Пример HTML-страницы

Ак кара 3 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак- кара. 3- бөлүм.

Атам кеткенден бери үйдөгү жашоо токтогон сыяктуу. Эч ким сүйлөшпөйт, баары балким келет деген үмүттө. Иним биринчи курста окучу, үйдө акча калбай ал дагы окуусун тыштап салды. Жумушка кирип, үйдөгү эркектин милдетин мойнуна алды десем да болот. Менин дагы дарыгерге көрүнүп, ары-бери басканыма акча жок болуп калды. Жумушка орношойун десем ылайыктуу жумуш чыкпай, Мунар келсе кетүүгө аргасыз кеттим. Мунар бир ашыкча сөз айтпайт, үйдөгү жагдайдан кабары жок эле. Эртеби кечпи укса ал деле жөн калбай, бир нерсе дейт. Мунардын айлыгы эч нерсеге жетпей, мени айылга жөнөтүп салды. Барсам апам жазылып калыптыр, мурунку каардуу кабагы жок. Күлүп жайнап тосуп алды. Таарынып кеткенимди уккан эмеспи же угуп, дагы кетип калбасын дедиби айтор баары жакшы. Мага дагы жагып турду, апама кээ бир жерден жагалданып, кээ бир жерден унчукпай койом. Ичим билинген сайын апам бар күйөөңдүн жанына барып төрө, анан өзүңдүн үйүңө барып тыңып кел деп күндө айтат. Үйүмө барсам алар араң жашап жатканда ашына жүк, башына балээ болом да.

— Апа, биринчи неберениз болсо сиздин эле жаныңызда болгонум туура го.

— Кой, мен сени жаткырып бага албайм. Анан кийин кайненем өз үйүмө жибербей, жакшы тыңып алган жокмун дейсиң. Мурун бизди кырк күн апабыз жаш баладай бакчу эле. Ошол үчүн ушул күнгө чейин ден-соолук бекем.

Мунар болсо, келбе ошол жакта эле бол дейт. Унчукпай жүрүп, кайненемдин жанында эле төрөп алдым. Кыз экен. Кайненем кызымдын атын Аруужан койду. Кыздуу болгондон кийин, мурунку өткөн кыйын күндөр унутулуп калат экен. Кызыма алаксып, жашоомдун эң жакшы күндөрүн өткөрүп жаттым. Мунар кызы үч айлык болгондо келди, ал дагы наристенин кумарына батып, мени башкача көз менен карап калды. Бир аз жүргөн соң Мунар шаарга кайра кетти.

— Элмира, кудагыйлар менен сүйлөшүп жатасыңбы?

Кайненем сөздү негизи эле төрүнөн баштайт. Мынтип эч сурачы эмес, эмне болуп кетти экен. Үйдө кайненемде анан Мунарда эле телефон бар болчу. Апам мага телефонду бербейт, дайыма эле акчасы жок деп койчу. Мунар келгенде апам менен сүйлөшүп, жыргап калдым эле. Алар деле эптеп жашап жатыптыр, Сагындын тапкан акчасына жан багышат экен. Атам ошол бойдон кайра келбептир.

— Ооба сүйлөштүм, жакшы олтурушат. Сизге салам айтты апам.

— Ал акыбалы жакшыбы, бизден салам айттынбы?

— Айттым апа, олтурабыз дейт.

— Элмира деги апаң жаш, тың дагы. Атаң дагы жакшы кызматта деп жаткансын э. Астыга дагы түшө албай уят болдук го.

— Апа, астыга түшпөй эле ошол акчага силерге үй алып берсе деди апам.

— Кой кокуй, кыз каадасы менен. Түшөбүз эртеби кечпи.

Ушул күнгө чейин бул тууралуу ооз ачпаган апама эмне болду?

— Апа эми биз балалуу болуп калдык, үй жай алсак жакшы болот эле андан көрө.

— Тиги Кулупанын келини Турцияга дейби барып иштеп жатыптыр. Жыргал экен дептир, кайненеси мактап эле олтурат. Айына укмуш доллар салат экен, сен дагы жанына барып иштесең кантет ыя? Аруужанды апаңа каратып тур, эмне апаң жапжаш, ден-соолугу мыкты экен. Мен карап берейин десем менин акыбалым бул, апандай жаш болсом жыргап эле багып олтурат элем. Могу телефонду алып, сүйлөшүп көрбөйсүңбү.

— Апа, апам жумушка чыгам деп жатты эле баягы күнү. Аруужан кичинекей, жок дегенде бир жашка толсо шаарга Мунардын жанына барып иштесемби.

— Күйөөң чоң жерде мугалим болуп кыйратып жатабы?

— Апа, анда Мунар экөөбүз тең барып иштейли. Экөөбүз эки башка жүрсөк кандай болот.

— Азыр эмне чогуу жүрөсүңбү? Баламды ошончо жыл окутуп, анан башка элге эшик шыпырып иштесин. Сен иштеп кел, Мунар сен келгиче кызматтан көтөрүлүп, сен салган акчага үй тургузат. Же шаардагы үйүңдү сатып жанагы биз алып берген жерге үй салгыла.

— Мунар менен сүйлөшөйүн.

 

Албетте апама мындай учурда өз оюңду айтсаң дароо душман болуп чыга келесиң. Бул үйдөгү кыйынчылыктар ушул Аруужаным менен билинбей өтүп жатпайбы. Менин башымдан өткөн, атам биз менен чогу болчу эмес. Азыр болсо же атасы же апасы жок, кызым кандай адам болуп өсөт. Бөтөн элге барып кантип иштейм. Өз кызыкчылыгын гана ойлогон адам мындай аруу сезимдерди кайдан түшүнсүн. Апамдын телефонун алып, биринчи Мунар менен сүйлөшсөм, эч жакка барбай үйдү сатканы апаңды көндүр дейт. Ал үй эчак атамдын жаш сүйгөнүнө белек болгонун кайдан билсин. Апама байланышкан менен, кызымды карап бер деп айта алган жокмун. Эки күн күнү түнү ойлонуп, ыйлап бул жагдайдан кантип уруш жок чыгууну таппадым. Жумуштарды тезирээк бүтүрүп, апамдын көзүнө көрүнбөй бөлмөмө качам. Чай коюп жатканда апам көзү менен нукуп алат, сүйрөлүп жүрбөй жообун айт деп.

— Апа, Мунар чет жакка чыгып иштебе дейт. Апам дагы кызыңды карап бере албайм деди. Өзүм дагы тил билбесем коркуп жатам. Аруужан бир аз чоңойсо шаарда иштесем кантет. Азыр жашпыз, акырындап үй дагы болот да апа.

— Мен сенден кеңеш сураган жокмун, апаң дагы небереге тойгон немедей эмне желкесин салып качат ыя? Мен деле силерди бутка турсун жаш кезде деп жатам. Мен энемин, балдарыма жакшылык гана каалайм. Кийимдеримди жыйнап даярдан, могу акчаны ал дагы шаарга кет. Кызыңды апаңа алып барып таштасан эмне көчөгө ыргытып салмак беле. Айла жок карап берет, бул акча сага жол кире. Кыз кезиңден калган саркеч кийимдер болсо керек, ошолорду алып бар иште. Мен тиги Кулупага айтам, келини сени жумушка киргизет. Анан баласаак болуп келип албай, эки- үч жыл иштесең. Тим койсо билерман болуп кетишет. Мунарга айт, сени тосуп алып Турцияга салып жиберсин.

Башымды шылкыйтып, көзүмө жаш алып макул дегендей олтурдум. Шаарга кайнагам камаз менен каттачу, жөн жеңил машинага салбай ошого салып жиберди. Мунар тосуп алып, кубанган деле жок.

— Азыр учакка билет ала кетели.

— Мунар мен барбайм, барсак чогу баралы. Корком, кызымды таштагым келбейт. Түшүнчү мени.

Апам Мунардын мээсин жеп койгонбу, барасың!-деп жилкип жиберди.

Эртеси үйгө мени менен чогу барып, апама балп эте өзү айтып салды. Апамдын көзүн карай албай, жерди карап турсам жаш жерге биринин артынан бири кулайт. Бул жерде бир нерсе бар экенин сездиби, апам жообун бербей мени ашканага тамак жасашып кой деп алып чыгып кетти. Аруужанды Мунарга карматып артынан чыктым.

— Баягыда эле жибербей койсом, эптеп биз көргөн күндү көрүп өлбөйт элең го шордуу. Эмне болуп жатат айтчы?

— Кошунанын келини Турцияда иштейт экен, кайненем жанына барып эки-үч жыл иштеп кел. Үй салабыз дейт.

— Барбайм, кызымды таштабайм дебейсиңби. Же кызды өзү бакса Мунар экөөң чогу барбайсыңарбы. Кызык неме го балдарынын бактысын ойлобогон.

— Апа коюңузчу, кызды мен карабайм энең карап берсин деди.

— Мени иштеп жатат, атам жок кыйналып жүрөт дебейсиңби.

— Атамдын үйдөн кеткенин айткан жокмун, айтсам мени басынтып салат.

Апа бир нерсени ойлоп таап, мени алып калынызчы. Кызымды кантип таштайм, сизге ишенем бирок сагынам го. Сиз дагы иштеп жатсаңыз, бөлөк элге чыгым көрбөсөм.

Катуу ыйлап жибердим апамды кучактап, мени түшүнгөн жалгыз жан.

— Ыйлаба, Мунар менен сүйлөшөм.

— Ал эч нерсе чечпейт апа.

— Анда кайненене чалам, мен айтсам көнөт чыгаар.

Апам кайнеме чалса, кызыңды алып олтура бер анда багып. Же шаардагы үйүңдү сатып үй тургузуп бер, жаштарга колдоо керек!-дептир. Качантан бери жаштарга колдоо көрсөтүп калды экен. Апамдын колдору титиреп калыптыр.

— Сенин турмушуңду бузулбасын дейм да кызым, бирок бул аялдын айбан экенин кайдан билейин. Карап берем эми айла жок кааласаң. Эптеп күнүбүз өтөөр. Мунар менен сүйлөшүп көрсөмбү же. Мунар олтурган бөлмөгө кирсек, телефондо сүйлөшүп, кабагын салып алыптыр. Кирээри замат өчүрүп, азыр жарылып кетчүдөй турду.

— Апа, мен сизди сыйлайм, бирок эмнеге апама акыл уйротосуз.

— Балам, силерди эки жакта жүрбөсүн деп эле.

— Жалгыз неберениз бар, балага тойгон немедей качасыңар да. Элмира тур кеттик, Аруужанды калтыр. Калтырбайм десең өзүң дагы кал.

Апамды карасам, кете бер дегенсип койду. Күйөө баласы келип тоготпой урушуп салганын көтөрө албай кеттиби, көзүнө толтура жаш алыптыр. Эшикке чыгып Мунар экөөбүз катуу урушуп кеттик, апама бакырганы аз келгенсип, кичинекей инимдин көзүнчө жаака чапты. Биринчи ирет эмес болчу. Иним чуркап барып апама айтса керек, апам чуркап чыгыптыр.

— Болушчаактын баласы ыйлаак дейт туура, бирок Мунар бул кылганың аша чапкандык. Менин алдыма коюп алып сабайсын да, бар жогол үйүмдөн. Мага тим койсо энең бир, сен бир болуп бакырасынар. Эмне бир бала менен Элмира үйгө батпай калды дейсиңби. Менин жанымда ошентсен, мен жокто күн бербейсиң окшойт. Дагы муну интелегент деп койот апасы, башыңда калгыр ошол жумушуң. Баргын кет.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE