — Мен сени сүйөм, Элмурат, сүйөм сени!- Кыз киши кантип сендей болсун, эсиңди жый дагы ата-энеңди аяп, башкага турмушка чык! — деп анын ыйлаганына карабай Элмурат палатадан чыгып кетти. Каалганын артында турган Надырбектин кызына боору ооруп, ушул азыр Элмуратты тытып жеп ийгиси келди. Ошол убакта эшиктен кирип келаткан эки аял аны аңырая карап коюп кирип кетишкен. Көп өтпөй эле кыйкырып калышты. Чочуп кеткен Надырбек кирип келсе Гүлина өзүнө укол куйган ийненин учу менен кол тамырын мыкаачылык менен кескилеп, жырткычтан бетер жыртып жаткан экен. Бакырыкка чуркап келген медайым анын колундагы ийнени жулуп алып, канаган жерин бинт менен байлады. Гүлина да, Надырбек дагы унчуккан жок, болгону Гүлина үнсүз ыйлап жатты.- Ата, сенин колуңдан баары келет, бир гана Элмуратты баш ийдириш келбедиби, мен ансыз жашабайм, ата, аны кайтарууга жардам берчи мага! — Өпкө-өпкөсүнө батпай соолуктай берди.- Кызым, болгон аракетимди жумшайм, эртең жалынып келе турган кыламын, кам санаба, — деген Надырбек каңырыгы түтөй палатадан чыгып, врачтын кабинетине кирди. Врач жок экен, оорулуулар менен жүрсө керек, медайымга дайындап коюп кетти. Өзүнүн кабинетине келип Элмурат иштеген ишкананын телефон номурун тапты. Бир кезде фирманын президенти алып:- Алло, угуп жатам, — деди.- Керим Узакбаевич бекен?- Ооба-ооба, мен ким менен сүйлөшүп жатам?- Мен Надырбек Бекешковичмин, сенде аз-маз жумуштар бар эле…- Оо, Надырбек Бекешович, кандайсыз, ден-соолуктарыңыз жакшыбы?- Жакшы-жакшы, — деди Надырбек креслосуна чалкалай отуруп алып. — Сенде Элмурат деген жигит иштейт экен, ошону жумуштан бошотуп кой…- Эмнеге, Надырбек Бекешович?- Айтканды аткара бер да, Керим, аны мага жөнөт, кийин угасың, — деп карсылдай күлдү.- Жарайт, Надырбек Бекешович, менин эң жакшы менеджерим эле да, макул эми сиздин бир сөзүңүз, — деди шыпылдай Керим Узакбаевич. — Макул анда, Керим, бир күнү чайлашаарбыз. — Жок-жок, мен сизди чайга чакырсам болот эле.- Көрүшкөнчө, — деп Надырбек трубканы койду. Ошол эле күнү Элмурат кечке жуук жумушунан чыгып, үйүнө жөнөдү. Анткени аны президенттин жардамчысы жумушунан чыгарып: «Надырбек Бекешовичке жолук, балким ал башка жумуш таап берээр», — деген болчу. Ошондуктан ал үйүнө зээни кейип кетип баратып, күңгүрөнө сөгүнүп да алды. Гүлинага жини келип: «Энеңди урайын десе, анын жинди кызын алып, өмүр бою кыйналып жүргүдөй алым жок. Өлсөм да өзүмчө оокат кылам, базардан эле жумуш издейм», — деп аялдамага келди. Аны камалап жүргөн машина ал түшкөн маршрутканы ээрчип кете берди. Артынан калбай жүрүп отуруп, ал түшкөндө байкатпай алдыга өттү, кайра артта калып, анын кайсы үйгө киргенин көрүп, анан артка кайтты. Элмураттын сабыры суз, кабагы салыңкы келгенин көргөн Дарийка:- Балам, сага эмне болду? — деди дасторконун жайып жатып.- Жумуштан чыктым, апа.- Эмнеге?- Бир чириген байдын кызынын азабынан.- Эмне дейт ал?- Жөн эле, апа, башка жумуш табам, кабатыр болбоңуз.- Мейли, уулум, өзүң да капаланба. — Эне-бала ошентип сүйлөшүп, чай ичип отурушканда Элмурат капысынан:- Апа, үйлөнсөм болобу? — деди.- Эмне дейсиң, балам? — Эне уулун жаңы көрүп тургандай таңгала карап калды. Үйлөнөм дегенине бир эсе кубанып кеткен эле.- Үйлөнөйүнбү? — Элмурат апасын күлө карады.- Эмнеге болбосун, уулум, үйлөнсөң болот эле, бирок чамабыз чак, садага…- Эчтеке болбойт.- Өзүң бил, үйлөнсөң кийит-кече керек дегендей, жыргаар эчтекем жок, жеңетай той дегени болот, аларды кантебиз?

Табылат, апа, үйдү актап, тазалайын ээ? — деди Элмурат, ал Гүлинага үйлөнүп, анын атасынын аркасы менен эптеп максатына жетмек болгон. «Мен жабышкан жокмун, өзүнөн көрсүн, эми бирдеке десе үйгө алып келип көрсөтөмүн. Болсо болду, болбосо экинчи тынчымды албай турган болот», — деди оюнда, бир чети ага өчөшүп да турган эле. Эртеси таң атпай эшигинин алдына машина токтоп, кара көз айнекчен жигит Надырбек Бекешовичтин чакырганын айтып, шашылыш алып кетти. Гүлина үйүндө экен, Элмуратты көрүп эле:- Элмурат, чын эле үйлөнүүгө макул болдуңбу? — деди жанына жүгүрүп келип.- Гүлина, эсиң менен болчу, — деди Элмурат акырын аны тыя.- Ата-а! — деп Гүлина сүйүнө секирип-секирип, бакырып алды.- Эмне болду сага, акылың жайындабы? Менин үйүмө барып, апамдын чайын кайнатып, кирин жууйсуңбу анан? — деди дагы Элмурат шыбырай.- Ооба, баарын жасайм, сени менен бирге болсом болду.- Анда макулмун, менин үйүмдө сеникиндей шарт жок, ошого көнүшүң керек. Шартым жок десем болбой жатасың, үйлөнгөндөн кийин бул үйгө келбей менин үйүмдө болосуң.- Макулмун, Элмурат! — деп Гүлина мойнун асыла кетти. Мунун баарын ата-энеси көрүп-угуп, үстүңкү кабатта өздөрүнчө капаланып отурушкан.- Бу кызың акылынан ажырап калгандан сообу?- Эмне кыл дейсиң, балким күйөөгө чыкса токтолуп калаар, атасы, ачууланбачы эми. Элмурат акыл-эстүү жигит экен.- Ошонун да убал-сообу бар го, жинди кызыңдын өмүр бою азабын тартып жүрө береби, андайга чыдай албайт дагы, — деп экөө акырын шыбыраша карап отурушту.- Мен кеттим, өзүң бүтүрө бересиңби эми? — деди Элмурат кызды сынай карап.- Атамдар менен тойду сүйлөшөбүз жүрү, — деп Гүлина аны колдон ала ичкери жетелеп кирди. Алардын кирип келатканын көрүп, Надырбектер ылдый түшүп келишти.- Ата, апа, Элмурат экөөбүз үйлөнмөк болдук, — деп сүйүнчүлөй кубанып кирди Гүлина.- Куттуктайм, кызым, — деп Света кызын эркелете карап өөп койду.- Качан? — деди Надырбек.- Силер дайындалгыла, — деди ой-санаасы жок эле Гүлина.Ошентип алардын тоюн Надырбек ресторанда өткөрдү, себин чүмкөмө машинеге жүктөп, Элмураттын үйүнө жеткирип берди. Дарыйка алына жараша дасторкон жайып тосуп алды. Туугандарынын оозу ачылып эле калды, анткени чет элдик эмеректер менен жууркан-төшөктөрү көздү уялтып, кымбат баалуу буюмдар толтура келген эле. Алар чакан той берди. Надырбек Элмуратты өзүнүн фирмасына киргизип, алдына машина берди. Гүлинанын өз машинасы бар, күндө жумушуна келип, күйөөсү менен түштөнөт. Бир күнү Элмурат Гүлинага:- Сен мага убада бердиң беле? — деди түштөнүп отуруп.- Элмура-ат, убада бердим, жашап жатам го?- Бул болбойт, апам үйдө жалгыз калып жатат, ал келин алганда чай кайнатып берет, киримди жууп берет деп кубанган. А сен менин артымдан жүрөсүң, апам болсо жалгыз отурат, ушу кантип болсун?- Кир жууп, тамак жасаганга бирөөнү жалдабайлыбы, Элмурат?- Болбойт, менин иштеп тапканым өзүбүзгө араң жетет, кызматчыга да акча төлөш керекпи?- Ага кабатыр болбо, өзүм төлөйм, үйгө сөзсүз кызматчы алабыз, жаным, кам санаба, — деп кылыктана күлдү.Айткандай эле бир келинди үй кызматчы кылып алып келди. Күнү кечке тынбай үй жумушун жасап, кир жууп, тамак бышырып, кечинде Дарыйка жаткан бөлмөгө жатып алат, кетип-келип иштегиси келбеди. Гуля өзү күйөөдөн чыккан, бир баласы бар, токтоо келин. Гүлина аны алып келгени менен Элмуратты андан кызгана баштады. Эшикте жүргөн Гуляга Элмурат бир күнү:- Гуля, жумуш оор болгон жокпу? — деди боор ооруй карап.- Оорбу-жеңилби, жумушум болгондон кийин иштейм да.- Ошентсе да…- Аялыңыз абдан эрке окшойт?- Ата-энесинин эркеси, мага эмес, — деп басып кетти Элмурат. Ал экөөнүн сүйлөшүп турганын көрүп калган Гүлина сыртка жүгүрүп чыкты.- Өз местаң кайда экенин билесиңби деги, менин күйөөмдө эмне жумушуң бар? — деп Гуляга айкырды.- Күйөөңүзгө ашыкча эч нерсе дегеним жок, бир нерсе керек болсо айтышым керекпи?- Ага эмес, мага айтып жүр, аны менен экинчи сүйлөшкөнүңдү токтот! — деп коюп үйгө кирди. — Сен эмнеге кызматчы менен сүйлөшөсүң, эмне, ал сага жагып калдыбы? Мен сени атама айтам, — деп ыйлактай өз бөлмөсүнө кирип кеткенде Дарыйка артынан кирди.- Балам, болоор-болбоско минте бербегин, аны да өзүң алып келдиң. Элмурат үйдүн ээси болгондон кийин сүйлөсө сүйлөп койгондур.- Мен анын эч ким менен сүйлөшкөнүн каалабайм.- Кой антпе, кызым, мынчалык болгондон кийин ынтымактуу жашагыла, айланайын. Күйөөнү чүнчүтүп жибересиң, көп эле минте бербе.

— Эмнеге аны менен сүйлөшөт?- Эми сүйлөшсө сүйлөшүп койот да.- Болду, Гүлина, тойгузуп жибердиң! — деди ошондо кирип келген Элмурат. — Дагы бир жолу ушинте турган болсоң жүгүңдү жүктөп жеткирип койом!- Эмне-е, мени жеткирип коюп жанагы служанканы алганы жатасыңбы, мен эч жакка кетпейм, ушул үйдөн өлүп тынам! — деп ажылдап жатып мостойо отуруп калды. Алардын бөлмөсүнөн чыккан Дарыйка уулуна боор ооруп турду.- Апа, башка жакка көчүп кетип калалычы? — деди Элмурат аргасы түгөнгөндөй. — Эмне болду, уулум?- Гүлинадан тажадым, апа.- Кой, балам, бирөөнүн жалгыз кызы болсо, токтолот да, төрөп түшүп алса токтолуп эле калат, — деп жоошута сүйлөдү Дарыйка.- Токтобосо койсун, көргүм келбей калды, — деп үңкүйдү Элмурат.- Садагаң кетейин десе, чыда, балам, мен деле чыдап жүрбөйүмбү. Кокус көзүм өтүп кетсе ата-энеси сага арка бел болот, уулум, жалгызсың өзүң дагы, кайнатаң дурус киши.- Дурус болбосо койсун, — деген Элмурат Гүлинаны тажаткысы келди. Анан жумушуна барат да, ал келгенде башка иштешкендери менен тамактанып жаткан болот, ал чакырса тоюп алдым деп жумуштан чыкпай койот. Ошентип ал Гүлинага тескери иштерди жасай берип, көңүлүн калтырмай болду. Бир күнү жумушунан кеч кайтты. Гүлина үйгө отуралбай тынчы кетип, сыртта күтүп турган:- Эмнеге кечиктиң? — деди жолун тосо.- Иштер бар. — Бурк этти Элмурат.- Кандай иштер?- Сени менен кеңешип отурамбы?- Эмнеге айтпайсың?- Айтпайм, өзүмчө жумуш.- Кечиксең мындан ары мен кошо жүрөм. Сен эмнеге менден качасың? — Гүлина ыйламсырай жабышты.- Турчу нары. — Элмура аны көкүрөккө түртүп, үйүнө кирди. — Мындан ары менин кайда барганымды тескебей жүр!- Эмнеге?- Ошого, мен сага жаш эмесмин, кимдин катыны сендей болуп тескеп жатат, сен эле бара бересиң, барбагын экинчи.- Барам, мен сени жакшы көрөм.- Мен сени көргүм келбейт.- Эмне-е, эмне деп жатасың? — Гүлина көздөрүн бакырайта карап калды. — Жакшы көрбөйм дейсиңби?- Ооба, чынымды айттым, качан сени сүйөм дедим эле?- Элмура-ат! — деп Гүлина жер тепкилей баштаганда Элмурат аны карыдан мыжыга кармап:- Үнүңдү чыгарба, өзү жабышып тийген ушундай болот, зордоп мени менен жашай албайсың. Кааласаң, каалабасаң дагы мени үйдөн күтөсүң, күтө албасаң жүгүңдү жүктөп ал да, жолуңа түш! — деп түртүп ийди. Гүлина отура калып ыйлап жиберди. Кошунасыныкында отуруп, эми келаткан Дарыйка короодо ыйлап отурган келинин көрүп:- Эмне болду, балам? — деп сурады.- Элмурат мени жүгүңдү жүктөп кет деп жатат. — Гүлина өңгүрөп ыйлап киргенде жини кайнаган Элмурат:- Сенин жаш баладай кыял-жоругуңа ата-энең чыдаар, а мен чыдай албайм. Жашайм десең, мени жакшы көрсөң кыялыңды оңдо, болбосо бул үйдө турба! — деп көчө тарапка басып кетти.- Кой, балам, ыйлаба, эр деген ошентет, аял деген чыдап жашайт, чыда, айланайын, — деп Дарыйка Гүлинаны өйдө тургузуп, үйгө алып кирди. — Анын артынан жүрчү болбо, эркектер ошондой болушат, кайнатаң да ошондой болчу, келгенде такып сурай бергенди жаман көрчү.- Мен аны жакшы көрөм, сүйөм да, апа, ал мени жакшы көрбөйм деп жатпайбы.- Ошенте берет, сен ага тырчыба, тынч гана үйдө болуп тур.- Мен атамдарга кетем, — деп Гүлина кийимдерин чогулта баштады.- Кой, балам, кудаларга барба, турмушту чыдап жеңиш керек, силер азыр жашсыңар, жашоонун өйдө-төмөнү болбой турмуш болбойт, — дегенине көнбөй булкуна чыгып кетип калды. Бир аздан кийин Элмурат үйгө кирди.- Кеткени жакшы болду.- Ошонуң кантип болсун, балам, артынан барып алып кел.- Барбайм, ушундан тажадым, апа, кетсе кете берсин. Ата-энесин ээрчитип, эмеле өзү жетип келет, аларга да ушуну айтам, — деп ашмачы алып келген тамакты ичип отуруп Гуляга айтты. — Сен капа болбо, Гуля, эртең бара бер, телтеңдеген немени үйүнө куудум.- Макул, бирок бул ай бекер иштеймби, Элмурат?- Мен берем, — деди өйдө карабай. — Бир айга канча төлөөчү эле?- Үч миң.- Мына ал, — деп чөнтөгүнөн миң сомдуктан үчтү алып чыгып берди. — Биз али жумушчу жумшай турган абалда эмеспиз, капа болбо, эми келсе өзү жасай турган болот, болбосо кетет, — деп туруп кетти.- Балам ай, өзүң кабылып алып, кутулушуң кыйын болду, бир аз чыдасаң ал да баарына көнүп кетээр, — деди Дарыйка кейий.- Оңолбойт, апа, өмүр бою ушунун кыялына кантип чыдап жашайм.- «Агара жортсоң кызара бөртөсүң» деген бар, бир үйдө ою менен болуп чоңойгон кыз экен. Кой, уулум, кесир болбосун, артынан бар, — деп болбой эле Дарыйка Элмуратты кыстап туруп алды. Ал жалгыз баласына Надырбекти өбөк-жөлөк болот деген ойдо көңүлү тынып жүргөн. Гүлинанын да чалпоо мүнөзүнө чыдап, «Акыры калат, токтолот» , — деп ойлоочу. Арадан эки сааттай убакыт өткөндө эшикке машина келип токтоду. Дарыйка менен Элмурат жарыша чыга калды.- Келгиле, куда, келгиле, айланайын. — Дарыйка утурлай басып учурашып атты.- Келдик-келдик, кудагый, жакшы жатасыңарбы? — Надырбек кол алыша учурашты. Света дагы жылуу учурашып ичкери киришти.- Ийи, балам, кандай болуп кетти, урушуңардын себеби эмне? — деди Света.- Апа, өзүңөр туура түшүнсөңөр, өзү айтсынчы, — деди Элмурат.- Мен сени сүйбөйм, жакшы көрбөйм дедиңби өзүң? — деди ошондо Гүлина.- Туура айттым, сен менин жумушума кайра-кайра бара берсең айтам да, кимдин аялы барып жатат, түшүнсөң өзүң.- Кызым, жумушуна эмне бардың? Буга деле уят да, кайсы аял күйөөсүнүн артынан жүрсүн? — деди Надырбек уялгандай. — Аял деген үйдөн күтөт.- Мен эми барбайм, — деп жер карады Гүлина. Элмурат анын азыркы турушун көрүп, күлкүсү келди, кадимки мугалимдин алдында турган күнөөлүү окуучу сымал эле.- Элмурат, Гүлина биздин жападан жалгыз кызыбыз, анча-мынча эркелигин көтөрүп кой, бул да кагылат, токтолуп адам болот, — деди Света токтоо.- Элмуратым да жалгыз, эми экөөнө тең кудай жар болсун, кудагый. Мен ушу балама өбөк-жөлөк болот деп жүрөм силерди, балдарынын кийинки жашоосун кимдер ойлобойт, ушу деп өмүр бою санаада жүрөм. Гүлинаны кызымдай эле көрөм, экөөнүн ынтымактуу болуп жашаганын тилеп отурам мен дагы.- Туура, эне-ата балдарынын ынтымагын каалабай анан.- Кой анда, биз баралы, — деп Надырбек өйдө болмок болгондо Дарыйка аны отургузуп койду:- Ботом, куда, куда-кудагый бири-биринен чеке жылытып, чай ичпесе кантип болсун, чынын айтсам силерди ыраазы кылып чай бере элекмин. Гуля, айланайын, тамагың бышса алып кел, куда-кудагыйым ичип кетсин, — дегенде Света менен Надырбек бири-бирин карап уялып калышты.Чынында кызынын жетим баланы сүйөм-күйөм деп болбой тийип алганына нааразы болуп, кудагыйын чакырып чай дагы бере элек болчу, алардын өздөрүнө теңдүү жерден куда күтсөк деген ойлору бар эле. Дарыйка семиз эттен жасалган беш бармакты дасторконго коюп, Элмуратты жөнөтүп жакшы коньяк алдырды. — «Куда болгуча кулу-бийиңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш» деген, куда. Алсыз аял, арсыз жетим болсок да ата-бабадан келе жаткан салтты билебиз, тарбия-таалим бар бизде. Ырас силер менен тең тайлаша турган кудуретибиз жок, балдардын насибин кудай кошуп койгон үчүн эшигибизди аргасыз аттап отурганыңарды да жакшы түшүнөм. Кана, куда, сыйымды кабыл алып, мындан алып койгула эми, — деп стакандарга коньяктан куюп, Надырбек менен Светага сунду, бирин өзү кармады. — Мен ушул жашка келип ичип көргөн жок элем, уул-келиним үчүн уу болсо да ооз тийейин.- Рахмат, кудагый, аял болсоңуз да уулуңузду жакшы тарбия берип өстүрүпсүз, нике кайып дегендей Алла таалам пешенеге жазганын гана көрөт турбайбы? — деди Света.- Ооба, кудагый, биз жыгылыштуубуз. — Надырбек коньякты колуна алып өйдө көтөрдү. — Гүлүм менен Элмураттын бактысы үчүн сиздин сыйыңызды кабыл алам, — деп алып ийди. Дарыйка ооз тийип кайра койду. Ошентип Дарыйка куда-кудагыйын сыйлап узатты. Гүлина ал күнү калып, бир ойго келе албай, кыска оюнда Элмуратты өзүнө жалдырайт деп ойлоду, бирок ал төшөккө жатканда да тескери карап жатып алды. Жинденген Гүлина ыйлап жатып уктап калды. Ал эртеси Элмурат кеткенден кийин кийинип алып, чыгып баратканда Дарыйка:- Кайда барасың, кызым? — деп суроолуу карады. Гүлина:- Жумушум бар, — деп коюп машинасын айдап чыгып кетти. Ошол күнү ал кафеге кирип, пиво ичип жалгыз отурган. Жанына бир жигит келип отуруп калды:- Сиз бирөөнү күтүп жатасызбы, чоң кыз?

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE