Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 8 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?8 — БӨЛҮМ

II- бөлүк

Мезгил өз чотун тынбай уруп жатты. Султанбектин кызы мектептин босогосун аттагандан бери жер эне тогуз жолу толготуп, тогуз жолу жаркыраган жазды, күркүрөгөн күздү, кычыраган кышты төрөдү.

«Асыранды бала боор эт менен тең» дегендей Султанбек менен Зайракандын өзгөчө өмөчүктөп, өзгөчө көзүн карап, көкүлүн сылап
өстүргөн баякы кичинекей Токуш көзгө токтомдуу, келишимдүү-келбеттүү, оор басырык, акыл-эстүү кыз болуп чыга келди.
Толкун 10-класстын акыркы чейрегин ооруп жүрүп бүттү. Ден соолугуна байланыштуу айрым сабактардан жеңилдик алды. Мугалимдер өткөн бааларына карап жыйынтык чыгарып, аттестатына баа
коюуга туура келди.
Курган Султанбек менен Зайракандын көрсөтпөгөн табыбы, окутпаган молдосу, бербеген дарысы калган жок. Бирөөнөн болбосо бирөөнөн шыбаа болор деген ой менен, ким эмне айтса ошону жасап
жатышты. Бир молдонун айтуусу боюнча кара улакка көчөт көчүртүп, бир сыйра кийимин башынан тегеретип үч жолдун айрылышына
алып барып ташташты. Жамандык жерге жатмак беле. Қара улак менен кыздын кийимин молдо өзү алып кетиптир деген сөз тарады.
Бирок, Султанбектер буга ишенишкен жок. Молдону көрө албаган адамдардын чыгарган сөзү, айткан ушагы деп ойлошту. Анын оозуна
бар тамагын кармап бага беришти. Айлап жатып окуганы менен да Толкундун көзүнө «касиеттүү» эм түшпөй койду. Кыздын көзүнүн
оорусу күндөн күнгө күчөй баштады. Ата-эненин айласы кетти.
Күндөрдүн биринде Зайракан талаадан, жумуш жасап жүргөн жеринен дагы бир атактуу молдонун кабарын угуп үйүнө айтып келди. Анын дегени дегендей, айтканы айткандай келген көзү ачыктык жайы да бар дешти. Ошондуктан, анын «сүф» деген деми текке кетпейт экен. Бал китебин ачып олтуруп оорунун айыгар-айыкпасын күн
мурун билет имиш. «Ак бакшы» айыга турган ооруга гана келет. Ал эми айыкпай турган ооруга өлсө да барбайт. Анын эки ийнинде турган касиеттүү периштелери болор ишти алдын ала айтат имиш, — деген сыяктуу сөздөр Султанбекти ошол жакка көпкө чейин күңгүрөнүп, өзү менен өзү сүйлөшүп олтуруп санын бир чаап алды.
— А-та-а, кызыңарда эки дарт бар экен. Биринчиси көзү чекир,
өңү кара эркек кишинин көзү тийиптир. Экинчиси, арыктагы суудан
ээлүү дарт жабышыптыр.
— Ээ кагылайын олуям, айтыңызчы деги, балабыз сакаяр
бекен? – Султанбек менен Зайракан шалдырай түштү.
Күнү-түнү жети күн окуйм. Ага болбосо кырк күн тынбай окуш керек. Окуу деген суук болот. Тамак күчтүү болбосо болбойт.
Чыдай аласыңарбы?..
Қам санабаңыз, молдоке! Қызыбыз үчүн кара башыбыз тартуу.
Ошентип Султанбек чапкылап жүрүп молдонун аш-тамагын арбын камдады. Қой союлуп, кант-май дасторкондо жайнай баштады.
Ысылыкка жегени жаш эт, суугуна ичкени кымыз. Атанын түйшүгү
арбыды. Ал колхоздон жаздырып алган кымызды алыш үчүн күнүгө
түн катып жайлоого барып келип туруучу болду.
Эртең менен Толкундун эки көзү чычаладай кызарып, коногу карекке жакындап калыптыр. Муну көргөн Зайракан титиреп кетти.
— Шорум ай, баякысынан да чоңоюп калган тура. Айлап окуса
да учпаган кандай балакеттүү конок болду. — Эне элтеңдей басып
молдонун үстүнө кирди. Ал эртең мененки багымдатты жаңы бүтүп,
жайнамазын жыйнап жаткан.
— Молдоке! Қасиетиңден айланайын, молдоке, кызымдын көзү
күчөп калыптыр да. Бир чымындай жандан башкасына жок дебейлик. Эмне алсаңыз макул бололу. Шыбаа кылыңыз. Баламдын көзүн көрүп жүрөгүм түшүп калды. Қоногу чоңоюп алтын карекке жакындап калыптыр да. — Зайракан буркурап ыйлап жиберди.
Молдо сыйда койдурган чокчо кара сакалын сылай, сырдуу күлүмсүрөдү.
Каалаганымдыбы?
— Ооба, молдоке, каалаганыңызды… Қалп айтып сизди алдаганча өлгөнүм артык. Бул жалгыз өзүмдүн сөзүм эмес, Султаш экөөбүздүн оюбуз.
Ушул айтканыңыздын ырастыгына кол алышып койсок кантет?
Болот, болот, молдоке.
Қол алышуу деген кудайдын мөөрүн баскан менен барабар.
Муну го билерсиң, аяш.
Зайракандын манчаларын молдонун күчтүү колу аттиштей кысты. Аялдын өңү чөптөй боло түштү.— Сиздик оокатты табарбыз.
— Зайраш! Кеп оокатта эмес. Дүнүйө кара жерге кирсин. Көңүл табыш, адам алыш — ал ар кандай кымбат баалуу дүйнөдөн артык
турат. Адам болсоң кыялымды таба бил. Пейлибиз жарашып, жүрөгүбүз жибишсе, бир жумага жеткирбей кызыңызды корсуз айыктырам.
Аял шашып калды. Бирөө алка-жакадан алып муунтуп бараткансыды. Зайракан молдонун арам оюна дароо түшүндү. Үнү калтырап, бирок өкүм чыкты. Аял молдонун сөзүн түшүнбөгөн киши болуп, аңкоолоно баштады.
Ракмат, молдоке. Жакшылыгыңызды эч качан унутпайбыз.
Султанбек келгенде айтам. Ал Сизди ыраазы кылганга эптеп жараар.
Тирүү жан турбайбызбы. Мурун кызыбызды айыктырыңыз. Куру аякка бата жүрмөк беле. Өз оюбузда да бар.
— О-о парвадигер, Сиз бала эле бойдон турбайсызбы. Менин ниетиме кенедей да түшүнбөптүрсүз, бурадар. Мен Сизди сүйүп калдым деп жатам.
— Сүйүп калдым?!.. Э-э кудай айланайын, кандайча сүйүп каласыз? Ак никелүү күйөөм бар. Балдарым минтип бой жетип олтурат.
Сиз мени шылдыңдап жаткан жоксузбу? Жок, жок, Мен сиздин бул сөзүңүзгө эч качан ишенбейм. Молдо да ушинтеби? — Ал жакасын
бир колу менен кабыштыра кармап кетенчиктей берди.
Молдодо жүрөк жок бекен, Зайраш. Сүйүүнүн тазасын көргүң келсе молдолорго кел. Алар сүттөй таза жүрөктөрү менен шарият
жолуна тууралап сүйөт. Жаштык-мастык дегениңиз илгерки пайгамбарлар менен сахабалардан, Бүбү, Батмалардан калган. — Молдо кучак жая Зайраканды көздөй жүткүнөт.
Аңгыча эшик шарт ачылып, көзүнө кара көз айнек кийген Толкун баш багат.
— Эне! Сиз мындасызбы? Тышта атам чакырып жатат.
Зайракан шашкалактап чыгып кетти.
Арадан беш-алты күн өттү. Аял ар түрдүү жумуштарды бетине кармап молдодон четтей баштады. Анын көзүнө молдонун дидаары
уламдан улам суук көрүнүп баратты. Бирок, молдонун шок көздөрү бирде Зайракандын артынан, бирде Толкундун артынан калбай ээрчип жүрдү.
Бүгүн жуманын түнү. Молдо Толкунду таң атканча окуй турган күн. Эшик-терезени жылчыксыз бекиттирип, үстүнө жан киши кир-
бесин деп эскертти. Ата-эненин болушуна да тыюу салды.
Шишелүү бешинчи лампа ортодо жаркырайт. Молдо улам бир сүрөөнү кыраат менен созо айтып келип, «сүф-суф-сүф» деп дем сала
көзүн сүзүп, бирде өбөктөй, бирде чалкалай түшөт.
Түндүн бир тобу болду. Толкун кийимчен төшөгүнүн үстүндө бош
жууркан жамынып олтурган калыбында үргүлөй баштады. Эс алууга даяр турган жаш дене уламдан-улам бошоп баратты. Толкун жаздыкка кыйшая берип биротоло уктап кетти. Тышкы үйден шырп эткен дабыш чыкпайт. Молдо кулагын түрө эшикти тыңшайт. Султанбектин коңуругу жайма-жай чыгат. Ансайын молдонун жүрөгү дүп-дүп урат. Анын ач көзү Толкундун акактай тунук жүзүнө сугулат.
Чыйырчыктын канатына окшогон иймейген кара кашы анда-санда
серпиле түшөт. Ботонукундай жайнаган капкара оорукчан көзү алда
кимден жашынгандай кош кирпиктин ортосунда билинер-билинбес
ачылып жатат. Бир аз дердегейрек келген таноолуу кырдач мурду дабышсыз бат-бат дем алат. Кызгылтым толмоч эрди бирде күлүмсүрөсө, бирде түшүндө эмчек ээмп жаткан наристедей бүлк-бүлк этет.
Молдонун жүрөгү элжирегенден элжирейт. Шилекейи чубуруп, көзү кыздан өтөт. Ал уламдан улам алкын ачып, абийирин жоготуп баратты. «Ушул сулуу мага тием десе, атасына малым эмес башымды
берер элем. Ачыгын айтып сүйлөшүп көрөйүн». Чөк түшкөн калыбында
кыздын баш жагында бир демге кыймылсыз турду. Өз жүрөгүн өзү
үйүр алдырып Толкунга улам жакындай берди. Бешмантынын бүчүлүгүн чечип, төшөккө жакын жамбаштады. Калтыраган колун акы-
рын сундуруп жууркандын ичине сойлотту. Молдонун бүткөн боюн
ысык жалын каптай баштады. Толкун ойгонбоду. Душман үйүр алып
олтуруп колун кыздын тисирейген кичинекей эмчегине барып такады.
Анан манчаларын эмчектин үстүнө жылдырып барып акырын койду.
Қыз чукуранып барып, колду өз колу менен кыса оодарылып жатты.
Уйку-соонун ортосунда Толкундун бир билгени өзүнүн кичинекей сиңдиси Чолпон экен деп гана ойлоду. Чолпон дайыма эжеси менен бирге жатуучу. Ал Толкунду кучактап же колун көкүрөгүнө чыгарып жатып уктоочу.
Молдонун жүрөгү жарылып кете жаздады. Төшөккө кандай кирип кеткенин өзү да билбеди. Титиреген калыбында кызды бооруна
кысты. Толкун ойгонуп кетти. Түшүндө көрбөгөн, оюна келбеген укмуштай суук, чоочун көрүнүш. Кыз бакырып жиберди.
— Э-не-е! Эне-ке-е! А-та-а-а!
Қыз үнүнүн бардыгынча кыйкырып, жерде томолонуп баратты.
Зайракан менен Султанбек көйнөк, ыштанчан ички үйгө кирип келишти. Молдо калчылдап бурчта турду.
Эмне болуп кетти, балам? — Султанбек эшик алдында сeлее түштү.
M-ен, ме-е-н. Толкунду атайын чочутайын деп ырым кылдым эле, жаман оюм болсо тузуңар урсун…
— Энекебай! Өпкө-өпкөсүнө батпаган Толкун Зайракандын кучагына жыгылды. — Ишенбегиле буга. Жоготкула. Тез жоготкула үйдөн. Менин көзүм ушунун колунда болсо ала кетсин. Көрсөтпөгүлө жүзүн. Толкун безгек болгон немедей титиреп турду.
Ата-эне окуяга толук түшүндү. Зайракан басып барып молдонун
бетине жаба түкүрдү.
— Тү-ү, жүзү кара уятсыз…
Султанбектин тиштери кычырап, калкая басып молдонун маңдайына келди. Керилип туруп жаактан ары коюп-коюп жиберди.
Молдо колдун эпкини менен кетти. Ал кайра турайын дегенде кайра
жыга койду. Улам башын көтөрүп жер таяна бергенде улам көмөлөтүп шадылуу, барбайган күчтүү колдорун тынымсыз иштетип жатты.
Молдонун мурдунан кан түтүктөдү. Эми өөдө болууга дарманы келбей Султанбектин аяк астында канатын жулган короздой тырлырап
үстөмөнүнөн сулк жатты. Ал башы көзүн колу менен калкалаган болуп «жан соога» сурайт. Качан гана колунун кычуусу канып, бүткөн
боюнан кара тер кетип, жедеп чарчап бүткөн кезде Султанбек уруусун токтотуп, чекесинин терин колу менен сыдырды. Анан терезенин
үстүндө турган чийилген аят, жазган тумарды колуна алып ошол замат тытып-тытып жерге тебеледи. «Қана, олуя, кусуруң болсо сор-
бойсуңбу, мени?». Андан кийин канга боёлуп, жерден боорун көтөрө
албай жаткан молдону желкеден алып, жылаңаяк, жылаңбаш, көйнөк-ыштанчан үйдөн сүйрөп чыкты…
Ушул окуядан кийин гана Султанбек өзүнүн чоң жаңылгандыгын билди. Ал мектептин мугалимдери менен Зайнидиндин Толкунду
догдурга алып барабыз деп кийлигишип, кайра-кайра келишип, кайра-кайра мектепке чакыртканын эстеди. «Ошолордун тили менен эле болсомчу. Эми аларга эмне деп жооп айтам. Шерменде болгон мындан артык болобу. Эх, менин акылым, эч нерсеге түшүнбөгөн караңгылыгым». — Султанбек караңгыда, сарайга жөлөнгөн тепкичтин үстүндө, башын кашып, ушинтип ойго батып, санааркап олтурду.
«Догдурга алып барбагыла, конокту соёт. Бекер таптаза кызыңарды
майып кылып аласыңар» деп өзүн жолдон чыгарган элди шатырата
сөгүп жатты. Бир кезде алда немеге көңүл койгонсуп үн катпай, жоошуй түштү. «Болуптур, арманыңыз калбасын Султаш аба, догдурду
айтса жаа бою түйүлөсүз. Бир аз күнү кыргызча да дарылап көрүңүз.
Бала сиздики. Кийин оозуңузду карманып, дарылоого кеч болуп калбаса эле болду!» деген Зайнидиндин сөзү азыр кулагына угулду…
Молдонун окуясы Султанбектин жүрөгүнө басылган тамга болду.
Ал басса да, турса да, жатса да молдонун окуясын эстеп келип муруту сербее түшөт. «Ашка чычар акмактын өнөрүн кара. Экинчи молдо аттууну көрсөм салам айтпаска тобо, Баламдан айланган доңуз.
Ка-а-п, бекер кылган экенмин, белин бүктөп койсом сообу жетилмек».
Султанбек ушинтип өкүнөт.
Бул жөнүндө Зайнидинге да, башка мугалимдерге да эчтеме айткан жок. Ал эмес догдурга алып бара тургандыгы жөнүндө да бир кишиге сөз кылбады, жардам сурабады.
Эртең шаарга барыш үчүн Султанбек колдо болгон зарыл керектүү шаймандарды бүтүрүп коюп, анан жолго чыгыш керек.
Ушул майлуу-көө болгон жупуну кедей чарбанын иштеген белдүү
кишилеринин бири. Ал артель артель болуп уюшулгандан бери ушул
колхоздо уста болуп иштейт. Эки өнөрдүн ээси. Темирге тил киргизсе, жыгачка жан киргизет.
Султанбек көңүлдөнсө «Жыгачтан беш атар согот» деп сүйлөшөт
айылдаштары. Айтор дүкөндүн ичи-тышында бош жер жок. Алды
толгон карагай, кайың. Үйүлгөн жыгач. Темир-терсек. Султанбек кол
өнөрүн, бардык күчүн колхоз үчүн, эл үчүн үрөйт. Бул жерде эмгек
дайыма кайнап турганы турган. Өнөр үйрөнүүгө дилгир жаштар
устаканадан эртеден кечке үзүлбөйт. Алар Султанбектин жеңилин
жерден, оорун колдон алышат. Ооба, алар даңкы таш жарган ушул
устанын өлбөс өнөрүн үйрөнүүгө шашышат.
Айылдын аяк-башынан Султанбекке кадыр салып келгендерди
айтпай эле коюңуз. Алар түбү тешилген чака, чайнегин, сынган казандарын түптөткөнү келишет. Қандай чарчап-чаалыгып, эс алууну
эңсеп турса да Султанбек адамдын көңүлүн ооруткусу келбейт. Эби
кеткендерди эптеп, жараксызын жамайт. Эмгекке бышкан анын алы-
беттүү денеси, чоюндай түйүлгөн чымыр булчуңдары чарчоону деrеле
билбөөчүдөй.
Күндөкүдөн Султанбек бүгүн катуу иштеди. Анткени, ал эртең
бул жерде болбойт. Толкун экөө шаарга, догдурга барат. Мурдакийин догдурга иши түшүп көрбөгөн ата көздөп барган жумушунун
бир-эки саатта же бир күндө бүтөрүн билген жок.
Кеч күүгүмдө дүкөндүн эшигин жаап, жаңы эле кулпу салып бекитейин деп жатса, кара жолдун чаңын ызгытып, бурулуш жерден
жеңил машина чыга келди. Алды-артында чуру-чуу түшүп машина
менен тең жарышып ээрчий чуркаган чыт курсак ойноо балдар менен
куйругун чагарактатып, төрт аятын тең таштап жанталашкан, абалап
үргөн иттердин добушу мотордун үнүнө аралашып айыл ичин азан-
казан түшүрдү.
Султанбек колундагы ачкычты бурар-бурамаксан болуп, бир паска токтой калды. «Қаш карарганда кайдан келген полдомоч болуп кетти. Устакананы көргөнү, айыл чарба шаймандарынын ал-жайын
байкаганы жүргөн неме го» деп оюн жыйынтыктаганча болбой, алиги машина, көздөрүн барпыратып дүкөнгө имериле берип тык токтоду.
Боюна жарашыктуу кынай тигилген офицердик cyprулт гимнастеркасына түспөлдөш материалдан тигилген кара кезеректүү кепка
кийген кырктардан ашып калган кара тору киши машинадан түштү.
Анын ийнине кадалган погонундагы төрт жылдыз жигиттин капитан
экенин айгинелеп тургансыйт.
Салоом алейкум, — кулпудан ачкычты шарт. сууруп алган
Султанбек бейтааныш адамды көздөй утурлай басып озунуп салам айтты.
— Алейкума салам.— Тигил киши Султанбекке кош колун сунду.- Қолхоздун устасы болсоңуз керек. — Султанбек башын ийкей
берип күлүмсүрөдү.
— Сизди көргөнүмө кубанычтуумун. Қандай жумуш менен келгенимди билесизби? Қабарыңызды даңазалуу угуп, бир ишке кадыр
салып келип калдым.
— Келгениңиз жакшы. Ошончолук эле менин колумдан келе турган иш болсо…
Ток эгер жерин айтканда мени Сизге «Алга» айыл чарба артелинин мүчөлөрү жиберди.
й-и, башкармасызбы? — Султанбек сынай тиктеди.
Жок, мен анда эч ким эмесмин. Болгону ошол колхозго уполномоченмин.
— А-а, баса ошондой дедим эле да… Командир экениңизди көрүп турам. Айта бериңиз.
— Алгалыктар айыл чарба шаймандарынан мүңкүрөп турат.
Сизди эгин ташуучу чоң-чоң арабаларды өзү жасай алат экен деп, эл дүң кылышат экен. Мүмкүн болсо, жок дегенде бир-эки араба жасап бизге да сый кылар деген үмүттөбүз.
Султанбек башындагы калпагын колуна алып, желкесин кашыды.
Мен да майда-барат бирдемеби десем… Араба жасап берсе деп келген турбайсызбы. Жок, жок, араба жасоо колумдан келсе да
аткарып бере албасмын. Убада берүү кыйын, Ансыз да өз ишибиз
өзүбүзгө мобул жерге чейин жетет (Султанбек колу менен кекиртегин
кесе көрсөттү. Эртең-бүрсүгүндөн арпага орок салынат. Аштыктын
четине кол тийди дегенче, бардыгы бышты дей бериңиз. Орокчулар-
га орок жетишпейт. Кызылды молоташ менен бастырбаса, ат менен
арбыбайт. Караколдон кайта келгенден кийин жок дегенде эки моло-таш жасаш керек. Башкарма мага ошентип айтты.
— Минтип чачыңыздан ишиңиз көп болуп жаткан болсо Караколго баргандай эмне зарыл ишиңиз бар. — Чоочун жигит өкүм сүйлөдү.— Коммунист эмессизби?
Ооба, коммунистмин. — Султанбек албырып кетти.
— Кыйыктанбаңыз, аксакал. Бардык адамдарга, бардык колхозго тең болуш керек да.
Тең болгондо жалгыз жаның эмнеге жетет. Мен аларга эчак
эле айткамын, эки киши жибергиле, бирөөнү темирчиликке, бирөөнү
жыгаччылыкка үйрөтүп берейин деп. Эми минтип… Жок, жолдо полдомоч иним (Султанбек эшик алдында жыйылып жаткан темир терсектерге кол шилтеди), мына буларды көрүп турасызбы. Ушунун баары менин жумушум. Ырасын айтсам сиерге чоло жок.
— Чолоңуз тийбесе айылчылабайт элеңиз го. (Тигил тамашага чалып сүйлөдү. Андан көрө кыйыктанып жатам десеңиз.
— Айылда атамдын башы бар дейсизби, иним. Қызым оору.
Ошонун айласынан догдурга алып барайын деп олтурам. Болбосо
шаарда мага суутуп коюптурбу. Адамдын шартын билбей туруп
ашык сөз айтуу жарабайт, иним.
Иним, иним эле дейсиз мени, деги өзүңүз канча жаштасыз?
Қырк үчтөмүн.
Мен сизди андан жашпы дедим эле. Менден бир жашча улуулук кылат экенсиз. Болбосо теңтуш экенбиз.
Султанбек унчукпай калды.
— Кичинеби кызыңыз?
— Он жетиде.
Эмнеси ооруйт?
Көзү.
Э, кокуй десе, көз оору да оорубу?! Мен тааныш догдурларга айтып жардам берейин. Алар тез эле сакайтышат. Эртең кызыңыз
мени менен чогуу барсын. Өзүңүз ишиңизди иштей бериңиз.
Султанбек мурутун сылап ойлонуп калды.
— Эгер тааныш догдурларыңыз болуп жардам кылсаңыз жакшы
эле болор эле. Бирок, мен Сиздин сурооңузду орундагалбагандан
кийин болбойт го, аксакал.
Башкармаңар маакул болсочу? Анда да болбойбу?
Өз иши бүтпөй жатса көнө коёт дейсизби?
Башкарманы мага эле коюңуз. Сүйлөштүк анда. Олтуруңуз
машинага үйүңүзгө түшүрүп коёлу.
Жигит Султанбекти үйүнө жеткирип келди.
— Сыягы жалпы тил табыштык окшойт ээ, аксакал. Коркпоңуз,
эмгек акыңызды төлөтүп берем.
— Эч кандай акынын кереги жок. Кызыма жардам берсеңиз эле
болгону… Жигит Султанбек менен кол кармашып коштошту.
Иштин жагдайын уккан Зайракан Султанбекке кобурады.
— «Чондон чоң аягыңды аяба», — дейт, абышка. Ал жигит менен
таанышканың ажеп болуптур. Толкунума аркасы тийип калар. Дөгдүрлөр булардын айтканын укпай коёт дейсиңби. «Айыгар оорунун дарысы өзү табылат» дегендей, кудай айдап келип калганын көр.
Олда Султаш ай, ушул колуңдан келип турган ишке кыйыктанбачы.
Ал деле колхоз, бул деле колхоз. Экөөнүн айырмасы кайсы. Сага
кадыр-колко кылбай эле жаса деп күчкө салса жасабаска чараң бар
беле. Өз ишинен бетер өкмөттүн иши үчүн чапкылап жүргөнүн көрсөң
бечаранын…
Устаканада көмүрдүн азайып калганын көргөн Султанбектин санаасы тынчыбады. Анда иштеп жаткан балдарды көмүр өчүрүүгө жи-
бергенде, устакана жабылып калат. Эмне кылыш керек? Же «түн бакырдыкы» деп өзү барып келеби? Ошентип Султанбек ары ойлонуп, бери ойлонуп олтуруп акыры бир тук этип алып көмүргө өзү жөнөп
кетти. Көптөн бери көмүр ташып жүрүп ашмалтай болгон көк чолок
кулагын бо таштап, аягын салмактуу шилтеп, басар-басмаксан.
«Арам өлгүр чу, чу». Султанбек — эки буту менен атын өпкөгө нукуп,
кайта-кайта теминет. Табылгы саптуу, жумуру кайыштан тилип жасалган сокмоктуу шапалагын үйрө кармап сооруга басып-басып алат.
Эти ачынган көк чолок ээсинин өкүмүнө аргасыз көнгөнсүп жорго
басыгын салат…
Таң жээк салган кезде алгууган кургак чегедектердин үймөгү
улуу күйүп жатты. Оттун табынан эки бети манаттай албырган Султанбек тандын эрeсeрeсин маашырлуу карап үнсүз, көк туландын үстүндө жанбаштап жатат. Анын көз алдында оорудан тотуккан,
кийим-кечеси жупуну Толкуну турган эле. Айылдагы майда жашын
жашап, бой жетип калган кыздардын сөлөкөтү биринен сала бири
келип, Толкундун жанына тура калып, кайра жок болот. Султанбек
кыялында кыздарды сынап жаткан болучу. Маралдай болуп маңкайган, ак маңдайынан келген келбеттүүсү да, сулуусу да өз кызы эле.
Ал куду тандагы чыккан Чолпон жылдызга окшоп нурланып, албырып турду. Аберки кыздар болсо кунары жок топ жылдыздай анда-санда күңүрт жылт этип, кайра жок болуп жаткансыйт. Атанын ою
кандай гана болбосун ушул сүйкүмдүү кызына эптеп чий барқыттан.
келишкен беш мант тиктирип берүү жөнүндө чабыттап кетти.

Уландысы бар…


 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE