Пример HTML-страницы

Асилбек 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=11167&preview=true Кызыктуу окуялар.

☆☆☆☆АСИЛБЕК☆☆☆☆☆

     ……….5-БӨЛҮМ……….

Келин кут болсун жеңе, жакшылык алып келсин, ак-жолтой болсун. Айжамалдай кара-жолтойдон кудай сактасын, жеңе кетейин деген ою барбы деги? Он эки жыл жүрө берет экенби? Анын үстүнө жанагындай окуядан кийин, уялбайт экен..

—Ошону айтсаң, ушул келгенден бери үйүңөрдөн балее кетпей калды да.

—Силер тойго келдиңерби? Тойду көрүп, ичип-жеп кете бергиле, менин келиндериме асылбай. Какен ичинен ушакчы аялдаргы кошулуп жатса да, сыртынан болушуп койду. Анткени, милиция тергөө жүргүзүп жатканда Айжамал менен болгон окуя да, бир сыйра козголгон болчу. Ошондо Айжамал «Арыз» жазбай койгондуктан гана жазасы жеңилдетилген. Эгер арызданып койгондо, өмүр боюу дагы кесилип кетиши мүмкүн болчу. Зордуктоо менен камалгандарды түрмөдөн кызтеке кылып чыгарышмак. Какен ошол үчүн гана Айжамалга кыңк этпейт. Жаңы келиндин аты Аида, каратору келген жылдыздуу, бою пасырак келген келин экен. Карап турсаң кууланган таттуу тили, адамды жибитип жиберет. Жуман Айжамалдын көзүнчө Аиданы жанынан артык көргөндөй мамиле кылат. Аида дагы чойоктоп болбой калат өзүнчө, түндө болсо тескери карап жатып, ошол бойдон турат. Жуман кыска акыл экен, үйлөнүп алып, бөлүнүп же Айжамалды бөлүп жибербей, атайын жүрөгүн эзип чогу жашап жатты. Жуман өчөшкөнү менен Айжамалдын күнөөсү эмнеде?-деп ойлогон жок. Чын, Айжамалдын Жуманды сүйөөрү чын. Көпкө чейин Аиданы жанында көргөндө жүрөгү ооруп, кызганып жүрдү. Бирок айла жок, сүйүшкөн жандар кайни-жеңе болуп калышкан да. Ай күнү келип, Айжамал эркек төрөдү. Баласынын атын Азамат!-деп коюшту. Эртеден кечке баласы менен алек, кучактап өпкөндө жашоодогу баардык арманы унутулуп кетет. Бала бакыт, бала ырыскы эмеспи. Аида аяштарынан Айжамал менен Өмүр, Жуман тууралу баардыгын укту. Жумандын түнкү кылыктарын эми түшүнгөндөй болду. Ичин кызганыч өрттөп салды, үйгө жетсе эле Айжамалды муунтуп өлтүрүп салгысы келди. Ызасына чыдабай, эшике чыкканда эле Жуманды беттен алды.

—Жуман сени эмне эле Айжамалдын көзүнчө өзгөрүп калат десе, экөөң ойнош турбайсыңарбы. Ий шерменде экенсиңер, жеңең менен жыргап жата бербейт белең мени албай эле.

—Эмне деп жатасың, оозуңа карап сүйлө. Ушунча экен олтурбай койбойт белең, кудай деп эле сүйүнүп олтурдуң го. Эми мага аңкылдаба, мурунку иш менен сенин ишиң болбосун. Айжамал андай эмес…

—Кандай анан кандаай? Болушуп өлүп жатасың бир нерсең бар да. Ошо үчүн кетпей жүрөт да э? Кетсин, көзүмө көрүнбөсүн, же мен кетем.

—Кетебер…

—Эмнее?

—Сени кет дагы кел дагы деген жокмун. Кааласаң кете бер кармаган эч ким жок. Мен байкемдин аялын көчөгө чыгарып коё албайм..

—Жуман анда биз кетеличи, Айжамал менен баарыбир чогу боло албайсың эми. Үмүт жок, мени өзүңдү, Айжамалды кыйнабай кетип калалычы. Кала берсин, жашай берсин. Акемди күтсүн, түрмөдөн чыккан күндө да жумушка албайт акемди. Көчөдө калышмак беле, андан көрө биз кетели. Үйдү акемдер алып калсын, маакулбу.

—Жок, апамды таштай албайм. Апам менин колумда болот.

—Ооба, алып кетебиз. Шаардан үй алалы алып кетебиз сөзсүз. Ыйлап жүрүп Жуманды көндүрдү, Жуман борборго эмес Москвага окуусун улантып кетти.

 

Арадан төрт жыл өттү. Жуман ошондон бери мекенге келише элек. Аида болсо жылына эки-үч жолу келип-кетет. Жеңиш эки жыл мурун жүрөк оорудан көз жумган. Какен дагы бир жылдан бери төшөктө жатат. Айжамал баардык жокту короого айдайт. Эч нерсе деле сатып алышпайт, Какендин пенсиясына кийим-кече алышат. Сүт тартып каймак-май, курут кылып сатып, кышка көмүр алат. Какен төшөк тартып калгандан бери Айжамалдын баркына жетти. Өз кызындай көрүп, чын жүрөктөн ыраазы, батасын берип турат. Аида Жуманды башкарып алган, жумуштан айдап жиберет деп жүрүп атасына топурак салууга да жиберген жок. Жаназада элдин баары нараазы болушту. Аттуу-баштуу адамдар келген, ошолор сыртта кошуналары, кайнилери жана алыс иниси өкүрүп турганын көрүп, аябай кайгырды. Бир баласы түрмөдө, экинчиси бөтөн жерге кетип келбей жүрөт. Бир гана Айжамал тикесинен-тик туруп кызматта жүрдү, качан эл басканда боз үйдө болду. Кошок айтып, өкүрүп ыйлаганда анча-мынча тааныбагандар кызы деп ойлошту. Жуман бошобой калды!-деп кыркына Аида келди. Чачын желкеден кыркып, сарыга бойоп, жайып алыптыр. Ал турсун кыркы күнү да жолук салынбай, чыпташкан шымын чечкен жок. Элдин баары айтып кетти. Кошуна-колоңдор ошондо барып Айжамал тууралу жаман ушактарды токтотту. Эл тура электе эшиги тазаланып, кайненесинин курсагы тоюп, эшикте эс алып олтуруп калышат болчу. Талыкпай кызмат кылган келин айылдын мактоосуна арзыды, мурункусу унутулгансып баратты. Короодогу малдар төлдөп, сарай толуп калган. Үйлөр оңдолуп, жакшынакай кейп кийген. Өмүр амнестияга туш келип, бешинчи жылга өткөндө түрмөдөн чыгып келди. Атасынын ашын өзү өткөрдү, Жумандын түрмөгө бир басып келбегенине аябай жинденди. Жумандар дагы Өмүрдүн чыгып келгенин угуп, байлык талашканы Кыргызстанга келишти. Уруш-талаш болуп жатып, малдын жарымын бөлүп кетишти. Өмүр менен Айжамал дагы деле чогу жатышпайт. Өмүр баласына да кош көңүл, жашоосун Айжамал бузгандай буларды жек көрөт. Канча ур- токмоко алса да Айжамал кетпей койду. Кыдыке менен Анара кеңешип, айла жок кызы менен күйөө баласын отко чакырышты. Өмүр ар кайсыны айтып жатып, качан Какен урушканда араң барды. Айжамал бир айылда туруп беш жыл үйүнө кадам аттап барбаптыр. Айжамалдын акылдуулугуна таң калса болот. Бир аз олтурушуп эле кетип калышты, бул кылганы Кыдыкеге да жагып турду. Анткени Өмүрдү аябай жаман көрөт. Жуман менен Аида балалуу боло албай жатышты. Кайсы жерге барышпасын, канча жолу даарыланышпасын пайдасы болбоду. Бала көрө албай коюшту. Акыры ооруканага анализ тапшырып, үмүтүн медицинага артышты. Жуман тукумсуз экен, он жолу аял алмаштырса дагы балалуу боло албайт экен. Москвада, Кыргызстанда заңгыраган үйлөрү бар, жумушу Москванын эң жакшы деген ооруканасында врач. Кийингендери дүкөн, тамактанган жайлары кымбат Ресторандар бирок, бала жок. Бала болбосо миң байлык дагы эч нерсе кыла албайт экен. Айласыз баласыз өтүүгө баш байлашты. Аида жакшы жашоо үчүн, баладан да кечип кетмек. Түбөлүк баласыз өтүүгө маакул болду. Мурун Аиданын оозу кысык болчу, себеби төрөбөйсүң!-деп нукуп турчу урушкан сайын. Эми Аидага кудай берди, жашап жатканыма ыраазы бол дей берет. Жуман чөккөндөн чөгүп баратты.

—Жуман бала багып албайлыбы? Ооруканада иштейсиң го, төрөткана менен сүйлөш, Кыргыз же Казак кыздары балдарын таштап кеткен болсо документин тууралап багып алалы. Кандай дейсиң?

—Мен бирөөнүн баласын бакпайм, андан көрө баласыз өткөнүм артык.

—Кесир сүйлөбөчү Жуман, балким багып алсак артынан бала берип калат. Үмүтүм бар дагы эле.

—Балалуу болгуң келип жатса, башкага тийип алып тууп жашай бер.

—Сенин жүрөгүң жок, таш боорсуң.

—Ошондоймун. Жуман жумушунан көтөрүлүп, тапкан акчасы аябай көбөйдү. Фрунзенин ар кайсы жеринен үйлөрдү ала берди. Аида анча үйдү эмне кыласың? Балдарың быжырап жаткансып!- деп ызы-чуу кылып ыйлай берет. Өмүр бир жолу мас болуп келип, Айжамалга тийишти. Токмоктоду унчуккан жок, кийин зордуктады анда дагы үнсүз туруп берди.

—Итти дагы кет десең кетет экен. Сен эле кетпес болдуң, көргүм келбейт сени. Эмнеге экенин билбейм сен мага дүйнөдөгү эң ыплас аял болуп көрүнөсүң, сенден жийиркенем кетчи бар. Жашоомду ушунчалык талкалаганың жетет.

—Мен кетпейм, андан көрө өлтүрүп сал. Өлүгүм чыксын чыкса, тирүү экенмин кетпеймин.

—Талак берем, миң талак, миң талак.

—Эмне деп жатасың акмак? Мен өлүп кетейин балаңды ойлосоң боло. Ушуну өмүр бою жетим атка кондурбай бооруңду оорутуп койсоң боло. Талагың өзүңдү урсун, талагың башыңда калсын. Өзүң чыгып кет..

—Атамдан калган үйгө ээ чыгып калдыңбы сен? Сен кимсиң айтчы? Элди суктандырган жашоомду талкалаган сен кимсиң? Сен шайтансың.. Сен жинсиң, акылың жок малсың. Балаңды ал дагы чыгып кет.. Бурчка Какендин артына жашынып коргонгон Айжамалды сүйрөп чыкты. Төркүнүнө чейин сүйрөп барып, Кыдыкеге тапшырды.

—Мына кызыңарды тирүү колуңарга тапшырып жатам. Мен жашабайм, талагын эки жолу миңден бердим. Бага албасаңар тирүү көмүп салгыла, мага да кереги жок, баласын дагы. Кыдыке жинденди, камчысын алып чыгып, камчылады.

—Бул сага кызымдын талкаланган тагдыры үчүн, бул сага көз жашы үчүн, бул сага сүйүүсүнөн ажыратканың үчүн. Бул сага күнүмдүк токмогун үчүн, бул сага Азамат үчүн, бул сага менин төгүлгөн абийрим үчүн. Эми алдымдан чыкчу болбогун. Чыксаң тээриңди тескери сыйрып, туздап туруп итиме жем кылам уктуңбу?

Каарып калса дагы алиге чейин, күчтөн кете элеке экен. Дөөдөй болгон Өмүрдү катуу камчылап салды. Өмүр туруп, унчукпай кетип калды. Айжамал башы катуу ооруп жатып калды, жашагысы келбей калды. Кайненеси төшөктө жаткан, ошону ойлоду. Баласын чуркатып Өмүр башка жакта жүргөнүн билет да, жашынып барып Какенди бир маал карап келет. Какен байкуш үнсүз карап көз жашын көлдөтө берет.

—Жеңе, жеңее дейм. Чыгыңыз, басыңыз үйгө чакырып жатат.

—Ким чакырып жатат..

—Какен чоң-апам чакырды, үйгө элдер чогулуп жатат. Бир нерсе болгон окшойт, болуңуз экен. Шашканынан бут кийимин кийбей чуркап кетиптир. Барса чын эле эл толуп кетиптир, боз үй тургузуп башташыптыр. Кайненесин көз жумуптур деп ойлоп, үйгө жулунуп кирип келди. Какен ордунда жатыптыр, колуна асма укол сайып коюптур. Демек тирүү… Кайра эшике чуркады, жерде жаткан сөөктүн бетин ача койду. Өмүр экен, эч нерсе түшүнбөй турду.

—Эмне болуптур Өмүргө? Эмнеге өлөт? Эмнеге өлөт дейм?

—Айжамал сабыр кыл, ажалы ошондон экен байкуштун.

—Эмнеден экен!-деп үстүн толук ачып жиберди эле төш жагында бычактын ийиздери бар экен. Көрсө Уларбектин иниси Өмүрдөн өч алып, бычактап жатканда эл көрүп калып токтотуптур. Ооруканага барганда баары кеч болгон экен. Ошентип бир эр азамат гөргө, бири түрмөгө кетишти. Айжамал кайра эле кайненеси менен жашап калды.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE